Кыргыз гезиттер архиви

  Азизбектен азил кеп

ПаПкестан
Пародиялары -5
Спикерлик шайлоодо бир-эки добуш жетпей калган Өмүрбек Текебаев Болот Шерге айтып жатат дейт:
- Ой,Боке сүзөнөөк Буканын өзүң Беловеж токоюндагы зубрларга кийире кубаладың эле. Мына бул торпоктору дардаңдап кутура баштады. Буларды торпок кезинде сүзүп салбасак, бука болуп кетишсе экөөбүзгө күн көрсөтпөйт,- деп.
Башкы ролдордо:
Борпоктор (булар коалиция түзүп өкмөт курамын беките албай борпоңдук кылып жатышат)
Лидери (азырынча)-Хатамба
Серый кардиналы - Шер-хан
Кошелогу -Чык татытпас Чыныбай
Ролдордо: Текеакун, Бабашка, Шакал, Балтек ж.б.
Торпоктор ( булар экс-буканын бадасындагы тың чыкма торпоктору)
Лидери-Күлтүк
Серый кардиналы - А. Кела
Кошелогу- Данчиктин Джанчиги
Ролдордо: Ташизм, ХИПИКар, Жаакбар, Т. Багира,Тыртыксарт, Каа.
Окуя джунгли токойунда өтөт. 5-чи көрүнүш.
Хатамба:
-Акшакалдар жана жашшакалдар, 50 миллион күрддөр, 50 миллион уйгурлар мамлекет күтө албай зарлап турушат, биз 5 миллион калкыбыз менен эптеп күтүп алган мамлекетибиздин сөөгүн туш тарапка чачыратып тарап кетебизби?
Текеакун:
- Антип айтпачы. Мен абдан эмоционалдуу адаммын. Мугалим кезимде кыштын күнү катуу суукта талаада пахта терип жүрүп үшүп турган кичинекей окуучу кызды көрүп шолоктоп ыйлап жибергем.
Хатамба:
- Мен да сезимтал адаммын. Өткөндө митингде эле, элдин көзүнчө эле көзүмдөн жаш атырылып, буркурап ыйлап ийсем болобу. Мени эч ким соорото албай койбодубу. Анткени мамлекеттеги экинчи адам болчумун да.
Ташизм:
- Данчиктин Джанчиги депутаттык мандатын тапшырмайын парламенттин ишин токтотобуз.
Күлтүк:
- Премьер-министрликти мага бергиле. Я очень достойный лидер. Эч кимге независимый, эч кимге тизе бүкпөйм.
Хатамба:
Жок. Мен алышым керек, мен да эч кимге тизе бүкпөйм.
Шер-хан:
- Эч кимге тизе бүкпөйм дейт да, Россияга да, Түркияга да тизе бүкпөйм дейт. Эй, эчак чалкасынан жатып калган адам тизе бүгүп эмне кылат? Кремлге тизе бүкмөй тургай, эбак эле бүк түшүп чалкасынан жатып калганын билбейт экен да.
Шакал:
- Туура, абдан туура
Ташизм:
- Бир гана чечүүчү фактор калды, давай один-одинге чыга коёбуз, эркекче. Ким-кимдин тумшугун жара койсо жеңишке жетсин да. Бука акем кеткенден кийин джунглиде мага эч ким татый албайт.
Каа:
- Менин Маугли байкем өтө интеллигент болчу, өтө демократ болчу. Ошол Маугли байкем джунглини бийлеп турганда, ушул джунглини экинчи Швейцария кылам дебедиби. Биздин джунгли общий дом дебедиби. Мына ушул Шер-хандар каршы чыкпаса, биздин джунгли общий дом болуп калмак.
Чык татытпас Чыныбай:
- Мен бизнестен келдим… мен ДПчылардын кошёлогумун…
Бабашка:
- Мен премьер-министрликти да, спикерликти да талашпайм! Мага биринчи вице-премьер-министрлик орун жетишет.
Жаакбар:
- Спикерликти биз бербейбиз, анткени жарышта биринчи орунду албадык беле.
Хатамба:
- Мындай, мен спикерликке Текеакунду сунуш кылам.
А.Кела:
- Андай болсо биз Жаакбарды сунуш кылабыз.
Балтек:
- Урматтуу джунгли парламентинин депутаттары. Биздин парламентке спикерликке эки адам көрсөтүлүп жатат.
Чык татытпас Чыныбай:
- Мен бизнестен келдим… мен ДПчылардын кошёлогу эмесминби…
Тыртыксарт:
- Уу анаңды… ит кыргыздар, Текеакун деген Максимдин машинасын минип жүрөт, хамманын пулун жеп. Буканын убагында узи жуда спикер болуп иштеген. Сендеклар билмайсыздарбы резиденцияда жашап жүрөт, канчалаган пулду чачып. Булмас, булмас!
Яхши номла машхур булмак яхшидур,
Дема чархдан ранжур булмок яхшидур.
Ток сувидан махмур булмок яхшидур,
Дема зухддан магрур булмок яхшидур.
Балтек:
- Күн тартибиндеги маселеге кайрылсак.
Тыртыксарт:
- Бирини келтирса бошкасын олар, Балтек. Эмне үчүн ит кыргыздан башкалары спикерликке коё алмайду. Озыр иккиңөөрдүн паччагыңарды чыгарам. (Жулунуп жөнөп баратып):
Сенга курсатсалар ясоглик олам,
Сен севма, севмайди аклли одам.
Сендеклар бир талай келди-ю кетди
Сени олмай туриб, олиб кол сен хам.
Ташизм:
- Тамтөрө бул жерде эмне отурат? Түштүккө барып там курсун, же тамдын баары курулуп бүттүбү?
Чык татытпас Чыныбай:
- Мен бизнестен келдим… мен ДПчылардын кошёлогу эмесминби…
Тыртыксарт:
Сени олмай туриб,олиб кал сен хам.
Балтек:
- Кагылайын Тыртыке, жагынайын Тыртыке?!
Ташизм:
- Позор! Позор! Балтекти жоготуш керек.
Жаакбар:
- Мен самоотвод алам.
Ташизм:
- Данчиктин Джанчиги кетмейин спикерликке шайлоону токтотолу.
А.Кела:
- Болду талаш-тартышты токтотуп, Текеакундун талапкердигин жалгыз коёлу.
(Текеакундун талапкердигин спикерликке коюп бир добуш жетпей калат.)
Шер-хан:
- Кеттик борпоктор Ленин атанын эстелигинин алдына.
Шакал:
- Жүргүлө, жүргүлө, балдар Шер-хандын артынан.
(Ленин атанын эстелигинин алдына келишет)
Шер-хан:
- Эч нерсе эмес балдар, андан көрө карагылачы, биздин катарыбыз дагы бир адамга, Ленин атага көбөйгөн экен! Башты жерге салбагыла! Эмкиде жеңебиз!
Шакал:
- Туура, туура…
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ