Кыргыз гезиттер архиви

  коом

5-августта өткөрүлмөкчү болгон
Курултай жөнүндө коомчулук назарына

Бул Курултайдын маани-максаты жөнүндө алты күн мурда 29-30 июль күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка кабарланган. Анын тексти:
"Адам баласына тирүүлүктөн артык эмне бар? Кырчындай өмүрлөр кыйылды. Бул түнөрүк кандайча болуп калкыбызды каптады, кайдан келди, кимдер баштады? Сөлөкөтү адам болгону менен, ал зили жырткычтарга эми арабыздан орун бербейли.
Урматтуу мекендештер! Өзүбүзчө өлкө, Кыргыз мамлекети болуп жашоонун өзү да күрөш. Касиеттүү ата-бабаларыбыздан мурасталган жерибизди көздүн карегиндей сактоо - бул да күрөш. Эне тилибизди, дилибизди, наркыбызды, салтыбызды сактоо - бул дагы азыркы XXI кылым заманындагы ар бир кыргыз баласына тиешеси бар руханий күрөш. Табияттын өзүнөн тартууланган табигый байлыктарыбызды өзгөлөргө өөнөтпөй өз кызыкчылыбызга пайдалануу да күрөшсүз болчудай эмес. Жери сонун, эли момун экен деп көз арткандардын көзүнө тикен болуп сайыла албасак, кор болобуз, жем болобуз.
Эл намысын тебелеген, ызалаган, ыдык көрсөткөн, кор кылып кордогон, жанына кошоматчыларды топтогон бийликтер тарыхта кара так болуп кала берер.
Эл таламын аркалай албаган, эл кадырына жете албаган бийлик элге зак кетирсе, эл керегине жарачу эр - азаматтар куугунтукка алынып, арабыз бөксөргөн болсо, аны оңуна келтирүү, урматтуу мекендештер, ар бирибиздин, баарыбыздын, жалпы кыргыз элинин, кыргызстандыктардын иши. Өзөк күч өзгө жакта эмес, өзүбүздө.
5-августта Бишкек шаарында эски аянтта саат 10до жалпы Элдик курултай өткөрүлөт. Маселе бирөө: азыркы абал, андан чыгуунун аргасы, кыргыз келечеги. Элим, мекеним, мекендештерим деп күйгөн атуулдар айткыла, айтар сөзүңөрдү. Кара ниет бийликтин азабын тартып далай жылдап алыста жүрүп, кайрылып калкына келгендер да айтчу сөздөрүн айтышар. Алардын катарында, Урмат Барыктабасовдун айтар сөзү өзгөчө. Партиялык, коомдук ишмерлер, учурдагы мамлекет ишиндегилер-баарыбыз жасап-түзөбөй ачык айталычы, агыбыздан жарылып.

Келиңиздер, катышыңыздар, бири-бирибизди угалы, такташалы ой калчап, акыл калчап. Эзелтеден элибиздеги салт ушундай, нарк ушундай. Кийинки муундагыларга, уул-кыздарбызга өрнөк бололу, салт сактайлы. Эң башкысы, арабызды тазалайлы, тазаланалы! Эл тагдыры айлакерлердин, амалкөйлөрдүн, алдамчылардын колуна тийип, азабын тарттык, эсибизге келели!" делип радио аркылуу, гезиттер аркылуу жана баракча түрүндө элге жарыяланган, жер-жерлердин өкүлдөрү гана эмес, өлкөбүздүн, элибиздин тагдырына кайдыгер эместер калбай катыша берсинчи деген ой максатта. Республикабыздын башкы жетекчилерине, партиялык, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдарга Чакыруу кагаздар жиберилген.
"Курултай миңдеген жылдар бою калыптанып өнүккөн Кыргыз Элдик Улуу акыл кеңеш. Майда сөз айтылбайт. Жалаң гана жүйө сөз (аргументтер) айтылат. Кемеге башында кейиш сөздөр айтылса ал нарксыздык болуп калат.
Көп эле курултайлар өткөрүлүп атат. Бирок митинг болуп калууда. Курултайды алгачкы ирет өрнөк деңгээлде өткөрү үчүн төмөнкүдөй тартип макулдашылган болчу:
1. Кадырман карыялар трибуна жайгашкан жайда уй мүйүз тарта коюлган олтургучтарда олтургузулат.
2. Сөздү ким баштайт? Урмат өзү эл менен саламдашкандык маанисинде кыскачалап айтып, сөз баштаса.
3. Алып баруучулук өтө жоопкерчиликтүү. Салмактуу айтылган нукура кыргыз сөздөр керек.
4. Курултайдын күчү - айтылган сөздөрдүн таамайлыгында. Өлкөбүздү, коомубузду кантип тазалайбыз, ушул жөнүндө гана сөз атасы айтылгыдай тартип сакталышы керек.
5. Курултайга коюлчу башкы маселе - Программа. Урматка ал туурасында сөз, маселе кызыган учурда берилет. Жыйындын башына же акырына коюлбаш керек.
6. Чечим: буга чейинкилердин баарынан айрымаланып тургудай кыска, курч, так, таамай, эл: мына ушул керек дегидей деңгээлде болуш керек.
7. Кыскасы баары ойдогудай даярдалышы - өтө зарыл.
Элдин алды келе баштагандан текши чогулуп бүткөнгө чейин Саламат Садыкованын "Кыргыз жери" сыяктуу ырлар, залкар күүлөр жаңырып турмак. Соңунда муңдуу комуз күү берилип, үнү басылары менен дароо, шейит кеткендерге куран окулмак.
Андан соң алып баруучу: Оо журт, кандуу каргашалуу күндөргө кандайча кабылдык, элин аттырган арсыздык Кыргыз тарыхында эгерим болгон жок эле го, кайдан келди бийлик башына, элдин убалынан коркпогон журт бузарлар, өлкөбүздүн түштүгүндөгү каргашалуу коогалаң кандайча келип чыкты, болтурбай коюуга болот эле да. Ким күнөөлүү, бийлик башына жалаң гана эл таламын көздөгөн, эл керегине жарачу татыктуулардын тандалбай жатышына? Бул энөөлүк элибиздин өзүндө болуп жүрбөсүн? Тазаланууга үчүнчү жолку тарыхый жагдай түзүлдү. Ал үчүн өмүрлөр кыйылды - деп алып баруучу кыскача багыттама сөз айтмак

Бакиевдин мамлекет башчылыкка татыксыз экендигин ошол кезде эле билип, каршы чыгып, беш жыл бою куугунтук жеп, аргасыздан алыста жүрүп, эли журтуна аман - эсен кайтып келген Урмат Барыктабасов арабызда олтурат. Чет өлкөдө жүргөн жылдары Урмат Бакиевди ашкерелеп, Кыргыз элинин, кыргызстандын келечегин айтып 3 китепче жазып, алар республикабыздын баардык жактарына таратылды. Гезит беттерине ондогон суроо - жооптору, макалалары жарыяланды. Аларда айтылгандар элге аң-сезимдик үрөн болду. Канткенде абал оңуна келет, элибизде эмне деген кеңири мүмкүндүктөр бар, ал жагынан өзү иштеп чыккан соңку Программасы сиздерге таратылып берилди. Сөз сизде, Урмат мырза, деп, сөз Барыктабасовго берилмек.
Арыз - армандар айтыла бербей, арабызды, коомубузду канткенде тазалай алабыз деген аргументтер, таамай сунуш пикирлер, ойлор айтылгыдай болушуна абдан аракет жасалмак.
Бул айтылгандар да сценарийленип, кагазга жазылып, макулдашылган. Курултай ушундай тартипте өткөрүлмөк. Тилекке каршы, Курултайга келаткандарга жоо келаткандай жорук жасалып, чакчелекейи чыгарылды.

Урмат Барыктабасовду жана аны менен кошо камакта жаткандарды коргоо жана колдоо комитети