, 11.02.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ош окуяларын эрксизден эстеп...
түйшөлткөн ойлор
Жыл жаңырып, башкалар сыяктуу эле Кыргызстан да 2011-жылга кадам таштады. Былтыр, 2010-жыл кыргызстандыктар үчүн абдан оор мезгилдердин бири болду. Өлкө бир топ окуяларды башынан кечирди: бийлик алмашты, мамлекеттин түзүмү өзгөрүлдү, шайлоо-референдум болду, эң оору да, кайгылуусу да адам жоготуулары арбын болду. Апрель, июнь окуялары көптөрдүн эсинде өмүр бою жагымсыз окуя катары сакталып калды. Июнь айында Ош, Жалал-Абадда чоңдор менен бирге бейкүнөө кичинекейлер да улут аралык чырдын курмандыгы болуп кетти. Андагы соттук териштирүүлөр уланып, жараат жаңыланып, окуяны кайрадан эрксизден эстөөгө туура келүүдө. Себеби, ал окуялардын күнөөкөрлөрү, себепкерлери изилденүүдө...


Жакында июнь окуяларын иликтөө боюнча милдет жүктөлгөн Улуттук комиссия, андан сырткары Кыргызстандын акыйкатчы институту да өз жыйынтыктарын чыгарды, эл арасында бул туурасында кызуу талкуу жүрүүдө. Ал эми интернет айдыңында "Ош демилгеси" деп аталган топ да өзбек тараптын көзү менен алганда деген маанайдагы өзүнүн изилдөө жыйынтыктарын жарыя кылды. Ошентип, жыл башы менен бул тема коомчулуктун талкуусунда турууда. Пикирлер арбын, "тиешелүү күч органдары кыраакылыгын жоготуп койгон", "чагымчылар пайдаланып кетишкен" деген тыянактар айтылууда. Кыргыз бийлиги күнөөлүү деп таап, издөө салынган Кадыржан Батыровду күнөөлүү эмес деген тейдеги "өз менчигин коргоду да" деп актаган, "акылдуу анализдер" да жок эмес...
Жакында Ош жана Жалал-Абадда июнда орун алган окуяларды иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын жыйынтыгы жарыя болгону турат. Аталган комиссиянын төрагасы, ЕККУнун (ОБСЕ) Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен иликтөөнүн жыйынтыгы февраль айында чыгарын айткан.
Расмий маалыматтарга таянсак, июнь окуясында 446 киши каза болуп, 2000ге жакын адам жаракат алган. Алардын ичинде укук коргоо кызматкерлери да бар. Бир катар маалыматтарга таянсак, белгисиз болуп табылбай жаткандардын саны 57. Ал эми келтирилген жалпы чыгым 4 миллиард сомдон ашуун.

Чагымчылар жанын ала качып чыгып кетишти, натыйжада отко эл түштү
Бир топ адамдардын өмүрүн алып, өлкөдө дестабилизация жаратып, экономикалык, социалдык жактан бир нече миллиондогон зыян алып келген Ош, Жалал-Абаддагы июнь окуясы дагы бир нече жыл унутулбай турган болду. Себебин издеп кайсалагандардын көбү карапайым эл. Суроолор көп, жооптор да арбын, бирок, чачкын. Эки элдин араздашып, оттун тутанышына себепкерлерди таап, жазалоо алигиче аксап келет. Баласын, күйөөсүн, аялын, жакыны алигиче дайны табылбай, өлүү-тирүүсүн биле албай тиешелүү жерлерди сагалап, үмүт үзүлбөй жүргөндөр да арбын. Чагымчылар менен бузукулардын, өз кызыкчылыгын көздөгөн популисттердин тилине киргендигин түшүнүп, бармагын тиштегендер да жок эмес. Саясий мүдөөсүнө жетүү үчүн элди курал кылып пайдалангандар, улутташтарын отко сала берип, төгүлгөн канды, чыккан жанды, жетим-жесирлердин көз жашын чымын чакканчалык көрбөй, кара жанын алып, Кыргызстандан качып чыгып кетишти. Ортодо "лидерлери менен идеология атасына" ишенген эл алоолонгон отко түшүп кала берди...
Тиешелүү маалыматтар менен таанышып, ММКлардагы маалыматтарды окуп жана жергиликтүү эл менен сүйлөшө келгенде, алардын бардыгы бул калаба 10-июнда Ош шаарынын ар кайсы жерлеринен салют, ракеталардын бирдей убакытта атылып, анан башталгандыгын айтышат. Муну адистер даярдалган топко жаңжалды баштоо үчүн берилген белги деген бүтүмүн чыгарышты. Андан сырткары эл арасында алдын ал сатылып алынган сапаттуу сырлар, кээ бир кишилердин "жакында Өзбекстанга кошулабыз" деген маанайдагы кайым айтышуулары, курал-жарактардын көп сатылып алынганы туурасында да кеп кеткен. Тиешелүү адистер менен сүйлөшө келгенде, өзбек улутундагы бир катар саясатчылардын өлкөдө абалды дестабилдештирүү боюнча конкреттүү даярдыктары болгондугун айтышат.
"Бүгүнкү күндө алардын (өзбек тарап- Авт) баштаганы туурасындагы маалыматтар бар. Эл аралык куткаруучулардын сигналы болгон SOS деген сөздү үйлөрдүн үстүнө, дубалдарга жана дарбазаларга жазуу үчүн 1,5 млн. долларлык 15 тонна сапаттуу сыр сатылып алынган.
2009-жылдын октябрь-ноябрынан тарта кичине эле бир нерсе болсо, 200-300гө чукул өзбек улутундагы жаштар топтоло калып жаткан. ШИИБдин маалыматы боюнча, 30-40 жолу 200-300дөн кем эмес балдар топтолгон фактылар катталган. Албетте, жаштар арасындагы жаңжал табигый нерсе. Бирок, дароо эле 300 бала топтоло калышы мүмкүн эмес, демек, бул бир уюмдашкан, даярдалган, белгилүү бир ыкма менен, атайын план менен даярдалып, белгилүү бир жыйынтык үчүн багытталган иш-аракет экени байкалып турат",-дейт УККнын мурунку кызматкери, терроризм боюнча адис Иманберди Жалилов.
Адистердин айтымында, буга чейин кат жүзүндө жогору бийликке же жергиликтүү бийликке кыргыздардын үстүнөн арыздануу же талап коюу менен кайрылышкан эмес.
"Биринчи өзбек жаштары чыкты, кыргыздар чыккан жок. Буга чейин өзбек улутундагылар бир да жолу расмий түрдө "бизге кысым болуп жатат" деп бийликке кайрылган жок.
Айтпай, дебей 10-июндан 11ине караган түнү Ош шаарынын 5 жеринен сигнал берүүчү кызыл ракеталарды атып, азан айтып, өз билгенин кылып, кыргыздардын кафе, дүкөндөрүн калтырбай таң аткыча талкалап, тартипсиздик кылып, өрттөшкөн. Ош пединститутунун жатаканасын талкалашкан... ",-дейт терроризм, экстремизм жана улуттар аралык мамилелер боюнча эксперт Талант Разаков.

"Кептин баары, ошол 90-жылдары окуяга баа берилбей калгандыктан болууда"
Эгерде маселеге андан ары тереңирээк үңүлүп карасак, жиптин учугу мындан 20 жыл мурун болгон, тарыхта "90-жылдагы Ош окуясы" деген ат менен калган конфликтке барып такалат. Автономия талап кылуу маселеси 90-жылдары эле пайда болгон.
СССРдин президенти М.С.Горбачевго, Жогорку Советтин президиумуна, борбордук Массалык маалымат каражаттарына Жалал-Абаддагы өзбек аксакалдардын атынан жана Өзбекстандагы микробиология институтунун окумуштуулары кол койгон кат барган. Кыргыз тилин мамлекеттик тил кылып коюп кыйналып жатабыз, андыктан бизге автономия бергиле, себеби, биздин тил жоголуп калганы жатат деген маанайда жазылган. Ал эми Оштогу кыргыз жаштары бийликке жер берүү талабы менен чыгып, Ош улуттар аралык араздашуунун аймагына айланган.
"Июндагы коогалаң 1990-жылдагы конфликттин уландысы. Ал окуяны июнь тополоңуна салыштырсак, тек гана машыгуучу оюн болуп калат. 1990-жылы болгон Ош окуяларына туура баа берилбей калган, себепкерлер укуктук, моралдык жактан жазаланганда, 2010-жылдагы кайгылуу калабалуу окуя болмок эмес, алар мындай иштерге бармак эмес. Өзбек тили эч кандай ыдык көргөн тил эмес. Кыргызстан боюнча 267 өзбек мектеби бар, Ош шаарындагы 58 мектептин 22си өзбек тилинде. Ош шаарында "Эл артисти", "Эмгек сиңирген артист", "Эл агартуунун отличниги" наамын алгандардын көбү өзбек улутундагы туугандар. Буга чейин бир нече газета, 7 телерадиосу болгон. Бул аймакта Өзбекстандын 8 каналы тартып, 147 саат бою ушул тилдеги берилип турган көрсөтүүлөрдү анализ кылган бирөө жок",-дейт Иманберди Жалилов.

"Кыргыздар өзбектерге карата геноцид жасады дегени чындыкка туура келбейт"
Ошто июнь айындагы коогалаңда ажал улут тандабай турган кезде, чет элдик интернеттеги бир катар сайттарда, массалык маалымат каражаттарында "Кыргызстанда өзбек улутундагыларга геноцид жасалып жатат, кырып салышты" деген маанайдагы бир тараптуу, жаңылыш маалыматтар чыгып кетти. Кыргызстан туурасындагы таптакыр маалыматы жок же кабары аз болгондор албетте, буга ишенди. Кыргыздар жана Кыргызстан дүйнөлүк маалымат айдыңында жаман аттуу болуп, "варвар", "жырткыч", "улутчул" атка конду. Бир жактуу маалыматтын кеткендигин көзөмөлдөгөнгө, журналисттерди ээрчитип алып, жабыр тарткандарды көрсөтүүгө бийликтин чамасы жеткен жок, себеби, алар тутанган өрттү өчүрүүнүн түйшүгүндө жүрдү. Ичинде ит өлүп, кабинеттерин бекитип алып, журналисттерге субъективдүү маалыматтарды берген кыргыз чиновниктери болгон эмес.
Кыргыздар геноцид жасап жатат деген пикирге макул эместигин билдирген эл аралык журналисттердин бири даниялык Майкл Андерсен болду. Ал 10 жылдан бери Борбор Азиянын ар кайсыл аймактарында жашап, иштеп келген журналист.
"Тилекке каршы, дүйнөдөгү эң абройлуу маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды "этникалык кагылышуу, этникалык тазалоо" деп, аларга натуура баа берип жатышат. Мен буга таптакыр кошулбайм. Бул канчалык опурталдуу экенин түшүнүү керек. Бул кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы уруш эмес, кичинекей кылмыш топтордун, бандиттердин эрегишинен тутанган окуя. Батыштагы медиа ушуну алигече түшүнбөй жатканы мени аябай кыжаалатка салат",-деп жазган ал.
Ал эми бул тема боюнча сүйлөшө келгенде, кыжаалат болгондугун оштук интеллигенция өкүлү, Кыргыз эл артисти Бахтияр Тохтомаматов да билдирди.
"Кыргыздар өзбектерге карата геноцид жасады, кырды дегени чындыкка туура келбейт. Алгач, мен да ошентип ойлодум, кийинчерээк эки тараптан тең адамдардын курман болгондугун көрүп, андай эмес экендигине көзүм жетти. Балким, мени уккандар туура эмес түшүнөттүр, бирок, геноцид деген жаңылыш айтылган кеп. Биз мындан ары да ушул жерде жашашыбыз керек. Мен бул сөздү мындан ары колдонбоого чакырат элем. Тарых качандыр бир кездерде өзүнүн баасын берет" ,-дейт Б.Тохтомаматов.
Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев геноциддин белгилерине илимий аныктама берип, Ош окуясында алардын бир да элементи кезикпегендигин айтат. Тескерисинче, улуттук комиссия изилдей келгенде, улуттук пропорцияда аларга эч кандай чектөө коюлбагандыгын маалымдады. "Геноцид - тукум курут кылуу деген саясат. Анда бардык адамдарды эмес, аялдарды жана жаш балдарды кырып салат, Кары-картаңдары калат да, улут акырындык менен жок болот. Дагы бир ыкмасы зордоп башка улуттарга жаздырып коет элди, ошентип отуруп алар жок болуп кетет. Мындай саясат Кыргызстанда жок. Статистиканы көтөрө келгенде, наам алган жагы, окумуштуулар алдыда.
Чырды өзбек тарап баштаганы да чын, уюштуруп, куралдандырып, кадимкидей даярдык болгону да чын. Мушташ болгондон кийин, бир тарап үстөмдүк кылып, экинчи жагын уруп коет да, токмок жеп калган жагын геноцид болуп калды десек туура болобу.
Кыргызстандагы улуттардын санын салыштырып чыктык, пропорция боюнча эч жерде өзбек улутундагыларга чектөө жок экендиги көрүнүп турат. Тескерисинче, өзбек тилинде деп бөлүнүп алып, окутуп жатпайбы. Маданий борборуна чогулуп алып, каалаганын айтып, сүйлөп жатса, анан өзбек улутундагыларга кайдагы чектөө. Мектептер өз тилинде окутуп жатса, театр турса, университет турса. Каери геноцид?",-дейт окумуштуу О.Молдалиев.
Чыңалган абалды кантип жумшартуу керек?
Оттун ортосунда калган Ош, Жалал-Абадга барып, шаар аралап, эл турмушуна көз сала келгенде, дегеле, азиялыктардын көтөрүмдүүлүгүнө баа бербей койбойсуң. Сыртта туруп сын тагуу, сындоо, окуяга аралашпай үстүртөн кабар берүү башка, ал эми элдин арасына кирип, алар көтөргөн азапты бөлүшүү таптакыр башка...
Өлүм менен бетме-бет кездешкен, тууганын жоготкон, үйү өрттөнүп талаада калган, жакынын жайына көмгөн адамдардын тополоңдон кийин чыйралып, өзүнө келип кадимкидей иштеп, окуп жашоо улантып жатканына баа бересиң.
Эл өз оокатын кылып жатат, бирок, ичинде ызасы, өксүгү менен... Ал жара айыккычакты көп бар, оңой менен бүтпөйт. Терең карай келгенде Оштогу абал азыр бийлик тарабынан, эл башчылары, калк арасындагы кадыр-барктуу адамдар тарабынан комплекстүү түрдөгү жакындатуучу, ийге келтирүүчү чараларды талап кылып турат. Дыкаттык менен иш алып барып, маселени кылдаттык менен карабаса, от алып кетүү кооптуулугу жок эмес. Куралдуу карама-каршылык бүткөнү менен, абал баары бир чыңалып турат. Мындай жагдайда кантүү керек деген сурообузга адис О.Молдалиев төмөнкүчө жооп берди. "Постконфликтный синдром деп коет. Эл аралык полиция келели десе, аларды киргизбей койдук, ал эми мындай жагдайда эл менен кантип иштеп, эмне кылышты биздин милициялар билбейт. Укук коргоочулар бар, адам укугун коргош керек деп эле жүгүрүп барып, милиция сабап салыптыр, зомбулук болуп жатыптыр дегенден башкага жарабайт... Конфликтен чыгуунун өзүнүн багыттары болот. Күч органдары, психологдор, жергиликтүү бийлик кантип иштеш керектиги туурасында өзүнүн ыкмалары бар. Бул жерде басым көрсөтпөй, ишти эки тараптын тең пикирин эске алып жасаш керек. Ал үчүн комплекстүү чараларды иштеп чыгуу зарыл",-дейт О.Молдалиев.
Азат Тынчтыктегин