Кыргыз гезиттер архиви

Жаңы, жаңы, жаңы жыл
Жаңы дыл ар бир адам үчүн өзгөчө майрам. Үй-бүлөң менен чогуу атайын түркүм даам жайнаган дасторкондун четинде отуруп жакшы тилектерди айтып, сааттын жебеси он экини какканда шампан аттырган бул майрамды күтпөгөн адам жок чыгаар. Бул күндү элге таанымал адамдарыбыз кантип тосот, ушул майрамда эсинде калган окуялары тууралуу баяндап, алардын кыргыз элине болгон куттуктоолорун берүүнү туура таптык.


КР нын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова: Эл кубанса кубанып, кайгырса кайгырдым
- Эже, өтүп бара жаткан жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?
- Өтүп бараткан жыл жалпы эл үчүн оор жылдардан болду десем жаңылышпайм. Элге көп аралашкан адам болгон соң көпчүлүк менен кошо ыйласа ыйлап, кубанса кошо кубанып, кайгырса кабак бүркөлгөн күндөр болуп жатты. "Ошентсе да жакшы тилек- жарым ырыс" дегендей жакшы тилек кылып, эл-жерибиздин тынчтыгын тиледик. Жолборс жылы болуп өткөн терс окуялардын баары өзү менен кетип жаңы жылда жалаң жакшылыктарга күбө бололу. Жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, элибизде ынтымак, бакубаттуулук болуп, ар бир үйгө кут, бакыт консун. Жаңы жылда ар бир бала ата-энесинин мээримине чулганып, наристелердин күлкүсү жаңырып турсун.
- Жаңы жылда кыздарыңызга өз колуңуз менен тамак даярдап берүүнү жактырасызбы?
- Бул майрамда ар бир аялзаты колунан келишинче дасторкондун көркүн чыгарууга аракеттенсе керек. Кыздарым менен чогуу эл катары эле дасторкон даярдайбыз, башкалардан өзгөчөлөнгөнбөйбүз деле. Балдарым кандай тамакты кааласа ошол дасторкондон орун алат. Менин балдарым кичинесинен кичине-кичинеден анан тез-тез тамактанганга көнүп калышкан, андыктан аз-аздан тез-тез оромо, кекс, блинчик жасайбыз. Ал эми Маликам пловду абдан жакшы көргөндүктөн саат он экиге жакындаганда сөзсүз түрдө плов жасайм.
- Жаңы жылдан соң бир топко эс алсаңыздар керек?
- Негизи быйылкы жаңы жылды Малика экөөбүз алыс жакка барып тосуп келүүнү пландап жаткан элек, бирок катар-катар телеге тартылуу, концерттер көп болгондуктан жаңы жылдан кийинкиге калды. Буйруса чет өлкөлөрдүн бирине барып эс алып келебиз.
Жанета Бобкова:
- Эсиңизде калган жаңы жыл тууралуу айтып берсеңиз?
- Беш-алты жашымда болсо керек, бала бакчага барган учурум эле. Апам мага жаңы жылдык майрамга кийгенге красная шапочканын кийимин тигип, корзинама ысык пирожки салып берди. Баарыбыз елканы айланып хор ырдап жатканыбызда чалынып жыгылып кетип жомоктогудай чоң энеме алып барып бере турган пирожким жерге чачылып кичинекей балдар талашып жыйнап жүрүшөт. Ошондо мен катуу ызаланып ыйлаганым азыр да эсимен кетпейт. Жаңы жылда балдар жомок дүйнөсүнө аралашып, чын эле болчу окуядай кабыл алаарын өзүмдөгү ушул окуя аркылуу сезем.
- Өтүп бара жаткан жыл сизге эмнеси менен эсиңизде калды?
- Кыргызстандын тарыхында кала турган эки чоң окуя болду, кырсык аралады, ага биз да кайдыгер карай албай эне катары, өлкөбүздүн атуулу катары жүрөгүм ооруп, жеримдин тынчтыгын, элимдин амандыгын, ынтымагын кудайдан тилеп жаттым. Жеке өзүмө келсем жыл башында цирк аянтында бир аз кырсыктап калдым, бирок кудайга шүгүр жакшы болуп кеттим. Өткөн жылда мен үчүн эсте калаарлык деле орчундуу окуя болгон жок.
- Жыл жаңыраарда жалпы элге болгон каалоо-тилегиңиз?
- 2011-жыл баарыбыз үчүн жакшы жылдардан болсун, мамлекетибиз бутунан туруп кетсин, эл-жерибизде токчулук болсун. Жолборс жылы келе жатканда оор жылдардан болот дешкен, буйруса коен жылы жакшы жалдардан болот экен, кырсык, кайгы-капанын баары эски жыл менен кетсин. Жаңы жылыңыздар менен мекендештерим!
Айзада КӨЧКӨНБАЕВА





Кароосуз калган балдарга Адам укуктары
боюнча Кеңеш жардамын аябайт
Жакында, Адам укуктары боюнча Кеңеш "Кыргыз Республикасындагы мигрант ата-энелердин балдарынын абалы" деген темада тегерек үстөл болуп өттү. Анда, Бишкек, Ош шаарларында ,Жалал-Абат жана Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Чүй аймактарында бир нече тегерек үстөлдөр пландуу түрдө өткөрүлүп, жыйынтыктарын чыгаруу маселеси каралды. Аталган иш-чаралар Ош, Жалал-Абат жана Нарын, Бишкек шаарларында онлайн көргөзмө конференциясы форматында өткөрүлүп, катуу талкууну жаратты.

Аймактарда өткөрүлгөн иш -чараларга жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, райондук администрация башчылары, шаардын мэрлери айыл өкмөт башчылары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, балдардын укуктарын коргоо эксперттери чакырылган.
Анда төмөндөгү маселелер каралды:
- Мигрант ата-энелердин (легалдуу, легалдуу эмес, ички) балдарынын абалынын мониторинг системасы;
- Ата-эне багуусунан ажыраган балдардын саны;
- Мигрант ата-энелердин балдарын эсепке алуунун формасы;
- Мигрант ата-энелердин балдарынын проблемалары (медициналык жана социалдык тейлөө, психикалык жана интеллектуалдык өнүктүрүү);
- Мигрант ата-энелердин балдарын билим берүү системасында эсепке алуу;
- Ата-энелердин балдар үчүн жоопкерчилиги (анын ичинде мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасы).
Аймактарда өткөрүлгөн талкууда айтылган эксперттердин пикири боюнча: Бул проблемалар бүгүн эле чыга калган жок, мамлекетте жумушсуздук күчөп, карапайым калк балдарын кары-картаң ата-энелерине же жакындарына, тааныштарынын колуна таштап, алыскы жана жакынкы мамлекеттерге жумуш издөө үчүн кетип жатышат. Бул жакта калган жаш балдар ата - энелердин көзөмөлү жоктугунан билим алуу зарылчылыгынан алыстап, ар кандай мыйзам бузуу иштерине аралашып кетип жатат. Андан сырткары, жашы жете элек балдар базарларда араба сүйрөп, бирөөлөргө жалданып иштөөдө. Ошол эле мезгилде, уурулук, талап-тоноочулук менен алектенген дагы балдарды баса белгилеп кетүү абзел. Ошондуктан, жаш балдардын укуктары бузулуп, социалдык-психологиялык депрессияга кабылып, аларга өз учурунда зарыл медициналык көзөмөлдүн жоктугунан өспүрүм балдардын жашоосу адам чыдагыс шарттарда терс психологиялык жана табигый өзгөрүүлөрдү жаратып, акыркы жылдары андай проблемалар күн санап өсүүдө.
Ошондуктан, аталган проблемалар боюнча "Балдарды инвестициялоо - Миң жылдык өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүнүн өбөлгөсү" аттуу тегерек үстөлдүн жыйынына Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева катышып, кароосуз калган жаш балдарды мамлекет тарабынан дагы көзөмөлгө алуу зарылчылыгы жакынкы аралыкта чечилеээрин айткан.
Бирок, Кыргыз Республикасында мамлекеттин эле колун карай бербестен адам укуктары боюнча Кеңеш бир нече жылдан бери ата-энелердин кароосунан ажырап калган жана мигрант ата-энелердин көзөмөлүнөн ажыраган балдарды коргоо, аларды өз убагында билим берүүгө тартуу, психологиялык жактан жакындан жардам көрсөтүү иштерин жасап келет. Андан сырткары айтмактарга барып, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, жер-жерлерде жана шаарларда кароосуз калган балдардын санын тактап, аларга өз учурунда жардам берүүнү колго алган. Андан сырткары, адам укуктары боюнча Кеңеш жыл сайын "Кыргызстандагы балдардын абалы" аттуу китептерди чыгарат. Анда, кароосуз калган өспүрүм балдардын билим алууга, медициналык, психолгиялык жактан укуктары тууралуу кеңири маалымат берилген.
Ж. Жээналиева