, 14.01.11 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Күлкүлүү жана кызыктуу саясатчылар
Екатерина ll өзүнүн хансарайынын ашканасынан кызматчылары көп-көп кылып тамак-аш, керектүү азыктарды ташып кетип жаткандарын көргөндө ар дайым "мага деле бир нерсе калтырышпайбы" деген сөзүн кайталаган. Бирок ал оптимист болгондуктан кызматчыларынын ташып кетип жатканына эч убакта кейиген эмес, "эң негизгиси уурдаганга бир нерсең бар болсо ал да жакшы белги" деген көз карашын бир катында жазып калтырган.


Никита Сергеевич Хрущев ар дайым өзү менен бирге Америка элчисинин жубайы белек кылган рюмканы алып жүргөн. Ал рюмканын сыртынан ичине көп алкоголдук ичимдик уюлган сыяктуу көрүнгөнү менен ичи айнек менен толтурулгандыктан аз гана ичимдик баткан.
Англия королевасы Анна өзүнүн бөлөсү граф Кларендонскийди Нью-Йорктун губернатору кылганда ал Америкага аялдын көйнөгүн кийип келген. Граф бул жасаганын туура деп эсептеп, бул шаарда мен аялдын бийлик жүргүзүүсүн жеткирем деген. Эгер азыркы учурда ошондой болсо элдин баары башкача көз карашта болуп, ар кандай шылдың сөздөр айтылмак.
Франклин Рузвельт саясатчылар менен сүйлөшүп отурганда алардын жөн гана угуп жаткандай түр көрсөткөнүнө атайын бир жол таап алган. Маектеши сөзүнө кулак төшөбөй ою башкада болуп жатканын байкаар менен ал: "Кечээ мен өзүмдүн чоң энемди өлтүрүп койдум" деген. Ал сөзүнө көбүнчө: "Ооба, ооба, албетте…" деген жоопту алган.
Джон Хинкли бир актрисага өзүнүн кандай кыйын экенин тастыктагысы келип тапанчасын алып Рональд Рейганды отургузуп өпкөгө аткан. Эч ким ага эч нерсе дей алган эмес.
Президент Линкольн болсо официанттарга "мен чай дегенде кофе алып келгиле, ал эми кофе ичүүнү каалайм дегенде чай алып келишиңер керек" деген.
Саясатчылардын журналисттер менен тил табыша билүүсү негизги орунду ээлейт. Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында америкалык сенатор Жонс журналисттерди абдан капа кылып ызаланткандыгы үчүн алар сенатордон өч алууну көздөшөт. Ал жөнүндө укмуштарды жасап, карьерасынын талкаланышына чейин жеткиришет. Бул дагы эч нерсе эмес, Жонстун ар бир аракетин көңүл сыртында калтырып коюшканда Жонстун саясатчы катары жашоосу аягына чыккан.
Израил премьери Бен Гурионго ушунчалык чуу менен ыйык жерде алгачкы сойкулар пайда болгонун айтышканда ал айткан адамдын ийинин кыса кармап " Көрдүңөрбү, эми бизде да баардыгы башка жер жүзүндөгүдөй болду!" деп кубана жооп узатып таң калтырган.





Маанай көтөргөн майрамдык балаты

Ысык-Ата райондук "Келечек" үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунда кыркка чукул бала тарбияланып келет. Бул жерде көпчүлүгү ата-энелери ичкен, же же жарым жетим балдар аталган борбордун тарбиячыларынын колунда тарбияланып, Киргшелк айылындагы мектепке барып билим алышат. "Келечектеги"балдардын жаңы жылдык кечесине барып катышып, алардын майрамдык маанайдагы ыр-бийине күбө болуп келдик. Ар кандай жомоктордун, сүйүктүү мультфильмдеринин каармандары, Аяз ата, Аяз кыз менен кол кармаша зал ичине коюлган чоң балатыны тегерктеп ырдап, көптөн күткөн Аяз атага даярдаган ырларын айтышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. "Келечек" борборуна "Айрекс", "Акселс" окуу борборлору жаңы жылдык белектерин алып барып тапшырышса, Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" кыздар түрк лицейинин 8-классынын окуучулары өздөрүнүн демилгелери менен 35 балага бут кийим белек кылышты. Ошондой эле Красная речка айылынын мектеп окуучулары өздөрү түзгөн "Брейк-Стайл" бий тобу келип балдарды заманбап бийлери менен таң калтырып, көңүлдөрүн көтөрдү. Балдарынын жаңы жылдык кечесине айрым ата-энелер да келип катышышкан. Кеченин аягында борбордун директору Жаманкулова Жылдыз Көкүловнаны сөзгө тарттык.


- Биздин балдардын көңүлүн көтөрүп келген баардык колдоочуларга, андан тышкары дайыма оорубузду колдон алган Сумарбек деген жигитке ыраазычылыгымды билдирем. Балдардын кубанычы биздин кубанычыбыз, алардын жүзүндөгү жылмаюу биздин көңүлүбүздү көтөрөт. Жалпы элибизди жаңы жылы менен биздин эмгек жамаат куттуктайт. Жергебизде тынчтык өкүм сүрүп ар бир бала ата-энеси менен бирге болсун. Үй-бүлө эч убакта ыдырабай, биздин келечегибиз болгон балдардын көз жашы төгүлбөй ата-эненин мээримине бөлөнүп жүрө беришин тилейм. Эч ким, эч качан жалгыз калбасын!
Ушул күнү "Келечектин" кичинекей тарбиялануучусу А.(бала багып алуудагы жашыруундук сакталышы үчүн атын толук жаза алган жокпус) жаңы жылды жаңы үй-бүлөсү менен тоскону кетип жаткан экен. Аны алыстан келген бир үй-бүлө алып кетип жатыптыр. Балдардын жаңы жылдык кечесин баштан -аяк кубанычка бөлөнө карап отурган атасы менен баарлаштык.
- Мен бүгүн абдан кубанып турам, буйруса жаңы жылда кызыбыз үйдү шаңга бөлөйт. Документ топтоо көп убакытты, ошону менен бирге көп убаракерчиликти талап кылганына карабай башынан аягына чейин чуркап жүрүп бүгүн гана чечимдин жыйынтыгы күтүлбөстөн колума тийгенде бир ишенип, бир ишенбей турдум. Кызым менен таанышканыма бир топ убакыт болуп калган, ар дайым ал эжейлеринин телефону аркылуу байланышып жаттык. Азыр кеченин аягына чыгышын чыдамсыздык менен күтүп, кийимдерин даярдап чуркап жүрөт. Биздин өз ата-энеси экенине бекем ишенип алды, капыстан адаштырып алып араң таппадыкпы дедик. Буйруса менин кызым эң бактылуу кыздардын бири болот.
А. тууралуу Жылдыз Көкүловна: "Биздин борбор ачылгандан бери экинчи жолу бала багып кетип жатышат. А. биздеги жападан жалгыз тоголок жетим кыз болчу, башкаларынын же атасы, же апасы, болбосо жакын туугандары бар. Ар бир бала жакшы үй-бүлөгө туш болуп, мыкты тарбия алып, балалыктын таттуу күндөрүн өткөрүшүн каалайбыз. Анын ата-энесин тапканы биз үчүн да кубаныч. А. абдан зирек, акылдуу, тырышчаак, адептүү кыз," дейт.
"Келечек"борборунда чет өлкөдөн келип балдарга тил үйрөтүү менен гана чектелбестен балдардын спорт багытында дүйнөлүк оюндарды билишине да көмөк кошкон волонтерлор да бар. Алардын бири Колифорниядан келген Жарред Хиплер. Аны бул жердегилер ак көңүл, ичинде кири жок жакшы жигит деп мактап калышат.
Андан соң тез эле бул жерде тарбияланган балдардын көңүл чордонунан орун алган "Брейк-Стайл" бий тобунун жеткчиси Элдияр Таров менен маектештик.
- Элдияр, бул топту түзүп чыгууңа эмне себеп болду?
- Эң башкысы кызыгуу болду десем жаңылышпайм. Бий адамдын жөн гана көңүлүн көтөрбөстөн ден соолугун да чыңдайт. Өзүм окуган Красная речка орто мектебиндеги бийге кызыккан балдарды чогултуп эки жыл мурда ушул топту ачып, ошондон бери бийлеп, өнөрүбүздү көрсөтүп келебиз.
- Кайсы жактарда бийлейсиңер?
- Мектепте, район аралык конкурстарга катышып алдыңкы орундарга жетишип жүрөбүз.
- Атайын бий менен машыккан жерлериңер барбы?
- Жок, чынын айтканда бизге көп нерсе жетишпейт. Ар кай жерлерде, клубда, кээде көчөдө деле машыгып, бийдин жаңы түрлөрүн үйрөнгөнгө туура келип калат.
- Топто канча бала бар?
- Он эки балабыз. Баарбыз бий дегенде ичкен ашын жерге койгондорбуз. Биздин өнөрүбүздү ата-энелирибиз да, мектепте мугалимдерибиз да колдошот. Буйруса алдыда көптөгөн пландар бар, аларды ишке ашырууга аракеттерди жасайбыз.
Айзада Көчкөнбаева