, 11.02.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  аралаш

Башчакма
1. Бул сүрөттө ширенкенин чийинин жардамы менен жасалган сүрөттө уйдун башы, денеси, мүйүзү, буту жана куйругу бар. Ал сол жакты карап турат. 2 тал ширенкенин чийин жылдырып уйду оң жакты караткыла.
2. Төмөндө сүзүп бараткан балыкты үч чийди жылдырып тескери тарапка сүзгүдөй кылышыңар керек.
3. Беш чийди жылдырып таразаны тең салмакта кылуу керек.


Кызык экен, окуп кой

Эң узун бойлуу адам
Тарыхта калган эң узун бойлуу адам америкалык Роберт Перлинг Вэдиду 1918-жылы Олтон шаарында төрөлгөн. 1940-жылы 27-июнда анын боюнун узундугун ченегенде 2,72 метрге, салмагы 222,7 килограммга жеткен. Ал чоң көлөмдөгү бут кийим кийүүгө аргасыз болгон. Албетте мындай узун бойлуу Робертке кийимди атайын тикмечилерге тиктиришип, бир топ убара болушкан. Роберт жарыкчылык менен 22 жашында жугуштуу оору менен ооруп коштошкон.

Эң арык адамдар
Дүйнө жүзү боюнча эң арык адам деп 1737-жылы Улуубританияда жашаган Хопкинс Холкинс болуп саналат. Жети жашында Хопкинс болгону 8,6 килограмм салмакта болгон. Албетте, анын мындай абалы оору менен байланыштуу. Өлөөр алдында (1754-жылы көз жумган) анын салмагы болгону 6 килограммга жеткен.
Ал эми дагы бир арык айым Лючия Сарате (1863-89) Мексикада жашаган. 17 жашында анын бою 67 сантиметрге жетип, салмагы 2,13 килограммды араң түзгөн. Лючия 20 жашка чыкканда 5,9 килограмм салмак кошкон. Ошондо Лючиянын салмагы 8,11 килограммды түзүп, ошол учурда эң арык адам деп табылган. Бүгүнкү күндө деле анын салмагындай арык адамдар пайда боло элек.




Ден соолук

Сарымсактын дарычылык касиети
Сарымсактын чындыгында эле дарычылык касиети жогору. Аны жүрөк оорусунда, башкача айтканда жүрөк тушта оорутуу пайда болгондо тазаланган өлчөмдөгү бир тиш сарымсакты жеш сунушталат. Ал эми кан басымдын көтөрүлүшүндө (гипертония) сарымсак порошогунан жарым кашык алып жалбыздан кайнатмасына аралаштырып ичсе жакшы жардам берет. Бронхиалдык астмада 100 грамм майдаланган сарымсак, 100 грамм жанчылган хрен, 150 грамм каймак май жана 600 грамм балды кошуп аралаштырып айнек идишке салуу керек. Оттун үстүндө суусу кайнап жаткан идишке салып сыртынан ысытып алып, андан соң оозун бекем жаап караңгы жайда он күн сактоо керек. Даяр болгон аралашма тамак ичерден бир саат мурда бир аш кашыктан кабыл алынат. Дарылоо убактысы эки ай. Ортодо бир ай эс алып дагы кайталаса болот.Бирок, ашказан, ичеги оорулары барларга сарымсактан даярдалган дарыларды колдонуу болбосун эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Андан тышкары чач түшө баштаганда да сарымсакты колдонууга болот. Ал үчүн сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алып чачтын түптөрүнө сүртүү керек. Андан соң башты целлофан менен ороп жылуу жоолук салынып, бир сааттан кийин чачты жууп салуу кажет.
Жүрөктүн жакшы иштеши үчүн…
Чалкандын дарычылык касиети жогору экенин дайыма айтып келишет. Ал эми сиз айткан жүрөк маселесинде жүрөктүн жакшы иштеши үчүн 200 грамм чалкандын жалбырагынын үстүнө 0, 5 литр арак же 70% дуу спирт куюлат. Банканын бетин даки менен жаап бекем байлап коюу керек. Алгач бир сутка күн тийген терезеге коюп, андан соң сегиз сутка караңгы жайда сакташыңыз зарыл. Айтылган мөөнөттөн кийин аралашманы марлиден сүзүп өткөрүп, суюктукка капкак жабуу керек. Даярдалган аралашманы тамактан отуз мүнөт мурда бир аш кашыктан төрт маал ичүү кажет. Ушул эле аралашманы организмди чыңдоого, канды тазалоодо колдонсо болот.
Айымдар ооруса…
Чийки ашкабакты эт туурагычтан өткөрүп ширесин көп ичүү аялдардын табарсыгына суук тийүүсүнө жакшы жардам берээрин көпчүлүк биле бербейт. Грек жаңгагынын жалбырагын кургатып, аны майдалап бир чоң кашык жалбыракты бир стакан кайнаган сууга төрт саат демдеп коюп, бир суткага бөлүп ичип түгөтүү да жардам берет.
Гайморритке каршы
Албетте сизге дарыгерлердин жардамы керек, ошентсе да элдик медицинада гайморитке каршы колдонулган көптөгөн ыкмалар бар. Ал үчүн чөөгүнгө толтурбай суу куюп кайнатып, үстүнө бир чоң кашык бал салып башыңызды жылуу,чоң сүлгү менен оронуп бууга улам бир мурунуңуздун тешигин буулаңыз. Бул ыкманы тогуз жолу кайталоо керек. Ачуу жана кайталап кармай берчү гайморитте чычырканактын майын мурунга тамызуу эң жакшы жардам берет. Алоэнин сыгылган ширесине бал аралаштырып күнүнө беш-алты жолу мурундун тешиктерине тамызып туруу кажет.
Ангина болсоңуз...
Эмен дарагынын кабыгын сууга салып он мүнөт улам аралаштыруу менен кайнатып аласыз да ал сууган кезде тамакты чайкашыңыз керек. Ошондой эле жаңгактын 15 грамм жалбырагын бир стакан сууга кайнатып алып кайнатма сууганда тамагыңызды чайкасаңыз жакшы жардам берет.
Иммунитетти көтөрүү
Биринчи кезекте имунитеттин жакшы көтөрүлүшүнө сарымсак (чеснок) жардам берет. Күнүгө бир тиштен же эки күндө бир жеп турса натыйжасы алгылыктуу. Андан тышкары 250 грамм пиязды жакшылап майдалап 200 грамм кумшекерге аралаштырасыз. Үстүнө жарым литр суу куюп жай отко жарым саат кайнатасыз. Оттон чыгарылып илеби кайткан соң эки кашык бал кошулат. Андан соң аны бөтөлкөгө куюп, бир күндө 3-5 жолу бир чоң кашыктан кабыл алуу керек. Бул суук тийгенге жана иммунитеттин көтөрүлүшүнө чоң жардам берет.





Сүйүүнү көктөм дешет
Колума бир акын эженин китеби тийип калды. "Сүйүү" деген ооруга чалдыгып калган жаныма китептеги ыр саптар гана даба болгондой туюлат. "Сүйүүнү көктөм дешет, жайы-кышы көңүлдө гүдөп турган!.. Сүйүүнү өксүк дешет, өмүр бою өчпөстөн жүрөгүңө ыр болуп сүйлөп турган! Сүйүүнү азап дешет, кайгыга ороп кабыргаңды кайыштырган!.. Сүйүүнү бакыт дешет, бир азаптан айыктырган!" Демек менин азыркы азапка батып, жан дүйнөм бурганакка кабылып, өзүмдүн бар-жогумду түшүнө албай турган учурум өтүп өмүрүм менен сүйүүмө жаз келген учур да болот тура. Бирок качан?.. Качан менин куурап бараткан сүйүү багымда булбул сайрап, жыпар жытын туш тарапка чачкан кызыл-тазыл гүлгө оронуп бейиш багына айланат. Же каректе катылган сүйүүм айтылбаган бойдон кала береби. Ал үчүн мен эмне кылышым керек? Көргөндө көзүмдү алакачып, денемди сүйүүнүн калтырагы бийлеп алган абалга туш кылган татынакай жүрөк ээсине канткенде сезимимди жеткире алам. Ал мен үчүн кол жеткис бакыт сыяктанат…