, 18.02.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Шоу жаңылыктары
Урмат менен Нелянын кубанычы эмнеде?
"Бал ширин" түгөйлөр Урмат Усенов менен Нелянын сүйүүсүнөн жаралган тун уулу Нурел бир жарым жашка чыгып калды. Эми түгөйлөр он-он беш күндүн ичинде экинчи чүрпөсүнүн жарыкка келишин күтүшүүдө. Чыгармачылыктан аксабай, үй-бүлөнүн ынтымагын бек сактап келе жаткан жаш жубайлардын жашоодогу ийгиликтери артып жатканы кубанычтуу көрүнүш. Ушундай түгөйлөр көп болсо экен.


Кубик менен Сыймыктан майрамдык белек
Ырчы, обончу, куудул Кубик Калыков жана ырчы Сыймык Бейшекеев Мекенди коргоо күнүнө карата концерт бергени катуу даярдык көрүшүүдө. Кийинки учурларда күйөрмандарын сагындырып сахнага чыгып атышкан орто муундун ырчыларынын концертин күткөндөр да көп. Жаш ырчылар сахна бетин бербей жатышабы, же концертке жалаң жаштар келип улуулардын ырларына кызыккандар жалаң гана жашоонун көйгөйү менен алышып маданий чер жазууну эстен чыгарып, өлкөбүз кайсы жолго баратат деген ой менен алекпи айтор ырчыларды солгун тартып кетти десек көрөрмандар да активдүүлүгүн жоготкондой. Буйруса эки мырзабыздын алдыдагы концерти чындап чер жазат деген ойдобуз.




Зер буюмдарды сактоонун сырлары

Зер буюмдарыңыз канчалык көпкө сизге кызмат кылышын кааласаңыз, аларга ошончолук кылдат мамиле жасаңыз.
Накта бирюзанын түсү самындын көбүгүнүн, атырдын, ацетондун, атүгүл суунун, күн нурунун таасиринде өзгөрүп кетет. Ошондой эле майды терс кабыл алат да, убакыт өткөн сайын жашыл түскө өтүп кетет. Түз тийген күндүн нурунан бир эле бирюза эмес, аметист, топаз да сапатын жоготот.
Жемчугду болсо уксус бузат. Накта жемчугду тазалоо үчүн аны самын сууга жууп, анан чайкап, кургатуу керек.
Зер буюмдарындагы жемчуг, бирюза, малахит жана янтарь нымдуулукту көтөрө албайт. Эгер алар кирдеп калса, этил спирти кошулган сууга (1/1) тез жууңуз. Андан соң этил спиртине малынган жумшак чүпөрөк менен аарчып кургатыңыз.
Күмүш менен мельхиорду самын суу менен жууганга болот. Эгер күмүш чынжырча же шакек карара баштаса, жылуу самын суу менен жууңуз. Андан соң нашатырь спирти менен тиш порошогунун аралашмасына чыланган чүпөрөк менен аарчып, таза жылуу сууга чайкаңыз да, анан аарчыңыз.
Ташы жок алтын шакекти мындай жол менен калыбына келтирүүгө болот: помада сүртүлгөн кагаз менен аарчып, андан соң нашатырь спирти кошулган самын суу менен жууйсуз (1/2 кичине кашык спирт 1 стакан сууга). Аягында таза жылуу суу менен чайкап, аарчыйсыз.
Зер буюмдарынын кийимге көгүш так калтырып койгон учурлары көп эле кездешет. Мунун алдын алуу үчүн кулондун, брошканын арткы бетин тырмак боёгон түзсүз лак менен боёп коюңуз.





Ден соолукка пайдалуу жана зыяндуу азыктар
Пайдалуу 5 азык
Балык
Эгер балыкты бир жумада үчтөн кем эмес жолу эттин ордуна пайдалансак, жүрөк ооруларынын алдын алып, кандагы холестериндин деңгээлин сактаган болоор элек. Балык өзүнүн баалуулук касиеттери жагынан этти алдына чыгарбайт.
Кара нан
Кара нан витаминдерге, минералдык заттарга гана бай болбой, мында клетчатканын көп өлчөмү бар. Клетчатка кандагы холестеринди жана кан басымды түшүрөт, тамак сиңирүүнү жөнгө салып, зат алмашууну тездетет, организмдеги шлактарды чыгарат, клеткалардын жаңыланышын күчөтөт жана жаштыктын сакталышына жардам берет.
Алма
Адамдын организмине эң керектүү болгон 15 витаминдин алмадан 12си табылган. Булар В, С, Е, Р жана башка витаминдер. Эгер күн сайын алма жесек, жүрөк-кан тамыр ооруларына болгон коркунучту азайткан болоор элек. Мындан тышкары алма клеткаларды картаюудан сактоочу антиоксидантка бай.
Көк чай
Көк чай кара чайга караганда алда канча пайдалуу. Бул суусундук жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун ишин жакшыртат жана иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле көк чай тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмди шлактардан тазалайт, жүрөк оорулары жана рак оорусу коркунучун азайтат, организмдин картаюу процессин жайлатат.
Бал
Бал организмге өтө пайдалуу азык. Ал организмдин көптөгөн инфекцияларга каршы турушун жогорулатат. Аны боор, ашказан, ичеги, дем алуу органдары ооруларында колдонуу сунушталат. Бул ажайып азыкта С, К, Е, Р, В витаминдеринен тышкары Менделеевдин таблицасындагы дээрлик бардык микроэлементтер бар.
Зыяндуу 5 азык
Кант
Кантта эч кандай витамин да, минералдык азыктар да жок, ошол эле убакта ал өтө калориялуу азык болуп эсептелинет. Кумшекер көптөгөн оорулардын себепчиси болот: кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашказан-ичеги, бөйрөк анан албетте, тиш оорусу. Ошондой эле организмдин ар кандай инфекцияларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт.
Туз
Ден-соолугу чың чоң адамга күнүнө 5 грамм туз талап кылынат. Биз болсо 10-15 грамм туз жейбиз. Тузду ашыкча өлчөмдө кабыл алуу менен бирге биз өзүбүзгө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк ооруларын жакындатып алабыз жана зыяндуу шишиктердин пайда болушуна жол беребиз.
Колбаса
Колбасада, сосискада майдын көп өлчөмү, жасалма кошумча азыктар жана туз бар. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча колбаса жана сосиска берген даам наркотикке көнүүнө жана көптөгөн ооруларды чакырат. Бул азыкты такай жегендер нерв системасын бузуп алуу коркунучуна дуушар болушат.
Бульон кубиктери,
тез даярдалуучу кесме
Бул тез даярдалуучу тамактар бүтүндөй химиядан турат. Буларда даамды күчөтүүчү жана жагымдуу жыт берүүчү кошулмалар, боёк, туздун көп өлчөмү бар. Айрыкча тез даярдалуучу кесменин өзүнүн желим идишинин үстүнө эле кайнак сууну куюп, жеп алганыңызда организмиңизге чоң зыян келтирген болосуз.
Алкоголдук ичимдиктер
Алкоголь калктын өлүмүнүн 3-себепчиси (жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан кийинки). Спирттик ичимдиктер бөйрөк, боор, ашказан, ичеги жана башка көптөгөн органдарга өз зыянын тийгизет.
PS. Кийинки сандарыбызда дагы башка тамак-аштарга токтолобуз.
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА





Талас ата,
Аида апа!
Алдыдагы майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Өргө учат баалашса,
Өкүл ата жарашса.
Эл сакчысы мыкты деп,
Эл сыйлаган Таласта.
Суперсулуу апабыз,
Суктандырган карашса.
Атабызды тандаган,
Далай жигит талашса.
Ала качып алган дейт,
Салып алып КАМАЗга.
Элдин көркү экен го,
Эки жакшы жанашса.
Каныкейдей апабыз,
Чыккан сымал Манаска.
Генералды берет го,
Өкүл ата Таласка.
Ал анткени таза иштеп,
Албайт экен шабашка.

Кудайым эми колдосо,
Жаман заман болбосо.
Эркелетип дайыма,
Эржан иним ойносо.
Талпынып чуркап тез эле,
Таластын жээгин бойлосо.
Мыкты жигит болот деп,
Жүрөбүз эми чоңойсо.
Генералдын уулу деп,
Кетер кеп эми жол болсо.
Министр болуп уулуңуз,
Миллиондор менен ойносо.

Койбосун заман мат кылып,
Жүрүңүз дайым каткырып.
Майрамда ушул каалайбыз,
Сиздерге үлкөн жакшылык!!!
Темир, Жылдыз