Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Назира Айтбекова:
"Обу жок эркелигимен уулуман да кичинекей болуп кетем"
Жаз майрамы алдында кыргыздын сыймыктуу, улуттун тили, дили дегенде жанын берген айымдарыбыздын бири, алып баруучу, сүйүктүү жар, мээримдүү эне Назира Айтбекова менен сыр төгүшө маектештик.

- Жаздын алгачкы күндөрү босогону аттаганда эле аны менен кошо майрам шаңы кирген сымал жашаруу, тазалануу, көңүл эргүү пайда болот. 8-март майрамы да келип калды, ушул күндүн эсиңен кеткис болуп сакталып калганы барбы?
- Турмуш курган соң ар бир 8-март майрамы эстен кеткис болуп өтөт. Ал күнү эртең менен мени жыпар жыты аңкып голланд розалары ойготот. Аларды сөзсүз зергер буюмдары коштойт.
- Апаңа жасаган алгачкы белегиң кандай болду эле?
- Мектепте окуп жүргөндө апамды сабагыман 5 алып, же сөздүн асылын терип ыр токуп кубантаар элем. Студент кезде Түркияга барып, практика кылып тапкан 100 долларыма тамагыман отпой, таене-таятама,апама кийим-кечек ала келип, неберелеринен мен биринчи таятама маянамды ооз тийгизип, кийим жаптым деп кубангам. Кийин жаңы иштеп баштаган соң апамдын моюнуна алтын чынжырча тактым. Ак эмгегим менен иштеп тапкан белегиме апам жетине албай сүйүнгөн.
- Жүрөк астында көтөрүп жарык дүйнөгө алып келген, түн уйкусунан безип ак сүтүн эмизген эне баркын качан түшүндүм деп ойлойсуң?
- Толгоо тартып кыйналып төрөгөндө,түн уйкумду миң ирет бузуп, ак сүтүмду эмизген сайын эне баркын билип, энелерге таазим эткем. Уулум ак мамагымды бүлкүлдөтүп бейкапар эмип жатканын көргөн сайын эзилип, ээрип, кудайдан ар бир аял затына эненин бактысын, ар бир балага эненин мээримин тилеп келем.
- Өзүң кандай эне болуп жатасың, баласаак болсоң керек?
- Апамдын жападан жалгыз көрөөр көзү болгондуктан балага такыр жакындыгым жок эле. Таяке, таяжелерим балдарын "Назира келатат" деп коркутушчу. Көңүлдөрүнө көк таштай тийсем керек! Апамдар "кийин кандай эне болоор экенсиң..." деп урушаар эле. Анда мынчалык баласаак болорумду ким билиптир! Чоң эне бул жакта калсын, уулума жалынып-жалбарып, тегеренип кетем. Сөздүн гүлүн, дүйнөнүн каймагын калпып бергим бар.
- Кайненең, кайын эжелериң менен мамилең кандай, келечектен өзүңдү кайнене катары карап көрсөң…
- Кайненем, кайын эжелерим өз кызындай кастарлап алганына сүйүнөм. Көргөн сайын жүгүнүп, ысык чайымды берип, оту менен кирип, күлү менен чыкканымдан жазбайм. Курсагымда түйүлдүк болуп жаралгандан бери уулумдун ыйманы менен кошо келинимдикин тилеп келатам. Уулумдун кулагына эмитен келинимдин мүнөзү мага окшош ачык-айрым болсун, ыймандуу, апа-аталап эркелеп, үч маал тамак жасап чакырып турсун деп куюп жатам. Эмитен келиним,неберелерим тууралуу кыялданам, келин деп кемсинтпей, кызым деп асырап алам.
- Жалпы аялзатына берген бааң, сен үчүн аялзаты…
- Аялзаты-улук, назик, сулуу. Дүйнөнүн асылдары! Аялзатынын аруулугу, мээрими, сүйүүсү бар үчүн аалам жарык. Алар үчүн кооз сөздөрдү шурудай тизмектесең да жетишсиз. Ушул бийик, аруу, улуу боюнча калалычы. Касиетибизди жоготпойлучу.
- Бир кезде телевидениеде, коомдогу маданият иштеринде тизмектелген нукура кыргыз макал-лакаптарын колдонгон алпаруучу болсоң бүгүнкү күндө да ал ишиңе айкалыштырып бир үйдүн чыгданын кармаган аялзатысың. Сурайын дегеним, кандай кожойке болуп жатасың?
- Канчалык деңгээлде жакшы кожойке экенимди айта албайм, аракет кылып атам. Айтор, түшкө чейин баламдын бүт каалоосун аткарып үй чачам. Атабыздын келишине үй жыйналуу, тамагы ысык, кийими жуулуу болушун камсыз кылам.
- Айыл жерине турмушка чыгып калсаң кандай келин болмокмун деп элестетесиң?
- Чайды таптап кемпирче куйган жагынан алдыга эч кимди салдырмак эмесмин, бирок калган жагынан айта албайм. Эми башка түшсө байтал деле жорго болмок да…
- Турмушта баары болот, жолдошуңа таарынган учурларда кайра кантип жазыласың?
- Таарынымыш этип 10 мүнөт секунд санап араң чыдайм. Анан эле адатымча чыдабай кетип моюнуна ороло түшөм. Жашоомдун жыргалына кантип таарынам?!
- Эрке жубай, теңиңе мээримдүү жар көрүнөсүң, чынбы?..
- Эркелик жактан алдыга ат салдырбайм. Кудай эркеликти мага эле берип койгонсуйм. Ой, кудай ай, обу жок эркелигимди айт, уулуман да кичинекей болуп кетем. Күйөөмө эркелесем анын ичи эзилип, жыргай берет. Ушул сапатыңды сүйөм дейт.
- "Замана" таңкы телеберүүсүндө иштеп жатасың, кичинекей балаңа, жолдошуңа тамак-аш жасоого, кайын-журтту тейлөөгө, жумушуңа кантип жетишип жатасың?
- Уулумду кыя албай, 2-3 саатка жумушка чыксам эле баламды кантип таштап кеттим деп өзүмдү өзүм жеп коер элем. Күйөөм элдин адамысың, карьераңды өстүрүшүң керек, иште деп урушуп жатып араң чыгарды. "Заманага" ишемби күндөрү гана чыгып жатам. Үй-бүлөгө, үй жумушуна убакыт кенен. Негизи, ишим көп болсо ошончо чыйракмын.
- Жолдошуң алгач сүйүүсүн кантип билдирген, сезимине сенден кандай жооп болду эле?
- Мурунтан тааныш болуп, агалык милдетти аткарып, тарбиялап жүрчү. Кийин Москвадан окуусун бүтүп келгенден кийин эле "Карындашым, мөмө бышып калыптыр. Өзүм эле үзөйүн"-дейт. Мээлеп жүргөн жаным кыз каадасын жасабай эле дароо мейли деп салдым. Сүйөм дечү эмес, жакын жологон да жок. Бир жумада бир жолукчубуз. Үйлөнгөндөн кийин анан шумдук сүйүү башталган. Апамдын көзүнчө деле уялтып сүйөм дей берет.
- Ысык сүйүүсү бар үй-бүлөдө бири-бирин эркелетүү да өзгөчө болсо керек?
- Мени "мыймыйым, мысь-мысь" дейт, өз атыман чакыра элек. Унутуп калып, кайненемдин , улуу кишилердин көзүнчө "мыймый" дей салат. Мен аны "жөжө, жан, сүйгөнүм" дейм. "Жөжө" десем курбуларым жаман көрүшүп ушу килейген немени жөжө дейсиң , көлөмүнө жараша ат тап да деп урушуп калышат.
- Роликтерде эненин образын эң сонун ачып бердиң, өзүң да бала дегенде үзүлүп түшүп тураарыңды байкадым, уулуңду бөбөктүү кылууну ойлонуп жатасыңарбы?
- Уулум ролик үчүн чоң болуп калып, эки айлык башка бала тапканбыз. Эненин улуулугу көрүнгөн жакшы ролик болгон. Акжолтой болуп артынан эле Мегакомдун ролигине чакырышты. Дагы төрөгүм келет, күйөөм: "организмиң калыптансын, 90го чыкканда да төрөйбүз, жетишебиз, сен керексиң мага, өзүңдү кара" дейт. Баладан артык бакыт барбы? Искендин тукумун улагым келет.
- Апаңа бат-бат барып турасыңарбы?
- Апам бизге бат-бат келип турат. 3-4 күн келбей калса күйөө баласы сагына баштайт. Жолдошумдун ушунусун аябай сыйлайм. Апамды сыйлап, алдына төшөк сала коюп, апа эмне кылып ийейин, эмне жейсиз деп турат. Апам тамактын түрүн жасап берип, бизди абдан эркелетет.
- Конок көп тоскондордун катарына киресиңби, же конокко көп баргандардынбы?
- Конок тоскон да, конокко барган да сонун. Көпчүлүктө шайыр отурганды жактырам. Күйөөм шаан-шөкөттү жаман көрөт. Бат эле кеттик дей баштайт, же сен барып, эс алып кел, балам экөөбүз үйдө болобуз дейт. А мен күйөөм жок эки жакка чыккандан уялам, жарты кишидей болуп ыңгайсыз. Уят го күйөөмдү таштап коюп кетип калсам. Эс алганы кайнежелерим менен чыгам.
- Жолдошуң күйөрмандарыңан кызганбайбы, өзүң бул сезим менен таанышсыңбы?
- Чыгармачылыгымды сыйлайт. Стилиме көп көнүл бурат. Китептерди алып берип, эфирдеги сөздөрүмө маани берет. Көп билбегенимди үйрөттү. Философия, психология, тарых, адабияткка көп көңүл бөлөбүз. Майда- чүйдөгө терикпейт. Менин аялым баарынан сулуу, акылдуу болуп обочолонуп, үйдөгү оокатка байланбай, чыгармачылык жактан бийиктикке чыгышы керек. Эл суктанып , сыймыктанып турса, ошондо аялыма урмат, сүйүү күчөйт деп айтат. Күйөрмандарымды сыйлайт. Мен болсо жолдошума ишенем. Дайым кызыктуу болуп, сүйдүргөнгө аракет кылам. Обу жок кызганычка орун жок.
- Көрө албастык, бут тосуу деген көрүнүштөрдөн кантип сактанасың?
- Көрө албастык, ичи тардык-пендечилик, оору. Андайларга боорум ооруйт. Бирөөгө ор казып, өзүлөрү түшөөрүн, ак ийилген менен сынбаарын билишпейт. Алар көкүрөгү көр адамдар. Андайларга далай жолу кезиктим. Канчалык булактын көзүн бууган менен кези келсе ташты да жарып чыгаары ажеп эмес. Таш менен урганды аш менен урам. Кудайдан ар бир тилегимде алардын көкүрөгүн тазарт, ыйман бер, аларга да менин бакытымдай бакытты насип эт деп тилейм! Кек сактабайм, кечиргем.
- Майрам алдында жалпы аялзатына болгон каалоо-тилегиң…
- Дүйнөнүн каймагы, гүлү -аялзаттан аруулук кетпесин. Дүйнөдөгү ар бир аял эне, сүйүктүү жар бактысына эгедер болсун. Аял бар-жашоо бар! Бар болгула!
Айзада Көчкөнбаева








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика