Кыргыз гезиттер архиви

  Сапардан кийинки сапырылган ойлор

Жашагым келет сенде, Кыргызстан!
Албетте, былтыр эле Бакиевдик бийликтин учурунда "Жашагым келбейт сенде, Кыргызстан!", "Өкүнөм кыргыз болуп калганыма", "Катчылыктан каатчылыкка" сыяктуу пессимисттик ойлорго сугарылган макалаларды жазып жүрүп, капыстан эмне үчүн Кыргызстанда жашагым келип калды? Ушул ойлорду чечмелип берүүгө аракет кылып көрөйүн деп жол сүртүмдөрүн жазууга бел байладым.


Бишкектен Петербургга саякат

Он сегизинчи кылымда, падыша Екатерина экинчинин тушунда орус ойчулу Радищев "Петербургдан Москвага саякат" деген атактуу китебин жазган. Заман өзгөрүлдү, заманга жараша баардыгы өзгөрүлөт экен. Эми ойлобогон ойлор деле аткарылып калат тура. Балким? Союз убагында Ленинград шаарына барып келүү тууралуу ойлор болгондур. Акаев менен Бакиевдин алдым-жуттум заманында мага окшогон карапайым кыргыз Санкт-Петербургду ойломок түгүл санаабыз-санга бөлүнүп, кыргыз элинин жакырчылыкка сүңгүп кирип баратканын ойлогондо өксүп ыйлагы келип кеткен жагдайга туш болгонбуз.
Ошентип жүргөндө ойдо жок жерден Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана ЕврАзЭС мамлекет аралык Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн делегацияны баштап баратып, кыргыз маданиятынын Корифейлерин коштоп, арасында мен дагы кыпчылып барып келдим. Кыргыз маданий ишмерлерин, композиторлорду, улуттук музыканын чыгаандарын, художниктерди алып баратканынын да себеби бар экен. Президент Отунбаева маданий чөйрөгө да өзгөчө көңүл бөлүп келатат. Анын үстүндө программа боюнча да сапардын биринчи күнү орус маданиятынын туу чокусу болгон жайлар Эрмитаж, Мамлекеттик Орус Музейи, "Конгресс сарайы" аталган Мамлекеттик комплекс, дүйнөгө атагы чыккан Мариин театры, Борис Ельцин атындагы Президенттик китепкана менен таанышуу жагы каралган. Албетте, Президент Отунбаева баш болгон вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Каржы министри Чоробек Имашев, экономика министри Эмил Үмөталиев жана башка официалдуу адамдар күндүн иш сапарынын экинчи күнү отурумга катышып, Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн эң маанилүү 22 маселени карашып, ийгиликтүү жыйынтыкка келишти.
Ал эми маданият ишмерлери экинчи күнү да Санкт-Петербургдун маданий жайлары менен таанышып чыгармачылык күчтүү дем менен кайтып келишти.

Эмне үчүн Кыргызстанда жашагым келип калды?

Кыргызстанда жашабаганда каякта жашайт элек. Бирок Акаевдик, Бакиевдик бийлик акыйкат сүйлөгөн кыргыздарды Кыргызстанга батырбай, туш-тарапка чилдей тарата баштаган. Алар мамлекеттик бюджетти опсуз, сугалактык менен пайдалангандыктан, биздин мамлекеттин тышкы карыздары жыл өткөн сайын өсүп отуруп эки миллиарддан ары ооп кетти. Ошол акчалардын убайын ким көрдү? Акаевдик, Бакиевдик үй-бүлөө жана анын жакындары гана. Ал эми кыргыз эли жакырчылыктын сазына баткандан бата берди.Эң биринчи Акаевдик бийликке каршы Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Алмаз Атамбаев, Дүйшөн Чотонов, Азимбек Бекназаров, Ишенгүл Болжурова, Адахан Мадумаров сыяктуу улут лидерлери баш көтөрүштү. Аягында Үзөңгү-Куушту Кытайга берип, ошонун айынан чыккан Аксы окуясынан улам жыдыган Курманбек Бакиев оппозицияга кошулган. Ошол мезгилде Бакиевге ишенич бар эле. Ал эмес "Ленин" атомоходу сыяктуу, Бакиев Акаевдик музду талкалап кете турган күн кайда, деп да жазып жиберген экенбиз. Элдин күчү менен Бакиев бийликке келди. Бирок элдин ишеничин актаган жок.Муну эң биринчилерден сезген Роза Отунбаева Тышкы иштер министрин, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин Төрагалыгын, Болот Шер Вице-спикерди, Азимбек Бекназаров Башкы Прокурорду, Алмаз Атамбаев министрлик "креслодон" баш тартышып, Бакиевке каршы күрөшкө чыгышты. Күрөш узак болду. Анын ичинде Бакиев административдик күчкө таянып өз партиясын парламенттик легитимсиз шайлоодон өткөзүп, өз бийлигин чыңдап алды. Андан соң түбөлүктүү бийликте калыш үчүн мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөзүп, утурумдуу жеңишке жетти да, уулу Максим Бакиевке ченемсиз, легитимсиз бийликти колуна карматты. Элди ойлогон жок. Данияр Үсөновдун өкмөтү элде өчү бардай электр энергиясын эки эсе көтөргөнү аз келгенсип, этап менен көтөрүү идеясы менен чыкты. 2010-жылды кыргыз эли күйүнүч менен тосуп алдык. Электрге болгон баа 1 сом 50 тыйынга көтөрүлүп, келечегибиз тумандап июлда 3 сомго, бул жаңы жылда 4 сом 50 тыйынга чыгып өсүүнүн үстүндө болмок. Ага да карабай "Баш ал десе бөрк алган" бакиевчил өкмөт апрелде бааны көтөрөбүз деп жулунуп турушту. "Түндүк электрону" арзыбаган баага сатышып, Данияр Үсөнов керек болсо 1 долларга да сатып жиберем деп төшүн кагып турду. "Чыгыш электро", "Ош электро", ТЭЦ сатылууга камынып, эл менен эсептешкен эч ким болгон жок. Алар сатылып кеткенде каалаган баасын коюшмак.Уюлдук телефондорду да жөн койбой Максим Бакиевдин чөнтөгү үчүн 60 тыйынга көтөрдү. Бийликте Гуревич,Надель сыяктуу "кылым аферисттери" чалчакташып, кыргыздын каны менен акчасын соруп атышты. Баш көтөргөн кыргыздарды тизеге чаап, Кыргызстан жардын кырына такалып, Кыргызстанда жашагың келбей бараткан.
Каатчылыкка алып бараткан Катчылык тескери маалымат жүргүзүп, оозун бүтөп койгон оппозицияга каршы Мелис Эшимканов эски "Асабачылар" менен "Агымчыларды" "ичкен кудугуна түкүртүп" оппозицияга каршы жүз миңдеген нуска менен оппозиция лидерлерин шылдыңдаган материалдарды чыгарып дардалаңдай баштады. Ынтымак курултайында бийлик өзүн түбөлүккө калтыруу аракетин кыла баштады, оппозиция да акыркы чараларын көрө баштады. 17-марттагы оппозициянын курултайына бийлик маани бербей койгондуктан, оппозиция Бириккен Элдик кыймылдын башына өрттөн кайра тартпаган Роза Отунбаевага төрайымдыкты берип Улуу күрөшкө бет алышты. Улуу күрөштүн акыбети кайтып Бакиевдик бийлик бейкүнөө кыргыздарга ок атып, өзүнүн бийлигин кан менен аяктады. Роза Отунбаева баш болгон бийлик Кыргызстанга орноду. Бакиевдик бийликтин зордук-зомбулугунан запкы жеген адамдар үчүн эркиндик шамалы беттен сого баштады. Эмне үчүн Кыргызстанда жашагым келип калды деген суроого мен ачык эле айта алам. Себеби, кыргыздардын Кыргызстанда жашашы үчүн шарт түзүлдү.

Отунбаева жана анын командасы

Өткөн парламентте ачык, акыйкат маселени козгогон эки гана адам болгон. Жалтанбай акыйкатты айтып чыккан Роза Отунбаева жана дайыма аны колдоп келген Иса Өмүркулов. Бүгүнкү күнү көп эле адамдар баатыр болуп чыга келди. Ошол эле КСДП фракциясынан Жээнбековдор президенттин мөөнөтсүз шайланышы тууралуу маселени көтөрүп Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланышы тууралуу маселени көтөрүп чыккан. Роза Исаковна акаевдик да, бакиевдик да бийликтин кысымын көрүп калган адам. Акыркы жолу Роза Отунбаева менен апрель революциясы болоор алдында жолуктук. Мезгил өтө оор болчу. Ар бир ооздон чыккан сөздү бакиевдик агенттер тыңшап турган. Ошондуктанбы Роза Исаковна фракциянын жетекчиси жана БЭКтин төрайымы катары өз кабинетинде сүйлөшүүнү туура көргөн жок.Бирок, ишенимдүү сүйлөп жатты. Бийликке каршы тайманбаган Отунбаеванын ар бир сөзү эсимде калды. Мен ишендим.Жакында чоң өзгөрүүлөр күтүп турду. Ошондуктан кичи мекеним Кочкорго барып мен дагы элди көтөрүүгө салымымды кошконумду айта кетейин. Эң жаманы бийликти алмаштыруу тынчтык жолу менен бүткөн жок. Нечендеген мыкты жигиттерибизден айрылдык. Роза Исаковна өтө оор мезгилде мамлекеттин башына келди. Бийликти жөн эле бергиси келбегендер биздин мамлекетти өтө оор жагдайларга туш кылды. Ушунун баарын Отунбаева жон териси менен көтөрдү. Бийликти алыш үчүн гана элди дүрбөткөн кечээки эле "соратниктери" Акаевдик, Бакиевдик бийликтин алдым-жуттумдугун кайталап, элдин көзүнө жек көрүмчүлөргө айланышты. Эл тараза кимдин-ким экенин аныктап коюшту.

АКШ дегенде Россиянын тиши кычырайт

Акаевдин жана Бакиевдин үй-бүлөсү элдин турмушун ойломок түгүл, каалашынча чалчаңдап келишти. Алар элди мал катары эсептешип, өздөрүн кол тийбес улуу адам катары эсептеп келишкендиги белгилүү. Акаев да мейли демократияга жамынып алып, элдин эсебинен үй-бүлөөсү менен дүйнө жүзүн кыдырып алды. Бакиевди болсо Каркыраны бергени үчүн Назарбаев Астанага чакырып алып коноктобосо, башкалар саммиттен гана жолукпаса киши катарында деле көргөн жок. Ал эми жаңы президентибиз Роза Исаковнага жакынкы коңшуларыбыз эле бир аз мурдун чүйрүшпөсө Түркия, АКш өңдүү дүйнөлүк сегиздикке кирген ири державалардын президенттери кучак жайып тосуп алышты. А түгүл АКШ президенти Барак Обама БУУнун трибунасынан англис тилиндеги мазмундуу сөзүнөн соң өзү кабыл алуусуна чакырганда АКшнын түбөлүк күнүлөшү болуп жүргөн Россия президенти Медведев ачуусуна чыдай албай ошол кезде Россияда темселеп жүргөн Кыргызстан үчүн эч ким эмес, мезгилдин бир бүктөмүнө таштанды катары ыргытылып салынган генерал Феликс Куловду жеке кабыл алуусуна чакырып жиберди. Ошондо ойлоп койдум: "туй ата мындай болорун билгенде Отунбаева АКШга кетери менен Москвага темселеп мен деле бара койсом, Медведев өзүнө чакырып алмак окшойт" деп.

Путиндин үч кыргыз президентине жасаган мамилеси

Тамаша тамаша менен бирок, АКШга келгенде Россия ачууга алдырып коймою бар.
Бирок, канткен менен ачууга алдырган адыраңдаган Медведевге караганда Путин көптү көргөн кыраакы саясатчы эмеспи, эмоциясын көп ачыкка чыгара берген жок. Анан калса, Санкт-Петербургдагы саммиттен улам Орусия башчылары Кыргызстанды, Кыргызстандын президентин батышчыл деп жеришет, сыйлабайт дегендери ашыкча эле кеп экенине ынандым. Жеке баамымда Роза Исаковнага Владимир Владимирович абдан ызаат менен мамиле кылганын байкадым. Муну менен мен биздин президентти Россиянын премьер-министри башкалардан башкача сыйлайт деп мактанайын дегеним жок. Дегеле анча-мынча көөдөнү жогору кыргыз катары Путиндин жылмайып койгонуна адыраңдап сүйүнүп кеткенди намыс көрөрүм чын. Мага эмне, Путин болсо, өзүнө да, чынбы? Бирок, калыстык үчүн Путиндин Роза Исаковнага ызат менен мамиле кылганын айтпай коюуга акым жок. Балким, Путин деле "булар эмне АКШнын ары бар деп коюшпайт" деп ичинен тымпыйып жүргөндүр, бирок, Владимир Владимирович билимдүү, маданияттуу, ары джентльмен катары Роза эженин улуулугун, аялзаты экендигин сыйлады болуш керек. Анан калса Роза Исаковна Бакиевдей бир китеп ачып окубаган түркөй эмес, интеллектуалдык деңгээли жогору адам. Путин мындай адамдарды сыйлай турганын анын Бакиев менен Акаевге карата эки башка мамилесинен улам эле түшүнгөнбүз. Анан калса, Германиядагы визитинде орусча эмес, жалаң немисче сүйлөгөн Путин Отунбаеванын АКШдагы сапарында жалаң англисче сүйлөгөнүн жаман көрмөк түгүл баалашы керек эмеспи.
Путиндин өнүп-өскөн жери, орус маданиятынын ордосу Санк-Петербургдагы сапарыбыз саясий жагы эле эмес, маданий, руханий жагынан да биз менен барган кыргыз делегациясына бир топко жете турган күлазык болду окшойт. Эрмитажды көрө элегибиз Эрмитажды көрүп, балетке киргибиз келгени балетке кирип, жеке өзүм болсо, Балтиканын жээгине барып, дагы бир топ балчая семирип алдым. Ушундан соң Кыргызстанда жашагың келбегенде Кытайда жашагың келмек беле.
Азизбек Келдибеков Сүрөттөр Өкмөттүн расмий сайтынан алынды