Кыргыз гезиттер архиви

Акын менен дил маек
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун "Жаштар маданий-эстетикалык" борборунда кыргыз элине белгилүү акын, публицист, коомдук ишмер, журналист, обончу, Алыкул Осмонов, Молдо Нияз атындагы сыйлыктардын жана Жалалидин Руми атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, "Аргымак", "Кудайдын ыры", "Тирүү Мекен" аттуу жыйнактардын автору Атантай Акбаров менен чыгармачылык жолугушуу кечеси уюштурулду.
Жолугушууга акындын жубайы, чыгармачыл инсан, акындын ырларына обон жараткан, акыркы мезгилдерде проза жанрында изденип келе жаткан Өктөм Калиева, Ош шаарындагы поэзияга ышкыбоз жогорку окуу жайларынын окутуучулары, студенттер катышышты. Чыгармачылык кечени жолугушууну уюштурууга демилгечи болгон окуу жайдын "Эл аралык жана усулдук борборунун" башчысы Т.Жороев алып барды.
Ушул жылы өзүнүн 50 жылдык мааракесин өткөрүп, эл-журтка чыгармачылык отчетун берүүнү максат кылган акын минтип алгачкы чыгармачылык жолугушуусун Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүп жаткандыгына кубанычта экендигин айтып, мекен, сүйүү, улуттук идеологияга багытталган бир топ ырларынан көркөм окуп, студенттерден, окутуучулардан түшкөн суроолорго жооп берди.
Кеченин соңунда окуу жайдын ректору К.А.Исаков чыгып: "ОГПИде бүгүн чоң маданий окуя болуп жатат, себеби кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири Атантай Акбаров келип жан дүйнөсүнүн жарылып, сиздердин суроолоруңуздарга жооп берип, ырларынан көркөм окуп отургандыгынын өзү чоң байлык"-деп акынга чыгармачылык эргүү менен бирге ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле сахнада студенттер, окутуучулар акындын ырларынан көркөм окуп, акындын обондуу ырлары да ырдалды.

Москвада 2 миллион мыйзамсыз эмгек мигранты эмгектенет
Москва мэри Сергей Собянин шаардын коомчулук менен байланыш комитетинин саясатын сынга алды. Анын айтымында, борбордогу эмгек мигранттарына карата квотанын кыскартылышы көйгөйдү чече албайт, анткени борбордо учурда эле эки миллион мигрант эмгектенет.
ФМКда бул маалыматтарды жокко чыгарышкан, деп билдирет Интерфакс.Ведомство өкүлү Константин Полтораниндин айтымында, Москвада уруксаатсыз түрдө 200 ми\ге жакын эле адам эмгектенет.
Мурдараак ФМК жетекчиси Константин Ромодановский билдиргендей, Россияда жалпысынан 7 миллионго жакын чет элдиктер жашайт, бирок анын 4 миллиону өлкөдө мыйзамдуу отурукташып калышты. Аларда мыйзам бузуулар болууда.
"Башкача айтканда, көз боемочулукка барышат. Салык төлөшпөйт. КМШ өлкөлөрү үчүн берилген же\илдиктерден пайдаланышат", - дейт ФМК башчысы.
"Украиндиктер үч ай иштеп кайра кетишет. Албетте, салык төлөшпөйт. Молдовалыктар андан да азыраак болушуп, миграциялык учетко турууга аракеттенишет. Алар да үч айча болуп, артка кайтып, кайрадан кайрылып келе беришет. Ал эми өзбектер менен тажиктер көбүнэсе мыйзамсыз түрдө келишет", - дейт Ромодановский.


Мамлекеттик айыптоо: Жаныш Бакиев ок атууга буйрук берген
Спорт сарайында өтүп жаткан сотто мамлекеттик айыптоочу экс-президенттин иниси, мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку жетекчиси Жаныш Бакиев 7-апрель күнү рация аркылуу "Альфа" атайын кызматынын жана мамлекеттик күзөт кызматкерлерине куралсыз элге ок аткыла деп буйрук берген деп маалымдады. Мындан тышкары Жаныш Бакиев өзүнүн орун басарлары Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунганов менен бирге көзгө атар топтун ишине жетекчилик кылгандыгы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталганы айтылды.
Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары тергөөнүн жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрүндө жана айрым маалымат каражаттарына берген маектеринде 7-апрель күнү өкмөт үйүнө чабуул койгон топтун арасында куралчан кишилер бар болгонун айтып келишкен.


Кызматтан жок же акчадан жок калган проректор
Пенде деген кыйын экен го, болсо дагы болсо экен дейт. Кыргызстандагы эң ири ЖОЖдун экс-проректору Т.К. ректорлук кызматка көзү кызарып, жакын санаалаштарынан акча чогултуп, бир "экс-ментке" отуз миң американын долларын эч кандай тил каты жок эле кармата салат. Убакыт өтүп, баягы асмандагы айды алып берем деген адамдан дайын жок. Акчадан жок же кызматтан жок калганына көзү жетип, Бишкекке келсе, анысы куйругун карматпай качып жүрөт имиш. Айласы кеткен "Т" аке учурда "красный", "чёрный", "зеленныйлардын" баарын салып, акчасынын артынан түшүптүр деген кулак кагышты угуп калдык.


Кытайдан 80 автобус келди
Бишкек шаардык мэриясынын маалымдаганы боюнча, 80 автобус алгачкы партия. Дагы 81 автобус келүүсү күтүлүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Кытай Кыргызстанга 4 млн. юандык гранттын эсебинен 161 автобус бермекчи болгон.
Буга чейин 2008-2009-жылдары Кытайдан 150 чакты автобус алып келинип, Бишкек жана Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташууга бөлүнгөн.
Апрель окуясындагы башаламандык учурунда жетимиштен ашуун автобус талкаланган, алардын көпчүлүгү али каттамга чыгарыла элек.


Алмаз Жолдошалиев 1,831 млн. сомдук курал-жарак жоготкон деп айыпталууда
Мындай күнөө мамлекеттик айыптоо тарабынан "Альфа" атайын кызматынын башчысы Алмаз Жолдошалиевге тагылган. Ал 7-апрель күнү "Форум" ишканасынын жанына 4 унаага ок атуучу куралдарды жүктөп барган, натыйжада "Альфа" кызматы төрт унаа, 19 автомат, 129 граната, 13 тапанча, көзгө атар мылтык жана он миңге жакын октон ажыраган деп белгилейт айыптоо. Ага мындан тышкары 7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деген да айыптар тагылган.
"Альфа" атайын кызматынын башчысы өзүнө тагылган айыптар менен тааныш эмес экендигин билдирип, аларды мойнуна албасын айтты.




Ала-Тоо алтын тагынды!..
Кытайдагы XVI Азия олимпиядасында алтын медалга ээ болуп, Кыргыз мамлекетинин даңкын дагы бир жолу Дүйнөгө дүңгүрүткөн Данияр Көбөновго миллиондогон көрүүчүлөрдүн атынан куттуктоо!

Алтындан медал тагынып,
Ааламга аты жаңырып.
Ак калпак өлкө кубанды,
Артыкча байге алынып.

Балбандык жактан багы бар,
Бактылуу жигит Данияр.
Кытайдан жеңиш апкелген,
Кыргыздын намыс ары бар.
Куттуктап кыргыз өлкөсү,
Кол чапты жаштар-карылар.

Сапаттуу жеңиш кармадың,
Саруудай чыккан балбаным.
Ыраазы болду Ысык-Көл,
Ынтымак тилеп ардайым.

Ак тилек айткан Алмазбек,
Жеңилбей… жеңип кармаш -деп.
Алтынды алып келгени,
Ала-Тоо үчүн ардак -деп.

Өсө бер! Жарап көп ишке,
Өлкөбүз болсун бейиште.
Ысык-Көл толкуп… Ала-Тоо,
Кол чапты мындай жеңишке!

Жеткирген жеңиш учуна,
Колдогон Манас духу да.
Байкалган баардык өлкөгө.
Балбандык деген ушу да!
Алмасбек Молдогазиев