, 14.01.11 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  азил

ПаПкестан
Пародиялары -8
Башкы ролдордо:
Хатамба, Шер-хан, Чык татыбас Чыныбай, Текеакун, Бабашка, Шакал, Сакал, Балтек, Күлтүк, А.Кела, Ташизм, ХИПИКар, Жаакбар, Т,Багира, Каа, Тыртыксарт.
Окуя жунгли токоюнда өтөт.
Хатамба:
Акшакалдар жана жаш шакалдар! Бүгүн арабыздагы эң кадырлуу, Күлтүк аксакал алтымыш жашка карабай уулду болуп калган экен. Адегенде ишти баштабай туруп, ошол уулу үчүн алып жиберели. Жакшы башталыш жарым ырыс. Ишти жаш баланын төрөлүшү, жакшылыктын башталышы менен баштаганыбыз туура болот го дейм.
А.Кела: Эй, Хатамба, сен биздин жунглиден кетип, башка жунглиге өткөнүңдү унутуп калдыңбы? Эми бул жунглиге сен башкарма эмессиң, мен башкармамын. Чогулушту мен ачамын.
Шер хан: (Коңурук тартат)
А.Кела:
Ким бул коңурук тартып жаткан?
Шакал: Таксыр сыркоолоп жумушка көп активдүү катыша албай жүрөт. Болбосо, баардыгыңардан баатыр ушул эмес беле. Бир жолкусун кечирип койгула, таксырлар.
А.Кела:
Тартип деген болуш керек. Уктаса үйүнө барып уктасын.
Текеакун: Сен аны коюп Аравияда ким менен жолугуп келгениңди ачыктачы?
Хатамба: Ошону айтсаң, элди башкарганды коюп, өзүңдү башкарчы.
А.Кела: Эч кандай Аравия,-маравиясы жок эле эл катары катын баламдын кашында отурдум.
Ташизм: Эмне эле А.Келага асылып калдыңар. Мен быякта турам, мурдуңарды кандап коём.
Тыртыксарт: Сен антип эле курулай коркута бербе? Азыр сен эч ким эмессиң.
Ташизм: Омей, булар мени бат эле унутуп калышты окшойт.Өңгө унтса да сен унутпашың керек. Укум-тукумуңар менен өпкөңөрдү жакшы эле үздүм эле, аз болуп калган окшойт, ээ? Мени "сен кимсиң?" деп. Мен керек болсо келечектеги кыргыз президентимин.
Каа: Досум, президент болордон мурун аялдар менен айтышкан өнөрүңдү таштап алчы.
Бабашка: Достор, өткөн-кеткенди чукушпай ынтымакта иштейли дебедик беле. Болду да эми. Жаңы жылга жакшы жакшылык менен кирбейлиби.
Хатамба: Ошо мен да айттым го бу дүйнөң наристенин бир күлкүсүнө турбайт деп. Кана балдар, ошол жаңы төрөлгөн наристе үчүн алып жибереличи.
ХИПИКар: Сен качантан бери Күлтүк акенин жакшылыгына сүйүнүп калгансың. Экөөңөр ит мышык элеңер го.
Хатамба: азыр заман ушундай болуп жатпайбы. Жунгли таркап кетпеш үчүн шайтан менен да коалиция түзүп, шайтанды да куттукташ керек болууда. Андыктан келгиле ынтымагыбыздын башталышы катары ушул наристе үчүн алып жиберели.
Сакал:
Мен ичпейм. Жума намазга барышым керек.
Күлтүк: Мен да иче албайм, церковго барып уулум үчүн сыйынып келишим керек.
Шакал: Күлтүк ичпесе, Күлтүктүн баласы үчүн биз ичмек белек. ( стакандагы аракты төгүп жиберет)
ХИПИКар: Эй, ырыскыны чачпа. Бул акчага келген. Бюджетти бүтөй албай жатсак, ырыскыны чачасың да.
Чык татыбас Чыныбай: Эч нерсе эмес, аракта эч кандай ырыскы болбойт. Ырыскы эмгекте, бизнесте. Мен мына бизнестен келдим…
Бабашка: дайыма эле ушинте бересиң да. Жеке маселени токтотуп мамлекеттик маселеге өтөлүчү. Иштейбизби акыры.
Күлтүк: Каяктагы иштегенди айтасын. Азыр иш баштоо заманы эмес, иш таштоо заманы башталды. Мугалимдердин иш таштаганын угуп жатасыңбы деги?
Бабашка: Аны мен кайдан укмак элем, уюштурган сиз эле укпасаңыз.
Күлтүк: Оозуңа карап сүйлө. Далилиң барбы? Далилсиз күнөөлөбө адамды.
Шакал : Ээ, достор аны коюп быякты сүйлөгүлөчү. Быякта манилүү кеп жатат. Батя тигини аскер заводуна директор кылыптыр дейт го. Эми накта шорубуз шорподой кайнабасын. Аскер заводунан чыккан бомбалар менен баарыбыздын ташыбызды талкан кылбасын.
А.Кела: Ал маалымат жалган. Бакый азыр Белорусияда эмес, Аравияда. Мен өзүм жолугуп келдим го. Калп эле өрдөктү учурган журналисттерге ишенбегиле да.
Текеакун: Эй, сен жана Аравияга барган жокмун, Бакый менен жолуккан жокмун дебедиң беле?
А.Кела: Ооба, жолуккан жокмун, ким айтат жолукту деп? Журналисттер жаза бербейби. Биз журналисттердин укугун чектешибиз керек. Биз шымыбызды бүчүлөгөнгө үлгүрбөй калсак деле сүрөткө тартып алышат экен уят кылып.
Каа: Андай болсо, шымыңды дайым бүчүлөп жүр да.
А.Кела: Эми ар кандай болот да. Эч кимибиз деле андан таза эмеспиз го. Мына жакында баарыбыздын порнотасмаларыбызды чыгарышат экен. Даана согуш ошондо башталат. Ага чейин алдын алып журналисттердин өпкөсүн үзүп коюш керек.
Ташизм: Коркпо досум, что естественно, то не безобразна. Менин шымым бүчүлөнбөй калса деле уялбайм. Журналисттериң мактап жазабы, жамандап жазабы мага чын жүрөктөн баары бир.
Бабашка: Достор өтө эле ылдый түшүп кеттик. Шымды сүйлөбөй давай өйдөрөк жылып көйнөктү сүйлөйлү.
Ташизм: Сен тың болбочу, Энергетика министрин алсам эле Кыргызстанды гүлдөтүп жиберем дедиң эле, кана гүлдөткөнүң? Кайра өмүрү свети жалпы өчпөгөн Бишкекти эки саат көрдөй караңгы кылып элдин үрөйүн учурдуң. Жанагы Шадыраңыңды кайдан апкелгенсиң. Аның энергетика маселесин түшүнмөк тургай түшүндө көрө элек неме го?
Бабашка: Сен менин шадыраң-бадыраңыма тийишпе. Өзүң эле бирдеме түшүнгөн билимдүү кишидей сүйлөйсүң да. Өзүң кечээ эле көчөдөн келген бадыраң экениңи унутуп калдыңбы?
Ташизм: Сен улутка күйбөйсүң. Улутка күйсөң таза кыргызча сүйлөмөксүң.
Бабашка: Мен эмне орусча сүйлөп атамбы?
Ташизм: "бадирең" дебей "бадыраң" деп атпайсыңбы.
Хатамба: Эй, койгула балдар. Темадан алыстап кеттик. Бүгүнкү темабыз "экономика" жолдоштор!
А.Кела: Теманы эмне кыласың, өз жунглиңе бар. Ал жактан мугалимдердин пикетине барам деп таза мугалим болуп кеткен тура "бүгүнкү темабыз" деп. Бүгүнкү темабыз бүттү эми, дагы эч мыйзам кабыл алынбай, убакыт короп, жунгли мыйзамынын мөөнөтүн узартууга туура келүүдө. Ушинте берсеңер өмүр бою адамдарды мыйзамына жетпей жунгли мыйзамы менен жашай беребиз.

Азизбек Келдибеков