, 14.01.11 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Кыргыз Рухунун" архивинен

Жетинин бири кыдыр
Быйыл газетабыз 20-жашка чыкканы турат. 1991-жылы 14-августтан бери чыгып келаткан газетабыз эгемен Кыргызстан менен жашташ. Чейрек кылымдык бул убакта газетабыз не деген чыгаан журналисттерди өз мектебинен өткөрүп, не деген мамлекеттеги окуяларга күбө болуп, аны өз бетинде чагылдырып отурбады. Газетабыздын 20 жылдык архивин барактап отуруп эле эгемен мамлекетибиздин ар бир баскан кадамын аныктап алууга болот экен. Биздин тарыхыбыз бул эгемен кыргыз мамлекетинин кыргыз тилдүү журналистикасынын күзгүсү. Биз ошол күзгүдөн бир сыйра каранып алуу максатында сандан санга "Кыргыз рухунун" архивинен материалдарды жарыялап турмакчыбыз. Эмесе, газетабыздын алгачкы редактору Султан Раевдин белгилүү коомдук ишмер маркум Бекмамат Осмонов менен болгон мындан 20 жыл мурунку маеги сиздердин назарыңыздарда.

Бекмамат Осмонов
- Бекмамат Осмонович, гезитибиздин бетинде ачылып жаткан "Жетинин бири кыдыр" деген жаңы аталгабызга Сизди алгачкылардан болуп чакырып жаткандыгыбыздын да жүйөөсү бар. Себеби Сизди төрагалыкка жамы эл жапырт туруп шайлабадыбы. Башка төрагаларды депутаттар гана шайлаган болсо, Сизди депутаттар да, эл да шайлады. Ошол себептүү Сиздин феномениңизге кайрылууну туура көрдүк. Ар бир адам өзүнүн адамдыгы, ички купуя сыры, кызыктуу кырлары менен өзгөлөрдөн айрымаланып турат. Мынчалык элиңиз колдочудай Сизде кандай сыр бар?
- Менде ашкере деле кудуреттүү сыр жок. Болгону эл менен элдин тили менен гана сүйлөшүп келем. Азыр алдыбызда чоң проблема жатат. Базар экономикасы күн санап турмушубузга тамыр жаюуда. Ал жөн гана экономикалык жаңы мамиле эмес, кимдин ким экендигин, улуттун улут экендигин тастыктай турган ырайымсыз сыноо. Биз азыр уруучулуктун, феодалдыктын көк тумоодой жайылган туманы каптап жатканда баягы Гамлеттин өктөм суроосу "бар же жок " деп коңгуроо чалып турат. Эң эле астыртан кыйноого салган себеп бу - биздин элибиз мезгилдин тактикасын үйрөнө албай жатат. Тоталитардык психология, бир жагынан улуттук текебер адатыбыз, алдыга умтулуунун дөңгөлөгүнө, "казык салып" отурбайбы?.. Бүгүн биз ошол "чылыктардан" айрылсак гана өсөөр эл, туусу бийик журт болобуз. Жетекчи биринчи кезекте "улук болсоң кичик бол" деген принципти бекем тутпастан, жогортон келген дерективалар менен, буйруктар, закондор менен жашап келебиз. Эл менен иштөө демек ал - абийир менен иштөө дегендик. Абийириңдин канчалык тазалыгын өзүң билбейсиң, эл билет, эл таразалайт. Элге кызмат кылуудан өткөн ыйык нерсе жок деп билем.
- Кечиресиз, ошол мааниден улам облустун эли Сизди Президентикке талапкөр көрсөтүүгө аракет кылган окшобойбу...
- Ырас, көпчүлүк эмгекчилер, эмгек жамааттары мени Президенттикке көрсөтөбүз деп официалдуу кайрылды. Мен алардын оюна, тилегине ыраазылык билдирдим. Эл үчүн иштейм деген адамга ал каерде отурбасын иш жараша тургандыгын айттым. Ыраазычылыгымды билдирдим. Эгер Президенттикке келе турган болсок, азыркы учурда Аскар Акай уулундай, бу кишинин деңгээлиндей саясат майданына суурулуп чыккан инсанды учурата элекмин. Аскар мырза Акай уулу азыр союзда гана эмес, дүйнөлүк аренадагы саясатчы катары тааныла баштады. Ошол себептүү анын жүргүзүп жаткан саясий ишмердүүлүгүн мен негизинен туура деп баалайм. Аскар мырзанын кандидатурасын толугу менен колдошубуз керек. Айтмакчы жакында өткөн облустук Кеңештин сессиясында да баарыбыз анын талапкерлигин толук колдой тургандыгыбызды билдирдик. Туура жолдо бараткан адамды туура колдоонун өзү акылмандуулук да, ыймандуулук да.
- Сессия тууралуу айтып калдыңыз, Жалал-абаддык эл депутаттар республикада биринчилерден болуп аскер курагында жеткен жаштарды өлкөнүн курулуш бөлүктөрүнө жибербөө, жөнүндө Кайрылуу жарыялабадыбы?..
- Бул маселе жөндөн-жөн козголуп жаткан жери жок. Аны турмуш өзү күн тартибине коюп жатат. Ар бир гумандуу акт эң оболу адамга кызмат кылышы зарыл. Адам укугун оргоо маселеси курч коюлуп жатканда бул маселени көңүлдөн сырт калтырууга таптакыр болбостугун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайм. Акыркы кезде Армиянын ичинде түзүлгөн антиконституциялык кырдаал, Москва округундагы аскердик уставдын одоно бузуучулук, улуттук текеберчилик улуттук мамилелердин кескин курчушу аскердик бөлүктөрдө, айрыкча аскер курулуш бөлүктөрүндө оор кырдаалды шарттап олтурат. Адам укугун тепселеген көрүнүштөр Советтик Армиянын катарында кадимки мүнөзгө ээ болуп, адамды-адам кемсинтүү, анын улуттук намысына тийүү, тепселөө кордоо, токмоктоо күч алып, анын акыры жаш адамдардын мунжу болушу менен аяктап жаткандыгы биздин жүрөгүбүздү эзип, тынчсызданууну туудурууда. Муну бизге кайрылган жүздөгөн аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин каттары, ата-энелердин арызы, армиядан кордук көрүп качып келген жаш адамдардын жан чыдагыс көргөн азаптары айгинелеп отурат. Акыркы күндөрдүн аралыгында эле Жалал-Абад областынан аскерге чакырылган 100гө жакын бала армиядан качып келген.
Адам закон үчүн эмес, закон адам үчүн кызмат кылыш керек. Советтик Армия адам укугун тебелеп-тепселөөнүн армиясына айланып бараткандыгы адам катары, балдардын атасы катары да тынчсыздандырат. Армиянын катарына эки жылга кызмат өтөөгө чакырылган кээ бир балдар азыркы тынчтык мезгилинде өз үйлөрүнө темир табыттарда кайтып жаткандыгы элдин нааразычылыгын күчөтүүдө. Ошонун натыйжасында областтын аймагында миңдеген эл катышкан митингдер өтүп жатат.
Энелерден боор этинен жаралган балдар кайсы күнөөсү үчүн жок жерден каза таап, кайсы күнөөсү үчүн мунжу болуп келүүдө? Муну кантип ата-энелерге түшүндүрүп беребиз? Буга ким жооп берет?
Ар бир жаш адам улуттун келечеги, демек бул маселе бизди көңүл кош калтырбоо керек. Ал нагыз улуттук мүнөзгө ээ. Ошол себептүү эл депутаттарынын Жалал-Аббад областтык кеңешинин чукул чакырылган кезексиз алтынчы сессиясына катышкан депутаттар бир добуштан күзгү аскерге чакырууну убактылуу токтотуп турууну, курулуш бөлүктөрүндөгү кызмат өтөп жаткандарды тез чакыртып алууну, аскердик уставдардын талаптарын одоно бузган бөлүктөрдүн командирлерин сотко берүү, кордук көргөн балдарыбызга компенсация төлөнүшү керек деп чечти. Аскерге чакырылгандардын кызматын республиканын чегинде өткөрүүгө, ал эми курулуш бөлүктөрүнө балдар тең укуктуу келишимдин негизинде кепилдикке алуу менен кызматка баруусу тийиш.
- Бекмамат Осмонович, өлкөнү каптаган терең кризис, сөз жок Жалал-Абад облустун да каптап жатат чыгар. Кризистен чыгуунун жолун эмнеден көрүп жатасыз?
- Кризистин сазына экономикабыз белчесинен батып жаткан учурда биз андан кантип чыгуунун жолун издешибиз керек. Али да болсо биз жаңы проблемаларды эски метод менен, буйрукчул-акимдик жолу менен чечкени жатабыз. Экономикада жүз алмаштыруу же орун которуштуруу таптакыр майнапсыз. Азыр учурдун өзү жаңыча ойлонуу, жаңыча экономикалык механизмдерди табууну бизге каңкуулап жатат. Дале болсо баягы "бюрочулук" же коллегиялуулук чечмелөө методу бизди тушайт. Экономика биринчи кезекте эркин болушу шарт. А биз аны кыймылга келбеген ар тараптан ар кандай өлүк дерективалар, инструкциялар менен тушап салганбыз. Ал чынжырды бузуу керек. Ансыз алдыга жылуу кыйын. Айталы, айыл жергесинде өндүрүлгөн сүт, эт, жүн, тамеки, пахта баасын алалычы: бирөө 22-25 тыйын турат. Экономика соода-саттыксыз өнүкпөйт. Жалал-Абад обулусу ресурстарга өтө бай. Электр энергиясын, сууну биз дүйнөлүк баа менен сатышыбыз зарыл.
Антпесек, экономиканы калыбына келтирүү кыйын. Облусту кризистен чыгаруу багытында биз айрыкча ички мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз. Чет өлкөлүк ишкер адамдар менен мамиле түзүп, алар менен түздөн-түз алакакатыш жасоо ниетиндебиз. Ал эми тамекиге, пахтага болгон бааны алда канча жогорулатпасак айыл чарбасын калыбына келиши, оңолушу кыйын. Ошол себептүү республика менен союздун ортосундагы алмашуу эквивалентин кайрадан карап чыгуу мыйзам ченемдүү жагдай.
Экономикалык билимди тереңдетүү, аны ар тараптан дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү учурдун орунттуу маселеси. Жогорку окуу жайларында менеджерлердин курсун ачуу керектигин мезгил өзү талап кылып жатат.
- Бекмамат Осмонович, 12-октябрда жалпы элдик Президентти шайлоо жүрөт, бирок жалал-абаддыктарга дагы бир сурап-билүү баракчасы берилгени турат. Облдасттык Кеңештин сессиясында депутаттар Жалал-Абад областына мэр башкаруу системасын киргизүүнү койду. Жаңы башкаруу методунун зарылчылыгын эмнеден көрөсүз?
- Биз баарыбыз текши ооздон эле "Бийлик Советтерге берилсин!" деп жатабыз. Чындыгында Советтер реалдуу бийликти колуна ала элек. Себеби анын механизмдери али да болсо толук калыптанбагандыгын көрүп жатабыз. Мэр башкаруу системасында райондун, шаардын, облусттун жетекчилерин эл шайлайт, эл гана чыныгы татыктууларды таңдайт. Мэр башкаруу системасынын өзүндө чыныгы демократия жатат.
- Кечиресиз, мэр деген сөз негедир кулакка жат угулуп жаткансыйт.
- Албетте, биз анын кыргызча маанисин издеп жатабыз. Кыргызча түшүнүктөрдү киргизсекпи дейм. Аны үчүн өткөн тарыхыбызга кайрылуу керек го деп ойлойм.
- Анда Сизди эмне дейбиз?
- Облусттун төрагасынбы?.. Аны аким дейбиз, ал эми Президентти болсо ажо дейбиз... Мындан эл чочулобоо керек. Түрктөр деле министрлерин бакан дейт турбайбы.
- Бекмамат Осмонович, Жалал-Абадда Осмоновдордун кадыр-баркы чоң экен. Буга сиздин таасириңиз тийген жокпу?
- Жок. Менин бир туугандарым да эл үчүн кызмат кылсам деген адамдар. Ар бири өз кызматында абийирдүү болсок дейт. Бир үйдөн экөөбүз Кыргыз республикасынын эл депутатыбыз.
- Сиз жөнүндө эл арасында ар түрлүү кептер бар экен. Айрыкча адабиятка жакындыгы көбүрөөк дейт. Бул туурабы?
- Ал сөздүн төгүнү жок. Чындыгында мен адабиятка көп кызыгам. Адабият эле десем өтө тарыраак болуп калар, тарых, музыка мени көбүрөөк арбап кетет. Облустун маданиятын көтөрүү менин негизги милдетим деп эсептейм. Токтогулдун 120 жылдык мааракесинде мага архитектор болууга да туура келди.
- Айтмакчы, курманжан Датканын 180 жылдыгында сиздин сөзүңүзгө жазылган ырды угуп калдык...
- Ырас... Мен кээде ыр да жаза коем. Албетте, ал өзүм үчүн... Курманжан датка тууралуу ыр жаздым эле, ага белгилүү эстрада чебери Шамшыбек Үтөбаев музыка жазды. Сиз ошону уксаңыз керек.
- Ырды кайсы убакта жазасыз?..
- Ал сезимге байланыштуу го. Илхам келгенде ыр жазып калам. Айрыкча кооз жаратылышты көргөндө сөзсүз ыр жазгым келет. Чындыгын айтсам, жашырганда эмне? Сулуу аялдарды көрсөм анын сулуулугуна ыр багыштагым келет.
- Сулуулукту кандай түшүнөсүз?
- Сулуулук өзүнчө турганда сулуу. Эки тең койсо чыныгы сулуулукту байкай албайсың. Сулуулук өзүнчө турганда байкалат. Ал дүйнөдө таанып-билүүгө дилгирлентет жашоонун кооздугун, тирилүүктүн улуулугун даңазалайт.
- Курманжан датканын тою тууралуу сөз жүрүп калды. Ошол тойдо Сиз эл арасынан кырк чороңуз менен өткөндө элдин тура калып кол чапканы эсибизде...
- Датка энебиздин тоюнда биз өз балдарындай көрүнөлү дедик, улуттук кийимдерибизди, ырасмилдирибизди жасап, кадимки керней-сурнайларыбыз менен Асабаны желбиретип өттүк. Алар Осмоновдун кырк чоросуна таазим кеткен жок, ири алды биздин кайтып келген салтыбызга, чоролук бийик намысыбыз деп ойлойм. Салтты билбей туруп той өткөрүүгө болбойт. Биз датка энебиздин 180 жылдык мааракесин, тагыраак айтканда кара ашын өткөрдүк. Кыргыз эли эч качан ашта белекке ат тартуулаган эмес. Муну маареке өткөрүүчүлөр таптакыр эсинен чыгарып койгондугу өкүнтөт. Кыргыз баласы атка отургандан кийин бекем отуруш керек...
- Сиз жетекчи катары эмнеге каршысыз?
- Мен процентоманияга каршымын. Башкаруудан эң илдеттүү, эң эле саркындуу маселе ушу. Эсиңиздедир мындан бир-эки жыл мурда кайсы аймакта кайсы улуттун өкүлү көп жашаса ошолордон жетекчилер шайланышчу эле. Биз муну таптакыр жойдук. Кимдин жөндөмү, уюштургучтугу, иш билермандыгы жогору болсо ошону дайындайбыз. Улутуна, уруусуна карабайбыз.
- Эмнени колдойсуз?
- Чынчылдыкты колдойм. Бир сөз, сөзгө бекем адамды жактырам.
- Осмонов кайра курууну жолдон баштады дейт...
- Турмуш өзү жолдон башталат. Турмуш жолдон башталган соң, баары жолдон башталыш керек. Жолсуз өмүрдү да, турмушту да элестетүүгө кыйын.
- Жолуңуз байсалдуу болсун! Маегиңизге ракмат!
- "Жетинин бири кыдыр" деген аталгага мени биринчи тартканыңар үчүн ракмат. Элибизде кыдыр даарыган адамдар көбөйө берсин.
- Акыркы суроо "Кыргыз рухуна" жазылдыңызбы?..
- Жазылдым.
- Элдин бийик руху Сизди колдоп жүрсүн!..
Аңгемелешкен Султан Аким