, 11.02.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Сүйүү күнүн ким кандай майрамдайт?
Акыркы учурларда өзгөчө жаштар арасында 14-февралды сүйүү күнү катары белгилөө адатка айланып калгансыйт. Бул күндүн майрамдалышы жаштарга жагымдуу жагдай түзүп берсе ар кандай жүрөк формасындагы открытка, сувенирлерди жасап саткан сатуучуларга пайда алып келет. Негизи эле бул майрам каяктан чыкканы, эмне себептен ушул күнү майрамдалып калганын билгендер да билбегендер да бар. Биз анын тарыхына токтолуп отурбай жөн гана бул майрамга биздин атактууларыбыздын кандай көз карашта экенин, алар да ушул күнү майрамдашабы, сүйүктүүлөрүнө кандай белектерди тартуулайт деген сыяктуу суроолор менен кайрылып көрдүк.


Сьездбек Искеналиев:
"Сүйүүнүн бар экени кубаныч"
- 14-февралдын Сүйүү күнү катары майрамдалышына кандай көз караштасыз?
- Чындыгында кубанычтуу күндөрдүн, жагымдуу майрамдардын болуп турганы жакшы эмеспи. Жеке өзүм үчүн болбосо да жаштар үчүн ушундай Сүйүү майрамы белгиленип, бул күнү жаштар бири-бирине арзууларын жеткирип, маанайлары ачык болуп, көкүрөккө сүйүү толуп турса албетте жакшы көрүнүш. Жок дегенде ушул күнү жашоодогу көйгөйлөрдү, үстүнөн баскан турмуштун оорчулугун эстен чыгарып күлгүн жаштын доорун сүрүп алышына каршы эмесмин. Жашоодо сүйүүнүн бар экени кубаныч, сүйүүдөн өмүр шерик, бала, бакыт табасың. Жакшы сезимдин артынан жакшы нерселер келет.
- Бул күнү 8-март жана башка майрамдардагыдай эле жубайыңызга белек тартуулайсызбы?
- Кайсы майрам болсо да ал күнү биз үчүн иш күн. Бирок анчалык деңгээлде дүркүрөп майрамдабасак да үйдө бир аз белгилеп, бири-бирибизге жакшы көңүл бөлөбүз.


Айнура Салахидинова:
"Орус баладан кат келип…"
- Сүйүү күнү жакындаганда сенин эсиңе эмне келет?
- Студент кезимде бул күндү катардагы жаштар сыяктуу эле аябай күтүп, өзгөчө майрам катары карачумун. Азыр болсо мен үчүн кызыгы өтүп кетти, чынын айтсам. Өзгөчөлөнүп деле күтпөйм, маани да бербейм.
- Бул майрамдын эсте калганы барбы?
- 1-курста окуп жатканда 14-февралда мага төртөнчү курста окуган бир баланын кат жазганы эсимен кетпейт, анткени аны мага кат жазат деп ойлогон да, күткөн да эмесмин. Баарынан кызыгы ал орус бала болчу. Студент кездердеги алган каттарымдын баарын сактап жүрчүмүн, жакында эле жок кылдым. Мындай майрамдарда Валентинкаларды (открытка), гүл, аялзатына ылайыктуу белектерди көп алчумун. Быйылкы майрамда гастролдо-Нарын жергесинде болуп калат экемин.
- Сүйүү күнү сөзсүз түрдө майрамдалышы керекпи, кандай көз караштасың?
- Календарга кызыл менен белгиленбесе да жаштар үчүн сабагына, ишине тоскоол болбой майрам катары белгилене беришине каршы эмесмин. Жаштык өзү жакшы мезгил, ар бир жаштын сүйгүсү, сүйүктүү болгусу келет, андыктан алар үчүн бул керек го деген ойдомун.


Нурдөөлөт Копоев:
"Жүрөкчөлөрдү күчүктөрүм тытып салыптыр"
- Сүйүү күнүнө кандай пландарды койдуңуз?
- Бул күнгө Роза Шакирова, Назми, Бакыт Букаев төртөөбүз чай-концерт уюштуруп алып ошонун иштери менен алек болуп жатабыз. Жаштар үчүн жакшы майрам катары саналып, бул күнө өзгөчө көңүл буруулар болуп жаткандан кийин Европадан ооп келсе да майрамдала беришине каршы болбостон тескерисинче жакшы маанай тартуулап майрамдык шаң кошоолу деп окнцерт уюштурдук.
- Жактырган майрамыңыздын катарын толуктайбы, бул күн?
- Анчалык деле өзгөчөлөнгөн майрам катары кабыл албасам керек, эгер ушул күнү кечелерди алып барып берүүгө чакыруулар болуп калса майрамдын деңгээлинде алып барып берип коем. Өткөн жылы короомо белгисиз бирөө 100 даана жүрөкчөлөрдү ыргытып кетиптир. Анын теңин күчүктөрүм тытып салыптыр. Эртең менен тытылган жүрөкчөлөрдөн өйдө чогултуп санасак туптуура 100 даана болгон. Ким ыргытып кеткени мага ушул мезгилге чейин кызык.
- Андай чоң белекти сизге карата сезими күчтүү табышмактуу селкиден деп билиңиз да. Ушул майрамдын шааниси менен сиз да жүрөктөгү селкиңизге сезимиңизди билдирип алайын деген ой жокпу?
- Сөзсүз майрамда эмес башка учурларда деле сезимди билдирсе болот го.
- Демек жүрөк ээси бар экен да?
- Албетте.

Куш бооңор бек болсун!
Залкар, Эльвира!
Кол кармаша жетелешип "Турмуш" деген улуу сапарга чыктыңар. Кармашкан колуңар ажырабай кыргыздын үлгү болоор үй-бүлөлөрүнөн болушуңарга тилектешпис. Экөөңөргө ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, урмат-сый жана үй-бүлөлүк ынтымак каалайбыз. Жакшы күндө эки тарапты баш коштуруп жакшы тууган, куда -сөөк таап бердиңер. Ылайым ушундай урмат-сыйыңардан жазбай ата-эне, бир туугандардын кубанычына бөлөнгөн жаштардан болуп жүрө берериңерге тилектештигибизди билдиребиз.
Жакындарыңар

Айзада Көчкөнбаева




Ак калпак кийгин, кыргызым
Дүйнөнүн булун-бурчтарына да жеткен ак калпак, бүгүн кыргыз калкында өзгөчө сыйга ээ болбой турганы баарызга маалым. Кыргыздын калпагына суктанып, назарын салган улуттар да аз эмес. А бирок эмнегедир өз мекенинде калпак өтө деле популярдуу болбой, аны кыргыздар кийгенден уялып калышкан имиш. Бул көйгөйгө көңүл буруп, көтөрүп чыккандардын бири белгилүү продюсер, кинорежиссер Ырысбек Жабиров менен куудул Борончу Кудайбергенов болду.
Мындай көйгөйдү көтөргөндүктүн себептеринин бири кыргыздар калпакты үйлүнгөндө же бирөө каза болуп калган жерге барууга гана кийип калышканын маалымат жыйынында билдирип кетишти. Алардын айтуусу боюнча мындай көз караш түп-тамырынан туура эмес көрүнүш. Кыргызстанда ак калпактын кадыр -баркын өзүбүз көтөргөн гана соң, биз дүйнөлүк суктанууга ээ болоорубузду да билдирип кетишти. Кыргыздын кылым каарыткан тарыхында да, анын өзгөчөлүгүн, улуулугун көрсөткөн бул анык ак калпагы экендигин баса белгилешти.
Илгертен бери ата-бабаларыбыз ак калпакты Алатоо менен салыштырып келген. Бул албетте, мурастарга болгон көз карашыбыз. Кыргыздын ак калпагын кадырлоо максатында 5 -март күнүн "Ак калпак күнү" деп белгилөөгө чакырып кетишти.
Эмне себептен 5-март күнү деген суроого Ырысбек байке, бул жаздын жаңы башталышы, аруу жандын ички дүйнөсү тазаланган учуру, анын үстүнө байчечекейлердин гүлдөп баштаган учуру экендигине басым кылды. Бул майрамды эч кимге таңуулабайбыз, мындай кадам менен эл журтка кайрылуу гана жасап жаткандыктарын баса белгилешти.

Албетте бул ар бир жарандын өз эрки, бирок патриот катары бир күн Ак калпак кийип көчөгө чыкса деле жаман эмес деген ойдо калдык. Кыргызстанда толгон токой ар түрдүү майрам бар, бир күн калпактын каадыр - баркын көтөрмөлөсөк, бул коомчулукка оң таасирин тийгизери толук ыктымал.
Борончу Кудайбергенов, бул майрамды мамлекеттик деңгээлге чыгаруу керектегине токтолду, бул майрамда эч кандай саясат камтылган жери жок экендигин баса белгилеп, калпак - бул этно-философияны камтыгандыгын белгиледи.
Эл арасында, Бакай калпакты улгайып калган эркек кишилер киет, жырыгы бар калпакты үйлөнө элек эркек бала кийерин, ал эми жырыгы жок калпактарды үй бүлөлү эркектер кийерин да айта кетти. Мурун эл ичинде калпак көз тийүүдөн да сактайт деген сөз-кеп тарагандыгы маалым.
Кээ бир маңкурттар мончого "петушоктун" ордуна калпак кийип баргандыктарына нааразычылыктарын да билдиришти, бул алардын ою боюнча өөн көрүнүш. Бул калпакка болгон сый урматты кетирет. "Калпак TV" аттуу телекенал бар, бирок ал жакта калпактан башкаларынын баарын көрсөтүп, жаш-өспүрүмдөргө ылайыкташтырылып калгандыгын да билдирди.
Бул майрамды мамлекеттик деңгээлге көтөрүү максатында жакын арада, Маданият жана маалымат министрликке жана Жаштар министрлигине кайрылаарын маалымдашты.
Мальвина Уметбекова