, 04.03.11 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  пикир

Максымдан артык,
"Жармашка"

Максимден артык
"Бабашка"

2006-жылдын октябрында "Кыргыз Руху" гезитине "Айрандан артык максым бар,Айдардан артык Максим бар" деп жазгам.Бул сөз эл оозуна тез эле алынып кетти. Чындыгы Максимдин кылыктары Айдардан ашып бараткан. Эми да таразалап туруп айдар да,Максим да бийликтен кетпей, көлөкөдөй ээрчип жүргөнү сезилип турат. Ал ким бийликке келсе эле бакма бала боло калчу Бабановдун көлөкөсү.Айдар менен дос болуп Акаевдин колтугуна кирди, Максимге алтын чүкө тартуулап Бакиевдин колтугуна кирди. Эми деле колтуктан чыкпай, бош калган Айдар менен Максимдин "вакантын" бөксөртпөй, бийликтин бир учунда жармашып жүрөт.

Азизбектен азил кеп
- Айдар жок, Максим жок бизнестин көркү кете баштады,-дейт, экөөнүн аркасы менен күн көргөн бир бизнесмен.
- Бул Бабанов дегенди уга элексиңби,-дейт экинчи бизнесмен.-Анын алдында Айдар менен Максим экөө тең биригип шоона эшпей калышат.

Түндүктү түшүргөн "Түндүкэлектро"

Акыркы беш-алты жылдын ичинде эле биздин мамлекетте эки ирет улутташтыруу процесси жүрдү. Убактылуу Өкмөттүн декрети менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына 47 обүект өткөзүлүп берилди. Быйылкы 2011-жылы ал объектилерди соодалоо башталды. Анткен себеби, мамлекет мынча көп мүлктөрдү кармап турууга акча каражаты жетишпейт. Ал эми менчикке сатып алгандар жакшы иштетип кетиши мүмкүн деген ойлор айтылат.Ошондуктан 9 обьект гана мамлекеттик менчикке айланмакчы.
Бакиевдик бийликтин чамгарагын же түндүгүн түшүргөн "Түндүкэлектро" болду. Бакиевдин уулу Максим Бакиевке баш ийген Данияр Үсөновдун өкмөтү электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүргөнү аз келгенсип, мезгил-мезгили менен электр энергиясына болгон тарифтик бааны да көтөрө башташкан. 2010-жылдын 1-январынан 1квт 70 тыйындан 1 сом 50 тыйынга көтөрүлүп, план боюнча июль айында 3 сомго, ал эми, 2011-жылдын 1 -январынан 4 сом 50 тыйын болуп жогорулап кете бермек. Албетте, электрге болгон баа карапайым элдин терисин тескери сыйыруу үчүн багытталганы белгилүү. Ошол эле мезгилде ал бир гана тар чөйрөнүн кызыкчылыгын ойлогон. Бул Бакиевдердин жакындарынын гана кызыкчылыгы болгон. Алар тарифти көтөрүшүп, ал эми электр энергиясына тиешелүү баардык ишканаларды четинен сатып алышып, пайда көрүүнүн жолун издеп жатышты.
2010-жылдын башында кыргыз элинин кыжырына тийген бир окуя болду. Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" жана башка энергетикалык ири обьектилерди менчиктештирүүгө тендер жарыяланып, "Түндүкэлектро" арзыбаган баага сатылып кетти. Аны менен катар Бакиевдик үй-бүлө тарабынан "Кыргызтелеком" да менчиктештирилди. Бакиевдик бийликке каршы күрөшкөн Бириккен Элдик Кыймылдын программаларынын бири Бакиевдер тарабынан менчиктештирилип кеткен объектилерди элге кайтарып берүү болгон. "Түндүкэлектродон", электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшүнөн болгон нааразычылык өсүп отуруп, акыры Бакиевдик бийликтин түндүгүн жерге түшүрдү.

Декрет эмнеге жеткирет?

Убактылуу өкмөт тарабынан 47 объект декрет аркылуу улутташтырылды. Булардын арасында айтылуу "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком", Азия Универсал Банкы, Кант цемент заводу, Мегаком, "Манас" аэропорту, "Дастан ТНКсы", "Пирамида", "5 канал" теле каналдары, "Витязь", "Солнышко" пансионаттары жана башка көптөгөн объекттер бар. Айта турган дагы бир нерсе, көпчүлүк объекттер биринчи президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү тарабынан менчиктештирилип, 2005-жылы улутташтыруу урааны аркасында Бакиевдик үй-бүлөнүн колуна өтүп кеткен. Кээ бир обүекттер ошол эле Айдар Акаев, кийин Максим Бакиев тарабынан рейдерлик жол менен коркутуп-үркүтүп тартылып алынган. Ошондуктан Убактылуу Өкмөттүн декреттеринде 42 объект соттук териштирүү аркылуу бүтө турган болсо, Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу жөнүндө декретин жараксыз деп табышкан 9 арыз сотко түшкөн. Убактылуу Өкмөт болсо аздыр-көптүр жашап, өз возуйпасын аткарып, ыйгарым укугун жаңы өкмөткө өткөрүп берди. Ал эми улутташтырууга коюлган объектилердин артында чечиле элек укук нормалары жатат.
Жаңы парламент тарабынан улутташтыруу боюнча мыйзамдар кабыл алынуусу зарыл. Ошондон соң гана декрет менен улутташтырылган объекттер мыйзамдын негизинде такталып Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан сатыкка коюлат. Мамлекеттик мүлк министрлиги өткөн жылдары мамлекеттик менчиктин эсебинен жарым миллиардка жакын дивиденд тапкан. Албетте, бул биздин зор бюджеттин алдында арзыбаган сумма. Ал эми 2010-жылы Азимбек Бекназаров тогуз ай тынбай, тоңкочук атып жүрүп ушунча объектилерди мамлекеттик мүлк министрлигинин кол алдына салып берди. Даяр оокатка келген "республикачы" Нурдин Илебаев "улуу көч кайда барса,кичүү көч ошол жакка барат" деген принцип менен бардыгын жайлаганы турат.

Улуу көч кайда барса, кичүү көч ошол жакка барат

Биздин мамлекетибиздин "улуу көчтөрү" Акаев да,Бакиев да майда-чүйдөлөрүн сугунганын сугуна беришкен.Бирок экөө тең ГЭСтерге келгенде какап калышты. Кыргыз деле ырыскысы бар эл экен. Акаев он төрт жылдан соң ГЭСтерди менчиктештирүүгө далалат кыла баштады. Ортомчу болуп Ширшов, Балкыбековдор жүрдү,ошол менен Акаев "критке" чабылды. Кайрадан Бакиевдик бийлик Акаевдин жолуна түшүп бардыгын менчиктештирип келип дал ушул ГЭСтерге кайрадан асыла баштады. Ортомчу болуп баягы эле Ширшов менен Балкыбековдор жүрүштү, ошону менен Бакиевдер да "критке" чабылды.Эми болсо экономика тармагында макроэкономикага тиши өтпөгөн, чала сабат бизнесмен Бабанов келди.Анын башы "Мегакомдон" сороюп чыгып калды. Убактылуу өкмөттүн декрети менен "Альфа Телеком" компаниясынын 49 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына өткөрүлүп,сырткы башкаруу киргизилген. Акыркы мезгилдерде ушул компанияны жүз пайыз улутташтыруу маселеси козголуп, андан улам Бабановко тиешелүү Каржы полициясы текшерүүлөрдү байма-бай жүргүзүп келет.Албетте, "Мегакомду" мурдун салып алып ким жыттап атканы кимге болсо деле белгилүү да. Мамлекеттик Мүлк министрлиги да бул компанияга кайдыгер мамиледе эмес. Бабанов болсо көлөкөдө жатып алып көрсөтмөлөрүн берип атканы менен, сороюп башы көрүнүп калат экен. Мегаком деген Ош базарындагы сортир эмес да, бул жерден салыкка эле миллиардаган акча агылып турат. Оболу ачылышкан Айдар менен Максим да бул компанияга көз артышпай койгон эмес.
Басма беттеринде Өмүрбек Бабанов "Мегакомдун" жыштыгын Швециялык кайсы бир компанияга алып берүү аркылуу. "шапкесине" эле 10 миллион доллар капчыгына салгысы келип жүрөт дейт. Ал үчүн "Мегаком" компаниясын "оомийн" деп, улутташтыруу аркылуу курмандыкка чалып берүү үчүн жанталашып аткандагы кербези. Эгер андай болсо "Мегаком" компаниясы болгон жабдуу, каражаттарын чыгарып кетиши мүмкүн.Эсепке так болуш үчүн айта кеткенибиз оң болот. "Мегаком"компаниясы эле мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүмүнө 1 миллиард сомдон ашык салык төлөп келген. өмүрбек мырзанын оболу ачылганы үчүн мындай акчадан да кур калабызбы деген ой кетет.

Көздөрүң сенин сыр каткан...

Жүрөк боюнча академик бир гана ооз сөзү менен көз боюнча адиске айланганМамбет Мамакеев айтмакчы, Максимдин карааны үзүлгөн соң, көз боюнча эч кимге сын бере албай калган. Арийне, көзү сулуу адамдар кыргызда үзүлбөйт экен.Мынакей, Өмүрбек Бабановдун деле көздөрү ажайып сулуу, ал бүркүттөй көздөрү менен эмнеге көз салса, ошону акыры тытмалап жейт. Анын өткүр көздөрүнөн майлуу жайлар жаздым кетпейт.Азыркы майлуу жайлар "Мегакомдон" тышкары бул банктар. АзияУниверсалБанкы Максимдин "капчык" милдетин аткарган банкы болсо, "МанасБанк" анын жандай көргөн досу Валерий Белокондун банкы. Ал эми "КыргызКредитБанкы", "Акылинвестбанкы", "Ысык-Көл инвестициялык банкы" Максимдин табакташтарынын банкы. Булардын баары улутташтырууга бет алганы менен,ортодо биринчи соттон утса,экинчи соттон утулуп, жолдору шар болбой эле шалдырап бүттү. Эми буларга "Эшиктен келип төр меники" деген Өмүрбек Бабанов көзүн кадап турат. Анткени Бакиевдерди кетирүү компаниясы убагында Бабанов "ни рыба,ни мясо" болуп,же Бакиевдерге кошулбай,же революционерлерге кошулбай,ресторандарда дардаңдап жүргөн.Эми жоктон тапкансып пайда боло калды да, бардык май-талкандарга көз арта баштады. Ушул банктардын акциясын Мамлекеттик Мүлк министрлигине өткөзүүгө Бабанов жан үрөөдө. Ал жерде болсо Бабановдун кол балдары башкарат.Бабанов эмнеге көз артса, ошону алдына "деликатес" кылып салып берүүгө дайым даяр. Айдар менен Максимдин кекиртегине шиш сайган кыргыздар,Бабановдун кекиртегине шиш сайбай коймок беле.Мейли деп атышат көз деген топуракка гана тоёт эмеспи, Бабановдун ач көз, сулуу көздөрүн кыргыздар бир күн ичинде эле тамтыракайын чыгарып коёт.Ошол үчүн каалаганыңызга көз арта бериңиз урматтуу Бабанов мырза дегенден башка айла жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ