, 25.02.11 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"Чабаны көп кой арам өлөт" дечү беле?..
"Көлөкө" бийлик кимдин көлөкөсүндө турат?

Кыргызстанды кошо башкарууну көздөгөндөрдүн катары күн өткөн сайын арбып баратат. Көптөгөн мамлекеттик жана эркин коом, уюм, дагы далай аталыштагы мамлекеттин бийлигине таасир кылууну көздөгөндөрдөн сырткары жакында дагы бир "башкаруу" уюму дейбизди, айтор пайда болду. Бул - Кыргызстанды башкаруу максатын көздөгөн - альтернативдүү өкмөт жана парламент. Ага шайлоодон өтпөй калган 20 партия кирип, бирдиктүү экономикалык жана саясый программасын иштеп чыгышкан. Көмүскө премьер-министр болуп "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов бекитилип, парламенттин спикерлигине "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов шайланган. Расмий өкмөт жана парламент менен идея жана чечимдер жактан атаандашып, алдыдагы президенттик шайлоого бир талапкерди көрсөтүүнү көздөшүүдө.
Мухтар Өмүракунов эми партиянын гана лидери эмес. Ал - Элдик өкүлдөр жыйыны -деп аталган көмүскө парламенттин төрагалык милдетин да аткара баштады. Жаңы төраганын айтымында, көмүскө парламенттин депутаттарынын саны жана курамы азырынча так эмес, бирок кароого ала турган маселелери жетиштүү. Бул жанаша бийликтин талкуусунан өткөн мыйзам жогору жакка сунушталат. Учурда актуалдуу болгон Курултай жана Шайлоо кодекстерин сунуштоого камылга көрүп атышат.
Атаандашы пайда болгондугу тууралуу жаңылык Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибековго маалым. Жада калса, расмий Жогорку Кеңеш менен расмий эмес Элдик өкүлдөр жыйыны меморандумга кол коюшту. Спикер, Акматбек Келдибеков көмүскө кесиптешине алар сунуштаган чечимдерди депутаттардын кароосуна сөзсүз алып чыгууга, Элдик өкүлдөр жыйынын депутаттарынын комитеттерге жана пленардык жыйынга катышуусуна убадасын бериптир. Мухтар Өмүракунов оппозицияга жардамчы гана болууну көздөшкөндүктөрүн, сунуштоо болгон менен токтом кабыл алуу укугу болбостугун да эскертип өттү.

Шайлоодон өтпөй калган 20 партия дароо эле Улуттук Конгресс түзүшкөнү маалым. Көмүскө бийлик бутактарын түзүүгө 4 ай убакыт кетти. 20 саясый уюм өкүлдөрү жумасына эки жолу кеңешип жатып, экономикалык жана саясый көз караштарын иретке келтирип, бирдиктүү кылууга жетишиптир. Азырынча, жаңы органга - "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу көбүүрөк добуш алган партиялар кошула элек. Анткен менен, альтернативдүү депутат жана министр болуу үчүн улуттук конгресске кирген партиялардын мүчөсү болуу милдет эмес. Каалагандарга эшик ачык. Себеби, Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, башкы -максаттардын бири расмий бийликти коомду көзмөлгө алуу жана өлкөнү башкарууга татыктуу адистерди даярдоо болуп эсептелет.
Аликбек Жекшенкулов көмүскө өкмөттүн премьер - министри "тактысына" отургандан кийинки ой жоруусу "мамлекеттик кызматтарга конкурс жарыялап, паланча киши жакшы иштейт экен, тиги адамдын көз карашы терең экен, деп тааныштырып турабыз. Бул өлкөдөгү кадрдык маселелерди тура чечүүгө жардам берет" деген нерсеге барып токтолду.
Көмүскө өкмөттүн жетекчисинин чечимдерге коалициялык көпчүлүктүн жетекчилери көңүл кош карабайт деген ниети бар. Мындан улам, азырынча 20 партиянын саясый күрөшү сунуш-кеңештер менен гана чектелмекчи. Бирок,Аликбек Жекшенкуловдун маалыматында, өкмөттүн туура эмес чечимдерине каршы -коомдук акцияларды уюштуруу дагы эске алынат.

Кыргызстанда альтернативдүү бийлик бутактарын түзүү аракети буга чейин болгон. Коомдук деп аталган өкмөт менен партиялардын парламенти түзүлүп, жетекчилери гана бир нерсеге жетишпесе, калган мүчөлөрүнүн аты жана чечимдери белгисиз бойдон калды. Коомдук премьер Амангелди Муралиев техникалык өкмөттү башкарса, партиялардын спикери Роза Акназарова, учурда депутат. Бул көмүскө бийлик органдарынын - жасалма үлгүсү болчу -дейт талдоочулар. Мындан улам, жаңы түзүлгөн көмүскө өкмөт дагы мамлекеттик чечимдерге таасирин тийгизе албайт деп эсептешет. Анткени, алардын мүчөлөрүнүн укуктары чектелүү. Натыйжалуу иш алып баруу үчүн, Улуу Британиянын үлгүсү менен, альтернативдүү министрлерге мамлекеттик органдардын чечимдери менен таанышууга, ишмердүүлүгүнө катышууга укук берүү керек.
Айтор, шайлоодон өтпөй калган партиялардын жаңылыгы барган сайын кызыктуу болуп, улам бир беткейден улам башкача уран менен иштей башташты. Көмүскө дейбизби, же көлөкө дейбизби бул бийликтин жаралуу максаты мамлекеттин азыркы абалына аз да болсо жаны ачып, бийликке аралашпаса да алыстан туруп көмөгүн берүүнү көздөгөндөрбү, же президенттик шайлоонун алдындагы дагы бир көз боемочулукпу, аны убакыт көрсөтөт. Чыныгы спикер менен премьер - министр сөз жүзүндө көмүскө бийликтин пикирин да эске алууга убада беришкени менен иш жүзүндө өздөрүнүн "клонун" көрүү жагымсыздыкты туудурбас бекен. Парламентте беш партиянын башы бирикпей, бирин экинчиси жактырбай түртмөлөгөн учурлар да кездешип атат, ал эми 20 партиянын башы бириккен жерде алгылыктуу иш болобу же беркилер сыяктуу эле ич ара ыйкы - тыйкысы менен элге тамаша арнап беришеби, муну да убакыт көрсөтөт. Бирок саясий серепчилердин айтымында мындай нерсе мамлекет боло албаган өлкөлөргө таандык модель. Мисалы Афганистан. Дагы мындай өлкө катары дүйнөдө 20 өлкө бар. Аларда расмий анан альтернативдүү бийлик бар. Мисалы, Кабул жана анын айланасы расмий бийликке баш ийсе, калган аймактарды альтернативдүү бийлик органдары башкарат. Бул албетте, кооптуу.

Биздин альтернативдүү органдар саясый максаттарын жашырбайт. Кризистүү кырдаалда өлкөнү башкарууга даяр жана жакынкы айдан баштап улуттук конгресс президенттик шайлоого бир талапкерди таптай баштайт.
Коомдук уюмдар акчалай каржылоо жакшы болмоюн ишин уланта албайт. Ошондуктан, талдоочулар, бул четтен каржыланган долбоор болсо, же лидерлердин дымагы менен гана иштеп кете алат дешет. Бир канча ирет өткөрүлгөн шайлоолор бийликке келем дегендерге жөнөкөй чындыкты далилдеп берди: шайлоодон жеңишке жетишүүнү көздөсөң аракетиңди бир жыл мурун башта. Ошондуктан "көлөкө бийлик" күздө президенттик шайлоого чейин ар кайсы тармактан болбосун эл көзүнө көрүнүп, аброй топтоого аракет жасашары турган иш.

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА




Азык-түлүк дагы кымбаттайт дешет
Азык-түлүктүн кымбатташы элге бир топ кыйынчылыктарды жаратары айкын. Анан албетте мындай маалда мамлекет башында жүргөн жетекчилер күнөөлүү катары саналып, алар азык-түлүктүн баасын жөндөй албаганы үчүн коомчулук аларды күнөөкөр катары санай баштайт. Ошондо мурдагы бийлик менен азыркы бийлик маалында болгон айырмачылыктар айтылып, алардын ишмердиги коом арасында таразага салынат. Муну айтпаса деле баарына маалым.


Бул арада жаздын алды менен митинг, пикеттердин да болушу тууралуу айтылууда. Мурда мамлекет башчысынын жасап жаткан туура эмес иштерине, бийлик бутактарына үй-бүлөсүн, тууган-туушкандары аралашып кеткендигине нааразы болуп көчөгө чыгышса, жаздын алды менен социалдык абалдын оорчулугунан, күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык-түлүктүн кымбатташынан улам болот деп айтып жатышат. Бир жагынан карап көрсөк, чынында азыр бакиев заманына караганда азык-түлүктүн баасы бир төп көтөрүлдү. Болгондо дагы адамга эң керектүү болгон нан менен шекердин кымбатташы, бир катар жарандарга оорчулук туудурууда. Ансыз да кымбатчылык желкеден басып турган маалда, нан менен шекердин баасы кымбаттаганын коомчулук деле кубаттаган жок. Болгону шекерди Кыргызстанга тыштан ташып келип жаткан ортомчулар пайдасын көрүп жатат. Жарандар колдонуучу шекердин 60 пайызынан ашыгы сырттан ташылып келинет. Көбүнчө Россия жана коңшу Казакстандан келет. Ун дагы сырттан келет. Кыргызстанда өндүрүлгөн ундун сапаты анчейин жакшы эмес, ундун клейковиносу (жабышкактуулугу) төмөн деп, жергиликтүү нан бышыруучу наабайканалар колдонушпайт. Мындай абалдын түзүлүшүнө бизде өстүрүлгөн буудайдын сапаты төмөн болушу менен түшүндүрүшөт. Анан албетте, сырттан ташылып келген унга болгон талап көп болот.
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жөнгө салуу тууралуу бир топ аракеттер жасалып жатат. Бирок, азырынча конкреттүү иш-чаралар жасала элек. Өзгөчө Кыргызстанды шекер менен толук кандуу камсыздоо үчүн өзүбүздө өстүрүлгөн кант кызылчасын кайра иштетүүнү жөнгө салып, аны жандантуу керектиги айтылып жатат. Кыргызстан өз кезегинде жеке эле өзүн эмес, СССРдин курамына кирген коңшу мамлекеттерди да камсыз кылып келгени белгилүү. Бүгүнкү күнү шекердин Кыргызстанга сырттан ташылып келинүүсүнө шекер рыногундагы монополия себеп болуп жатат. Мамлекет бир-эки гана ишканага сырттан шекер алып кирүүгө уруксат берген. Бул компаниялар өздөрүнө берилген мүмкүнчүлүктөн ашкере пайдаланып, өздөрү каалаган бааны коюп жатышат дейт кээ бир саясатчылар. Шекердин баасын бир калыпка салып, анын баасын түшүрүүнүн бир гана жолу бар. Бул башка мамлекеттик жана жеке жактарга да шекер алып кирүүгө уруксат берүү. Ошондой болгон күндө атаандаштык пайда болуп, асмандаган баалар кардарлардын чөнтөгүнө бир аз ылайыкташкан баада сатыла баштайт.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аймактардын мааниси эске алынуусу керек
Муну менен катар Кыргызстанда кант кызылчасын өстүргөн дыйкандарга шарт түзүп, алардын өстүргөн кант кызылчаларын өкмөт белгиленген баада сатып алып, аны кайра иштетүүсү керек. Чүй аймагы кант кызылчасын өстүрүүгө эң ылайыктуу жер. Бекеринен совет доорунда Чүй аймагына кант кызылчасы эң көп көлөмдө айдалбаса керек. Эгер өкмөт дыйкандарга жакшы шарт түзүп берсе, күздөн баштап асмандап өсүп кеткен шекердин баасы катардагы сатып алуучунун алган айлыгына ылайык келип калат.

Кыргызстандагы айыл-чарбасын көтөрүү максатында мамлекеттик бюджеттен 1млрд. сом бөлүндү. Бул үстөк пайызы 9 пайызды түзгөн насыя 1-марттан баштап бериле баштаары белгилүү. Бул да болсо канчадан бери кароосуз калган айыл-чарба тармагын бутунан тургузууга болгон алгачкы алгылыктуу иш аракет. Буга чейин бул тармак өзүнүн кендирин өзү кесип, базар экономикасынын шартында эптеп күн көрүп келди. Жайы менен мээнетин төгүп, өстүрүп алган продуктыларын күзүндө сата албай канча дыйкан эмгегинин үзүрүн көрбөй, мамлекетке наалат айтты.
Жакында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып келгенде да Таласта өстүрүлгөн төө бурчакты сатып алуу тууралуу мамлекет аралык келишимге кол коюлду. Бул да болсо Таластык дыйкандардын жайы бою төккөн мээнетинин акыбети кайтып, мурдагыдай болуп алаканын чаап, мөңгүрөп отуруп калбайт дегенге кепил болот. Буга чейин эле Таластыктар өздөрүнүн төө бурчактарын жеке менчик компаниялардын жардамы менен чет мамлекеттерге сатып келген. Бирок, мындай маалда дыйкандар тааныш-билиш, жогорку жакта иштеген тааныштарынан бир топ көз каранды болуп келген.
Коалициялык өкмөттүн алдын ала түзүлгөн планына ылайык, ар бир аймактын географиялык өзгөчөлүгүнө жараша ал аймакта чакан ишканаларды куруу. Мисалы, Нарын жергесине этти кайра иштетүүчү чакан комбинат куруу керек.

(Уландысы 12-бетте)