, 18.02.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Демократиянын "плюс"- "минус" жактары
Демократиянын плюс жактары Кыргызстан дүйнөлүк цивилизацияга "демократиянын аралчасы" катары таанылып сөз эркиндиги, адам эркиндигинен баштап Мамлекеттик жогорку бийликтин да демократияланышып элге жакын делген парламенттик бийликтин келиши.
Ал эми "минус" жактары ошол элге жакын делген коалициялык мүнөздөгү парламенттик бийликтен өз ара демократиялык эркиндиктерге, ар кандай идеалык көз караштары байланыштуу бир пикирге, бир багытта келе албагандыктарында. Албетте, мунун жакшы жактары диктатуралык мүнөздөгү көз караштардан жана бийликтин монополияланышып кетүүсүнөн сактайт. Ошол эле мезгилде эң өкүнүчтүүсү "ушундай көз караштагы процесстин" коомдун ички кыймылына, ички түзүлүшүнө, өздөрүн бийликке алып келген революциянын негизги себептерине анализ бере албай калгандыктарында.
Революцияга анализ берүү; бул миллиондогон дыйкандардын, товар өндүрүүчүлөрдүн каалоосу жана талабы эле.
Тактап айтсак, 20 жылдык Эркин Кыргызстан тарыхында жеке менчикке негизделген өндүргүч күчтөрү өздөрүнүн өнүгүүсүнө стимул болуп бермек турсун тескеринче тормоздоочу күчкө айланып келе жаткан Союздук диктатуралык маанайдагы өндүрүш мамилелери менен жашап келе жатат. Мындай реалдуу өндүрүшкө салым кошо албаган саясий бийлик структурасы: биринчиден өздөрүнүн гана кызыкчылыгы үчүн "өнүгүп жатабыз" деген кагаз жүзүндөгү отчетторду берип келсе, экинчиден -президенттик бийлик үчүн элди кармап туруунун негизги өзөгүндөй да көрүнүп келген. Бирок, реалдуу чындыкта булар толкуган эли токтомок турсун өздөрү кемирип жеп койгон бийиктин батыраак кулашына шарт түзүп келишкен. М: Дүйнөлүк цивилизациянын айдыңында Кыргыз кемесинин кыймылдаткыч күчү болгон миллиондогон "калакчылары" өздөрүнүн иштөөсү үчүн "кызмат кылып жатабыз" деген зор бийликти, ашыкча жүктү моюндарында көтөрүп келе жатышат. Алар качан онтогон абалга жеткенде кемеде чөгүп кетүү коркунучу пайда болуп революциялар менен коштолду. Президенттик бийлик кулаганы менен эң негизги эзүүчү болуп келген ортомчу бийлик (саясий трибуна) кайра жаңы бийликке реформаланбай туруп кызмат кылып келүүдө. Бүгүнкү күндө жогорку эшалондогу саясий бийлик структурасы демократиядан өз үлүштөрүн алганы менен миллиондогон өндүрүүчүлөр (дыйкандар) өздөрү менен түздөн түз байланыш түзө турган, өздөрүнүн маңдай тери менен жашай турган, өз каалоосундагы жергиликтүү бийлик өкүлүн шайлоо укугуна да ээ болбой келе жатат. Ушул да коомдун өзөгүн түзгөн карапайым эл үчүн демократиябы? Дал ушул жерде өндүргүч күчтөрдүн, өндүрүш мамилелерин таба албай жаткандарынын негизи турса керек. Бул жерде, эгерде жергиликтүү бийликти эл шайласа уруучулук башталып кетет деген ой жатса керек. Бүгүн Кыргыз эли демократиянын 20 жылда бороон-чапкынын басып, 2-жолку революцияны башынан өткөрдү, кимдин-ким экенин тааный турган саясий билимдүүлүккө жетишишти. Азыр аларды уруучулукка бөлүп, алдоо оңойго турбаса керек. Өндүрүүчүлөрдүн өздөрү тарабынан шайланбай, жогорку бийлик тарабынан шайланган (аким) бийлик өкүлүнө кимге кызмат кыларын элестетип көрөлүчү? Миллиондогон өндүрүүчүлөр материалдык байлыкты өндүрүү процессинде өздөрүнүн демократиялык укугуна ээ болбосо ушул көрүнүштү, ушул "минусту" парламенттик демократиянын прогрессивдүү мыйзамдары менен "плюс" кылып коюуга болобу? Албетте, ар бир нерсенин өзөгүнөн кургабаса чирип кетээри, өзөгүнөн суу ичпесе ийгиликтүү мөмө бербеси баарыбызга эле маалым болсо керек эле. Буга тарых күбө, өз эмгегинин үзүрүн көрө албай келген миллиондордун тагдыры күбө, жалган отчеттор менен өндүрүшкө салым кошо албай саясий бийлик структурасын эмнеге алып келерлигине.
Урматтуу Парламент, коалициялык Өкмөт. Сиздерден эң чоң сураныч элдин өз тагдырын өзү чечүүдөгү демократиялык укуктарын кайрып берсиңиздер экен:
- Жергиликтүү бийликти шайлоодогу элдин шайлоо укуктары;
- Аларды жалпы эл алдындагы отчеттуулугу;
- Жергиликтүү бийликтин эл үчүн иштешине жана бийликтин мансаптан кызматка айланышына чоң өбөлгө түзүүчү ошол жердеги оппозициянын официалдуу түрдө жашашы.
Осмонбек Көчөралиев




  Коррупциянын автору

Өлүмүш болуп, былгытып жатат

"Качкан жоону катын да саят" деп кыргыз катуу айтып койгон. Андыктан дыргаяктап качкан Бакиевдер жана бакиевчилер жөнүндө сөз айтуу оюбузда деле жок эле. Мен алардын "кокондук методу" жөнүндө 2008-жылы жазып, бир топ "эскерүүлөрдү" алганым бар. Эми түштөн кийин "бакиевщинага" активдүү күрөшүп жүргөндөрдөн болуп чыга калганым да жок. Менсиз да жетишип жатат.
Арийне, оозду канча кымтысаң да болбой, дагы бар бакиевчи чиновник -болгондо да накта жана нукура бакиевчил адам ушуларды жазууга себепчи болуп, былгыткан иштери бир чоң облустук мекемени дүрбөтүп жаткан соң кыжырың кайнабай койбойт экен. Куду ушундай адамдар Бакиевдин түбүнө жеткенин калган бакивечилер дагы эле түшүнбөй жатканы кызык.
Ток этээр жери мындай: Жусуп Бакиевдин колуна суу куюп, 30 жылдан бери ошонун патронташы менен Элге билим берүү жана илим министирлигинин статс-катчылыгына жетип, 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин өлүмсөк болуп иштеп жаткан Абдрашов Акунжан Баказович деген бар. Адегенде айтап коёлу: эгерде мындай эмес деп танса, өз абийирине жана жан досу болуп жүргөн ыраматылык Жусуптун арбагына коёбуз. Жок, ага деле болбой танса, далилдер мен аныктап деле беребиз.
Ошол статс-секретар Абдрашов Акунжан кызматка келээри менен "демилге" көтөрүп облОНО дегендерди жоюп, чубалжыган аты бар облустук борбор дегенди түзгөн. Бакиевдердин агартуу тармагындагы чоң кадрын жаңылык-идеаларын ошол кездеги министирлер И. Болжурова менен А. Мусаевдер "кың" дебей колдоп турушкан. Ошентип Жалал-Абадда Экология- край таануу жана техникалык чыгармачылыгынын облустук борбору түзүлөт да, ага статс-катчынын иниси Абдрашов Азимжан директор болуп дайындалат. Бул борбор атайын статс- катчынын иниси үчүн түзүлүп жана ага-ининин жемакыры кызматын аткарып, Абдрашовдорду жакшы эле багат.
Бирок, кашайып, 2009-жылы 2-сентябрында коллективдин каалоосу менен Абдрашов Азимжандын башка ишке көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу борборго Айчүрөк Кебекбаева директорлукка дайындалат. Жөн эле дайындалып иштей бербестен, борборду тазалоо ниетинде реформа жасап кирет жана Абрашовдордун акча тапчу жемакырына айланып өлүмсүк жашап турган балдардын борборун чындап иштетмек болмок. Натыйжада, куйругун түйүп кеткен Абдрашов Азимжандын "өлүк жандарды" кантип пайдаланып, аларга кантип айлык-акыларды жазып жүргөнүн, жакын туугандарын, аяш-адаштарын, кошоматчыларын тегерегине жыйнап аларга айлык коюп жеп жүргөндөрдүн чукуп таап чыгат. Эми бул жерде фактылар толтура. Алар Жалал-Абаддык сотто да далилденген. Кокодон. Ошентсе да кыскача бир эки фактыны эле келтире кетели. Маселен, Абдрашов Азимжан борбордун "Волгасын" мыйзамсыз менчиктештирип алса да, Аблекеев Абдыкайым деген тууганын шофер деп, ага айлык жазып, акчасын өзү алып жүргөнү; бухгалтеринин Курманбек уулу Бакытбек деген студент уулуна жогорку категориядагы мугалим деп акча жазып алып жүргөнү; Бишкектин "Ош" базарында соода кылып жүргөн Маматова Сайкал деген досунун кызына айлык жазып алып жүргөн... ж.б. толтура жемекейлери сотто далилденген. Биз аларды кайталап отурбайбыз.
Арийне, бул 2009-жыл эле. Бакиевдер күпүлдөп турушкан, Абдрашовдор дагы. Бат эле Кебекбаеваны ыргыта чабышып статс-катчы улуу Абдрашовдун комбинациясы менен Абдраимов Манап деген өздөрүнүн кишисин кое коюшат.
Ал эми чындык деп чыркыраган Кебекбаева шаардык сотуна кайрылып, соттук ишти толук утуп, кайра өз ордуна турат. Бул 2010-жылдан 1-февралы болчу. Бардык иш колунан келип турган статс-катчы Абдрашов Акунжан иниси Азимжанды коргоп бүтүндөй Билим берүү министрлигин ишке салат да, Жалал-Абад облустук сот шаардык соттун чечимин "түфү" деп жокко чыгарат да, Абдраимов Манапты кайра коет.
Эми бул түшүнүктүү да, Жалалабат облусунда кимдин кишилери отурганы. Түшүнүксүздүгү бул болуп жатат: былтыркы Апрель окуясынан кийин министр креслосуна келген Садыков Канат Жалилович кантип мурдунун астындагы чылгый бакиевчил кадрды аңдабай, анын чалмакей оюндарын колдоп жатканы эмнеси? Бул кандай?
Апрель окуясынан кийин дегеле түштүктүк кадрларды, өзгөчө, Бакиевдерге ныпым байланышы жок кадрларды, маселе БГУнун ректору Айжапар Эргешовту жөн жеринен кыйыктап, ишин тартып алган Канат Жалиловичтин айрым бир кадрдык саясатына таң калып калбаске айла жок. Эми бул өзүнчө бөлөк кеп.

Мамат Раимжанов