Кыргыз гезиттер архиви

Көрөңгөлүү
Көрөгөч Маамыт
Өткөн кылымдын 60-жылдары баштагалып, союз кулаганга чейин өнүккөн кыргыз адабияты менен маданиятынын жетишкендиктери мезгил өткөн сайын улам дааналанып, тарбия-таалими артып дегендей деңгээлге көтөрүлүүдө.

Ошондогу орошон ийгиликтерди жараткан инсандар мууну да арабыздан табигый түрдө "кетип жатса", калгандары социалдык жана башка өзгөрүүлөрдүн айынан
"пайдалануудан" чыгып калганы капалантпай койбойт. Алардын айрындары гана "Дале болсо дүрмөт бар" дегенди демдүү далилдей искусство көчүнүн башында келатышат. Ошол саналуу чыгармачыл аксакалдардын атайын көркөм өнөр кеңешин түзүп "Устат-Шакирт" мектебин мамлекеттик деңгээлге уюштуруп койгонго качан көңүл бөлүнөрү белгисиз…
"Кыргыз киносундагы чыйырын "Тянь-Шандын кызында" жумушчулуктан баштап, "Ашууда" жарык бергич, ал эми "Ап тапта" администратор жана "Буктурмада" экинчи оператор катары уланткан.
Карел Абдыкулов агабыздын да "Кыргызфильм" тарыхына кошкон салымы зор. Ал оператор-коюучу катары тарткан "Ак куулар конгон айдың көл" көркөм тасма өзүнүн лирикалык маанайы, адамдар ортосундагы мамилелерди табият ыргагына шайкеш сүрөттөөсү менен өзгөчөлөнөт жана Улуу Тоолордун бийиктиги менен Ысык-Көлдүн көркөмдүгүнөн ширелишип бүткөндөй элес берет.
1940-жылы 15-ноябрдан баштап иштей баштаган Фрунзе кино хроника студиясы келечектеги көркөм тасмалардын анык устаканасы болгонун кинотаануучулар дайыма белгилеп келгендей эле, Карел Абдыкуловдун чыгармаларында да документалдык тасмалары башкы орунду ээлейт. "Көк тиреген тоолордун ыргагы", "Ала-Тоо жазы", "Бышкан дандын маалы", "Достуктун майрамы", "Ата мекеним" сыяктуу ондогон тасмалары атына заты жарашкан республика турмушунун түркүн окуяларын камтыганы менен кызыктуу.
Жеке каармандардын тагдырын чечмелөө, сүрөттөө менен мекенибиздин тарыхын чагылдырууга да кыйла кызмат өтөгөнүнө "Отто Барч", "Ласло Месарош" жана "Чолпонбай" аттуу документалдык. Ал эми "Тушоо кесүү" эмгеги өзгөчө тасмалары далил экендигин анын бир канча кинофестивалдарда байгелерге татыганы ырастайт.
Биринчи тасма спортсмендин түйшүгүнө арналса, экинчиси венгр-кыргыз скульпторунун татаал тагдырын баяндайт, ал эми Ч.Түлөбердиев ким экенин кыргыздар билсе керек. Мына ушундай улуу инсандардын бейнесин 15-30 минуттук тасмада кыска-нуска түзүү мүшкүлү канчалык оор экендигин чыгармачыл чөйрөдөгүлөр түшүнүшөт.
Эң башкысы эмгектери жана мезгилдин өтүүсү менен өз элинин кадырман аксакалына айланып калган кыргыз эл артисти, кинорежиссер жана оператор Карел Абдыкуловду 70 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктап, чың ден соолук жана турмуштагы жакшылыктарды жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!
Айтмакчы, маараке ээси өзүнүн фотохудожник, сүрөтчү жана скульптор, демек көп багыттуу чыгармачыл инсан экендигин элге тааныштыруу ниетинде Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде көргөзмөсүн 19-ноябрда ачты.
П. Казыбаев





Кыргыз Республикасынын Президенти Р. Отунбаевага
Ата Журт фракцясынын Башчысы А. Келдибековко
КСДП фракциясынын башчысы А. Атамбаевке
Ар Намыс фракциясынын Башчысы Ф. Куловко
Республика фракциясынын Башчысы О. Бабановко
Ата Мекен фракциясынын Башчысы О. Текебаевке
"Кыргыз Руху" гезитинин Редакторуна


Ажы сапарына алып баруучу топ
башы Джураев Абдушукурдан
Тел: 0771 13-58-50
0779 55-97-56
Арыз
Биздин сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: Быйылкы 2010-жылы ажы сапарына баруу үчүн №1 Лицензия Матиев Жапардын атынан 15-октябрь саат 17:00дө Дин боюнча өкмөт алдындагы комиссиясынан орун басары Мурзахалилов Канатка 99 паспорт виза ачуу үчүн тапшырганбыз. Ажыга баруу үчүн төлөмдөрдү толук төлөгөнбүз. 10800 Акш доллары авиакомпания Рахис менен 2-октябрь күнгө Ош - Джида маршруту боюнча келишим түзүлгөн. 28-октябрь 2010-жылы 99 паспорт ичинен сиздерге виза жетпей калды деп 41 паспорт кайрылып берилди. Бизге түшкөн маалымат боюнча ал 41 визаны Иран Республикасынын атуулдарына сатып жиберишиптир. Бул факт 10-ноябрь 2010-жылы улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган 144 виза менен тастыкталат. Кыргызстан боюнча телевидение аркылуу өздөрү берген маалымат боюнча 4630 атуулдарына квота берилген. Анын ичинен Ош облусуна 1100 адам катталган. Жалал-Абад облусуна дагы 1100 квота берилген, 480 адам катталган. Баткен облусуна 400 квота берилген 250 адам катталган. 2500 квота ордуна 1410 адам чогулган. Муфтияттын каттоосу боюнча 3500 адам каттоодон өткөн Сауд Аравиясындагы элчи Жусупбек Шариповдун маалыматы боюнча 5140 кыргыз жарандарына виза басылган. Натыйжада 41 ардагер, аксакалдар, баатыр энелер, Алай, Кара-Суу, Ноокат райондорунан үй-бүлөлөрү менен коштошуп элден бата алышып 4-ноябрь күнү Ош аэропортунан ажы сапарына барбай калышты. Ош-Жиде каттамы боюнча буюртма учак 41 адамдын төлөнгөн орундуктары бош үчүн 131 адамы менен бош учуп кетти.
Бул иштерге башынан дин башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссия жана Жумашев Болот, орун басары Мурзахалилов Канат күнөөлү деп эсептейбиз. Мадина шаарында гостиницага ар бир ажыдан 100 доллардан калькуляция менен 4,5 миң адамдан 450000 доллар кимдин чөнтөгүнө түштү. Гостиницанын баасы 50 доллардан ашпайт. Палаткаларга 5 доллардан 22500 доллар кимдин чөнтөгүнө түштү.
Андан тышкары алар ар бир ажы башчылардан 10-100 АКШ долларына чейин пара алышкан.
Ар бир виза Иран Түрк атуулдарына 3000-3500 АКШ долларына сатышкан деген эл ичинде сөздөр жүрөт. Башынан эле дин башкармалыгы өзүнө ажы сапарына алып баруу боюнча милдеттенме алышып, тажрыйбасы жоктугуна карабай ушул иштерди жасашты.
Мусулман адамдарды өздөрүнүн тууган, айылдаштары алдында мазактагандай мамиле кылышты. Алардын кордолгон тагдырына ким жооп берет. Келтирилген чыгымдардын орду толгус, анткени өзүн өзү ажы сапарына даярданып жүргөндөрдүн көбү ооруп калышты. Эл алдында чыгып кечирим сурап мыйзам алдында жооп беришсин. 2000ден ашык виза кайда кеткенин жана кимдерге сатылганына ким жооп берет. 41 ажыга барчу аксакал, баатыр энелердин көз жашы күйүтүнө ким жооп берет. Күнөөлүлөрдүн үстүнөн чара көрүүңүздөрдү суранабыз.
Мусулмандар кудайдан корккула!

Сизди терең урматтоо менен Абдушукур Жураев





 "Кыргыз Руху" гезитинин редакциясына

Депутаттардын анты "экинчи ичпейм" деген убадага окшош

Жакында ЖКга өткөн депутаттар "………. Мыйзамдарды, Конституцияны сактап, ак ниет кызмат кылам!" деп ант беришти. Ушул маанидеги анты Акаев, Бакиев мезгилинен бери берип келе жатышат. Ушул ант берүү аземин угуп, көрүп калганымда менин 1966-жылы Советтик Армиянын катардагы жоокерлик милдетине өтүп жатып берген антым такай эсиме түшөт. Ошол анттын тексти (орусча окулчу):"Я, гражданин Союза Советских Социалистических Республик , вступая в ряды Вооруженных сил торжественно клянусь: быть честным, добросовестным, бесприкословно выполнять приказы командиров и начальника . При защите Родины при необходимости отдам свою жизнь. (Ушул жери толук эсимде жок, бирок мааниси ушундай?. Если же я нарушу эту клятву, то пусть постигнет меня суровая кара Советского народа!"

Ал кезде мен орусчаны жакшылыктуу билбесем да антты окуп жатканда ичимде бир жакшы сезимдер болуп жатты. Салыштырып көргүлөчү, ошол кездеги катардагы жоокердин антын азыркы мамлекетти башкарам дегендердин анты менен. Одоно салыштырсак жогорку ант, ичип келген атасын балдары "ичпечи" десе, "макул, эртеңден баштап ичпейм" дегендей эле кеп. Ант деген ошол ант берип жаткан жаран эле жоопкерчиликтүү болбостон антты угуп жаткан эл-журт да ошол киши айткан жоопкерчиликти аткарат деген ишенимде болушу керек. Манас атабыздын "Төбөсү бийик көк урсун, төшү түктүү жер урсун!" деген анты бар. Анттын касиети болот, берген антын аткарбаган эки президентти тең ант уруп, элдин каргышы, жердин кусуру уруп башка элде баш калкалап жүргөнүнө күбөбүз.

2010 жылдын 10-апрелинде 7-апрелде окко учкандарды "Ата бейитте" жерге берүү вазийпасында Өмүрбек Текебаев сүйлөгөн сөзүндө "Керек болсо ушул жерде окко учкан кырчындай балдардын жана кан жуткан кыргыз элинин алдында ант беришибиз керек" деди. Ким жолтоо болду алардын туура ант беришине. Бирок эч ким ант берген жок ал жерде.

Ант берүү боюнча пикиримди билдирип 13-апрелде Топчубек Тургуналиевге кат жолдогом. Бирок анттын мааниси өзгөрбөптүр. Анттын мааниси ант берип жаткан адамдын жандүйнөсүн дүркүрөткөндөй болушу керек. Ушул себептен мен анттын текстине төмөнкүлөрдү кошумча киргизсе дээр элем: "……. Эгер мен ушул антымды бузуп эл-жериме кара ниеттик иш кылсам мени Кыргыз Элинин каргышы урсун, Кыргыз жеринин кусуру урсун!" деп.

Табыш Кожобаев





"Манастын туусун көтөрүү"
улуу жүрүшүнүн баардык катышуучуларынын
Кыргызстан элине,
Кыргыз Республикасынын Президентине,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине
Кайрылуусу


"Элибиздин келечеги - касиетинде" аттуу долбоордун алкагында жарандарыбыздын атуулдук, мекенчил сезимдерин курчутуу жана биримдик - ынтымагын бекемдөө максатында "Бакдөөлөт" коомдук фондунун демилгеси менен, Кыргызстандын ар бир дубанынын өкүлдөрүнөн турган уюштуруу тобу жергиликтүү бийликтин, көптөгөн коомдук уюмдардын, жеке ишкерлердин жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен Республикабыздын баардык дубандарында "Манастын туусун көтөрүү" улуу жүрүшү болуп өттү.
Жүрүш кыргыз элинин ой-мүдөөлөрү менен шайкеш келип, кызуу колдоосуна алынып, бүгүнкү кыйынчылыктарыбыздан арылууну көздөп, төмөнкү маселелерди талкууга сунуштайт:
1.Жер-жерлерде, райондук деңгээлде "Манастын чоролору" деген аталыш менен уюмдар түзүлүп (мамлекет тарабынан же коомчулук тарабынан), "Манастын дүйнөсүн", касиетин, жалпы кыргыздын баалуулуктарын кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү багытында иш алып барсын.
2.Кыргыздын дүйнөтаанымынын, маданиятынын, адеп-аклагынын, дөөлөт-мурастарынын туу чокусу болгон Манас (тарыхый инсан катары) жана "Манас" дастаны биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн белгиси (символу) катары кабыл алынып, атайын бир күн "Манастын күнү" деп белгиленсин.
3.Кыргыздын бүтүндөй жашоосун камтыган "Манаста" туулардын өң-түстөрү мындайча айтылат: Манас жоого, Чоң казатка аттанаарда Ордодо желбиреп турган асман түстүү Көк тууну алдырбастан, кандуу жолго кандын түсүн берген Кызыл тууну алдыртат. Себеби, асман түстүү Көк туу - бул чексиздиктин, тынчтыктын жана түбөлүктүүлүктүн белгиси, ал эми Кызыл туу кандын, кайраттын, согуштун белгиси. Ушул жүйөдөн улам, бүгүнкү мамлекеттик туубуз бизге эмнени тилеп турат деген суроо кийинки сунушту жаратат:
Кыргыздын мамлекет башчысы, эл депутаттары, аттуу-баштуу окумуштуулары, илимпоздору, тарыхчылары, Манас изилдөөчүлөрү ж.б. ушу күнгө чейин талаш болуп келген тууну кайрадан карап, изилдеп, иликтеп, кыргыздын тектүү баалуулуктарына кайрылып, тарыхыбыздан сабак алып, Кыргызстандын келечегине тууралыкты бере турган тууну кабыл алуусу зарыл.

"Манастын туусун көтөрүү" улуу жүрүшүнүн жалпы катышуучулары.