, 25.02.11 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Эй, элди кара, жинди кара!

Алик Акималиев
Элим
Мен кыргыздын рухуна тарадым,
Сан кылымдар оодарылтты барагын.
Тарыхта жок экен чыны мындай эл,
Ажыдаардай ачып турган араанын.

О, бир гана Кыргызда жок биримдик,
Өлөт алгыр турмуш кыстайт жүгүртүп.
О, бул элдин ынтымагы болгондо,
Кудайды да алат эле тирилтип.
О, бир боорум, о кыргызым, өз элим.
Кембагал ыр кенчой болор белегим,
Жакшылыкта жайдаңдашып баары дос,
Жамандыкта тиер бекен керегим?!

Дүйнөдө жок эл чыныгы "кел!" деген
Кембагал бир, эх ичи кең эл белең?
Франция, Жозефина сеп өлгөн,
Наполеондой алоолонсом сен менен!

О, Алла тоом! О, кыргызым! Айдайым!
Сан күү, эпос, санжыралуу бай жаның.
Аскаларын кулатчудай макалың,
О, сен менин салгылаш, муң, майданым.
Тарыхыңа кызмат кылсак, эр жетсе,
Кыргыз-жылдыз! Шоолаң жаркырайт тээ көктө...
Кырчылдашып, кыргыз десе ким азыр.
Эң ысык демимди да, канымды
Эң акыркы тыйынымды, нанымды,
Эч аянбай берер элем чөнтөктө.

Поэт-смертниктин монологу
Поэт нисколько не опасен,
Пока его не разозлить
(Н.Рубцов)
Алдап баары. Бөлөк ойлор каңгыган,
Аял, арак мүдүрүлтүп калды улам.
Жерден өйдө көтөрүлөйүн десем,
Желмогуздар тосуп чыкты алдыман.
Болгум келди мен бир акын жан кечти,
Калың топтун как жүрөгүн жандырам.

Жардырамын. Кана коркпой кел, бери!
Жаман-эски кыял мүнөз сендеги.
Акмакчылык, маскаралык, ачкөздүк,
Өлөт баары ичиндеги, көздөгү.
Жашагың да келбей кетет чынында,
Алааматты көрүп туруп жердеги.

Аял алдайт, арак бузат, дос сатат.
Ментке берип, рэкетке карматат.
Бирок, сени колдойт теңир - бир Аллах,
О, аларды Кудай өзү жазалайт.
Кайгы тартпай күрөшө бил көкжалдар,
Каргыш ургур азап жолдон таза кайт.

Чын жанкечти акын болсоң, болжолу,
Чындыкты айтсаң, эмне болсо ойдогу.
Жардыра алсак, жүрөктөгү бомбаны,
Жарык болсун үчүн адам жолдору!
Планетанын падышасы көмүскө,
Акын поэма бүт жахандын гордону!

Эгер бийлик элди кордоп көкөйгө,
Тийип бүтсө, баш көтөрөм мен өйдөң.
Паразитке пайгамбарча көз тигип,
Падышага аялга да баш ийбейм.
Кирип барсам, а мен поэт-смертник,
Киркок жуул, сессиядан, Акүйдөн...

Чаңда сары алтын
Мен элимди дал жанынан карадым,
Карадым да аянычтуу абалын
Көрдүм бирдеме дейт, тили өтпөйт
Жоош, момун бир ботала карагым.
Улут да эмес, Адам эмес, эл эмес,
Уч-кыйрына чыга албадым санаанын.
Ырысы жок Россиялап тентиген,
Ынтымагы, биримдиги жок анын.
Ушунчалык жанга батып кейитти,
Улуу тоо да көтөралгыс азабын.

Мен элимдин дал өңүнө карадым,
Карадым да ачтым кылым барагын.
Ыраңында ар улуттун жүзү бар,
Аралашкан ар эл менен жаны анын.
Тажик, япон, немис, араб, корейицтей,
Ошон үчүн күчтүү да, курч каны анын.
Беттеринен бозо, кымыз кан тамат,
Бермет Көлдөй жаркылдаткан кабагын.
Өлүп бара жатса дагы "жакшы" дейт,
Кыйгач көздүү монголоид адамым.

Мен элимдин дал жүрөгүн карадым,
Бабалардын муңдуу, сүрдүү кабагын.
Көрдүм титан Манас руху тирилип,
Керемет ой
Титиретип келаткан ыр ааламын.
Генний болуп бүгүн таңдан ойгондум,
Бүт денемди чачыратып духу анын.
Муун-жүүнүм аралай чаап бошотту,
Муң сызылткан музыкалар, аваның.
Бизди уятка калтырбагын дегенсийт,
Чоң апалар миң жыл сагыныч, арманың…

Мен элимдин көзүн тике карадым,
Карадым да эстен танып барамын.
Акылы кир, колу да чор бир байкуш,
Жалооруткан жалгыз үмүт чырагын…
"Жалп" өчөбү ушул ушул кара заманда,
Үрөй учкан үрөйүңдө залалың.
Чаңыргандай чатак учур келатат,
Шайы кантет келин, катын, баланын?
Ойлобойсуң, ойлогонго шайы жок,
Көзүңдө да, өзүңдө да жок алың…

Мен элимди узак өчпөй карармын,
Мээр чачкан ак пейлинен агардым.
Кейисе да, "кел, нан ооз тий, чай ич" дейт,
Кереметтүү кыргыз элим, оо жаным.
Касиеттүү алатоолук ак калпак,
Канча кылым түрмөктөлүп тоо жардың.
Көп доорлордон көз жашындай калган эл,
Бейиттерде жатат канча миллиардың.
Кыйбас элим кыяматта бир жаркыйт,
Кыргыз! Кыргыз-чаңда жаткан бир алтын...






Кел келиңиз
Кел, келиңиз -ушул сөздөр элимде,
Мага сырдуу, үйдөй жылуу угулат.
Мейман достук, Кене пейил деминде,
Ырыскынын куту сындуу туюлат.
Кел, келиңиз, пейлин бузбай эч жанга,
Тура калып таасим кыла кол сунат.
Ким болбосун башын ийет мейманга,
Ал сурашып дасторконун толтурат.
Кел, келиңиз, төргө жаздык коюлат,
Дүйүм тамак алга келет заматта.
Бата тилеп сыртта койу союлат,
Сый коноко салт катары адата.
Жайда кымыз, айран, каймак үйдөгү,
Кышта бозо, сүрсүгөн эт, май куурдак.
Көмөч наны, ысылыктын түрлөрү,
Памил чайдан, сорпосунан жай ууртап.
Кел, келиңиз, -келет коңшу, колоңдор,
Улам тамак жаңыланып түрлөнөт.
Ыр башталат, аткарылат обондор,
Чер жазыша жаңылыктар сүйлөнөт.
Кел келиңиз, -улуу, кичүү жасанып,
Куда, сөөктөр, достор көптөн сагынган.
Кубаныч той, калың элден бата алып,
Жакшына учур кызга сөйкө салынган.
Кел, келиңиз, -ким болбосун жаркылдай,
Бакыт сунна бириктирген элими.
Ушул эки кыска сөздөр алтындай,
Кыргызымдын сый, урматы, пейили.

Күмөндүү келечек
Өкүнүчтүү, чынчыл доорго барбайбыз,
Келди заман жалган шайыга оронгон.
Урмат, сыйды, эми сактай албайбыз,
Азыр дилден ыйман такыр жоголгон.
Жакшылык аз, азап чексең адамдан,
Наасат айтсаң көз ирмебей башты алган.
Уят кетти жерге кирчи жамалдан,
Улгайгандар чочулашып жаштардан.
Намысты азыр пул жасоо, -деп билбейбиз,
Адамдыктын асыл салты күндө өчүп.
Саттылабыз, акчага баш ийебиз,
Байлык, бийлик, мансап менен сүйлөшүп.
Жаркын ойлор жалган бийлеп тепселип,
Күндө муңга, оор ойлорго батабыз.
Эл сатканды эр, -деп коюп эстелик,
Жеп, ичээрди "баатыр" атап жатабыз.
Мансап үчүн жанын үрөп далбаса,
Кошоматы колдоочусу, асманы.
Бир калп айтса, пара берсе, алдаса,
Ал абийирин өмүр бою сатканы.
Болду ал адам кайра келбейт ордуна,
Качандыр бир керт башы үчүн жаңылып.
Жакындабай аны унутупкойгула,
Эми оңолбойт анткор калпка жагынып.
Мунун баарын сода бийлеп жасаган,
Чындык ыйлап боор тарта албай басынып.
Көрүүдөбүз кээлер таза жашаган,
Бөрүлөргө кетишүүдө сатылып.

Куураган жалбырактар
Бала сындуу таяк жеген чоңдордон,
Тилек тилеп эркиндикти күтүнөт.
Адам гана бийлик барга кор болгон,
Өкүнүчтүн оор пастыгын түшүнөт.
Кордогондо сен чыдаган мүнөттөр,
Кабар берет эч өспөгөн тегиңден.
Мага тааныш жеңе албоочу күрөштөр,
Ак болсоң да ийилүүдөн жеңилген.
Даңкка жетип арбын сыйлык алганды,
Көкөлөтүп пейлин бузуп кур мактайт.
Элди бөлүп сүйлөбөсө жалганды,
Калкы сыйлап дилден терең урматтайт.
Карап көрчү уурусу күч заманды,
Убактылуу ар ким өтчү жолоочу.
Дайым жеңет түбү таза адамды,
Уйгушкан сүткор акмак, тоноочу.
Байыганга буйруп баардык каймагы,
Тагдыр чечип ичтен кытмыр күлүшөт.
Бүт күнөөнү оодарышып кайдагы,
Бийлеп, бейпил, жыргал өмүр сүрүшөт.
Канча адамдар андан майып болушат,
Ак абийири, ар намысы тонолуп.
Лам дедирбей ооздорун жаап койушат,
Анан кетет көптөр келгис жоголуп.

Кубанычбек Адамалиев

"Кыргыз Туусу" газетасынын 2010-жылдын 24-декабрдагы санында Догдурбек Юсуповдун "Алыкул" деген ыр түрмөгү конкурска карата жарыяланыптыр, ошого карата үн кошуу.

Чоң мөөрөйдү утуп ал
Алыкулдун айылына жакынсың,
Таалим алган таланты бар акынсың.
Конкурска аттаныптыр Догдурбек,
Оюндагы максатты ишке ашырсын.

Ар бир сабың окуганда сопсонун,
Ыр түрмөктүн түзүптүрсүң топтомун.
Жарышууда озосуң сен ишенем,
Мага жакты үн чыгарып кошконуң.

Жакында эле ардактуу наам алганың,
Журналисттик жолдо алга барганың.
Эки тизгин бир колуңда турганда,
Акындыкты аздектеп бек кармагын.

Алыкулга жакында баратыпсың,
Жүрөктөн жакшы ырды жаратыпсың.
Догдурбек кайсы акын деп суктандырып,
Окурманды ырың менен каратыпсың.

Токсон беште Алыкулдун курагы,
Эске алып Докем ырын улады,
Жакшы акын жетилүүдө үмүт бар,
Жетишкендин адабиятта бу дагы,

Ар сөзүңдүн кереметтүү куту бар,
Көкөлөтүп көңүлүңдү учурар,
Аттаныпсың мааракеге бел байлап,
Алга чыгып, чоң мөөрөйдү утуп ал!

Расулберди Маметов,
Ардагер, журналист, мугалим, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.

"Манас" десе
"Колдо!" -деп колубузду алып боорго,
Кургайбыз кең Таласка Манас-Ордо.
Баш уруп сыйынууга дуба окуп.
Чыгабыз түшүн аган карай жолго.

Бул эмне? - Жан салдум курулушпу?
Жо-Жо-Жоок! Бизге Мекке ыйык тутчу.
Өзүнө магниттей тартып турат.
Өзүндөй айкөл, Баатыр Улуу Журтту.

Улантып ата салтын урунушат,
Баабедин, түлөөлөргө жыйылышат.
Өткөрүп Нике тоюн сүйүшкүндөр,
Тынчылык, бала… сурап сыйынышат.

Бул жерде көңүл кирин кетиришет,
Бир бирин чырдашкандар кечиришет.
"Биримдик, ыйман бер, -деп, -элге -журтка?!"
Кудай Тала, Арбактан өтүнүшөт…

Манастын жергеси бар Таласындай.
Берген ал элдик Баатыр Манасындай.
"Кыргыз!" деп таанып алгын "Манас" десе.
Маселе билгиң келсе -мана(!) ушундай


Ойгонолу
Өзүңөр эле ойлоп-баккылачы,
Орой көз чарай туруп айткылачы?
Канмекчи(?) курама Жерт, Ала-Тоосу.
Каныкей кайран энең, Ак Куласы.

Манастын шексиз бизди колдомогу.
Маз болбой ойлонолу! Ойлонолу!
Улуктар! Мекендештер! Илимпоздор!
Уктабай! Ойгонолу! Ойгонолу!

Кечикпей ойгонгула! Ойгонгула!
Биз гана улуу Рухтун коргогону.
Кактырып жатат тынбай коңгуроону,
Чыдатпай жүрөк, боордун жолгогону.

Султан Абрахманов
Жети-Өгүз району