, 18.02.11 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Азизбектен азил кеп

Эй,Россия таш боор энем
- Махабат-бул көз ирмемде чалдыккан оору,-дейт студенттик орундуктан парламенттик креслого секирген депутат.
- Кайдагы- оору? Пациенти да, дарыгери да жок болуп,махабатка чалдыккандар бирдей деңгээлде рахат алышса,- деп каршы болот депутаттан министрлик ээрге отурган врач,-Махабат-бул искусство.
- Кайдагы -искусство?- дейт депутаттан вице-премьерлик ээрге минген эл артисти.- Эгерде сахнада ойногондор болуп, көрүүчүлөрү жок болсо. Махабат-бул процесс.
- Кайдагы процесс?-дейт соттун төрагасынан депутатка отурган юрист.- Эгерде жапа чеккендер болсо, бирок аларды соттой тургандар,коргой тургандар болбосо. Махабат-бул- илим.
- Кайдагы илим? Эгерде илимди чала түшүнгөн студент Валентин күнүн жыргап майрамдай алса, ал эми илимдин казанында кайнаган илим доктору Валентин күнүн майрамдоого күч-кубаты жетпесе,-дейт президенттиктен кулап илимге кеткен академик.


Эй,Россия бир боор энем
"Эй, Россия бир боор энем" деп убагында Алыкул жазып кеткен. Россиянын бир боорлугу да бар, таш боордугу да бар. Эң негизги таш боорлук кылганына, мына кылым таяп баратат. Быйылкы жылы августта 95 жыл толот. Ушул маселеге келгенде Россия унчукпай келет. Түрктөр деле ошол мезгилдерде армян элине чоңдугун салыптыр. Армяндар бул маселени ат тезегин кургатпай көтөрүп келүүдө. Сталиндин убагында поляк аскерлери ыдык көрүп калган.Поляктар да Россиянын жанын койбой бул маселени жогорку деңгээлде көтөрүшүп, РФ президенти Дмитрий Медведев, биз муну кылбасак да, мурунку бийликтин жасагандыгы үчүн кечирим сурайбыз деди. Ал эмес ошол поляктардын атылган жерине мемориалдык комплекс куруп атышат. Биздин элибиздин деле жазаланышына азыркы орус бийлигинин эч тиешеси жок.Арийне, эмне үчүн падышалык зулум бийлик үчүн кечирим сурап коюшпайт. Азыркы ушундай оор кырдаалда Россиянын экономикасы кубаттанып баратат. Россиянын кубаттанышы Кыргыз Республикасы үчүн майдай эле керек. Биздин келечегибиз кубаттуу Россия менен, муну акыл-эстүү адам түшүнөт. Мейли бажы союзуна киребизби, мейли интеграциянын башка жолун тандайбызбы, бир боор Россиядан кол үзүүгө болбойт. Бирок, бирдей деңгээлде карым-катнаш түзүүгө макулдашууга баруу керек. Акыркы болуп өткөн шайлоодо партия жетекчилери жылжыкташып эле, Маскөө тарапта жүрүшпөдүбү.Алардын маңкүш, маңыроо экендигин сезген орус бийлиги шап мойнуна каамыт тагып, минип албайбы. Калкты талап-тоноп, кардыларын кампайткан соң, "Төө көрдүңбү жок,бээ көрдүңбү жок" дешип, чет элге кире качып атып, бүткүл дүйнөнү үйрөтүп бүтмөй болду.
Эми биринчиден, Россия десе эле дүүлүккөндү токтотуш керек. Мына Үркүндүн 95 жылдыгы келатат, Россияга саясий эмес, экономикалык талаптарды коюш керек. Кантсе да канчалаган боордошторубуздун каны бейчеки төгүлгөн.Замбирекке каршы камчы менен чыккан эр жүрөк баатырларыбызды эстейли.Сандалып тентип Кытайга үркүп барган ага-туугандарыбызды эстейли. Бир ууч талканга сатылган кыздарыбызды эстейли. Аракет кылбасак алардын арбактары кечирбейт. Калкыбыз нар көтөргүс оор жүктөрдү көтөрүп турат. Россиянын болсо колунда кубаттуу экономикасы бар. "Эй, Россия таш боор падыша Николай, мыкаачылык менен күм-жам кылган кыргыздарды, бир эске алып, кечирим сурап кой"деш керек. "Көзү кашайып калгыр Николай падыша кыргыздардын каргышына калып бир жылга жетпей үй-бүлөөсү менен кырылды. Биз Кара-Кечеге чейин темир жолубузду сала албай атырбыз. Бир боорлук кылып ушуга жардам берип койгула" деген талапты коюш керек. Россия бир боор энебиз болсо, таш боорлук менен өздөрү кырган балдары үчүн сөзгө келер.Медведев поляктардан кечирим сурады, кыргыздардан эмне үчүн кечирим сурабашы керек?

Темир жол, кемир бол!
Бизде эмне болсо деле кемирип атып бийликкорлор келемишке түспөлдөшүп баратат. Кыргызга Түндүк менен Түштүктү, Батыш менен Чыгышты бириктирген темир жол абадай керек. Деңизге чыккан жолубуз болбосо, көпкүлөң көпөстөрдөй аба майданынан чабуул коюуга чамабыз чарк болсо. "Сокурдун тилегени эки көз" дегендей, кыргыздын тилегени темир жол болуп атпайбы. Орус бир туугандар боорго теппей, боордошторубуздун арбактары үчүн Кара-Кечеге чейин темир жолубузду салып берсе, андан аркысын деле мамлекетибиз өз күчү менен курууга каражаты жетпейт.Себеби, алкы бузуктар жеп кетишкен тышкы карыздарыбыздын көлөмү 3 миллиардды көздөй салаңдап турат. Бакиевдин беш жылдык доорунда эле 540 миллион доллар карызка батыпбыз. Кызыгы, бул кредиттердин үстөгүнө эле канчалаган каражаттар кетип атат. Бул деле Кыргызстандын экономикасы үчүн эң катаал тоскоолдуктарды жаратып жатат. Ач көздөрдүн азабын кыргыз калкы жакшы эле тартып жатат.
Кыргыздар кылымдардан мыйзамды сыйлап келген эл. Муну жети атасын билүү парз экендиги менен тастыктаса болот.Жети атаңдын ким экендигин билүү менен оор кылмыш жана жосунсуз жоруктарды жасабоого,каргышка калбоого аракеттер болуп келген. Ошондуктан, турмуштун запкысы менен алыс жакка кеткен боордошторубуз тууралуу жакшы пикирлер көбүрөөк айтылып келет. Бөтөнчө Россияда кыргыздардын саны арбын.Албетте, орус калкынын арасында алар кумга себилген бир ууч шурудай эле болуп калат.Ошентсе да, биздин мамлекет үчүн алардын экономикалык жактан салымы зор. Мейли аздан болсо инвестицияга өз үлүштөрүн кошуп жаткандарга ыраазы бололу. Кыргыздын эли эмгек мигранттарынын айынан 5 миллиондук деңгээлден өйдө,ылдый болбой, бир калыпта калып баратат. Россия бул жагынан элдин демографиялык жактан өсүшүнө абдан камкордук кылып келатат. Балдар төрөлсө 200 миңден берип, андан тышкары да банкта эсебин ачып каражаттарды салып турат. "Ар-Намыс" партиясы шайлоо алдындагы программасында балдар төрөлсө 50 миң сомдон бериш керек деген, жакшы жышааналар менен чыккан.Азыркы мамлекеттик бюджеттеги абал менен эми андай акча каралбасы белгилүү да.
Былтыркы жылы чындыгында жакшы келечекке үмүт оту тутанган.Ошондуктанбы мурункуга караганда кош бойлуу кыргыз кыз-келиндери көбөйүп калгандай сезилген.Ошолордун бири биздин үй-бүлөдө эле. Кызык эми башталды, эми беш балалуусуңбу мамлекет тарабынан беш тыйын көмөк көрсөтүлбөйт экен.Биз го макул, жумуш бар, үй-жай бар. Жумушу жок, үй-жайы жок жаштар кантип күн көрүшөт? Бул жагынан жакынкы жылдарда эле демографиялык оор ахыбалга биз да дуушар болушубуз мүмкүн.Биздин Кыргызстанга кызыккандар көп.Япондор демографиялык жактан өркүндөп кетип эли аралдарга батпай баратат.Алар Латын Америкасына барып, венесуэла менен келишимдин негизинде 50 миң адамын ошол өлкөнүн жараны кылып алып барышат. Ушул 50 миң япондор эле экономикалык жактан артта калган латын мамлекетин бутунан тургузуп кетишиптир. Япондор баштары иштеген, өжөр калк эмеспи. Ушундай мүмкүнчүлүк болсо, япондор менен эмнеге сүйлөшүүгө болбойт. Мындай келишим түзсө болот да Кара-Кечеден Таш -Көмүргө чейин темир жолду куруп бергиле да, 50 миң япондугуңарды алып келгиле деп. Элүү миң киши Кыргызстан үчүн абдан деле оордук кылбайт. Ошентип, Түндүк Түштүктү бириктирген темир жол курулуп калмак.
Темир жолдун дагы бир варианты бар, бул Кытайдын инвестициясы. Арийне, кытайлыктар ашыкча кендерди сурап турушат.Бирок, Кытай да Улуу Жибек жолу менен Европага чыгууга кызыкдар. "Кытай менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр" деп коёт эмеспи. Ансыз деле ШОС боюнча дос болуп жүрөбүз. Кытай экономикалык жактан дүркүрөп өсүп, АКШны такымдап өтмөй болуп калды. Ал дүйнөнү туш-тарабынан куушуруп келатат. Кытайдын товарлары дүйнөлүк рынокто башка мамлекеттердин товарларын сүрүп чыгара баштады. Темир жол болбосо да биз Кытай менен миллиардаган каражаттарга товар жүгүртүп келебиз.Темир жол болуп калса товарлардын баасы арзандамак, биз темир жолдун бажысынан эле мамлекетибизди оңдоп алмакпыз. эгерде Кытай Торугарт же Эркечтамдан темир жолду арзан баада кура турган болсо бериш керек. Темир жол мамлекеттин учурдагы стратегиялуу экономикалык саясатынын бири болуш керек. Бирок, темир жолго келген инвестицияларды кемирип коюп отурсак, ата-бабалардын арбактары кечирбейт.

"Боордош орус эли түбөлүккө атылган таң!"
Биздин алдыбызда дагы бир маанилүү окуя чукулдап келатат. Мындан бир жарым кылым мурун, 1863-жылы Кыргызстан Россиянын курамына ыктыяры менен кошулган. 2013-жылы ал тарыхий окуяга туура жүз элүү жыл толот. 1963-жылы кырктын кырындагы кычыраган Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев "Боордош орус эли түбөлүккө атылган таң" деген доклад окуган. Усубалиевдин кыргыз тарыхында сиңирген эмгеги үлкөн.Бир гана ушул темир жолго келгенде өкүнүчтүүлүк менен эстеген окуя болгон. Биринчиден, Турдакун Усубалиев Кыргызстанды жетектеп турганда кочкорлук жердештери Кара-Кечеге чейин темир жолду курганды беш жылдык планга киргизбейлиби дешип кайрылышканда, "поюз келсе оруу скелет, тынч жата бербейсиңерби" деп Союз убагында темир жолго көңүл бурбай койгон. Ал кезде Советтер Союзу кийлигише турган болсо, поюз жолу деле салынып калмак. Экинчиден, Аскар Акаев президент болуп турганда, поюз жолун курабыз деп, башында Усубалиев турган демилгечи топ чыгып, ортодо элдин акчасы акаевчилер тарабынан жок болуп кеткен. Сакалдуу катары, Акаевди тыйып коюуга мүмкүнчүлүк болсо аксакалыбыз унчукпай поюз жолу унутта калды.
Азыркы мезгилде мусулман өлкөлөрү исламдашуу боюнча катуу аракет кылып турат. Бул дүйнөлүк лөк өлкөлөрдү чоочутуп койду. Биздин боордош орус эли ислам террорчулары тарабынан көп жабыр тартты.Биздин кошуналарыбыз Өзбекстан менен Казакстан араб мусулмандарында болуп жаткан революцияларга кайдыгер карай алышпайт. Биздин мамлекетте эки ирет революция болуп шишип, ириңдеп бараткан көпкөлөңдөрдүн шишигин жарып, ириңин сыгып салдык.Мурунку бийликтер тарабынан бут тосуулар болду, кудай өзү сактасын Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калдык.
Биздин коңшулаш өлкөлөрүбүздө мындай революциялар болгон жок.Саясий аналитиктердин айтуусунда алардын революция болсо бөлүнүп кетүүлөрү да мүмкүн. Өзбекстан жети Кыргызстанга бөлүнүп кетүү ыктымаалы болсо, башка кошуналар жөнүндө деле ар кандай сөздөр бар.Кошунаң тынч болсо экен дейт.Биздин кошуналар да тынч болсо экен. Биздин мамлекетте жагдай башка. Бийликтегилер эл үчүн чуркап иштеш керек.Иштешпесе биздин жигиттер исламдан революция келерин күтпөй эле айдап жиберишет. Анткени революцияны биз баштап бердик.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ