, 18.02.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргызстан-Шибер байланышынын башаты
Өткөн жылдын декабрь айында "Алтай- Манас-Талас" коомдук бирикмесинин чакыруусу аркылуу Россия федерациясынын Алтай Республикасынан расмий мамлекеттик өкүлдөр Кыргызстанга-Талас областына келип кетишкендиги коомчулукка маалым болгон эле.Ал делегациянын жүрүшүндө көптөгөн маанилүү маселелер каралып экономикалык, миграциялык, маданий, илимий байланыштар боюнча алдын алуу протоколуна үч тараптуу (Алтай Республикасы- Талас областтык мамлекеттик администрациясы - "Алтай-Манас-Талас"коомдук бирикмеси) колдор коюлган.Ошондо Алтай Республикасынан келген 4 өкүл аталган коомдук бирикмеге ардактуу мүчөлүккө кабыл алынып, Алтай Респубуликасынын өкмөт башчысынын тышкы иштер боюнча жардамчысы Шепель Д. В. коомдук бирикменин тышкы байланыштары боюнча координатору болуп бекиген эле. Натыйжада Шепель Д.В. делегациянын жыйынтыгын жалпылап Алтай Республикасынын өкмөт башчыларын , дегеле Россия Федерациясынын Сибирь регионундагы кесиптештерин Кыргызстан менен өз ара достук кызматташууга чакырып зор атуулдук иш жасаганын белгилеп кетели. Ошонун аркасында 2011- жылы 7-10- февралда Сибирь регионунан ( Томск , Новосибирск областтарынан ) мамлекеттик деңгээлдеги 8 өкүл Кыргызстанга келип кетишти. Анда бул расмий делегациянын келиш максаттары боюнча Д.В.Шепелдин өзүнөн уксак.


- -Дмитрий Васильевич, кош келиңиздер Кырзызстанга, мына сиздин акыркы эле айлардагы Кыргызстанга болгон экинчи визитиңиз жөнүндө, жалпы эле Сибирь регионундагы мамлекеттин өкүлдөрүн баштап келген максаттарыңыз жөнүндө баяндап берсеңиз?
- Жакшы болот, өткөн жылдын 18-24-декабрында биздин Алтай Республикасынан мамлекеттик деңгээлдеги делегация алгачкы ирет расмий сапар менен Кыргызстанга , негизи Талас областында болуп, алдын алуу протоколуна кол койушуп, президенттин кеңешчиси Т.Тургуналиевде, тышкы иштер министирлигинде, каржы, маданият министирликтеринде болуп, алдыдагы максаттарды белгилеп кеткен элек. Ал жолугушуулардын бардык түйшүктөрүн "Алтай-Манас-Талас" коомдук бирикмесинин жетекчилиги уюштурушкан эле.Сиздердин эл-жериңер менен таанышып, кайратман калкыңардын меймандостугунан, чын жүрөктөн бизге деген достук мамилеңерден зор таасирленип кайткан элек. Делегациянын жыйынтыгы боюнча биз өзүбүздүн өкмөт башчыларыбызга толук маалымат бергендиктен, биздин бийлик тарабынан бардык тармактар боюнча тиешелүү министирликтерге сиздердин Республика менен өз-ара кызматташууга көрсөтмө берилди. Мындан тышкары, жалаң эле биздин Алтай Республикасы менен эмес, жалпы Сибирь регионундагы Томск, Новосибирск областтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурдагы сиздердин убактылуу оор экономикалык кырдаалыңыздарга карап достук, экономикалык-инвестициялык байланыштарды түзүү боюнча чечим кабыл алып 8 адамдан турган өкмөттүк делегация 7-февралда Бишкекке учуп келдик. Албетте, алдын ала сиздердин тышкы иштер министирлиги, өкмөт башчылары менен сүйлөшүүлөр болуп, алардын макулдугу менен келдик. Бизди аэропорттон тышкы иштер министирлигинин өкүлдөрү, "Алтай-Манас-Талас"коомунун мүчөлөрү тосуп алышты.
Мен жана Тоолуу-Алтай мамлекеттик Университетинин өкүлү, окумуштуу Алексеев Павел Викторович экөөбүз "Алтай-Манас-Талас" коомунун жетекчилери менен Талас областына барып келдик. Себеби, өткөн иш сапарда кол коюлган ниеттенүү протоколунда белгиленген айрым пункттар боюнча расмий келишимдерди түзүү болчу. Биз Талас мамлекеттик Университетинин ректору Аскар Жылкычиев менен эки тараптагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташуу боюнча келишимди түзүп бекиттик. Бул келишим боюнча биз Талас областынан студенттерди бюджеттик негизде окутуу, студенттерди, окутуучуларды эки жакка стажировкалоо боюнча макулдаштык. Андан тышкары Талас шаарынын мериясы менен да өз-ара бардык тармактар боюнча кызматташууну макулдашып белгиледик жана Талас областынын губернатору К.А.Курманалиеванын кабыл алуусунда болуп, жакынкы арадагы иш-пландар боюнча макулдаштык.
- Эми калган иш-чаралардын жүрүшү боюнча Павел Викторович өзү баяндап берсин.
Анда, сөз кезеги сизде Павел Викторович.
- Рахмат, мен алгачкы жолу Кыргызстанга келишим. Кыргызстан боюнча жалаң жакшы таасирлерди алып, жакшы маанайда турам. Айрыкча бийик тоолуу, кооз табиятыңар, ак-пейил ачык элиңер мага аябай жакты. Өзүм Алтай Республикасындагы жаш окумуштуулар Кеңешинин жана Тоолу-Алтай мамлекеттик Универсетинин кабыл алуу комиссиясынын төрагасы болгондуктан мага тиешелүү тармактар боюнча баяндап берейин.
Жана Дмитрий Васильевич Талас мамлекеттик Университети менен болгон келишимдер боюнча айтып кеткендиктен, андан кийинки иш-чаралардын жүрүшү боюнча айтып берейин.
Биз Бишкекте Республикалык спорт агенттигинде болуп, спорт тармактары боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюштук.
Ошондой эле, сиздердин Техникалык университетте болуп эки тараптуу (Россия-Кыргызстан) дипломго ээ боло турган студенттерди окутуу тууралуу келишимди бекиттик.
Өзгөчө, өзүм филолог болгондуктан Э.Арабаев атындагы мамлекеттик Университеттин алдындагы Лингвистика институтунун директору, профессор С. Ж. Мусаев менен биздин Университетте "кыргыз тили жана адабияты", Бишкекте "алтайистика" бөлүмдөрүн ачуу боюнча алдын-ала келишимдин түзүлгөнүн белгилеп кетейин. Себеби, биздин алтай тили сиздердин кыргыз тили менен өзөктөш болгондуктан бул багытта илимий изилдөө иштерин да өркүндөтүү өтө зарыл.
Эми менин иш-планымда жок болсо да, бирок мен үчүн өтө жемиштүү болгон, дегеле эки элдин ортосунда маанилүү болгон эки жагдай боюнча белгилеп кетким келет. Себеби, "Алтай-Манас-Талас" коомдук бирикмесинин төрагасы Кушубек Исановичтин орчундуу сунушу боюнча сиздердин Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти, академик В.П.Плоскихтин кабыл алуусунда болуп, маектешип пикир алыштык.
- В.П.Плоских СНГ боюнча көрүнүктүү археолог-окумуштуу болгондуктан Алтай Республикасында сиздер тараптан археологиялык экспедицияларды уюштуруу жана этнография, фольклордук багыттагы илимий иштер тууралуу өз-ара кызматташуу боюнча келишимге кол койуштук. Анткени, Алтайдын байыркы тарыхы сиздерге өзөктөш, дегеле кыргыз тарыхы үчүн баалуу эмеспи, туурабы?
- Мени толкундаткан экинчи жагдай Чуй областынын Панфилов районундагы тоголок жетим балдар интернатынын директору Райымбек Усупбаев менен болгон жолугушуу болду. Р.Усупбаев менен ал интернаттагы жетим балдар орто билимдүү болгондон кийин Алтай Республикасындагы жогорку, атайын орто окуу жайларга бюджеттик негизде бекер окутууга макулдаштык. Бул адам жетим балдарга күйгөн, кам көргөн нагыз кыргыздын Макаренкосу экен. Ушул эки жолугушууну уюштурган коомдун жетекчиси К.Качибеков алысты көрө билген, анык элдик дипломат экен деп баа берет элем.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министри С.Жумабековдун кабыл алуусунда болуп, эки республиканын ортосунда врачтардын иштөөсү тууралуу биздин Республиканын Саламаттык сактоо министринин саламын жеткирип, маанилүү маселелер боюнча маектешкенге да жетиштик.
Ошондой эле жаштар министирлигинде да болуп, министр Алиаскар менен да кызыктуу маек курдук. Өзгөчө миграция багытында. Бизде малчылар, саанчылар, дыйкандар үчүн жумушка иштесе болот.
Ошентип, убакыттын тардыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигиндеги жолугушууга катыша албай калгандыгым үчүн министрдин орун басары Б.Х.Кубаевден кечирим сурап кетем.
Кыскасы, Кыргызстандан жакшы досторду таптым десем болот. Айрыкча коомдун орун басарлары Абасбек Исановго, Тилек Мамбеталиевге, мүчөлөрү Рыскелди Акматов, Мукан Асаналиевге, Турду Акматалиевдерге да өз ыраазычылыктарымды билдирет элем.
Шепель Д.М.: Мүмкүн болсо мен дагы бир жолугушуу тууралуу кошумчалай кетейин.
- Жакшы болот, Дмитрий Васильевич, кызыктуу маек болуп жатат, кеп кезегин улай бериңиз.
- Коомдун мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Бишкектеги улуттук элдик кол өнөрчүлүк боюнча "Кыял" бирикмеси тарабынан уюштурулган чакан көргөзмөгө катышып, С.Чокморов атындагы сүрөт окуу жайынын жетекчилиги менен тааныштык. Көргөзмөдөгү улуттук орнаменттеги жасалгалар, сувенирлер бизди аябай суктандырды. Өзгөчө, кыргыз шахматы делген "тогуз коргоол" мени аябай кызыктырды. Бизге жылына миллиондогон туристтер келип кетишет. Эмне үчүн "Кыялдан" жасалган буюмдардын, боз үйлөрдүн көргөзмөсүн Алтайга ачып, аларды туристтерге сатууга болбосун. Бул тууралуу биздин Маданият министирлигинде талкуулап чечебиз. Кыргыздын кол өнөрүнүн буюмдары Шанхайдагы "Экспо-2010 "до алтын медаль алгандыгын интернеттен окуган элем. Ошондуктан, "Кыял" бирикмесинин эмгек жааматына ийгилик каалайм.
- Эми сөз кезегин өзүбүздүн Панфилов районундагы тоголок жетим балдар жатак - интернатынын директору, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" Раимбек Усупбаевичке узатсак.
- Рахмат, биздин балдар үйүндө 250 окуучу бар жана күндөлүк түйшүктөрдөн тышкары бизди эки орчундуу проблемалар дайыма түйшөлтөт.
Биринчи: жайкы каникул учурунда барар жери жок тоголок жетимдерди эс алдыруу үчүн ар кайсы пансионаттарга жалдырап чапкыламай. Акыркы эки жылдан бери "Бүргө баатыр" коомдук кайрымдуулук фондусу жайкысын Суусамыр жайлоосуна атайын боз үйлөрүн тигишип, балдарды бекер тамактандырып, эс алдырып демөөрчүлүк жасап келишет.
Экинчи түйшүк: балдар орто билимдүү болуп, интернатты бүткөндөн кийинки тагдырлар. Кайда барат? Кандай жолго түшөт? Кандай билим алат? Окуу үчүн кантракт төлөө түшкө кирбес нерсе да алар үчүн. Айла жок, кесиптик лицейлерге чуркамай.
Жана Павел айткандай мен үчүн да күтүүсүз жакшы жаңылык болуп олтурат. Коомдун төрагасы Алтайлык делегациянын жакшы максаттары жөнүндө телефон аркылуу кабарлагандан кийин жетип келдим.
Меймандар менен кызыктуу талкуудан соң биздин жетим балдарды Тоолуу- Алтай шаарындагы кесиптик лицейлерге, ал эми интернатты мыкты бүткөн зээндүү балдар-кыздарды жогорку окуу жайына (бюджетке) окутууга макулдаштык. Албетте, балдар жатакана, стипендиялар менен да камсыз боло турган болушту.
Ошондуктан ириде "Алтай-Манас-Талас" коомуна жана биздин оор тагдырлуу жетим балдарыбызга койнун ачышкан, колун сунушкан Алтайлык делегация өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип жетине албай турам.
- Кызыктуу маегиңиздер үчүн чоң рахмат, сиздердин максаттардын жүзөгө ашуусун биз да каалайбыз.
Ал эми, Сибирь регионунан келген делегация өкүлдөрүн мурдагы Акаев, Бакиев замандарындагыдай "шапке" үмтөтүп качырбай азыркы өкмөт башчылары тарабынан жылуу кабыл алынып, көптөгөн инвестициялык иш-чаралар коомчулукка ачык белгиленгендигин маалымдап, бул иш-чаралардын башатын ачкан жөнөкөй патриот инсандарыбызга рахмат айтмакчыбыз.
Учурда жалаң саясат менен алпурушуп,саясий шоуларды уюштуруп,элибиздин башын маң кылып чуу салып жүргөн айрым коомдорго, өкмөттүк эмес уюмдарга да өлкөбүзгө, элибизге пайдасы тийе турган ушундай алгы иштерди алпарса дейт элек. Кыскасы саясаттан, ар кандай реалдуу эмес иштерден оолак болуп, жөн гана мыйзам чегинде жогорудагыдай изги иштерди уюштуруп жаткан "Алтай- Манас-Талас" коомдук бирикмесинин иш- багыттары чынында эле үлгү аларлык.
Маекти жыйынтыктап жатып Алтайлык акын, коомдун "ардактуу төрагасы" Бронтой аганын : "Казанда дайым эт болсун, Алтайга кыргыз эл толсун " деген учкул сөзү менен аяктайлы.
Маектешкен Абдымамбет Сариев, жазуучу-журналист.