, 21.01.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Сыйлык
Cыймыкпы же…?
Өткөн 2010-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева маданият, маалымат майданында айырмаланган мыктыларды сыйлык менен сыйлады. Ошондон удаа эле коомдук телеканалда, кечээ Акаевдик,Бакиевдик заманда арзыматтык жол менен сыйлыктын барын алышкан адамдар, сыйлык керекпи же керек эмеспи деген маселени көтөрө калышты.Сыйлыкты Отунбаева ойлоп тапкан жок. Алмусактан адам сымаалдар ууга чыкканда эле, мергенчиликтен айырмалангандарга майлуу устукан беришип сыйлашса, кул элөөчүлүк заманда эрдиги менен айырмаланган жоокерлерге сыйлыктарды бере баштайт. Социалисттик коомдо эмгектен айырмалангандар Зууракан Кайназарова, Таштанбек Акматов, Керимбүбү Шопоковалар өзгөчө наамдар менен сыйланып келишкен. А бирок Акаевдик,Бакиевдик заманда сыйлык, наамдар татыктуу адамдарга берилбей, бийликке кошомат кылган адамдарга сатылып келген. Ошол үчүн сыйлыкка болгон элдин ишеними азайып кеткен.


2010-жылдын татыктуулары кимдер?
2010- жылдын мыктылары деп эсептелген адамдар, чыныгы элдик адамдар экен. Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев "Даңк" орденинин кавалери болду. Шайлообек мырзанын сыйлыгы куттуу болсун. Акыйкат дегенде айдын караңгысына карабай, бычактын мизи менен чуркап, элим, жерим дегенде эт бетинен кеткен Шайлообек Дүйшеев арзыматтык кылса алда качан эле "Даңк" орденин алмак. Анын бийликтин кыжырына тийген учкул саптары, эл оозунда макал-лакап болуп айтылып жүрөт. Шайлообек мырзанын атын укканда эле шайы оогон "мите" адамдар арабызда жок эмес. Мидин менен Райканга, кийинки эле Байдылда Сарногоевке качан наам, сыйлык,орден берилчү эле? Коомчулук, эл көтөрүлүп атып араңдан зорго сыйлыкка илишчү. Акаевди сатирасы менен көзгө сайган Шайлообек мырза март революциясынын "духовный" атасы болгон. Ошол эмгеги үчүн ага али жаш Бакиевдик бийлик наам берген. Бирок, Шайлообек Дүйшеев Бакиевдик булганыч бийлик менен кантип кадам таштамак эле? Ал Бакиевдик бийликти өзүнүн күчтүү таланты менен сынга алып, элдин сезимин ойготууга эмгек сиңирди. Ал кайрадан апрель революциясынын "духовный" атасына айланды.Эч ким муну тана албайт. Анын бул сыйлыкка татыктуу болгону бир гана сыйлыкты сатып алып жүргөндөрдүн уйкусун бузууда.
Акын, журналист Алым Токтомушев "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамга татыктуу болду. Алым Токтомушев деген ысым эле журналистика тармагында гана эмес, эл арасында кандай барктуу? "Асаба", "Агымдын" көркүн ачкан Алым Токтомушев Акаевдик, Бакиевдик бийликти жерине жеткире жамандап атса, алар төрүнө алып барып сыйламак беле? Андан көрө "Асаба", "Агымды" жок кылып, Алым Токтомушевке окшогондорду күч органдарынын "төрүнө" "төркүлөтпөгөнү" оң эмес беле. Эми Токтомушевден бул сыйлыкты ким талаша алат. Анын шакирттери андан чоң наамдарды сатып алып жүрүшпөйбү.
Сагын Акматбекова кыздар поэзиясынын эркеси, жол баштаган серкеси эле. Сагын Акматбекованын ырын угуп чоңойгон акындар, алда качан сый-урматка жетишкен. Кечээки кыздар поэзиясынын корифейи, бүгүнкү "кемпирлер поэзиясынын" ана башы Сагын Акматбекованы Кыргыз Эл акыны наамына татыксыз деген адам поэзиядан айлансын.
Кыргыз эстрадасына өз салымын кошкон, кыргыз куудулдарынын башын бириктирип байгелүү конкурстарды уюштуруп жүргөн атактуу куудул Рахман Раззыков "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болду. Рахман Раззыков канчалаган жаш куудулдардын устаты, ал таптап чыгарган "Бешилик" тобу эле кыргызга кеңири таанымал.
Ал эми Азиза Абдрасулова сыяктуу укук коргоочуну кимдер билбейт. Ал Акаевдик жана Бакиевдик заманда да карапайым калктын укугун коргоп, адам укугу үчүн төшүн тосуп берген эр жүрөк аялзатынын бири.Кантип мындай укук коргоочу сыйлыкка татыктуу болбосун.
Алар менен катар көптөгөн маданият ишмерлери, эл арасынан иргелип отуруп, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери болду. Алардын арасында кесиптештерибиз Баратбай Аракеев, Үсөн Касыбеков, Машакбай Раманкуловдор да бар. Мына кечээ эле Акаевдин, ал кеткен соң Бакиевдин этегине намаз окушкан кээ бир кесиптештерибиз беттери кызарышпай бүгүнкү күндө Роза Отунбаеванын тегерегине топтолуп көнгөн адаттары боюнча, сыйлык,наам, мансаптарды бөлүп кеткиси келип турушат. Бирок, президент Отунбаева бул жолу сыйлык бөлүштүрүүдө революциялык жүрүш жасады. Чыныгы эл ишенимине ээ болгон кыргыз жарандарына "жети өлчөп, бир кесип" сыйлыктарды бергени, чыныгы демократиялык, калыс заманга баратканыбызды билдирип койду. Азыр бийликте "кой терисин жамынып алган карышкырлар", кечээки Бакиевдин командасында , элди мүлжүп жеген эксчиновниктер келип атышат. Эртеби, кечпи акыйкат жеңет.
Эгерде мамлекеттик сыйлыкка татыксыз адамга берди десеңиздер, мени эсептеп коюңуздар. Арийне, мен деле Акаевдик, Бакиевдик зулум бийликке каршы түз позицияда туруп, бардык оппозициялык ММКлар менен кызматташып күрөшүп келдим. Менин жазгандарым эксбийликтердин тамагына тыгылган сөөк болуп келген. Күч органдарынын зордук-зомбулугу көнүмүш нерсеге айланган. Мен иштеп турган гезиттер сот аркылуу жабылып, мойнуна миллиондогон сомдор салынып турду. Акырында 2010-жылдын 5-мартында "Өкүнгөм кыргыз болуп калганыма" деген макалам үчүн "Кыргыз Руху" гезити жыйырма жыл жашаган жеринен кубаланып, өз укугубузду коргойбуз деген бизди "Ак жол" 5 миллион сомго сотко берди. Башкы редактор менен орун басарына 50 миң сом, мага 100 миң сом мойнубузга каамыт кылышты. Биз башкаларча бет тырмабай эле, өзүбүздүн позициябыз менен иштеп келдик. Акаевдик, Бакиевдик бийлик деле жакшы эле "сыйлады", миллион бербесе да мойнубузга коюп "сыйлады". Биз аларга "арзыматтык" кылбаганыбыз үчүн өз шыбагабызды жедик.
Р.S/ Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алдым. Мен Шайлообек Дүйшеев, Алым Токтомушев, Сагын Акматбекова, Рахман Раззыков сыяктуу маданияттын, адабияттын корифейлери менен бирге сыйлык алганыма сыймыктанам. Бул кезге чейин сыйлык түшүмө деле кирчү эмес, эми болсо бизге окшоп, эл таламын талашып, бийликке каршы жазган адамдар деле сыйланат турбайбы деген ишеним калды.Кыргыз эли чыныгы демократияны орнотуп бир топ жыл алдыга кеттик. Бирок, эми ушул демократияны сактап кала алабызбы же бакиевдин куйруктарына тарттырып жиберип кайрадан авторитардык заманга барабызбы, кеп ушунда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ




Бийликте биримдик барбы?

Жаңы түзүлгөн өкмөт аяк башын жыйгыча, аяз ата, аяз кыздуу жаңы жыл майрамдары кирип келди. Мыйзам чыгаруучу бийликти мыкчып турган жалгыз баштуу ЖК, ишин баштай элек жатып катуу чарчап калса керек, чу дегенде эле каникулга кетебиз деп чуу салып киришти. КСДП фракциясынын мүчөсү депутат Дамира Ниязалиевага окшогондор эл бизден үмүт кылып турат, ишти уланта бербейлиби деген сөзүн каникулдан көзү каткан көпчүлүк туура көрүшкөн жок. Ошентип ишти баштай элек жатышып эс алууга кетишти. Ким кандай эс алды кеп мына ушунда. "Тегин жерден өрт чыкпайт" дегендей кышкы суукта, элди ойлобой жер шарынын жылуу аймактарында жан жыргатып эс алып келишкендер да болгон окшойт. Өкмөт мүчөлөрү депутаттар экзотикалуу жерлерде эс алып келди дешсе, депутаттар тескерисинче айтышат. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей алардын арасында "кумалактар" кантип чыкпай койбосун. Негизи партиянын лидерлери, министрлер ушундай кырдаалда кантип эс алышсын.
Бийликтин ортосунда биримдик барбы деген суроо туулат. Жок! Азыркы аткаруучу бийлик жаңы түзүлгөн өкмөт менен мыйзам чыгаруучу бийлик парламенттин мүчөлөрү атка минишкенде эле ээрге кыйшак отурушту. Каржы министрлиги каржалып отуруп мугалимдердин айлык акысына 30 пайыз кошуп, апрелден баштап этап менен көтөрөлү деп атышат. Ошол эле мезгилде парламент мүчөсү, "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов мугалимдердин алдында айлык акысын эки эсе көтөрсө болот деп балп эткизип салды. Бул күйүп бараткан отко май чачкандай эле кеп.Азыр биздин мамлекетке стабилдүүлүк керек. Эми мугалимдер иш ташташса, анын артынан медицина кызматкерлери чыгышса, башкалар карап турмак беле, өлкөдө кайра ызы-чуулардын башталышы кимге кызык? Албетте, бийликтен жакшы "устуканга" жетпей калган Куловго окшогондор, ушундай кырдаалдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Куловко окшогондорго жаңы өкмөттү жакшы иштегени кызык эмес, алар арадай жерди чарадай көрсөтүп, бул өкмөттүн кадыр-баркын кетирүү үчүн жанталашып аракет кылып жатат.
Кышкы каникулдан соң Жогорку Кеңеште энергетика боюнча маселе каралды. Энергетика министри Аскар Шадиев электрге болгон баа көтөрүлбөйт, тескерисинче арзандатуу жагы каралып жатканын айтып өттү. Албетте, шайлоо учурунда "Республика" партиясы электр энергиясынын тарифтик баасы өздүк наркына чейин төмөндөтүлөт деген элге убадасы бар. Эгерде Шадиев мырза тарифти төмөндөтө ала турган болсо элдин батасын алаары чындык. Анда, "Республика" партиясынын да кадыр-баркы көтөрүлөт. Бирок, "жылан чагып, жылкы теппей" туруп эле Жогорку кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Убактылуу Өкмөткө асылып кирди. Убактылуу Өкмөт Ахматбек Келдибеков мүчө болуп турган, Данияр Үсөновдун өкмөтү көтөргөн тарифтик бааны 1 сом 50 тыйындан 70 тыйынга түшүрдү. Кокус революция болбой калса, июлда электрге баа 3 сомго көтөрүлүп, ушул жаңы жылдан баштап 4 сом 50 тыйынга чыкмак. Албетте, Ахматбек мырза Бакиевдердин колтугуна кирип алып салыкты тейлеп жүрө бермек да , бийлигине таянып эл төлөгөн бааны төлөмөк эмес. Эми эптеп ал Бакиевди бийликтен кетирген Убактылуу өкмөттү каралагысы келип турат. Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде мурдагы чиновник Ахматбек мырза убактылуу болсо да коңулга кирип, айласы кетип турду го.Эми ал үчүн өч алыш керекпи? Себеби парламенттин эки тизгин, бир чылбыры колунда эмеспи.


(Уландысы 10-бетте)