Кыргыз гезиттер архиви

Жетимдердин көз жашы
- Мына кызык, сездим эле да…эмнеге өзүң келдиң? аялыңды алып келип, энеме чай кайнатып берсе колу сынабы. Сиз менин мейманымсыз, так что мен качан кет деп уруксат бергенде гана кетесиз. Сиз эмне аялыңыздан коркосузбу? Папам айткан биздин урукта эркектер аялдарга баш ийбейт. Аялдар эрин сыйлаш керек. Асек атама аялы баш ийбей туристер менен эс алып кетип калганда, эшикке чыгарып коюптур. Ал аял Асек атам жумушта жүргөн мезгилде келип, балдарды уурдап кетиптир"-деп айтып жатып, оозун колу менен жапкан бойдон эшикке чуркап чыкты.
- Мына кызык, жанагы катын ушуну жасамак - деп баланын байкабай айтып алып, коркуп кеткенин сезген Айдар Медерди шакаба чекмей болду.
- Ыя Медер, мен кеттим. Сен менин атамды жаман көрөт экенсиң.
- Ээ, брат Асек атамдыбы? Жок сиз андай дебеңиз, мен эле эмес аны элдин бары жакшы көрөт.
- Анда сен мени жаман көрүп жаткан турбайсыңбы ээ?
- Брат менин башымды көп оорутпай энем менен сүйлөшүп, отуруп турчу. Мен тамагымды жасап бүтөйүн. Анан сүйлөшөбүз.
- Тамакты мен күтпөй кетеберсемби деп ойлодум эле.
- Андай болууга мүмкүн эмес экен да. Ичип анан кетесиз.
- Айдар Медердин жинине тийип, ал какылдата берген жообуна боору эзилгенче күлдү.
- Братан, сага кылаарга ишиңиз жок болсо, мобу сүрөттөрдү көрүп отуруп туруңуз-деп эскилиги жеткен альбомду алып келип, столдун үстүнө койду. Мына Айдардын тууган-туушкандары менен жакындан таанышып, жүзүн көрү үчүн жок дегенде ушул альбом керек эле.
- Айдарым, келегой мен сага тааныштырайын, булардын барын билбесең деле керек деген кемпир отургучка жакын отуруп алып, бул сенин атаң Асек деп биринчи барактагы күлүп түшкөн сүрөттү көргөздү.
- Кызык деди Айдар ичинен таң кала. Атама мен коёндон окшош турбаймбы, аа бул силердин кичине кезиңердеги сүрөт. Аа бул Ширин деди да чоң эне кемшеңдеп, ыйлай баштады.
- Энеке, эмнеге бизди жанагы аялга берип салдыңар. Мен деле силер менен чоңоюп, силер менен бирге болсом эмне болмок. Ширин экөөбүз турмуштун кандай гана кордуктарын көргөн жокпуз. Ошол куу турмуштан, бир көркоонун жеми болуп, Ширин каза болду. Айдар сөзүнүн аягына чыкпай шолоктоп ыйлап кирди.
- Айланайын кулунум, жанагы шерменде үйдөн уурдап кеткенде, сураштырсак бир сары "Москвич" менен келген дешти. Асек менен Айбек бири автобекетти көздөй, экинчиси Чолпон-Атаны көздөй чуркашты. Такыр эле сыйпалап таппай калдык.
- Жалаң силерди таппай күйүттөн жумушун таштап, арак ичип, ден-соолугу начар эле каза болуп калды. Андан кийин Айбек аваң издеди, такыр эле айлабыз кетип, эмне кылаарыбызды билбей калдык да. Эми баары артта калды.
- Ээ, силерге эмне болду, дагы ыйлап жатасыңарбы? Тамак даяр, ичип алып кетиңизчи энемди ыйлатпай -деди эле, эй өлүксүз десе бул эмне деп айтканың ыя, кайда кетсин, бул үй сеники болсо, Айдардын дагы үйү деди чоң эне небересине тап бере.
- Ой мен, папам келгенде дароо телефон чалам. Анан жанагы чоёктогон аялыңды ала кел, чай кайнатып берсин энеме.
- Болуптур баатыр, сен айткандай болсун деп иниси даярдаган тамакты жеп алып, түн жарымында Чолпон-Атадагы досторун көздөй жөнөдү.
- Айдар барган маалда эс алып жүргөн достору "деги сага эмне болду" дегендей карап калышты.
Силердин эмне суроо берээриңерди билип турам. Бардыгы жакшы, чоң энем менен таанышып, бир тууган байкем менен телефон аркылуу сүйлөшүп келдим. Алар дагы Москвадан бүгүн-эртеңден келип калышат-деди жайдары сүйлөгөн Айдар.
Айланайын, туугандарыңды таап, ырас болгон турбайбы. Мен өзүмчө эле сүйүнүп жатам. Сенин кубанычың, менин кубанычым, иничек деп Арсен Айдарды кучактады.
Ал түнү таң атканга чейин, бир кафени ижарага алып алышкан достор, кой союп, сыртка от жагып алышып, түнкү Ысык-Көлдүн толкундарына суктана карашып, сыдырым соккон шамалга жүздөрүн тосуп, ажайып жайдын аптабында эс алып жүрүштү.
Эртеси саат 11лер чамасында, телефондун чырылдап, басылбаган үнүнөн соң гана Айдар көзүн ачты. "Алоо бул ким"- деди уйкусу ачылбай туруп.
- Бул ким дегениңиз кандай? - брат бул мен Медер. Сиздин памятыңыз туфто го ыя.
- Эмне болду?
- Эмне болмок эле машинең бош болсо, атамды тосуп алайын деп жаткам. Бирок, ага чейин эле өздөрү келип калышты. Эми качан келсиз?-деди тыпылдаган Медер.
- Медертай Айбек авам келдиби? Анда мен азыр барып калам.
- Эмнеге өзүң эле келесиң? Жеңемди дагы ала кел - деди буйрук бере сүйлөгөн Медер.

(Уландысы кийинки санда)
Нурзада Акмат




  Жаңгак гүлү

Классикалык "Сүйүү Үч БУрчтугу" кыргыз кыртышында

6-ирмем
Салияга келсек, баары башкача эле. "Өзүм да эзилип бүттүм" деп Касымга бекер айткан эмес. Ал Касымды сүйүп калганын, жигит да өзүн жактырарын кеч түшүндү. Алгач экөө таанышканда эле элеп-желеп болгон сезимин Нурикке болгон сезим деп түшүнгөн. Адашкыдай эле болуучу. Жүзүнөн нур төгүлгөн келишимдүү жигит ойлонууга да мүмкүндүк бербеген. Өзүнүн жугумдуулугу менен кыздын сезимин адаштырган. Салия Нурик экөө биринчи өзүнчө калышканда , Касымды ичи тызылдай ээрчий караганын эстеди. Ошондо эле сезсе эмне. Тескерисинче, Касымды көргөн сайын башкача болуп кетчү жүрөгүнүн үнүн уккусу келбей Нурик менен алаксып кетүүчү. Эми болсо кеч. Ал Нурик менен биротоло калууну чечкен. Андыктан Касымды түңүлтүп коюуну ойлоп жүргөн. Андай ыңгай келгенин түшүнүп, Касымга озунуп сөз баштай албай жатпады беле?..
Анан… Анан эмне болгонун да, эмне деп сүйлөгөнүн да түшүнбөйт. Касымдын оттуу кучагында жок болуп кеткенин бир билет. Эсине келгенде Касымды түңүлтө айткандай болгон. Бирок, бул кездешүү экөөнү алыстаттыбы, же тескерисинче жакындаттыбы, түшүнө албайт. Бирок, ошондон кийин Касым такыр келбей калды. Нурик болсо, баштагыдан да ачылып, ого бетер кыздын кареги менен тегерене мамиле кылып калды. Нуриктин бактылуу жүзүн көрүү кандай сонун. Ансыз да кудай тартуулаган келишимдүү келбетине, жылдыздуу жүзүнө бактылуулук кошулса, ушундай ажайып картинага айланар эле. Мындай сулуулукка, мындай бактылуулукка кол салууга Салия батына албасын билип, унчукпай мезгилдин агымы менен агып жүрө берди. "Нурикке баары жарашат. Деги ал капаланып, кайгырат болду бекен?" деп ойлоп койду өзүнчө. Касымдын кантип узатып келгени жөнүндө билет болду бекен? Нурикке Касымдын кантип узатып келгени жөнүндө Салия эч нерсе деп айткан эмес. Кызык, Касым өзү айтты болду бекен? Муну кантип билет? Нурик да Касым жөнүндө такыр эле кеп кылбай калды. Мурун көп айтчу. Мактай эле берүүчү. Демек, бир нерсе болгон. Кантип эле баардыгын жашыра албайм деген Нурик ошончо сырды ичине батыра алат. Балким, батырат. Нуриктен көп нерсени күтсө болот. Бир караганда ачык-айрым, а түгүл шайкелең көрүнгөн менен бул сырткы гана көрүнүш экенине Салия барган сайын ишенип келатат.
Нуриктин кээде оңой менен киши байкай бербеген өтө кылдат нерселерди туюп коёрун байкап жүрөт. Касым менен да бекеринен дос эмес да. Алгач ал экөөнүн карама-каршы жактарын көрүп ушунча каршы турган адамдар да дос болушат экен, ээ?" деп таң кала турган.
Нуриктин табышмагын чече албай жүргөндө ал Салияны туулган күнүнө чакырып калды. Нуриктин Касым менен бир жашарын жакшы билген Салия баргысы келбеди. Бирок, ылайыктуу шылтоо да таба албады. Анан калса, көптөн бери көрө элек Касымды көрөрүн эстегенде жүрөгү бир болк этип алды. Өзүнүн эмне болуп жатканын өзү да түшүнө албай, ал туулган күнгө баргысы келгенге шылтоо издеп жатабы, же тескерисинче баргысы келбегенге шылтоо издеп жатабы, ажырата албай жатып, аягында макул болду. Акыры барышты. Бөлмөгө киришсе стол тойго жасалгандай дүр-дүйүм тамакка толгон. Аңгыча эшиктен Касым кирип келди.
- Оо, досум, кел, - Нурик Касымды барпалаңдап тосуп алды, - Бу досум сен менин тоюма эмес, өзүңүн тоюңа камдангандай камдангансың го? Ырахмат ырахмат.
- Кандай той?,- бери жактан Салия үн салды. "Шаңк" эткен тааныш үн. Касым башын көтөрүп маңдайындагы Салияны эми көрдү. Көздөр чагылыша түштү. Салия суроосуна жооп күтпөй эле тетири бурулуп, терезе жакка жөнөдү. Тетири карап, буларды көрбөгөн Нурик Салияга келди да, аны кучактай жооп берди.
- Кандай той болмок эле, экөөбүздүн тоюбуз. Бүгүн тааныштарды чакырып, экөөбүздүн тоюбуз жөнүндө кулакдар кылып коёлу дегенбиз. Орусча "помоловка" деп койчу беле?
- Кызык экенсиң, мага айтпай, тойду кулактандырган.
- Айтпасам, эми айтып жатам. Кандай дейсиң, сиздин колуңузду сураганга мүмкүн бекен?
Касым эми эсине келип, жолтоо болбоюн дегендей эшикке жөнөндү.
- Нурик, сен муну буга чейин эле айтышың керек эле…
- Антпей эле менин колумду сен эмес, Касым сурасын дебейсиңби!
(Эшикке чыгып кетүүгө үлгүрбөй калган Касым бул сөздү угуп же чыгып кете албай, же Нурикке каршы каяша айта албай, бурулуп карап туруп калды.)
- Чынбы, Касым?, - Нурик эми досуна кайрылды.
Мындай "артистикке" маш Нурикке салыштырмалуу Касым кополурак болгонго сөз таба албай ыңгайсыз абалда туруп калды. Аңгыча Салия унчукту:
- Нурик, токтот театрыңды. Эгер чындап билгиң келсе, билип ал:ооба, мен Касымды сүйөм!
Нурик жаакка жегендей деңдароо туруп калды. Муну күтпөгөн Касым да селейди. ?чөө саамга үнсүз тиктешип туруп калышты.


(Уландысы кийинки санда)
Жибек КЕРИМКУЛОВА