Кыргыз гезиттер архиви

Жетимдердин көз жашы
- Эртеси Айдар таң атпай баарын тургузуп, карындашы Ширин менен атасынын мүрзөсүнө барышты.
- Келгиле куран түшүрүп коёлу деп куран окуп мал мууздашты. Айдар муңайым жүз менен: "Түндө карындашым Ширин түшүмө кирди. Баягыдай эле жаркылдаган бойдон экен. Байке келдиңби, мени эмнеге үйлөнүү тойуңа чакырган жоксуң. Ошондой болсо дагы атам экөөбүз сизди куттуктап коюуну чечтик. Сизге таарынып атам келбей койду. Бирок, келиним абдан сулуу, жакшы адам экендигин көргөндөн кийин ичим жылып калды-деп сизге экөөлөп тоодон гүл терип келдик. Экинчи бизди унутпасаңыз байке"- деп мага бир кучак кызыл гүл берип жатыптыр. Ойгонуп кетсем түшүм экен -деп Айдар көзүнөн аккан жашты аарчууга алы келбей эчкирип алып ордунан туруп, мүрзөнү көздөй басты.
- Отурган адамдар эмне кылып Айдарды кантип алаксытуу керектигин билбей ордуларында отуруп калды. Ади Радригого эмне болгонун которуп берип, Шириндин күмбөзүнө барса, Айдар жерге отуруп алып, ыйлап жаткан экен.
- "өзүңүздү кыйнай бербей ыйлаганды токтотуңуз, элдин барын ээрчитип келип алып, өзүңүз ыйлап отурасыз, уят эмеспи!" - минтип токтотпосо, ал өзүн токтото албасын сезген Ади буйрук бере сүйлөдү.
- Ордунан тура калган Айдар, аа Ади сенсиңби, карачы Ширинди сага коёндой окшош. Менин тилегим такыр башка эле. Кагылайын жалгызым, жылмайып турганын кара. Турмуш деген ушул экен, экөөбүз такыр эле эки башка адам менен баш кошуп калдык. Буйрук деген адамдан да улуу болот турбайбы- деди өкүнө сүйлөгөн Айдар.
- Болду Ади, мен экинчи ыйлабайм, жөн гана атам менен карындашымды сагынганымдан ичимдеги бугумду чыгарып алдым. Жүрөгой элге барып кошулалы деп элди карай басышты. Алар сүйлөшүп турганын көргөн Хадижа келип, кызга үңүлө карап, анын жүзүнөн Адини көрдү. "Капырай ушундай дагы окшоштук болот экен ээ. Ади балким, Айдардын карындашы болуп жүрбөсүн же кыргыздардын баары бири-бирине окшошпу? - бул эки кыздын окшоштугуна башы маң болгон келин элдин арасында күлүп коюп отурган Адиден көзүн албай "карасаң башкасын айтпаганда дагы жылмайгандарынан өйдө окшош. Булар бир тууган болушу керек. Айдар менден жашырып жатат. Эмнеге Адиге өтө жакын мамиле кылат. Анын энесин апа дейт" -деп ар нерсени ойлой баштады.
- Хадижа, сен келинсиң ошондуктан биздин кыргызда келиндер союлган койдун ичегисин артат. Келген конокторго чай коюп, меймандостугун билдирет. Ал эми күйөө бала болсо, казанга от жагып тамак бышырат. Ошондуктан, биздин кыргызда: "Конок бир түнөгөндөн кийин экинчи күнү эмгектенип, өз курсагын тойгузушу керек"-деп айтылат. Андыктан, силер үйгө баргандан кийин өз милдетиңерди жасашыңар керек-деди тамашалай сүйлөгөн Ади.
- Булардын эмне сүйлөп жатканын түшүнбөсө дагы баамдаган Арсен: Ай чет элдик адамдар кыргызча деле кошуп койсоңар, биз сүйлөгөндө 60% кыргызча, 40%тин орусча кошуп сүйлөп көнүп калганбыз. Так что, англис тилинде сүйлөсөңөр кыргызчаны аралаштырып сүйлөгүлө - деди бакжаңдай.
- Бул мезгилде чын эле ушундай кылыш керек турбайбы деген ниетте, экөө тең үйгө бараар менен өз жумуштарына киришти. Мындайды көрбөгөн Радриго от тамыза албай эси ооду. Ары жакта көз салып турган Арсен "деги койгулачы баланы кыйнабай. Балдар өздөрү даярдашат" - деди эле Айдар көзүн кысып болбой койду. Радриго дагы намыскөй жигит экен, көшөрүп жатып отту жагып, сууну айткандай кылып казанга толтура куюп, улам- улам килейген отундарды салып коюп, эрдемсинип Адини карап жылмайып коёт.
- Ал эми Хадижа, сенден мен каламбы, "мен Кыргыздын уулуна тийгенден кийин, мен дагы кыргыздын келинимин, кыргыздын каада - салтына көнүшүм керек" деп келиндер жасап жаткан боорсокту бир көргөн менен алардын колдорунан талашып жасап, самоорлорго от жагып, жоолукту тысырайта салынып алып, шымалана окат жасап жүрдү. Булардын баарына сырттан көз салып отурган Арсен: "мына Кыргыз улутунда Манастын касиети бар деп бекеринен айтылбагандыгы чын. Биздин эл улуу эл. Карасаң, башка улуттун адамдары, биздин каада- салтыбызга баш ийип, сыйлоо мамиле жасап жатат. Биздин уулдарыбыз-кыздарыбыз дагы урмат-сыйга татыктуу" - деди өз оюна өзү корстон боло ууртунан жылмая.
- Ал күнү узак жол жүрүп келген меймандар дагы эс алып калышкандыктанбы, айтор кечени көңүлдүү өткөрүштү.
- Эртең мененки тамактануу учурунда Арсендин балдары келип, биринчи Ысык-Көлгө, анан Нарынга деп жети дубандын жакшы жерлерин картага түшүрүп келгендерин айтышты.
- "Меймандар кыргыздын жери абдан кооз жер. Ошол себептен, бизде улуулардан мындай деп айтылып калган уламыш бар. Алла Таалам бардык улуттарга жер бөлүштүрүп бериптир. Ушул мезгилде Кыргызбай уктап калып, күн аркан бою көтөрүлүп калган мезгилде тура калып кудайга барат экен. Кудай мен уктап калыптырмын, эмне кылам мага жер бериңиз дейт. Эл менен чогуу келип эле алып албайт белем. Болуптур эми момунум, сен керек болсо калп айтканды дагы билбейсиң, куулдук-шумдугуң жок адамсың. Ошондуктан мен сага өзүмдүн дачамды берейин деп кыргызда ушул ажайып жерди берген экен. Эми бир туугандарым бизде жети дубан бар. кыргызда жетинин бири кыдыр деп айтылат. Биз дагы жети "Джип" машинеси менен эс алып жер кыдырабыз. Бул менин меймандарды сыйлаган сыйым болсун" - деп биринчи Ыссык-Көлдү карай бет алышты.

(Уландысы кийинки санда)
Нурзада Акмат





Г а р е м к а н а
Турганбектин канча аялы бар экенин эч ким толук биле алган жок. Баары эле боюнда болуп калуу менен аны кармап калам го деген ишенимде болгон, бирок бири да анын башка кыздарга ашык болгон "оорусунан" айыктыра алышпады. Жайнагүлдүн чыдамдуулугу анын эртедир-кечтир өзүнө имерип алаарына Турганбектин көзү жеткен эмес, бирок кандай татаал учур болбосун биринчи эсине түшүп, Жайнагүлдү ойлогондуктан жүрөгүнүн тереңинде бир гана ошол аялзаты жашаарына көзү жетип турса да ачык түрдө моюндагысы келчү эмес. Катяга анын кайда, эмне кылып жүргөнү баягыдай эле чоң мааниге ээ эмес болчу, эң негизгиси ал үчүн балдарынын көптөн тилегенин кудай берип мыкты бизнесмен болууга жолдун ачылышы башкы мааниге ээ боло турган.
- Силер менин кандай абалда болуп жатканымды ойлоп да койбойсуңар, закондуу аялым болгон соң мен үчүн кам көрүү сага тиешелүү,-деп калды бир сапар кызуу абалында Катя жашаган үйгө келип.
- Мага эч кандай тиешеси жок, мен закондуу болгонум менен законсуз таманыңды жалагандар чачтан көп эмеспи, ошолор деле жетишет, -деди Катя ого бетер чиренип аны сен ким болуп калыптырсың дегенчелик түр көрсөтүп.
- Алардын жөнү башка, андан көрө сен кимдин арты менен ушундай даражага жетип атканыңды билесиңби?! Экөөбүз эки башка адам болуп калганда бактың бар экен минтип мен эң чоң кызматтардын бирин ээледим, сен болсо кулпуруп отурасың, дагы эмне керек, айтчы, эмне керек?!-деп өзүнчө кыйкырына баштады.
- Кыйкырба, сенин көөп кеткениңди көрүп кудай менин колума ушундай жол менен салып берди. Жеткен өзүмчүлсүң, катындарды коллекциялагандан башка акылың жеткен дагы эмнең бар?
- Канча аял алам ал менин ишим, бирөөңөр да мага ал жагынан мага күнөө кое албайсыңар, себеби менин ар бирин багууга чама-чаркым жетет.
- Кыйынсың да, башыңа кыйын иш түшкөндө ошол сулууларыңдын кимиси сени менен калаарын көрөөрмүн, мага мындай ойдо жок бакытты берген кудай сенин башыңа да кыйын күндү түшүрөт.
Экөөнүн кайым айтышуусу канчага созулат эле ким билет, бир убакта алардын кичүү уулу кирип келип калды. Алгач атасы менен учурашкан соң энесинин жанынан орун алып экөөнү алмак-салмак карап калды.
- Эмне болуп атасыңар?
- Атаңа менин кайтып келгеним жакпай атат.
- Эмне үчүн?
- Бактың тоодой экен дейт, баарын кол менен жасап бергенсип…
Катя уулуна ачык эле даттана кетти. Бул баласынын мүнөзү чорт, айтканын бербеген көк, оңой менен адамды теңине албаган мүнөзү бар экенин, ачуусу келсе эч кимге карабай чаап, тээп, талкалап салмай адаты бар экенин билгендиктен кооптонуп кала турган. Азыр да аны көрүп туруп соолуга түшкөндөй болду. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй көз карашынан жалтана башын жерге салып отуруп калды.
- Ата, сени бул жакта дегениңен келдим. Бизди эл көзүндөгү адам дейт, апам сага эмне кылды, кайсы күнөөсү үчүн ага келип алып тыңсынып атасың. Катындын түрүн алдың, бир ооз унчуктубу, ал гана турсун апам менен жаңы үйлөнгөндө келип жашыруун үйлөнүп алган аялыңа эски күнөөңдү жуугуң келип жакшы кызмат "белек" кылдың, дагы эмне керек. Апама карата бир ооз сүйлөчү болбогун, мен аны каалабайм, түшүнүктүүбү?
Баласынан катуу кагуу жеп калган Турганбек отурган жеринен кыймылдай албай калды. Сүйлөйүн десе тили кыска, канча адам аны көргөндө кандай дээр экен деп көзүн карап турат, ал эми анын үй-бүлөсүнө, балдарына аталык кадыр-баркы канчалык салмакта экенин эч ким билбесе керек. Катянын жанында калбай кетейин деген ою болгону менен баласына мен кетишим керек дей албай калып калды. Бирок Катя аны төшөгүнө турмак чогуу тамак ичүүгө да чакырган жок.

(Уландысы кийинки санда)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ