Кыргыз гезиттер архиви

Жетимдердин көз жашы
Айдар Айбек авасынын келгенин укканда эмне кылаарын биле албай "азыр эле өзүм эле бара берсемби же Кадижаны ала кетсемби? Жок мен биринчи телефон аркылуу сүйлөшүп алып, анан барайын" деп ойлонуп бүткөнчө эле телефону шыңгырап калды.
Алоо, Айдар мен Айбек аваңмын. Таңкы 5тер чамасында учуп келдим. Дароо эле такси менен Балыкчыга келе бердик. Сен шашпай кечки саат 6-7лерге келе бергин. Келинди, досторуңду дагы ала кел. Азыр биз конок камын жей берели деди.
- Болуптур ава, балким мен эртерээк барып, сиз менен таанышканчакты жардам берсем кантет?
Мейлиң анда, тезирээк келип кал. Мен сени күтөм деп телефонун өчүрүп койду.
Айдар тезинен кийимин алмаштырып, Арсенге барды дагы "Байке Айбек байкем келиптир мен кеттим, силер кечирээк баргыла"-деди дагы жөнөп кетти.
Айдар барганча, Айбек келинчеги экөө базарга берып, керектүү нерселерин алышты дагы, кечки конокко даярдык көрө башташты.
Ата, ата дейм Айдар авам келди-деген үндөн улам сыртка чуркап чыккан Айбек көргөн көзүнө ишенбей далтырап туруп калды. Ой айланайын, Айдарым келдиңби, мен сени чын эле көрдүмбү-деп кучактаган бойдон солкулдап кечке ыйлады.
- Ава мен келдим го, эми ыйлабай эле койсоңуз болот. Бир Алла таалам өлтүрүп ажыратпаса, бизди эч ким ажырата албайт - деди ый аралаш буулуккан үнү менен араң сүйлөгөн Айдар.
- Машинеңде отурган ким, деди Айбек жашын аарчый.
- Ал сиздин келин
- Эй кокуй, энем кайда жүрөт. Медер энемди айтчы жолук даярдасын деди шашкалактай түшкөн Айбек.
Бардыгы үйгө кирип, жеңеси даярдаган дасторкондун үстүнө келгенде, "Эй братан, сен эмне деген аялды алып алгансың? Мунуң кыргызча билбейт го ыя? Боюнда дагы бар көрүнөт. Ичи аябай эле чоңоюп калыптыр"- деп быдылдай баштады.
Эй желмогуз эле баласың сенин кандай ишиң бар, бала деген баладай эле болсо -деп энеси тап бергенден кийин Медер эшикке чыга качып, кетти.
Айдар жүрү мени менен Тоңго барып мал алып келели. Мен сага түлөө берип, элден бата алайын дегенге эки көзү төрт деп Айбек инисинин кой дегенине көнбөй Тоң районунун төрткүл айылында жашаган туугандарындагы малын алып келүү үчүн жөнөп кетишти.
Кадижаны мен келгенче, абысының менен сүйлөшүп, жакшылап таанышып ал деди Айдар келинчегин тамашалай.
Ага-ини жолдо катар эмнени гана сүйлөшкөн жок. Сүйүнгөнүнөн Айбек машинени жаңырта ырдап дагы берди. Агасын жоктоп, ыйлады. Ушундай толкундоо Айдарда деле бар болчу. Бирок, өзүнөн улуу авасынан айбыгып, күлүп кете берди.
Айдарчик, мына биз келдик. Тетиги турган боз шапкечен атаңдын классташ баласы Нурдин. Анын жанында турган көк көйнөкчөн киши менен аталаш бир туугандарбыз. Биздин малды ушул аваң багып берет. Мен акчадан жардам берип турам-деп машине токтой электе эле секирип түшүп, бары менен кучакташып жатты.
- Ассалоому алейкум аксакалдар,
- Ваалейкума ассалам баатыр деди аталаш тууганы Бакыт.
А нука токтоп турчу, балам сен, ушу сен Асектин уулу Айдарсыңбы. Менин Асек досум, кайран гана жигит ай-деп Айдарды кучактап алып, бакырып ыйлай баштады.
- Мен сенин атаң Асек менен мектепти он жыл бирге окудук, анан бирге армияга бардык, бирге жогорку окуу жайын бүтүрдүк. Жанагы шерменде аял досумдун башын кантип айлантып алганын билбейм. Ажыраштыралы деп канча аракет кылдык. Такыр эле жабышып жүрүп, акыры силерди уурдап качып кетип, такыр дайыныңарды таппай калганда, кайран жигит сынып кана калды го чиркин деп жашын колу менен аарчый жүзүн ары бурду.
- Ой Нурдин эмне болуп жатасың, баладар жок дегенде үйгө кирип, даам сызышсын. Эшиктен эле баштадың го. Эмне сеп этип алгансыңбы?- деп үйгө киришти.
- Капырай, ой карасаңар менин Асек досума тамчыдай окшош экен да деди кайрадан Нурдин.
- Жарыктык, тун баласы Айдар болсо, атасына окшош болбогодо сизге окшош болмок беле -деди карсылдай күлгөн Айбек.

(Уландысы кийинки санда)
Нурзада Акмат




  Жаңгак гүлү


7-ирмем
Биринчи болуп Нурик эсине келди.
- Эх силер, ырахмат туулган күндүк белегиңерге. Мындай туулган күн эч кимде болбосо керек. Туулган күн дебей эле өлгөн күн деп койсо болгудай, - деген Нурик эшикти тарс жаап чыгып кетти. Касым бир аз буйдалып калды эле, Салия жалынып жиберди.
- Барчы, Касым, суранам, барчы. Бир нерсе болуп кетпесин. Досусуң го, бир нерсе кылчы. Нурик бир нерсе болсо, өзүмдү да, сени да эч качан кечирбейм.
Салиянын кучактап жалынып жибергенине каршы эч нерсе кылууга мүмкүн эмес экенин түшүнгөн Касым досунун артынан жөнөдү.
Бутун араң илкип келаткан Нурикке Касым бат эле жете келди.
- Сен мени эмне көлөкөдөй ээрчип алдың, - Нуриктин кыртышы сүйбөй унчукту.
- Сенин, балким мага айтар сөзүң бардыр. Мен кандай сөз болсо да угууга, көтөрүүгө даярмын.
- Ошончолук баатырсыңбы?
- …
- Андай болсо жакшы экен. Азыр сенин кандай баатыр экениңи көрөбүз.
Нурик Касымды ээрчитип жайкы кафеге келишти.
- Алып кел!
- Эмнени?
- Просто Мария болбочу. Заматта эле кой оозунан чөп албаган кудайы момун боло каласың да.
- А - а, түшүндүм.
Касым эки кружкага пиво алып келди.
- Мен пиво ичпейм.
Касым кайра барып, майда-чүйдөсү менен арак алып келди да, Нурикке куйду.
- Өзүңө эмне куйбайсың?
- Ичким келген жок.
- А-а, сен ичпейт эмессиңби? Сенин тартына турган кишиң бар да. Мага баары бир, менин тартына турган кызым да, жогото турган досум да жок.
- Кандай айтсаң да акың бар, досум. Ошондон жеңилдеп калсаң, мен көтөрүүгө даярмын.
- Ушинтип айтпачы. Даярмын эле дейсиң да, эмнеге даярсың? Ушундай болорун күтүп, ушинтүүгө даярданып жүрдүң беле?
- Жок, бул мен үчүн күтүүсүздүк болду.
- А мен муну күткөм. Ушундай болорун билгем. Ошол үчүн бүгүн эч кимди чакырган эмесмин.
- Демек, өзүң даяр экенсиң да?
- Ооба, бирок, жаман ойго киши ишенгиси келбейт да. Башкача болушун күтүп, башкача болушун тилендим эле. Андай болбоду. Ушунун баарына сен күнөөлүсүң!

Нурик жакшы эле өзүн кармайын деп отурган, бирок, капысынан ачууланып өзүнөн чыгып кетти. Эс тартканы бири-бирине колу көтөрүлмөк түгүл катуу айтышпаган достордун кайым-айтышы капысынан бир кездеги балалык тентек кездериндей мушташка айланып кетти. Кара күч жагынан бирдей болгондо, же экөөнүн тең ачуусунун деңгээли бирдей болгондо, балким, бул мушташ аёсуз болмок. Бирок, Нуриктин ачууга ууккан абалын Касымдын айкөлдүгү жана кара күч жагынан досунан бир топ айырмаланары абалды жеңилдетип, бул мушташ бир жактын чабуулу, экинчи жактын коргонуусу деңгээлинен ашып түшпөдү. Акыры бир мушташып анча-мынча бугун чыгарып алган Нурик эсине келип отуруп калды. Бирок, оюнан кайтпай сөзүн улады
- Ооба ушунун баарына сен күнөөлүүсүң! Сен башынан эле бизди көлөкөдөй ээрчип алгансың. Бир жакка кетип калсаң болбойт беле? Сөзсүз ортого түшүп, өз учуруңу күтүп жүрүшүң керек беле?
- А сен ошенте алат белең?
- Ошенте алам. Мен силерден кетем. Мен силерди көргүм келбейт. Экөөңдү тең. Силерди желкемдин чуңкуру көрсүн. Мен кетем. Көз көргүс жакка кетем.
- Антип айтпа.
- Анан кантип айтышым керек?
- Билбейм.
- Сен эч нерсе билбейсиң. Сен эч нерсе көрбөйсүң. Бирок, билмексен, көрмөксөн болуп алып, баарын тымызын жасайсың.
Мен тымызын эч нерсе кылган жокмун.
- Анан жөн эле Салия өзү келип колуңа конуп калдыбы, ээ?
- Аны биле албайм.
- Билесиң! Сопсонун билесиң. Жаныңды жебе!
- Менин билеримди сен деле билгенсиң да! (Касымдын ачуусу келе түштү) Биз бул жөнүндө сүйлөшкөн жок белек? Сен а түгүл мага жол бошотуп да бермек болбодуң беле? Унутуп калдыңбы? Же жол бошоткон кыйын бекен? Ооба, кыйын. Мен жыргап жүргөн эмесмин, билсең.
- Сен Салияны бактылуу кыла албайсың!
- А сен бактылуу кыла аласыңбы?
- Салия такыр башка адам. Сен такыр башка адамсың. Экөөңөрдүн табиятыңар эч дал келбейт. Салия бул чечими үчүн качандыр бир кезде сөзсүз өкүнөт.
- Ага көзү ачыктык кылгым келбейт.
- А мен көзү ачыктык кылып коёюн. Ошондо да кезигебиз.
- Муну сага ичиңдеги ызаң сүйлөтүп жатат. Эгер ушинтип айтуудан жеңилдеп калсаң, мен каршы эмесмин. (Бул сөздөн соң Нурик бошой түштү)
- Касым сен кантип чыдап жүрдүң? Үйрөтчү мага? Эмне үчүн мен сага окшоп баарына унчукпай чыдап, унчукпай көтөрө албайм? Оюмда экөөңү куттуктап жигиттик кылайын дегем. Анте албайт экенмин. Силерди куттуктаганга алым жетпейт экен. Ичим өрттөнүп жатат. Силерди эстегенде тим эле ичим өрттөнүп кетип жатат… (Нурик кызуу болуп калганга мууну бошоп баратты).
Касым досу менен бирде тирешип, бирде сооротуп отуруп, экөө түн оогончо отурушту. Оюнда Салияга учуп кеткиси келип жатса да, досун кыя албай отура берди. Качан гана түн оогондон кийин эки дос айрылышып, Касым үйүнө шашып келатты.
Салия Касымды көпкө күтүп олтуруп, "деги тынч болгой эле" деп тиленип жатты. Кечиккен соң, "бир чечимге келишкендир" деп өзүн сооротуп жатып көзү илинип кетти.
Касым келгенде Салия уктап жаткан экен.


(Уландысы кийинки санда)
Жибек КЕРИМКУЛОВА