, 04.02.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Бюджеттин тартыштыгын
"жинди суу"
менен жоёбуз
2011-жылга бюджеттик тартыштыктын өлчөмү 21 миллиард 257 миллион 381 миң сом 70 тыйынды түздү. Тартыштык ошол бойдон токтоп калбайт экен: 2012 жылга болжол менен 24 миллиард 171 миллион 81 сомду түзсө, 2013 -жылы бюджеттик тартыштык 22 миллиард 898 миллион 452миң сом 70 тыйынды түзөт. Демек жаңы өкмөт тартыштыкта жүрүп эле өтөт экен.

"Жинди суу" менен "жинди тартыштыкты" жоё алабызбы?
Бизнестин битин сыгып, экинчи ирет биринчи вице-премьерликке келген Өмүрбек Бабанов улуу ачылыш жасады. Анын ишмердүүлүгүнөн жаралган концепциясы боюнча кыргыз элин аракка чөмүлтүш керек. Ансыз деле "жинди суу" элибизди жинди кылып жаткан заманда, "Кара-Балта" спирт заводуна ээ болгон Бабанов өзүнүн товарын элге өткөрүү максатында, жылына 12 миллион литр алкоголдук ичимдиктер чыгарылса, эми 25 миллион литр "жинди сууну" чыгарууга жинигип жатыптыр.Эки эсе көп эл арасында аракечтер,бомждар өссө өссүн, эң негизгиси "Кара-Балта" спирт заводу аркылуу Бабановдун капчыгы өссүн.Бабановко "крыша" болуп берген Россия Федерациясы аракечтерге жана алкоголдук ичимдиктерди азайтууга чабуул коюп жатканда, Бабановдун концепциясы боюнча биз арактын санын көбөйтүп гана бюджеттик тартыштыкты жоё алат экенбиз.Баракелде, дейт экенсиз,таппасаң сыйпалап кал. Кыргыздар 2011-жылдан баштап ичкендин санын көбөйтөлү, болбосо азыркы өкмөттүн бюджеттик тартыштыкты азайтууга башка чамасы жетпейт экен. Өз элин ичкиликке түрткөн өкмөттү жер жүзүндө детектив менен издесек да таппайт болушубуз керек. Горбачев жаман саясатчы болгон, бирок совет элин арактан арачалагысы келген, Бабанов деле мыкты саясатчы эмес, энди эли-журтун "жинди сууга" түртүп атыр.
Дефициттен башыбыз чыгабы?
Азык-түлүктүн баасы күн сайын асмандап баратат. Ошого карабай оозу менен орок оргондор кездешүүдө. Биз бүгүнкү күн эмес келечекке анализ жасап атабыз.Келечектен айланабызбы, келечекти суутуп коюптурбу.Азыркы жашоо карапайым калктын чегине жетип баратат. Калк чыгып таш бараңга алып жибере электе, бүгүнкү кымбатчылыкты ойлосокчу.
Экономикалык жөнгө салуу министри У.Ташбаевдин айтуусунда, бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу үчүн 10 миллиард сом бөлүнөт экен.Бул үчүн салыктан кошумча 2 миллиард сом,бажы кызматы 2.5 миллиард сом чогултат. Демек салык төлөчүлөрдүн териси тескери сыйрылат. Өткөн бийлик ээлеп алган байлыкты менчиктештирүүдөн 4,2 миллиард пайда түшмөкчү.Байланыш мамлекеттик агенттиги 200 миллион сом,экономикалык өнүктүрүү фонду 100 миллион сом берээри белгилүү болду. Мамлекеттик мүлктү сатуу ачык-айкын өтөт экен.
Ал эми өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев "Центерра" компаниясын коколоп 10 миллиард сом тапкысы келет.Анын ою боюнча быйылкы жылды дефицит менен эмес профицит менен аяктоо максаты бар. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, бары бир быйылкы жыл деле дефициттүү бюджет менен кабыл алынмай болду. Мурдагы каржы министри "күн тийген жердин чоросу" Чоробек Имашовдун айтуусунда 2010-жылдын экономикасына апрель,июнь окуялары тескери таасирин тийгизген. Апрель окуясы болбосо Бакиевдик, Үсөновдук өкмөт атка камчы салдырбай таскактап кетмек окшойт. Министрдин айтуусунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 67 370 552,9 сом, ал эми чыгаша 88 627 934,6 миң сомду түзүп, бюджеттик тартыштык 21 257 381,7 сом. Бюджеттин тартыштыгын ички жана сырткы булактардан алынган каражат менен жабуу белгиленген. Эгерде каражат бар болсо, анда эмнеге дефициттүү бюджетти сунуш кылышат.Ошол каражаттарды көрсөтүп мейли профициттүү бюджет болбой эле койсун, жок дегенде дефицит жок бюджет болбойбу.Ал эмес алдыдагы жылдарга көз салып көрсөк, дефициттен кутула алчудай эмеспиз.Алдын ала божомол боюнча 2012-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 62 024 219 миң сомду түзсө чыгаша бөлүгү 86 195 300 сом, бюджеттик тартыштык 24 171 081 сом. Ушундай эле көрсөткүч 2013-жылы күтүп турат, кирешебиз 61 541 335,2 сом,чыгашабыз 84 439 787,9 миң сом.Демек, бизди бактылуу жашоо күтпөйт.Бул өкмөт менен жетпеген бойдон жүрүп, тешилген жамаачыбызды бүтөй албай, жетпеген бойдон өтүп кетебиз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ




Элет-таймс
Кочкор райондук администрация башчысы, аким Рысбай Сарыбаевке,
Кочкор райондук сотунун төрагасы Ташболот Астаркуловко,
Кочкор районунун прокурору Дооронбаевке.
"Сапар" дыйкан чарбасынын мүчөсү А.Эсенбаевден

КАЙРЫЛУУ

Элет жеринде жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигинен улам акыйкатка жетпей жүргөн мекендештер көптөп саналат.Ошолордун арыз-муңун бийлик төбөлдөрүнө жеткизүү максатында ушул рубрикабызды ачтык.

Менин Сиздерге кайрылуумдун себеби, 1991-жылдан бери ушул дыйкан чарбасынын мүчөсү болуп келатам. Биздин "Сапар" дыйкан чарбасы кочкор райондук Кеңешинин президиумунун 1992-жылдын 24-январындагы №9 Токтомунун негизинде түзүлгөн. КРнын "Жер кодекси", "Дыйкан чарбасы", "Жер реформасы жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Ак-Кыя айылдык Кеңешинин аткаруу комитетинин 1991-жылдын 29-декабрындагы №61 чечими жана "Кара-Суу" агрофирмасынын правлениесинин 1991-жылдын 20-декабрындагы № 29 токтомунунун негизинде "Сапар" дыйкан чарбасы менен "Кара-Суу" агрофирмасынын ортосунда келишим түзүлөт. "Кара-Суу" агрофирмасы "Сапар" дыйкан чарбасынын мүчөсүнүн санына ылайык,колхозчунун ар бир мүчөсүнүн үлүшүн эске алып, 287 баш тубар кой, 150 баш ирик, 150 баш токту-борук, 2 баш уй жана 6 баш жылкы бөлүп берген.Ошондой эле 37 гектар айдоо аянты, 584 гектар жайкы жана күзгү жайыты бөлүнгөн. Мындан тышкары "Сапар" дыйкан чарбасы мамлекеттин эсебинде жок 5 гектар айдоо аянтын өздөштүрүп алган жана 20 жылдан бери мамлекеттик казынага бир тыйын да төлөбөй пайдаланып келүүдө.
Ошондой эле ушул дыйкан чарбага короо-жай, транспорттук унаалар, трактор, автомашина бөлүнүп берилген. Кийин колхоз тараган учурда топоз, комбайн бөлүндү.
Дыйкан чарбасынын башчысы Сапаров Орозобек, мүчөлөрү М. Казиева, З.Сапаров , Т.Жунушов,З.Шайкыев жана мен А.Эсенбаев. Дыйкан чарбынын эсебинен байлыкка туйтунуп, Акаевдик-Бакиевдик жергиликтүү төбөлдөрдү сатып алган О.Сапаров зордук-зомбулукка салып, ушул күнгө чейин мага мыйзам боюнча тиешелүү үлүшүмдү бербей келатат. Мен О.Сапаровко, айыл өкмөтүнө нечен жолу кайрылганымда, ал дайыма бөлүп берем деп алдап, жергиликтүү бийликти сатып алып, ушул мезгилге чейин чоюп келди. Ал эми башка дыйкан чарба мүчөлөрү М.Казиева, З.Сапаров Орозобек мырза менен табакташ болсо, З.Шайкыев өз энчисин бөлүп алып, Т.Жунушов энчисин толук алган эмес.
Мен Сиздерге эки өтүнүч менен кайрылмакчымын. Биринчиден, "Сапар" дыйкан чарбасынын уставынын 4 беренесинин 4 пунктуна ылайык мага жана менин үй-бүлөмө" тиешелүү үлүшүмдү бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам. Уставда мындай деп жазылган: "Кээ бир себептер менен дыйкан чарбасынын мүчөсү андан чыккан учурда ,анын үлүшү бөлүнүп берилет,ал эми ич ара мүлк боюнча талаш-тартыштар сот аркылуу чечилет".
Экинчиден, "Сапар" дыйкан чарбасынын акыркы мүчөсү катары, ушул дыйкан чарбысы жоюлуп, Орозобек Сапаровко жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү үлүштөр бөлүнүп берилип, калган 20 жылдан бери мыйзамсыз пайдаланып келаткан жерлер мамлекетке алынып, ошондон бери төлөнбөгөн жыйымдар, салыктар төлөмү менен эсептелинип, Кара-Суу айылынын элине, айылдык өкмөттүн бюджетине өндүрүлүп берилсин. Албетте, Акаевдик-Бакиевдик жеп-ичкич бийликке таянып, мамлекеттик мүлктү каалашынча пайдаланган О.Сапаров тиешелүү жазасын алыш керек. Сиздерден акыйкат жыйынтык чыгарат деп ишенем. Акыйкат жыйынтык чыгара албасаңыздар, жогорку мамлекеттик органдарга кайрылып чындыктын түбүнө жетүүгө белсенген

"Сапар" дыйкан чарбасынын мүчөсү А.Эсенбаев.
Кочкор району
Редакциядан: Ушул кайрылууну иликтөө максатында атайын кабрчыбызды Кочкор районуна жөнөттүк. Анын жыйынтыгы менен жакын арада тааныша аласыздар.