Кыргыз гезиттери



көйгөй
"Сактап кал кыргызымдын ыйык кутун"
Кыргыздар ХIХ кылымдын экинчи жарымынан бери Россия империясынын курамында келген элек. Орустар башында турган СССР мезгилинде дүйнөлүк маданиятка аралашып, көп жакшылыктарга жетишкенбиз. Бирок да, Манас атанын авторго берген аянында айтылгандай, орусташуу процесси күчөп, кайра жангыс абалына жеткенде Кудай бизге мээримин төгүп, өз алдынча эгемен мамлекетибизге ээ болдук. Арийне, биз ошондо "аңгектен качып, дөңгөккө" кептелген экенбиз. Андыктан "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дегендей, өз жашообуздагы ачуу чындыктарды жана ошого жараша барар жолубузду да талдап алуу зарыл болууда.


Биз ХИПКке кирбейбиз деп жаштар менен кошо көчө таптап жүргөн учурда Перкинс Джондун "Код Перкинса" деген китебинен үзүндүлөр "Исповедь экономического убийцы" деп "Лица" гезитине чыккан. Анда бүт Жер жүзүн башкарууга далалат кылган күчтөр жаш мамлекеттердин башчыларын акча менен азгыруу же коркутуу аркылуу кредит алууга мажбур кылат деп жазылган. (2007, янв.-февр.). Ушу сыяктуу эле биз дагы кредит ала бергенбиз. Ал кредиттердин башатында А. Акаевдин "бир акылдуу еврей кеңешчиси" Левитин, о. эле Бирштейн турганы жана бизде тамыр жайган коррупциянын башаты ошондо мамлекет башчысы аркылуу "импорттолуп" келгени деле шек туудурбайт.
Карыз акча ошондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун ПЕСАК, ФИНСАК сыяктуу программалары үчүн берилген. Аларды "ишке ашыруунун" натыйжасында биздин сырткы жашоодогу чарбабыз талкаланып, завод-фабрикаларыбыз таланып-тонолуп, колхоз-совхоздорубуз ыдырап, мал-мүлкү, жерлери бөлүнүп кетти. Биз ошондо бабалардын "бир тутам чыбыкты чогуусу менен сындыруу мүмкүн эмес, бир бирден гана сындырууга болот" деген жашоо мыйзамын унутуп койгонбуз.
Акаевдин ишин Бакиев улантып, ал ортодо ошол кредиттердин акысы үчүн ХИПК программасына кирүү талабы да коюлду. Көрсө, ошондо биздин кредит үчүн берерибиз эли-жери, менен кошо бүтүндөй мамлектибиз экен! Анткени, ХИПК боюнча кредит бергендер өлкөнү түздөн-түз башкарып калышмак.
Кең пейил, баёолугубуздан улам баскынчылык куралдуу согуш аркылуу гана жасалат деген ойдо жүргөн экенбиз. Көрсө, азыркы баскынчылык бизге миң түркүн кубулган ашынган айла-амалдары менен кирип келген экен. Анткени ошондо биздин ХИПКке кирүүбүз үчүн эч кандай негиз да болбоптур! Себеби, ХИПКке кирүү үчүн карыздын суммасы өлкөнүн ички дүң продуктусуна (ИДПга) барабар же андан ашык болууга тийиш экен. Ал эми биздин карызыбыз болсо 2005-ж. ИДПнын 77,6 %ин, ал эми 2006-ж. 70 %ке жакынын гана түзгөн. Биздеги көмүскө экономика ошондо ИДПнын 53 %ин түзгөн. Көмүскө экономиканы кошуп, жалпы ИДП деп эсептесек, анда, одоно эсептегенде эле, биздин карызыбыз дагы жарымына кыскарып, ИДПнын 35 %ке жакыны болмок.
Анысынан да, ал кредиттердин 30 % чет өлкөлүк адистердин эмгек акыларына жумшалган. (Дело № … 6-дек. 2006-ж.). Ал эми депутат К. Самаков белгилегендей, "ЭВФтин долбоорлорго берген акчаларынын 60 % өздөрүнүн кызматкерлеринин айлыгы менен офистерин тейлегенге жумшалган". (Агым, 5-дек., 2006-ж.).
Ошентип, ИДПга барабар же андан ашык болмок тургай, анын үчтөн бирине гана жакын, анысынан да жарымынан көбү өздөрүнө жумшалган кредит үчүн биз ошол кредит бергендердин кол алдына өтүүгө тийиш болгонбуз.
Эл каршы туруп, ХИПК программасы ишке ашпай калгандан кийин, 2009-жылдын ноябрында Максим Бакиев жана анын жөөт достору Елисеев, Масауловдордун программасын ишке ашыра турган өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борбордук агенттигине (ЦАРИ) өлкөнүн бүткүл экономикалык бөлүгүн өткөрүп берүү аркылуу Кыргызстанды баскынчылардын колуна салып берүүнүн экинчи аракети жасалган. 2010-жылдагы апрелден кийин бул аракет да ишке ашпай калды.
Эгемендик мезгили ичинде биздин мыйзамдарыбыз сырткы күчтөрдүн баскынчылык саясатынын кызыкчылыгында кандайча өзгөргөнүн аңдабай калдык. Ошондой орчундуу өзгөрүү - жерге карата жеке менчиктин киргизилиши, б. а. жерди сатуу мүмкүнчүлүгү болду. Андыктан бөтөн элдин өкүлдөрү акча берип жалдаган адамдардын дыйкандардан жер сатып алуусу аркылуу кыргыздардын өз жеринен биротоло ажырап калуу коркунучу башын кылтыйтып чыгарып калды.
Азыркы өкмөт өлкөнү өнүктүрүп кетүүгө далалаттанып, дыйкандарга 9 % менен жеңилдетилген кредит бергени жатат. Тажрыйбалуу илимпоз Ж. Акималиев ар кандай табият кырсыктарынын кесепетинен улам дыйкандар бул кредитти 11 айдын ичинде төлөй албай калат, андыктан бул кредит эки жылдан беш жылга чейин берилиши керек деп айтууда. Доорлор тогошкон азыркы учурда табиятта да өзгөрүү жүрүп жатканын эске алсак, анда мындай акыбалдын келиши толук мүмкүн. Бул кредит өсүмдүк өстүрүүчүлүккө гана берилмекчи. Ал эми күрөөсүнө мал, мүлк коюлат деп жатышат. А бирок, эгерде дыйкан кредитин төлөй албай калса, анда ошол конкреттүү өсүмдүк өстүрүлгөн жердин алып коюулушу да мүмкүн эмеспи.
Мындан бир нече жыл мурда Ысык-Көл областынын губернатору Т. Шайлиева көл жээгинен кыйла жерди кытайларга 49 жылга ижарага бермекчи болгондо эл каршы чыгып, ал ишке ашпай калган. Жакында Ж. Акенеев Ысык-Көл жээгинен иштетилбеген жерлерди инвесторлорго 49 жылга ижарага берүүгө болот деп нтервьюда айтканын угуп калдым. Мына ушундан улам кредитин төлөй албай калган дыйкандардын жерин алып, 49 жылга ижарага берүүгө же сатууга болот деген ойлор абада калкып жүргөндөй. Бул жол кыргыздардын жеринен ажырап, өз жеринде бөтөндөргө кул болуп калуусуна алып келиши мүмкүн.
Андыктан өз жерибизди бөтөндөргө бербеш үчүн кооперативдерге биригүү, Арыш коомдук бирикмеси сунуштап жаткан өз жардам топторун түзүү сыяктуу иштерди тез арада турмушка ашырып, айыл чарбабызды жамаатташып, биргелешип өнүктүрүү турмуш зарылчылыгына айланды.
Азыркы оор абалыбызда бизге эң көп жардам берген Япония болгон, бирок биз аларга эч кандай жооп кайтарган жокпуз деп да айтылууда. Чыныгы жардам деп ошону айт! Ал эми бизге жардам берип жаткан Түркия менен визасыз катнашты киргизип коюшубуз - биз үчүн ылайыксыз соодалашуу. Анткени, визасыз катнаш болгон учурда бизден ал жакка бирин-серин гана окуучу балдар каттабаса, басымдуу бөлүгү жакырланган элибиз ал жакка барбайт. Түркия менен визасыз катнаш түрктөр экономикалык жактан тыгыз байланышта болгон Америка үчүн да эшикти ачып койгонго тете.
Мындай "ачык эшик" саясаты жөөттөрдүн Сорос фонду каржылаган КТРдагы "ачык Кыргызстан" көрсөтүүсүнүн аталышы менен үндөшүп, алардын ХИПК жана ЦАРИден кийинки бизде ишке ашырылууга тийиш болгон программасы сыяктанат. Андыктан биз өз өлкөбүздү, орусчасынан айтканда, "проходной дворго" айлантпсак. Эл-журт, мамлекет катары сакталып калабыз десек, анда визасыз катнаштын бизге кереги жок.
ХИПК маселесинин учурунда президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти У. Рыскелдиев "Кредиторлор тарабынан марттык менен төлөнгөн эксперттер даярдалган жана алар адамдарды жана коомду ХИПК үчүн үгүттөөгө тийиш" деп жазган эле. (Аталган инст-тун "Ориентир" талдоо бюллетени, 2007-ж., № 1, 107-б.).
Акча үчүн сырткы күчтөргө кызмат кылгандар азыр да арабызда. Алардын бир даары диний миссионерлер катары жакырланган же кыйынчылыкка дуушар болгон адамдарга акчалай жардам беримиш этип, өз диндерине тартышууда. Алар биздин жан дүйнөбүздү, дилибизди бузуп, элибизди бөлүп-жарып, талкалоо жаатында иштеп жатышат. Диндердин баары эле бир Кудайды таанууга алып барат, а бирок ар бир элдин Кудайды таануу жолу ар башка. Ал эми кыргыздын Кудайды таануу жолу "Манас" аркылуу.
Сырткы күчтөр марттык менен каржылагандардын дагы бир тобу - жалпыга маалымдоо каражаттары. Гезит күркөлөрүнүн биринде мен сатуучуга "уят-сыйытсыз сүрөтү бар журналды эмнеге илдиң, алып салбайсыңбы" десем "мен сатышым керек да" дейт. Ошентип, акчанын күчү менен абийирсиздик, ыймансыздык, мыкаачылык, зөөкүрдүк, дүнүйөкордук, ичи тардык, өзүмчүлдүк сыяктуу төмөнкү пас, тескери сапаттарды даңазалоо, таңуулоо аркылуу азыркы учурда биздин аң-сезимибизге, ички жан дүйнөбүзгө, дилибизге баскынчылык жасалып жатат. Бул жаатта бизде бир катар гезит, журналдар, НБТ, НТС, Пирамида, 5-канал сыяктуу жеке менчик телеканалдар да иштейт. Алардын катарын буга чейин улуттук, мамлекеттик болуп келген КТР да толуктоодо.
Элибиздин басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашаган кыргыздар болсо, анда жазгы-талаа иштерин "Весенне-полевые работы в Кыргызстане" деп орус тилинде талкуулап көрсөтүүнүн канчалык кажети бар? Азыр англис тилиндеги кабарлар да, АКШ элчилиги, Сорос фонду сыяктуу чет өлкөлүктөр демөөрчүлүк кылган көрсөтүүлөр да киргизилүүдө.
КТРде азыр өздөрү жөнүндө маселе каралып жаткандыктан гана популисттик таризде кыргызча көрсөтүүлөр бар экендиги шексиз. Кийин коомдук КТРде кыргыздардын аң-сезимин бурмалап-бузуучу өзгөчө максаттагы көрсөтүүлөр гана сакталып, калган учурда акчасы аз кыргыздар үчүн КТРдын эшиги ачык болору, КТРдеги баа жеткис маданий корубуздун сакталып калары да күмөн жаратууда. Бир нече сааттаган теледискотекаларда англис тилиндеги ырлар же кыргызча ырлар ошол эле Батыштын манерасында б. а. аты бар, заты жок болуп, денесинин аз гана бөлүгү жабылган, дээрлик жылаңач кыздардын бийинин коштоосунда ырдалып жатышы да жаштарыбыздын адеп-ахлагын, дилин бузуп, талкалоо үчүн канчалаган каражаттар жумшалып жатканын айгинелеп турат.
Ал эми биздеги сандаган гезиттер "өлкө жетекчилерин жамандап, шыбап жазгандан коркушпайт бирок, улут маселесин жазгандан өлгүчө коркушат" деп белгилеген А. Сариевдин айткандарын ырастап турат. (Кыргыз руху, 25. 06. 2010)
Сырткы күчтөр марттык менен каржылагандардын дагы бир тобу - бейөкмөт уюмдар. Алар, "жарандык коом" делип, кандай гана саясий маселе болбосун, жалпы элдин атынан сүйлөп турушат. Бирок алар жалпы Кыргызстан элинин, бүткүл коомчулуктун өкүлү боло албайт. "Ким төлөсө музыканы да ошол заказ кылат" дегендей, алар өздөрүн каржылаган сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгында иштешет. Андыктан, соңку Конституцияны иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин курамындагыдай, ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда алар басымдуулук кылбашы керек. Адамдардын аң-сезимине таасир этүүнүн зор каражаты болгон КТРдын байкоочу кеңешинин курамы да негизинен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турбашы керек.
Мына ушундай абалыбызда биздин байыркы бабалардын Улуу Рухтары бизге аян-кабар аркылуу кайрылышууда: "Кагылайын урпактарым, жашың да ук, карың да ук. Ойготкула уктап жаткан дилиңерди. Тазалагыла оюңарды, тилегиңерди. Аруу жерден түнөк алат, Ааламдын аруу нурлары. Ар бир Кыргыз баласы, Манасты жүрөгүңө кабыл ал. Манасты дилиңе сен кабыл ал... Тазалан кыргыз, тазалан кыргыз.
Кыргыз, кыргыз, ойгон кыргыз, тукум курут болоруңа аз калды. Сакталып кал, кыргыз! Сакталып кал, кыргыз!
Түнөк тапкан Аалам нуру жүрөгүңдөн
Түпкүлүктүү элдин кутун сактап калат.
Тагдырын урпактарың түшүн, кыргыз.
Тамырлап өнүп чыксын жаңы өнүм.

Тамырлап байыр алып Аалам нуру
Өзгөртөт жан дүйнөңдү, садагам ай.
Пенденин өсө баштайт, акыл-эс, аң-сезими,
Адамдын андан артык барбы пири.

Кылымдан кылымдарга өтүп келген
Сактап кал кыргызымдын ыйык кутун.
Куту качкан эл - эл болбосун
Карт тарых барактары таамай айткын".
Эл-журт катары өзүбүздү, кутубузду сактап калуунун жолу катары бабалар Аалам нуру жөнүндө айтып жатканынын да жөнү бар. Анткени Ааламдын аруу нурлары адамдагы тескери, кара энергияларды тазалап кетирет, анын акыл-эсин, аң-сезимин өстүрөт, киши жашоосунда шайдоот, жигердүү, аракетчил боло баштайт.
Элибизде Аалам менен байланышта жашоонун эзелтеден бери келаткан өз жолу бар. Анын бири болгон сыйынууну бабалар дүйнө менен дүйнө ортосундагы баарлашуу дешкен. Кыргыздар эзелтеден Кудайга жана Көктүн пири Көкө Теңирге сыйынып, тилек тилеп келген. Көк, Көк Асман деп Аалам маанисинде айтылган. "Жараткан өзүң жар болгун", "Ою бийик, бою - пас" деген сыяктуу сөздөр элибиздин "башы - Асманда, буту- Жерде" деген тариздеги жашоосун сыпаттаган.
Азыр башталып жаткан жаңы доордо өтүп бараткан доордогу 5-расанын адамдарынан акыл-эси, аң-сезими, ички сезим-туюму, башка касиет-сапаттары, шык-жөндөмдөрү жагынан бир баскычка жогору турган 6-расанын адамдары жашоого келүүгө тийиш. Жаңы доордо бардык адамдар Аалам менен байланышта, б.а. энергия-маалымат алмашып да жашап калууга тийиш. Азыркы учурда космоэнергетика, эниология деген ат менен башка элдерде да Аалам менен байланышта жашоо илимин, тажрыйбасын өнүктүрүп кетүү аракеттери жасалууда.
Азыркы учурда бизге жаңы доордун Манас илими, а. и. жаңы доордун адамы болуп калыптануунун жол-жоболору, эережелери берилүүдө. Алсак, Улутман телекөрсөтүүсү аркылуу белгилүү болгон Султан Исманов өзүн аян-кабардын негизинде же болбосо Кайыптар дүйнөсүнүн жетекчилиги менен иштеп жатам деп аңдабастан эле жаңы доордун адамы болуп калыптануунун системасын иштеп чыккан. Анын системасына ылайык ар бир адам үй-бүлөдөгү ордун, милдеттерин билүүгө тийиш. Ал эми адамдардын үй-бүлөдөгү милдеттерин жана тууган-туушкандардын да милдеттерин Абдымамбет Сариев аян-кабар түрүндө кабыл алып, Жашыл Китепте жазган. (1-к., Б., 2004). Бул китепте ар кандай кесиптеги, кызматтагы адамдардын да Кудайга кайрылуусу-тиленүүсү берилген.
Султан системасында адамдардагы оң сапаттар жана жоюлууга тийиш болгон тескери сапаттар да келтирилген. Ал эми адамдагы тескери сапаттардын жоюлушу "Манас" дастанында "Чоң Казат" аркылуу берилген. Анткени, Чоң Казат каймана мааниде кишинин ички жан дүйнөсүндөгү оң жана тескери сапаттарынын айыгышкан күрөшүн билдирет. Демек, өзүнүн тескери сапаттарын жоюу үчүн ар бир киши аларга каршы күрөшүп, ички жан дүйнөсүндө Чоң Казатты өткөрүүгө тийиш.
Мында учкай гана айтылган Манас илими же Жан дүйнө илими кыргыз жашоосуна байланыштуу берилип жатканын байкоого болот. Демек, биздин байыркы бабалардын жашоо мүнөзүнө кайрылуубуз, азыр айтып жатышкандай, архаикага же орто кылымга баруу эмес. Анткени азыр биздин алдыбызга унутта калгандарды дилибизде кайра жандандырып, жаңы доордун илимине ылайык алып кетүү милдети коюлууда. Элибиздин жазылбаган мыйзамы болгон жана Аалам мыйзамдарына шайкеш келген улуттук каада-салтыбыз да бизге таңууланып жаткан ыпластыктарды кабыл албай, өз жолубуз, өз нугубуз менен жашап кетүүбүзгө өбөлгө болмокчу. Бул - эч кандай улутчулдук эмес. Нурдан жаралган, Жер каймактагандан бери Жерди Аалам менен байланыштырып турган Башкы энергетикалык борбордо жашап жаткан жана ар дайым Аалам нурларын башка элдерге да чагылдырып-чачыратып таркатуу милдетин аткарып келген эл-журт катары жаңы доордо да биз ошол милдеттерди аткарууну улантып жашап калууга тийишпис.

Гүлсара Мамбеталиева "Манас" изилдөөчү




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"