, 11.02.11 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Молдо Кылычты эскерүү
Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Кыргызстан Улуттук китепкананын үчүнчү кабатынын чакан залында элибиздин залкар акын-агартуучулардан болгон Молдо Кылычтын 145 жылдыгы өттү. Бул чакан баардашууга ушул эле китепкананын кызматкерлери, акын, жазуучу-журналисттер катышып, бир топ кызыктуу пикир алышуулар болду. Албетте, тээ бир кездегичилеп атайын сааттарга созулган узак, жадатма доклад окуулар болбогону да өзүнчө кызыгууну жандандырды. Ошондой болсо да ушул адабий чарада сөз алып, кыйла кызыктуу маалыматтарын отургандарга маалымдаган акын жана изилдөөчү, Кыргыз Илимдер Академиясынын кызматкери Омор Соороновдун баяны болду. Ал жазгыч акындын чыгармаларын бир катар жылдардан бери иликтеп келе жаткандардын бири катары ошондо айтылган анын ойлоруна да кыскача, кайрыла кетели .
- Молдо Кылыч мындан 80 жылдан ашуун мурда жашоо кечирсе да элибизге ал кандай байлыктарды калтырып кетти? Көрсө ал анчалык деле аз эмес экен! Ооба, ал жазгыч акын катары бир топ ырларды, поэмаларды мурастап кетиптир. Ал ошол эле учурда ошол доордо жашоо кечиришкен көп акындардан айырмаланып, 1911-жылы Казандан кыргыз тилинде биринчи ирээт китеп чыгарып кыргыз элинин агарып-көгөрүшүнө, сабаттарынын жоюлушуна чоң салым кошкон жеке эле акын эмес белгилүү деңгээлде агартуучу да болуп жатпайбы? Агартуучу десе эле И. Арабаевчилеп "Алиппе" жазып таштады дегендик эмес. Мисалы Молдо Кылычтын:
Караңгы элди чайкаган
Чала болот кыргызга,
Жамандык чыкса жарышып,
Өзүнчө салбай калыска.
Эрегишип тил албай,
Үйөзгө барат арызга.
Айгак болуп жүгүрүп,
Жетип барат алыска.
Ат-тиң, бул саптар мындан кылым илгээри жазылган деп айтууга тил деги кантип барат? Бул саптардын ээси ушул сегиз сапты кайра-кайра окуп чыгууга аргасыз болуп ашып кетсе бир, бир жарым эле жыл мурда жазылса керек, мүмкүн өткөн жылы парламенттик жеңишке жетишкен беш партиянын башчылары биринен бири өтүп Маскөөгө барып келишкенин уккан киши жазса керек деген да ойго кетесиң? Ана, акындын көрөгөчтүгү, баамы, ыр саптарынын күчү канча жылдар, кылым өтсө дагы эскирбес, жаңычыл касиети! Жогоруда келтирген сегиз саптын биринчи эле эки сабына кайрадан көз жүгүртсөк:
"Караңгы элди чайкаган,
Чала болот кыргызга, -деген эле, сабынын башындагы "караңгы" деген сөздү сабаттуу, билимдүү, чөнтөктөрүндө бир эмес экиден дипломдорун алып жүрүшкөн элибиздин тагдырын бүгүңкү күндө "акаевчилер", "бакиевчилер" каалагандай акчанын күчү менен чайкап жатышканына мындан жүз жыл илгерки Молдо Кылыч арашып жүргөн го деген ойго келесиң?!
"Акындар өз заманынын күзгүсү" деген учкул сөз бекеринен айтылбагандай, акындар өз доорунун эле күзгүсү эмес арадан арыштап бир кылым өткөн, биз өмүр кечирип жаткан 21-кылымдын да күзгүсү, чындыгы, күбөсү болуп жатпайбы? Ушул эле ойду ошол жыйында Омор Сооронов андан ары да улап:
- Анын бизге калтырып кеткен жазмаларынын бири "Зилзала" китеби, башкалар тарабынан ошондо көчүрүлүп калган текстер ушинтип кыргыз жергесинин чөп-чарын, бак-шагын, жан-жаныбарларын, айрыкча канаттууларын поэзия тилине жадабай өткөрүү менен бирге падышалык колонизатор орустардын кыргызга апкелген оор мүшкүлү менен бирге, илим, билимге жөндөмдүүлүгүн, тартип кармоодогу жакшы жактарын айтып кеткен, -деп Молдо Кылычтын чыгармачылык бөтөнчүлүгүнүн дагы бир кырына анализ берүүнү да эсинен чыгарган жок. Ушул кечеге белгилүү прозачы Т. Абдиева, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Нурпаис Жаркынбаев да катышып:
Төрөгелди, Ормондун,
Жаман эле жүргөнү.
Жакшы болду кечикпей,
Бачымыраак өлгөнү -деген төрт сап ырын мисалга тартты. Ал сөзүн андан ары улап:
- Сиздерге белгилүү Төрөкелди Кылычтын чоң атасы. Эми андайлыгына карабай акын эмне деген ырга кошкон? Бул мындай алып караганда көп кишинин (алардын ичинен акындардын) да колунан келе бербеген чоң эрдик! Бир айтса бул сыяктуу көйгашкалар гана айта алышат.
Бул сыяктуу акындар, жазуучулар, коомдук ишмерлер жөнүндө китеп, сүрөт көргөзмөлөрү менен катар эскерүүлөрдү байма-бай өткөзүүнү салтка айландырган улуттук китепкананын директору, филология илимдеринин доктору Жылдыз Кемел кызы Бакашовага чоң ыраазычылыгыбызды да айта кетели.





Шайымбек Апылов:
"Кино дегенди көрмөк турсун…"
Шайымбек Апыловдун ысымы журтчулугубуз 40 жылдан бери тааныш. Ал үстүбүздөгү 2011-жылы 75 жаштын бел-белесин ашуунун алдында турат. Шайымбек замандашыбыз, калемдешибиз жана таланттуу документалист-режиссер катары өзүнүн өмүр сапарында "Тамга", "Баян", "Манасчы Азиз Шаабаев" "Темир-комузчу Зина Шайбекова", "Таш бала", "Биринчи элчи" сыяктуу документалдуу фильмдерди жаратышты. Булар менен катар кыргыздын кермет жерлеринин биринен болгон "Табигат күзгүсү" аталышта Соң-Көл жөнүндө документалдуу фильмин көрүшкөн кандай адамды болсун кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз Соң-Көлдүн жаратылышынын кооздугу сыңары эле Ысык-Көлдүн сырт жайлоосундагы керемет жерлерди да "Элеттик эрээн Мекеним" аталыштагы тасмада калтырууга режиссер кыйла күч жумшай алды десек болот. Жогоруда саналып өткөндөр менен эле катар "Таш күмбөз", "Кызыл алма", "Ажар", "Дайынсыз жоголгон башчы", "Качкындын ыры", "Мергенчинин экинчи өмүрү" сыяктанган мазмуунуна терең ой камтыган чыгармалары Шайымбек Апыловду кургак документалчы деп атоого болбойт. Өзгөчө кийинки чыгармаларында философиялык тереңдик даасын байкалат. Бул күндөрдө "Кыргызфильм" киностудиясынын кинохроника бөлүмүнүн режиссеру, ардагер-пенсионер Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шайымбек Апыловдун чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү дагы эле жетиштүү, -деп айтууга толук негиз бар.


- Мына бүгүн өзүңүз отуз жылдан бери жашап келе жаткан үйүңүздө отурабыз. Жакында эле жарыкка чыккан макалаңыз мындайча сөз менен башталат экен "Менин кесипкөйлүгүм, тактап айтканда 46 жылдан бери иштеп келгеним-кино", -деп өмүр сапарыңыздын ток этер жерин айтыптырсыз. Мына кино, кино деген сиздин оозуңуздан чыгып жаткан жөн эле жел сөз эмес. Алгач ушул эле сөздү чечмелөөдөн баштасак деген ойдо турам?
- Биз кино, киноматограф, киноискусство деп жүрөбүз. Бул сөздүн чыгыш тарыхы тээтиги батыштан келет. Бул дүйнөгө кандайча жаралды деген суроодон баштасак, ал 1895-жылы Франциядагы Ньепс Нисифор, Луи Даггер деген эки бир туугандар биринчи жолу киноаппараты жасап чыгарып, тартып жана аны элге көрсөтүшөт. Института окуп жүргөндө бизге көрсөткөн ошол кино өнөрүнүн башаты тартылган он сюжет бар. Ошол сюжеттин биринде поездин келе жатканын тартышкан экен. Ал болгону он беш гана миллиметр. Анда поезди те-е алыстан улам берилтеп гүр-шар түшүп келе жатканын көрүшкөн адамдар коркуп качышыптыр. Мен бул аркылуу эмнени айткым келет? Ошол учурда кинонун жаңылыгынын эскерип өткүм келгени да!? Мына быйыл кино өнөрүнүн жашы бир жүз он беште. Ал эми өзүбүздүн кыргыз киносуна келсек, мисалы, Ташкентте 1897-жылы биринчи ирээт киносеансы болуптур. Ал эми Москвада, Санкт-Петербургда алар андан бир жыл мурда өткөрүшүптүр. Ошентип Орто Азия чөлкөмүндө киносеанстар 1920-жылдарда башталган. Ошонун бири "Чүмбөт араба" деп аталган биринчи өзбек фильми 1927-жылы тартылган. Ал кезде Кыргызстанда кино болгон эмес. Ал учурда киноматограф дегенди культпрофсоветте кадимкидей эле фотографияга теңешкен. Анын өзүн кызыл үй сыяктуу элге агитация жүргүзүү катарында колдонушкан.
- Шаке мунун баары өзүнчө өткөн тарых, өзүнчө узак сөз болушу кажет. Сиз берилеп келип жогоруда өзүңүз айткан: "Менин кесибим кино, менин дүйнөм, жаратылышым кино" деген оюңузду тереңдетсеңиз?
Кеп мындай эмеспи мен Москвадан киноматография институту 1963-жылы бүтүп келдим. Ошондон бери 2011-жылга чейин кыргыз кинохроникасында иштеп келе жатам. Кинохроника деген эмне? Муну киноматография, киноизилдөөчүлөрдүн тили менен айтканда бул кинодокументалдуу тарых-баян деп айтсак болот. Бул ошондой эле кинолетопис, кинохроника деп аталган документалдуу кинонун эң биринчи башаты -функциясы деп карасак жөндүү болот. Биз көп жылдардан бери тартып келе жаткан чоң жана тарыхый окуяларды ал саясый окуябы, маданий окуяларбы кандайча болсо дагы болгонун болгондой тартып, чогултуп келүүдөбүз. Анын ар бири түбөлүккө кала турган нерсе, эгер биздин иштин бир сыйкырдуу жагына келсек, маселен өз үнү, өз аткаруусу -айтуусунда бир манасчыны тартып калсак, арадан бир кылым өтсө дагы ал кадимкидей эле манасын айтып чыга келет. Киноматографистердин өзгөчө ушундай иштери адамгерчиликке, адамзатка, коомго, мамлекетке калтыра турган эң зор эмгеги деп бааланышы керек. Мына мен жарты кылымдан бери ушу жаатында иштеп келүүдөмүн.
- бул абдан жакшы, мына сиздин ушул жаакта иштеп келе жатканыңыздын нары жагына сереп салсак элүү жылдан ашып кетиптир. Мына ушул кино аттуу сыйкыр дүйнөгө кандайча келип калдыңыз? бул дүйнөгө сиз капысынан туш келдиңизби, ага өбөлгө түзгөн кандайдыр бир окуя эбепке себеп болгондур?
- Бул суроого мындайча жооп кайтара алам. Таяэнем жарыкчылык менен коштошкондо таякелерим кеңешип туруп энеме, таянемдин боз үйүн беришиптир. Алар:
- Ушул жалгыз кызы, боз үйдү алсын -деп энчилешиптир да. Анан колхоз дайыма эле эрте жазда мал тууй баштаган кезде бизди кокту-колотторго көчүрүп барышып, колхоз койлоруна (чабандарга) сакмалчылык кылаар элек. Өзгөчө согуштан соң кыргыздын кылчык жүндүү койлору эрте төлдөшчү. Демек, биз балдар ал турмушка түздөн-түз аралашып жүрдүк да. Күндөрдүн биринде жайында биз жайлап жаткан жерге киночулар, аны тарткан апараттары менен келип калып жатпайбы?
Ал убакта козу кайтарып, козуларды көгөнгө байлап кой саадырганга жардам берип жүргөн учур эле да. Биз ал убакта кино дегенди көрмөк турсун уккан эмеспиз. Он үч, он төрт жаштагы балдарбыз. Бир буту чолок киномеханик орус алардын ичинде жүрүптүр. Ал ошол күндүн эртеси эле:
- Ай балдар те-тиги дөндүн алдында бир дүмүр турат. Жүрү ошону таарып келүүгө жардам бергиле, -деп өтүнгөндө да биз аний дебей таарып келип кой деген жерине коюп берген соң:
(Уландысы кийинки санда)
Т. Орокчиев,
акын жана журналист