Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Эстутум

Акын менен апанын аяны

Өткөн жылдын март, апрель айлары өзүм үчүн жана өлкөбүз үчүн чоң жоготуулардын, түмөңдү түйшөлткөн башаламандыктардын коогалаң мезгили болду.
6-мартта бир туугандар апабыз Мырзакүлдүн акыркы зыйнатын жасай, 77 жаш курагында Жерге берип, түбөлүк ээсине узаткан элек. 10-апрелге кыркылыгы белгиленген… Ага жетпей, 7-апрелде эл көтөрүлүп, алсыз-арсыз, ачкөз-тойбос жана кесир да кежир да бийликке каршы чыгып, бардыгы астын-үстүн түштү да калды.
Ала-Тоо аянтында дүйнөдө жок окуя өтүп, "Кетсин!" деген ураан, чакырык Интернет желенин башкы жаңылыгы болуу менен кыргыз элинин эрдиги, адилеттик үчүн жан берерлиги, азаттыкты баарынан жогору баалары ааламга алеки саатта жарыяланды.
Ушунчалык шерденүү, улуу үмүт, атуулдук жигер менен чыккандардын жана бийлик шыпшайдарларынын огунан шейит кеткендердин руханий оту башкача күйүп, табы далайга жетип турду…
А бирок үч күндөн кийин эле, ар түркүн кептер, божомолдор, айыңдар жана акча, бийлик, саткындык жөнүндөгү жөндүү, жөнсүз тири укмуш сөздөр айтыла баштады. Булардын эң алгачкыларын Асылбаш айылында эл эң көп чогулган эки жерде уктук да таңдандык, койчу дедик, ишенбедик, тактайлы, байкайлы дедик…
Ошол 10-апрелде Мырзакүл апабыздын кыркылыгы, 7-апрелде окко учкан айылдашыбыз, жыйырма бештеги жигит Чубактын кара ашы өткөрүлүп жаткан…
"Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей эле ошондо айтылгандардын айрымдары гана төп келбесе, көпчүлүгү чын экендиги, убактылуу өкмөттүн чечкинсиздиги июнь окуяларына жол бергендиги кийин-кийин гана тастыкталгансыды. Ал турмак "ашынган демократия" оюндарынан (а балким алсыздыгынан), улам, түрмөгө кесилиши же мамлекеттик кызматтан четтелиши күтүлгөндөрдүн дээрлик бардыгы шайлоодо шайдоот жеңип чыкканы далайдын оозун Ошту каратты.
Себеби элдеби, бийликтеби же табышмактуу үчүнчү күчтөбү…
Мына ушундай башаламан абалдардын жана жогорудагы жоготуулардан соң бардык нерседен көңүл кайт боло, далайга далдырай түшкөн кезимде түшүмө апам кирди. Көзү өткөнүнө бешинчи айдын эсеби кагылса да эмнеге түшүмө кирбейт деп ойлоп баштагам.
Ак көйнөк, кара чыптама, ак жоолук, кудум эле XX кылымдын 50-60 жылдарындагы нукура кыргыз аялдын келбети.
- Бакин, баягы ксерокопияң бүттүбү?! -деген суроосубу, тактоосубу дегенимче кайып болуп кеткенсиди…
Ойгонгондон тарта кандайдыр чыйралуу, чымыркануу денеме кубат бере "Кокуй, ксерокопияны бүтүрөйүн" деген демденүүнү жаратты.
Ошентип, ортодо таштап койгон "Нышаа баатыр элчи" жыйнагын бүтүрүүгө шашылдым. Кызыгы, бул китепти чыгарууга киришкенде Мырзакүл апам: - Сага эле керекпи? Жалгыз кыйналарсың… Башкалар эмне козголбойт?! -деген ойдо эле.
Бир топ убакытка созулган аракеттен улам божомолдогондон да көп материал топтолуп калганын корректура түрүндө көргөздүм. Төшөктө ооруп жаткан абалынан анча-мынча болсо да алаксыктайын жана "жалгыз кыйналарсың" деген боор толгоосунан кутултайын деген маанайда китептин бөлүмдөрү менен кенен тааныштырганда, көп сүйлөбөй: "Ии, и" деген гана кандайдыр туюк мамилесин туюнтканы эсимде. Ошондон эки аптага жетпей өмүр учугу үзүлдү…
Ал эми түшүмө кирип, "Ишиңди аяктадыңбы?" дегени, ошол оор акыбалында айталбаган акыркы сөздөрүндөй жана жашоомдогу жакшылыктарга, ишимдеги ийгиликтерге карата берген аяны катарындай туюлат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Бала -бакырасы арбагын ыраазы кылгыдай иштерин илгерилетишине жараткан өзү жар болсо экен.
Майрамбек Токторов деген акын инимдин жаңы эле чыккан "Жаз чакырган жан дүйнө" аттуу китебиндеги:
Ата, апа сиздер айткан тилектен,
Бу дүйнөдө тирүү жашап жүрөмүн.
Мактоосуна атам менен энемдин,
Татый албай жүргөнүмө күйөмүн. - деген саптары дал мага жазылгандай таасир этти.
Апам Алыкул жөнүндөгү китебиме ыраазы боло, ак тилегин айтып, ырымында жасап кеткенине каниет. Пионер гезитине алгачкы макалам чыкканда эле: "Менин Чынгызым го!" деп барбалаңдаган Шомор атам ошол улуу мактоосуна канчалык татырыма баа бералгыс жакта экенине быйыл жыйырма тогузунчу жаз да келип калды.
Акын демекчи,Алыкул үч ирэт түшүмө кирип: сынаганы, сабырдуулукка таптаганы жана Ата Журт жабырланары сыяктуу аян-эскертүүлөрү менен да купуя сырын улам тереңдетип келет.
Эми жакында жарыкка чыга турган "Нышаа баатыр жана анын доору" жыйнагым өз убагынын окурман адамы Мырзакүл апанын жаркын элесине арналмакчы.

Памирбек Казыбаев




  Ааламдан келген каттар

Өмүрбүбү Бегалиева
МАНАС: Бириккин кыргыз!
27.11.2010 16:56

Кабылан Манас кайрадан айтып баянды,
Кайрылып элге толуктап берет аянды.
Арада арсыз акмактар толуп жатканы,
Төө басты кылат билбеген ишин, жаманды.
Жаркырап чыккан күн турса жерде чачырап,
Жоготуу керек кыргызда болгон арамды.

Асылдык жайын билгендер бар го арада,
Бир-бирин көрбөй жүрүшөт көбү калаада.
Каркыра, кечээ казакка өтүп кеткени,
Кыргыздын көбүн салды го ыксыз санаага.
Сар-санаа тарткан кыргызым муну эсиңе ал,
Жайылып койдой барбагын бүгүн талаада.

Бириккин кыргыз, биригүү жолун тапкының,
Турасың көрүп билерман журттун аздыгын.
Апкаарып турсаң Асмандан түшүп келемин,
Эсиңе салып ааламдын улуу шаттыгын.
Шапар тээп эмес шартыңа кара кыргызым,
Бузуку жолдор кездешсе андан качкының!
Карааны кыргыз кадырман болуп көрүнгөн
Жолдорду изде ааламдан жерге төгүлгөн.
Жөнөкөй кыргыз жөн жатып бүгүн албагын,
Жолдору кыргыз арналуу болуп бөлүнгөн.
Бөлүнбө кыргыз, бөлүнсөң талап жок кылат,
Айрылып анда каласың бейиш өрүүңдөн!

Өрттөнгөн кыргыз кыдырып көрсүн кыйланы,
Чынында Кудай ардактап абдан сыйлады.
Саргая берсең сары ооруу болуп кетерсиң,
Чынында эле башыңды мээнет чырмады.
Мекениң кыргыз мерчемдүү элес калтырат,
Багынтып көптү жүрөктү ээлейт ырлары.

***
Жергемде кыргыз жел таман күчтөр топтолгон,
Жеңишке жетүү максаты үчүн от болгон.
Бийликти, байлык топтошо берип бир колго,
Кайрадан эле алдында элдин соттолгон.
Кыргыздар неге жоготуп алды кылдаттык,
Нысапсыз жолдор ылдамдык менен коштолгон.




  Таазим саптар

Эл баатыры Чолпонбекке

Урматтуу окурмандар! Төмөндө сиздер окуй турган Мелис-Арып-Бектин ырын окуур алдында бул ырдын каарманы Чолпонбекти жакшы билген Кыргыев Таалайбектин эки ооз сөзүн кыстара кетүүнү туура таптык: "Чолпонбек деп аты эле айтып тургандай абдан мыкты жигиттердин бири эле. Анын басып-турганы, жасаган иши чыныгы эрдикке жакын эле. 7-апрелдегидей эрдикти Чолпонбек бирөөнүн буйругу, өтүнүчү менен жүзөгө ашырган эмес. Мен аны бала кезинен жакшы билгенимен ушул ойду айтып жатам. Ал жөнүндө далай-далай саптарды жазсам болоор эле, бирок төмөнкүдөй ырды окуп отуруп кыскартууну эп көрдүм".

Чокуга жакын Сын Ташта,
Чолпонбек туулган бул жайда,
Чоплондой жанып турсун деп,
Чогулуп коюшкан атын айылда.

Чолпондой жанып нурданып,
Чоңойду бала, мал багып.
Чочуркабай, тартынбай,
Чолпонбек жүрчү шаттанып.

Чаңкаган түштө камданып,
Чакалап сууну ал ташып.
Чалапты да эзип, даярдап,
Чак түштө көрчү даярдык.

Чана тээп кышта адырда,
Чандатчуу лесепетти жайында.
Чарчоону такыр билбестен,
Чарбага барчу жаз-жайда.

Чаң чыгарып, чамданып,
Чамгарактай чандатып,
Чамасы жетип баарына,
Чолпонбек айдачы унаны.

Чыр-чатак чыгып аянтта,
Чыркырап чындык турганда.
Чымындай жаңы чырылдап,
Чыгыштан учту аттиң Ааламга.

Чыгыштан чыгып Чыгаандар,
Чындыкты бийик туткандар!
Чыгышып алар аянтка,
Чырактай жандар учкандар.

Чолпонбек барды ал жакка,
Чогулган калкка жардамга.
Чөгөлөп, кыйрап жаштары,
Чөгүп бир турду кандарга.

Чөгүн чай ичпей арбалды,
Чөмүчтөп акты кандары.
Чөнтөктөн түшүп соткалар,
Чоо-жайын таппай калганы.

. Чолпонбек байкап кырдаалды,
Чоо-жайды сурап турбады.
Чөгөлөп калган баатырдан,
Чоктой кызыл байрак алганы.

Чоктой байрак колунда,
Чуркап бир барды унаага.
Чыгарып андан балдарды,
Чымылдатып алга айдады.

Чыйылдап жаңы кайнады,
Чымындап, намыс от алды.
Чыркыратып, чамынып,
Чаарала дарбазага бет алды.

Чоочун эл буга таңкалып,
Чочуркап, карап, байкалды,
Чолпонбек такыр тайманбай,
Чимирилтип "атын" айдады.

Чокудан аңдып тургандар,
Чогулган душман аткандар.
Чекеге, мээге мээлешип,
Чектен терип кыргандар.

Чекти бир бузуп, талкалап,
Чоктой бир жанбай, чачырап,
Чочуган душман желдеттер,
Чокудан турду аткылап.

Чагылгандай чартылдап,
Чоочундун дүрмөтү жааганы.
Чаржайыт тийип тарсылдап,
Чагымчынын огу жайлады.

Чоктой кызыл "Мицубиси",
Чайпалып барып токтоду.
Чырактай жаны чырылдап,
Чолпонбектин жүрөгү сокподу.

Чөөлөрдөй канкор атканда,
Чолпонбек кетти Асманга.
Чокудан күйүп балбылдап,
Чолпондой жанат Ааламда!

Мелис Арып-Бек




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика