, 04.02.11 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Дипломатиялык академиянын профессору Гүлмира Мамбеталиева:
"Чыгармачылык менен алектенген бала
көчөнүн тетири таасиринен оолак болот"
- Гүлмира Сулаймановна, жардамга муктаж жаш таланттарга жакындан жардам берип келүүдөсүз. Мындай кайрымдуулукту канча жылдан бери жасап келатасыз?
- 1999-жылдын 1-январынан тартып менин жолдошум Аскар Салымбеков Нарын облусунун губернатору болуп иштеп калды. Ошол жылдарда "Мээрим" кайрымдуулук фондунун филиалдары иштеп жаткан. Бирок Нарында бул фонддун филиалы жок экен. Нарын облусунда ушул филиалды уюштуруп, ишин жөнгө салып, жетекчилик кылып жүрдүм. Азыр "Балтаттуу" бейөкмөт уюмун иштетип жүрөм. Ушул фонд аркылуу биз жардамга муктаж адамдарга, айрыкча элеттик жаш жеткинчектерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз. Быйыл 11 жылдын жүзү болду. Жардам бергенде алардын чыгармачылыгынын, интеллектисинин, ички жөндөм, өнөр-шыгынын өсүшүнө салым кошсок дейбиз. Айталы, жаратылыш шарты катаал, социалдык маселелери көп Нарын облусунун окуучуларына жыл сайын "Жаш таланттар" сынагын өткөрүп, жеңүүчүлөрдү андан ары окутуу, шыгын өстүрүү, чет мамлекеттерге сынактарга алып чыгуу ишин аткарабыз. "Күлүктү сүрөөнчү чыгарат" демекчи, биз борбор менен эле чектелип, элеттик жаш балдарды көңүл сыртына калтырган болсок, келечек бизди кечирбейт. Биз Нарында ушул ишти үзгүлтүккө учуратпай иштеп келатабыз. Анын ичинен улуттук салттуу кыргыз өнөрлөрүнө өзгөчө басым жасайбыз. Тагыраак айтканда "Манас" айтуу, дастан айтуу, кыргыздын улуттук аспаптарында ойноо, башкача айтканда фольклор, вокал, бий, улуттук кол өнөрчүлүк, сүрөт болуп баш-аягы жети-сегиз номинация болуп кетет. Жыл сайын маданий иш-чараларды өткөрүп турабыз. Кол өнөрчүлүк балдар жана кыздар арасында болуп бөлүнөт. Бул балдар-кыздар кенедейинен эле өз эмгеги менен акча тапканга үйрөнүп жатышат. Ошону менен бирге алар кесипчиликке дагы багыт алышууда.
- Сизди көпчүлүк илимге өбөгүнөн түшкөн адам катары карашат. Илимий кандай маселелерди изилдеп келдиңиз?
- Мектеп жашымдан тартып эле, андан кийин Улуттук университетинде окуп жүргөндө ар кандай илимий конференцияларга көп катышчумун. Кийин Улуттук илимдер академиясында көп жыл иштедим. Ошондой эле медициналык институтта, Айыл чарба институтунда, Нарындагы университетте да эмгектендим. Учурда дипломаттардын академиясында иштөөдөмүн. Философия жана саясий илимдер жаатында эмгектенип жүрдүм. Негизги илимий эмгектерим эл аралык мамилелерди жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган. Андан сырткары, Кыргыз кыздарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу-этнограф, эжем Какен Мамбеталиева атындагы Коомдук фондуну түзүп, иштетип жатам. Бул фондду уюштуруу менен а кишинин илимий изилдөөлөрүн, эмгектерин китеп кылып чыгарып, эжемин жаркын элесине арналган илимий конференцияларды республикалык жана эл аралык деңгээлде өткөрүп келе жатабыз. Аларга дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар катышып, археология, тарых, философия, этнология, психология, саясат таануу, педагогика илимдеринин тегерегинде жаңы изилдөөлөрүн, табылгаларын ортого салып дегендей... Биз бул конференциялардын материалдарын өзүнчө топтоп, жыйнак кылып чыгарып жатабыз. Менимче, бу топтомдордогу материалдар келечек окумуштуулар үчүн жакшы булак болуп берсе керек.
- Саясаттагы аялдардын ролу кандай?
- Менимче саясатка аялдар көбүрөөк келиш керек. Белгилүү Эдвин Тоффлер деген футуролог изилдөөчү "Аялдар мамлекеттик бийлик бутактарына канчалык көбүрөөк келсе, алар өзүлөрүнүн көйгөйлүү маселелерин койуп жана чече алат" - деп айткан. Эркектер аялдардын проблемаларын кайдан билишет? Бизде аялдар дискриминацияланып, гендердик теңсиздик болуп келген. Учурда саясатта аялдар аз. Өкмөттө деле аялдар жокко тете. Ал эми бизде аял президент болушу өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Буга да коомчулукта, саясий чөйрөдөгүлөрдүн кээ бирлери терс пикирин айтып жатышпайбы...
- Саясатка кандай карайсыз, депутат болгуңуз келеби?
- Билим деңгээли жогору депутаттар парламентке келсе, албетте, элибиз, мамлекетибиз үчүн жакшы эле болмок. Ал эми партиянын тизмесине кошулуп эле келип калган депутаттарды көрүп жатпайбызбы. Азыркы учурда саясатка деле аралашкым жок.
- Бирөөгө кайрымдуулук иретинде жардам көрсөткөндө жан дүйнөңүздө кандай сезим пайда болот?
- Кайрымдуулук жасаш үчүн адамдын жан дүйнөсүндө марттык, боорукердик болуш керек. Аз камсыз болгон үй бүлөгө же майып адамга жардам көрсөткөндө аз да болсо ошол адамдын көңүлү көтөрүлүп, өз кыйынчылыктары менен жашоодо жалгыз эмес экенин, аны да колдогон боорукер адамдар бар экенин туюшат. Таланттуу балдарга жардам көрсөтсөң, (мейли ал спортсмен болсун же ырчы болсун) ал келечекте өз элинин туусун чет элде желбиретсе, албетте жасаган эмгегиңдин акыбетинин кайтканы эмеспи. Анан кантип кубанбайсың, толкунданбайсың?! Таланттуу балдарды көтөрүүдө көп эмгегимди жумшап келем жана сөзсүз ырахат алам.
- Жашоодо бактылуусузбу?
- Ар бир адамдын өмүрүндө бактылуу көз ирмемдер, бактылуу күндөр болот. Ден соолугу чың, турмушу бакубат, күйөөсүнүн ийгиликтерин тең бөлүшүп, балдарын туура тарбиялап, алар элине кереги тийген уул-кыздардан болсо, андай адам бактылуу деп эсептейм. Эненин кызы, атанын мыкты уулу деген сөз ар бир ата-эне үчүн теңдешсиз сыймык.
- Адам өмүрү бир нече ашуу, белестерден турат дешет. Сиз ошол белестерди ашууда кандай кыйынчылыктарга кезигип, кандай кубанычтарды таптыңыз?
- Адамдын өмүр жолу дайыма кыйынчылыктар менен коштолот. Качан гана ошол кыйынчылыктарды жеңип чыкканда артынан кубаныч, ийгилик, бакыт келет. Кыйынчылык адамдын күнүмдүк турмушунан тартып, чыгармачылыгында да кездешет. Ошол тоскоолдуктарда өзгөчө аял киши мүңкүрөп, моюн сунуп калбай аракеттенип күрөшүшү керек. Чыгармачылыкта эмгектенип жүргөн учурда күн менен түндүн кандай өткөнүн да билбей каласың. Убагында биз деле батирде жашаганбыз. Болгондо 7 батирде ар улуттун үйлөрүндө көчүп-конуп жашаганбыз. Биздин деле тыйын-тыпыр издеп калган учурларыбыз болгон. Албетте, жаш кезиңен кол кармашып жүргөн өмүрлөшүңдүн жумушунда жетишкендиктер болсо бул аябай чоң кубаныч. Балдарыңдын ийгиликтери да кайталангыс чоң кубаныч. Жаш таланттарды тарбиялап, жасаган мээнетиңдин акыбети кайтса - ал да эң чоң ийгилигиң.
- Кайсыл ырды же чыгарманы жактырасыз?
- Чайковскийдин музыкасын жактырып угам. Ырчылардан болсо Р.Абдыкадыровдун, М.Рыскулбековдун ырларын жактырам. Ошондой эле жан дүйнөм живописке жакын.
- Адамдардагы сиз жогору баалаган сапаттар кайсылар?
- Мен адамдардагы жогору баалаган сапаттар - ыймандуулук, туруктуулук, мээримдүүлүк, эмгекчилдик.
Маектешкен Вера БеделБек кызы




Кыргыз композиторлордун чыгармалары каражат жоктуктан чаң басып жатууда
Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү төбөдөгү чачтан жыш экендигин баарыбыз тең сезип жаткандырбыз. Бир жагын бүтөсө бир жагы калат дегендей, кыйын заманга туш болдук. Кээде отуруп, ий, ушул кыргыз элим бактылуу бакубат жашоого туш болоор бекен деген ойлор да келип кетет. Бүгүнкү күндөгү жашоо турмуш өтө эле кыйынчылыкка батып кеткендигине баарыбыз күбөбүз. Бүгүнкү күн саясий-экономикалык жагынан гана эмес соцалдык жадакалса руханий жагынан да аксоодо.

Бирок бүгүнкү макала саясат же экономика багыты тууралуу эмес, бүгүн кыргыз композиторлордун чыгармалар сахнадан көрүнбөгүндүгү тууралуу болмокчу.
Жыйырма жылдан бери Улуттук Опера жана балет театрынын сахнасында бир да кыргыз композитордун чыгармалары коюлбай келе жатты. Жалаң эле дүйнөлүк, оруссиянын белгилүү композиторлорунун чыгармалары чагылдырылып келгендиги баарыбызга эле маалым болсо керек. Мындай акыйкатсыздыкка дисбаланс кылуу максатында Опера жана балет театрынын дирекциясы "Кабар" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү.
Улуттук опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов, бул жылдан баштап белгилүү Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун 80 жылдык мааракесине арналган, "Аста секин, колукту!" аттуу чыгармасынын спектакли сахнага чыгып тураарын айтып кетти.
Эмне себептен ушунча жылдан бери кыргыз элинен чыккан композиторлордун чыгармалары караңгылыкта чаңдап жаткандыгы такыр эле түшүнүксүз. Балким биздин композиторлорубуз мындай даңк, сыйга татыктуу эместир бирок, кантсе да кыргыз элиники эмеспи. Мен муну жазышым менен эч кимдин аброюна доо кетиргим келген жок. А бирок, биздин улуу, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгаан композиторлорубуздун чыгармаларын чаң басып жаткандыгына кимдин гана кыжыры кайнабасын? Биздин өлкөбүздө деле чыгаан инсандар жетиштүү эмеспи.
Т.Саламатовдун айтымы боюнча жыйырма жылдан бери былтыр гана Т.Чокиев менен Г.Эсенгулованын "Алтын уя" аттуу балдар опереттасы сахналаштырылган. Ал эми бул жылдан тарта "Аста секин, колукту" спектакли ар бир ай сайын өтүп тураарын белгиледи. Билеттин баасы карапайым элдин чөнтөгүнө ылайык болоорун да айтты, 70 сомдон 200 сомго чейин .болоорун да белгилеп кетти. Андан сырткары бул спектаклге жаш артисттер катышаарын да кошумчалады. Учурда мындай спектакльдарга жаш муунду аралаштыруу максатында консерваториянын бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте иштеп жатат, деди Т. Саламатов.
Буга чейин кыргыз композиторлордун чыгармалары чыкпагандыгы финансылык каражатка келип такалып жаткандыгын, мамлекет тарабынан көңүл бурулбастыгына байланыштырды. Театр ичинде өткөн спектакль, оперетталардын баарын өздөрү каржылагандыктарын да айтты. Буга байланыштуу сырткы жарнамалардын жетишсиздиги көрөрмандардын азайышына себеп болуп келүүдө.
Финансылык көйгөйлөргө байланыштуу артистерибиздин сыртка чыгуусу да чектелүүдө. Бирок жылына бир-эки артистибиз сыртка гастролго чыгып келээрин кошумчалады.
Келечекте мамлекет ичиндеги көйгөйлөрдүн жоюлушу менен бизге да татыктуу көңүл бурууларына ишенебиз деп Т. Саламатович сөзүн аяктады.
Мальвина Уметбекова