Кыргыз гезиттер архиви

  Мухтар Шаханов, Казак-Кыргыз Эл акыны

"Кыргыз эверести жана манкурттуктун кылымдык геометриясы"
(Башталышы мурунку санда)
"Смена" журналына сунуш кылдым. Анткени, журналдын башкы редактору Альберт Лихановду жакшы таанучумун. Кезинде мен анын "Менин генералым" аттуу мага жаккан чыгармасын жакшынакай жазуучу Танымбай Нургаманбетовко котортуп "Жазуучу" басмасынын директоруна бергем. Арадан эки, үч ай убакыт өткөн соң Москвага барган бир сапарымда Альберт Лихановго телефон чалдым. Ал: "Мухтар, мен сага чоң уят болуп жүрдүм эле. Жолугушалы!" деди. Ошентип жолугушуу да болду. Лиханов өтө сабыр менен сөзүн мындайча баштады. "Сен мени өтө кыйын жагдайга алып келип койдуң чыгармаңдан кенедеп айып таппайм, өзүнчө мыкты дүйнө. Поэманы азыркы орус адабиятынын чоң өкүлү которуп, дагы экинчиси ага баш сөз жазыптыр. Муну баспай коюу күнөө сыяктуу. Бирок, бассам сөзсүз кызматтан кубаланам. Мамлекетибиздин бул күндөгү абалы өзүңө да маалым саясый бюронун бардык мүчөлөрү шагыраган чалдар экенин бүт аалам билет. Бул уламыш -поэмаң ошолордун иш аракетин чагылдырып турат. Бул тууралуу оюмду Чынгыз Төрөкуловичке телефон чалып да кеңири түшүндүрдүм. Өтүнөм буга капа болбоңуз!"
Арадан бир жылга жакын убакыт өткөн соң КПСС Борбордук Комитеттинин органы болгон абдан белгилүү "Огонек" журналынын башкы редактору Анатолий Софонов бир кездешүүбүздө, журналына жарыялоо үчүн ырларымды сурап калды. "Айыгаар дарттын дарысы өзү эле табылат" дегендей папкамда сары майдай сакталып жүргөн баягы Евгений Евтушенко которгон: "12-3=?" деген поэмамды Софоновго кармата салдым. Көрсө Софонов менен Евтушенконун ортосунда да пикир келишпестик бар экен. Ал поэманы Евтушенкого терс пикир туудуруу максатында КПСС Борбордук Комитетинин идеология боюнча катчысы Михаил Сусловго берип: Саясый Бюронун мүчөлөрүн, анын ичинен сиздердин абийир-арыңарга чейин асылып жазган казак акынынын поэмасын Евтушенко да келиштирип которуптур. Окуп көрүңүз!" дептир. Поэманы окуп чыккан Суслов буркан-шаркан түшүп ачууланат. Чынгыз Айтматовго Саясый Бюрону колдобой ою бузук акынды колдогону кандай?" -деген да пикир айтылыптыр. Ошол кезде КПСС Борбордук Комитетинде иштей элек болсо да, арадан бир нече жылдар өтүп КПСС Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн кызматына жогорулаган Юрий Вороновго Суслов поэма тууралуу жабык пикир жазууга тапшырма бериптир. 1986-жылы Москвада болуп өткөн Евтушенконун түздөн-түз жетектөөсүндө өткөн поэтикалык кечеден кийин 22-мартта Воронов мени кабыл алып, чыгармачылыгыма карата чоң ыкласын чын дилден билдирүү менен "12-3=?" поэмасын доого урундурбай кандай жол менен аман-эсен алып чыкканынын тегерегинде Чынгыз Айтматов менен узак сүйлөшкөнүн кеп салып берди. КПСС Борбордук Комитетиндеги чалдардын сайран курушкандарына каршы, ошондо кызмат кылышкан жаштар ал поэманы көбөйтүп, жашыруун түрдө бири-бирине таратышканы жөнүндө да Вороновдон биринчи уктум.
1996-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзень Цзямен Кыргызстанга келген учурда мен Казакстандын ушул Республикадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси элем Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев мени Цзянь Цземен менен тааныштырганда ал орус тилинде так сүйлөп: "Мен бул акынды билемин. Мунун "12-3-?" поэмасына Айтматов баш сөз жазган поэмасынын кол жазмасын окугам" -деди.
Бул эмне? Бул "КПСС Борбордук Комитетинде жашыруун жаткан поэманын тегерегиндеги айың кеп Кытай коопсуздук комитетине да кабары жетти" дегендик.
Ырас, Евтушенко ал кезде түздөн-түз оппозицияга чыккан адамдын бири болчу. Биз эгер ошол доорго, ошол заманга калыптанган мүнөзү менен карап көрсөк бийлик башында отурушкан шагыраган кунарсыз чалдарга асылган поэмага баш сөз жазуу Айтматов аттуу азаматтын чоң эрдиги деп бааласак болот.
"Кудай сактады, Кыргызстандын президенти болуп кала жаздадым"
1991-жылы Чынгыз Айтматов Москвадан мага телефон чалды.
- Кудай сактады, -деди ал амандык -ден-соолукту сураган соң эле, -Саал болгондо Кыргызстандын президенти болуп кала жаздадым. Казат досуң сага айттыбы?
- Ооба, айтты бүтүндөй Парламент бир жарым саат сиздин келишиңизди күтүп отурушуптур. Сизден "макул" деген бир ооз сөз чыкканда эле Кыргыз Республикасынын президенти болуп отуруп калмак экенсиз. Бул ишиңиз менен сиз мага чоң зыян жасадыңыз, -дедим мен кейиген түрүмдү билдирип.
- Неге, кандайча, -деди эч нерсеге түшүнбөгөн абалында.
- Буга сиз кандай түшүнбөйсүз. Сиз мени кыргыз элине барганда Кыргыз президентинин ини-досумун деп мактануу бактысынан айырдыңыз. Эми кыргыз менен казакта эле эмес, бүткүл аалам журтунда сиз сыяктуу президентиктен жаа боюу качкан адам табылбайт го, -дедим тамаша сөзүмдү да аралаштыра.
- Мүмкүн, бирок, ар ким өзүнө ээ эмеспи улуттук, эл аралык мүмкүнчүлүктү эсепке алуу да керек эмеспи, деди ал.
- Сиз кайдагы мүмкүнчүлүктү кеп кылып жатасыз? Азыркы акылмансынгандардын арасында элдик, улуттук руханий парасаттын ордуна кекиртек мүдөөсүнө кызмат кылып жатышкандар деги эле азбы? Мүмкүн сиз жыйырманчы кылымда көрпендечиликтен таза, материалдык кара казандын көөсү жукпаган эң таза Президент болуп калаарсыз? Бул жашоого ушул жагынан үлгү көрсөтсөңүз абдан жакшы болмок!...
- Жок, сен бир жагдайды эстен чыгарып жатасың, -деди сабырдуу гана. Азыркы рухубуздан ажыраган доор талабы бизге башкача мүнөз калыптандырды. Ач көз, байлыкка умтулган, уятсыз жана мактанганды жакшы көргөн адам толук кандуу президент боло албайт…
Эмесе кыргыздын белгилүү жазуучусу , ошол жылдарда Кыргызстан демократиялык партиясынын төрагасы Казат Акматовдун эмгегине таазим кылалы: "Жаныма Төлөмүш Океев менен Барпы Рысбаевди алып Чыкемдин үйүнө кабар узатсам кудай жалгап." Ордунда болуп чыкты. Айткан жаңылыктарымды көңүл кое тыңшаган соң Айтматов:
- Менин президент болууга даярдыгым да, көңүлүм да жок. Жакшы оюңарга миң мертебе ырахмат, бул өтө жооптуу жана өтө мартабасы бийик жумуш. Ошондуктан ага экономист, айыл-чарбасын мыкты билген чоң адис керек. Жазуучулук ишимди буга алмаштыргым келбейт. Оюмда бышып жүргөн көп дүйнөлөрүм бар. Ошону жүзөгө ашырайын деп тилектенип ак эткенден так этип келемин. Мага калем эле берсең бүттү, президенттик тактыга отургузганың ошол,- деди. Ырас эле бул айткандарында чоң чындык жаткан. Эгер Айтматов: "Болуптур өзүңөр айткандай болсун"- дегенде парламенттин ал кишини президенттик орунга отургузууга кенедей күмөн жок болчу.
- Өзүңүз кимди сунуш кылар элеңиз,-дедик акыры көнбөшүнө көзүбүз анык жеткен соң.
- Баракелди жандуу кепке эми келдиңер,-деди ал мурдагыдан кыйла жумшарып,-Мисалы мен президенттике Аскар Акаевдин кандидаттыгын сунуштар элем.
- Сиздин атыңыздан парламенттикке сунуш кылсак болобу?
- Ооба менин атыман парламентке салам айткыла. Аскарды шайлашса элге да, өздөрүңөргө да жакшы болот. Ошентип... Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти болуп шайланды. Мына ушунун өзү Айтматов мүнөзү, Айтматовдун теңдешсиз табыгы феномени.

Сайкал
Казат Акматовка байланыштуу дагы бир окуя. Алма-Атадан келер замат Бельгиядан Чыкем менен кабарлаштым.
- Казат досуңдун аялы көз жарганын билесиңби?
- жок.
- Ал кызына Сайкал деп ат коюптур.
- Ой Сайкал деген эмнеси? Казат менен Бактыгүлдүн мунусу кандай?
- Казак менен кыргыз арасында мааниси таптакыр өзгөрүп айтылган сөздөр бар. Ошонун бири Сайкал. Ал кыргызча сулуу, келишимдүү деген маанини билдирет... - деди Чыкем. - Ага эми өзүң аралашпасаң болбойт...
Сайкалды төрөт үйүнөн чыгарган күнү жубайымды эрчитип "бешик бооң бек болсун" деп айтып бардык. Ошол күнү биз эле эмес туугандары, достору көп чогулуптур.
- Казат, - дедим мен сөз кезеги келгенде. Казакта бирөөнүн аялын Сайкал десең ал туура эмес түшүнөт. Ал күйөөсүнө, аялынын сайкалдык "терс кылыктарын" далилдеп бербесең мушташууга чейин барышы ыктымал. Аны казакта сайкал деп уяттан кеткен, жалаң кекиртек кумарына берилип калган аялды аташат. Эгер бизден башка казактар менен байланыш түзбөйм десең өзүң бил...
- Ушундайбы! Муну кандай байкаган эмеспиз. Эмесе ушул сааттан баштап кызымдын ысымы Сайкал эмес Мунабия болот, - деди Казат.

(Уландысы бар)
Которгон
Тенти Орокчиев