Кыргыз гезиттер архиви

  Адабият

Патриот парнасына -
"пейил пегасы…!"
Бул чыгармалардын автору 7-апрелдеги окуянын өз көзү менен көргөн. Канчалаган адамдардын ойго келгиз тагдыр күнүн, андагы аянттагы атылган балдарды, мындагы сүрмө топтордун удургуган абалын, кансырап жыгылган, жардырган заттардын түтүнүн аралап жүрөгүн канатып жазыгы жок жан кыйгандардын, өзүмчүлдүгү өзүлөрүп орго таштаткан жан алгыч жалдаткан айбандардын келесоолугуна түшүнө албай ой санаасы тынчыбай, өзүнө өзү батпай ичинен ….. ташкындап мына бул ырлар жазылганы байкалат. Акын каз, кудайга сыйынып, Манастын рухун дем кылып, не бир таасирдүү эң эсте калаарлык, ыр дөөтүсү, ичинен белги берип айтып тургандай каймана омоктуу ойлорду жазганына курсант болосун. Албетте бул ырларда тарыхый реалдулукка бай, уу кайгылуу чындык чагылдырылган. Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Болгонун болгондой, башка автордон айтыла элек сырдуу купуя салыштыруулар акынды чыгармаларын кайталангыз чакырык, үндөө, ишаратка чейин көтөрүп патриоттук сезими эчак жетилгенин саптарындагы сыпайы кыйкырык менен окурманды ойлордун оргуштаган толкунуна жолуктурат. Чынын айтканда поэзиядагы сабаттуулук узак убакты, тоодой эмгекти талап кылуу менен бирге
- "Болду, Туу чокусуна жеттим!" -деп айткан адамды дүйнөдөн көргөзө элек. Ал жөнүндө сөз өзүнчө болушу кажет…
Мен акын кыздын ыр жазып жүргөнүн билсем да кыргыз адабиятын, жалпы эле адамзатынын адабий руханий кенчи болгонго жарап, кыргыз адабиятына, дагы бир жакшы калемгелердин келгенин баамдадым. Чыныгы поэзияны адам өзү жазбайт. Аны жаздырат…
- Ким жаздырат? Кандайча? Кайсы деңгээлде? -деген суроого кылымдар бою так жооп боло элек. Мына ушундай өтө сырдуу дүйнөсүнө аралашкан жазмакөрлөр көп болсо чыгарма чанда жазылганы чындык. Кайыптанбы? Түштөнбү, же кайдадыр космостук сигналбы? Айтор сырдуу поэзиянын жаралышы да сырдуу… анын сабаттуулугу, интеллектуалдуулукка байланыштуу.
- Так-даана биле албай турсаң чындыкты айт! -дегендей, автордун - "Ырыскы бар элиме", "Жашаш керек" "Тектүү журтум кыргызым". "кыргыз касиети" "Тарыхта калган өмүр" - "Балким көз жашы" эл -деп күйдүм күндө мен - д.и.с.ж. ырлары айрым ашык кеткен жеринен саптарынан тышкары, классика жыттанган, атуулдук тунук үнү угулган сонун чыгармалар экенин окуган адам дароо түшүнөт. Азыркы маселе автор тартынып уялып жүрө бербей, ырларын өзүнчө бир китеп түрүнөдө элге сунуштаса, поэзия сүйүүчүлөрүнө дагы бир жакшы жазуучунун келгенин билдирет эле. Эскерте турганым "Шлифовайт" этип, ой, ритм, рифма, көркөм салыштыруу ж.б. жактарын патриотулукка, чынды, сүйүү, ишеним түшүнүк, баатырдык, адам-акыйкаттыгына тынбай чакырып окурмандарды ыраазы калаарына ишеним чоң. Эмесе, ыр сапарың байсалдуу болсун, Кайыргүл!


Барчынбек Бугубаев,"Алтын калем" бүткүн дүйнөлүк "Хельветас" сыйлыгынын жана Республиканын жаштар сыйлыгынын ээси.
Кыргыздын касиети
Тайбай барам, талпынып учуп барам.
Максатыма жетем деп, кетип барам.
Ашуу, тайгак, таштарды кечип барам.
Адашпай өмүрүмдү суруп барам.

Бийиктик, тазалык деп кетип барам.
Чындыкты акыйкатты издеп барам.
Булактай, тунуктукту туу тутуп сызып барам.
Аккуланын канатында учуп барам.

Ай менен күндү көздөй кетип барам.
Топ жылдызды аралап өтүп барам.
Уран айтып "Манастап" ыйлап барам.
Улуу дөөлөт, мурасым жолун салам.

Эгемендик элимде 19 жыл.
Элим тартып азапты 19 жыл.
Хандык бийлик алмашып.
Эгемендик элимде кыйраган жыл.

Бирин бири кайталап эки хандык.
Жылан сымал сойлоду эки хандык.
Жалмап жеди төрүмдү, жерлеримди.
Каркырадай жайкалган жайытымды.

Жумушсуздук тентиген кыргыз толуп
Жетим жесир көбөйдү Ала-Тоо канга толуп.
Көздө жаш, жүрөктө кан сызылып.
Көөдөндө кыйкырыгым алсыз чыгып.

Кырсаң да, чыйраламын ойдо туруп.
Түгөнбөйт, бириктирем, биригет нечен кыргыз.
Түбүм бар, түптү терең, улуу кыргыз.
Туум бар "Көк-Асаба" жеңип алгыс.

Туурум бар, Бакай, Кошой Манасым бар.
Туу тутуп, айтаарым бар.
Туу көтөрүп, алдыман чыгаарым бар.
Төрөлүп, кайра бөбөк басаарым бар.

Уланган улуу Жибек жолдорум бар.
Адашпай өтчү бүгүн кыялар бар.
Эркиндик, Эгемендик кадырына жетээрим бар
Эл эңсеген, торгойлуу заманым бар.

Эл мүдөөсүн ортого салгандар бар.
Эң башкысы ишеним, ишеним бар.
Кыргызымдын өзүндө касиет бар.
Улуу дөөлөт, түгөнгүс тарыхы бар.


Жашаш керек!

Жашоо керек, жашаш керек адамча.
Жанып турган көктө жылдыз,
Жерде жашоо барында
Жашоо керек, жашаш керек адамча
Эмгектенип, жаштык жалын барында
Кыргыз болуп Ала-Тоонун боорунда
Жашоо керек, жашаш керек адамча
Карылыктын касиетүү кутман күнү барында.
Күн шооласын, нурун чачып турганда
Жарыкчылык бул жашоодо барында.
Кыргызсынбы, өтү керек кыргыздай
Улуу тоодо Манас үнү барында
Жашоо керек, жашаш керек адамча.


Тектүү журтум кыргызым

Кыйгым келбейт чырпыкты да талды да
Бергим келбейт, тоодо жаткан карды да.
Кыргыз барда, кыргыз жашайт асманда.
Кыргыз барда келечек бар алдыда.

Киргиз келди далай жылы кул болуп.
"Ы" тамгасын "И" экен деп түшүнбөй.
Эне-тилде сүйлөбөй өзүн-өзү кордоду
Эр Манастын тилин жерип бүтүндөй.

Бабалардын алдында улуу карызын.
Кайт артына эгер болсо намысын.
Зымылдатып сүрөп алга баралы.
Бузуп албай Аккуланын арышын.

Көз жаш төгүп айтып турат бир кызың.
Кыргыз элим, бийиктеги жылдызым.
Көтөр тууңду желбиретип асманга.
Кагалайын тектүү журтум кыргызым!

Кайыргүл Батаева




  Классикалык "Сүйүү Үч БУрчтугу" кыргыз кыртышында

Жаңгак гүлү
"Нуриктин жумушу чыгып менден суранды эле" деп Касым кайсалактап жооп бергиче, Салия жөнөй берди. Экөө үнсүз келатышты. Касымдын унчукпаганы боло жүргөн иш. Ал эми адатта ачык-айрым Салиянын тунжуроосу ансыз да сүрдөп жүрчү жигитти ого бетер сүрдөтүп, Касым кыздын жанында уятынан араң чыдап басып келатты.
Бул тунжуроо абалы улам барган сайын тымызын курчуп баратканын сезген Салия ортодогу ыңгайсыздыкты жойгусу келип, демейки ачыктыгына салып: "Сени колтуктап бассам болобу" деп, жигиттин жообун күтпөй эле колтуктап алды. Араң келаткан жигит кыздын жалындуу илебин жакындан сезгенде өзүн кармана албай калды…
Ар дайым өз бийлигин ачык сезип жүргөн Салия бул жолу жигиттин бийлигинин алдында калганын сезип, алсыз тыбырчылап "Касым жинди болбо, токтот!" деп жалбарып жатты. Жигиттин токтор түрү жок. Аңгыча "токтот!" деп кыз орой кыйкырып жиберди. Эсин жоготкон адамдын бетине суу чачкандай бул сөз Касымды токтотту. Дал азыркы айсыз караңгы түндөй өзүн караңгылыкка жоготкон Касым эми эсине келип, өз абалын өзү көтөрө албай ичтен оор онтоп, башын мыкчый: "Кечир, Салия, мен акмакты кечир" дегенге араң жарап турду. Эмеле орой кыйкырып ачууланган кыз жумшай түштү да "Жок, сен мени кечир, Касым! Мен өзүм күнөөлүүмүн, баарын билип туруп сага антпешим керек болчу. Ооба, мен баарын билем, түшүнөм. Муну бая жер титирегенде айлыңарга барганда эле сезгем. Өтүп кетет го дедим эле, өтчүдөй эмес. Өзүм да эзилип бүттүм. Бирок, сенден суранам, Нурик экөөбүздү жайыбызга кой, жолтоо болбо" деп ансыз да эшик алдына келген кыз шарт-шарт басып ичкери кирип кетти.
Касымга жер көчкү түшкөндөй эле болду. Жан-дүйнөсүндөгү алааматты кантип көтөрөрүн билбей илкий басып келатты. "Сырткы алааматты көтөрүүдөн да ички алааматты көтөрүү оор белем" деп кыйналып турду. Көзүнө аз эле мурунку айлындагы жер титирөө, үйлөрдүн быркырап кулап жатканы, айыл бир заматтын ичинде чаңдын ичинен көрүнбөй калганы элестеп кетти. Ал айылын жанындай көрө турган. Шаарда жүргөндө да айылына куса болуп, биздин айылдай кооз, таза абалуу, бийик жерде жайгашкан айылдар чанда. Айылга барган сайын Эверестке чыгып келгендей бийиктеп, көңүлүм көтөрүлүп кетет деп айтып калчу. Ошол айылы быт-чыт чыгып, заматта кыйраганда, жашоо токтоп калган өңдүү сезилип кеткен эле. Азыр да баары бүткөн өңдүү, "мындан ары жашоонун эмне кызыкчылыгы бар?" дегендей шаабайы сууп, ындыны өчө түштү. Өзүн бул ааламдын жетим баласындай сезип кетти.
Тагдыр аны эмнеге мынча сынап, мынча өгөйлөйт? Кай жазыгы үчүн? Көңүлүнө көчкү түшүргөн ошол кызга ал тең эмес экенин мурда билбей жүрдү беле? Билсе, эмне үчүн кол созду? Эмнеге ишенип, эмнеден үмүт кылып, ачылбаган сырын ашкере кылып алды? Биринчи жолу жаңылса бир жөн. Сулуу кызга сук артам деп бир жолу оозун күйгүзбөдү беле. Касым биринчи аялы Жайнаны эстеди. Алгачкы таанышканда эле азгыра караган көз карашы, кылык-жоругу менен Жайна Касымды өзүнө тарткан. Ар бир сулуулукту сүйгөн адамдар сыяктуу эле Касым Жайнанын ажарына арбалган. А түгүл өмүрлүккө жар болууга макулдугун да тез эле бергенде таң калган. Бирок, ошонун баары бат эле ойрон болбоду беле. Болгондо да: "Мен сизди сүйгөн эмесмин. Бирок, жашап кетем деп ойлогом. Көрсө, сүйүүсүз жашай албайт экенмин" деп аялы өзү тастайып чындыкты бетке айтып турганда эч нерсе дей албай калган.
Бирок, Жайна ага жүрөк дартын тартуулаган эмес. Ал бүт айылга уят кылган Жайнанын жоругун эси жок эселек кыздын жоругу катары гана айкөлдүк кылып кечирип койгон. Бүк түшүп жатып калган эмес. А түгүл кээ бир айылдаштары "намысынан асынып өлүп алабы деп коркконбуз"-дегенде "бир эси жок кыздын жоругуна өлүп алгыдай өмүр анчалык жеңил баа эмес"-деп кол шилтеп койгон эле. Эми болсо, бүк түшмөк түгүл бул дүйнөдөн кош айтышып кеткидей жанчылган күндөрү көп болчу болду. Ошончо жанчылган күндөрү, азаптуу түндөрүнүн арты минтип аялуу аяктап отурат. Тагдырдан мындай кагуу жегиче Салияны тосуп алууга келбей эле койсом болмок экен деп өзүн да жемелеп алды.

(Уландысы кийинки санда)
Жибек КЕРИМКУЛОВА