Кыргыз гезиттер архиви

  Күн бүгүн

Чыныгы күнөөкөрлөр кимдер?
"Уурусу күчтүү болсо,
ээси доого жыгылат"


Аптанын башкы жаңылыктары катары 7-апрелден бери элибизди зарыктырып, бүгүнкү күнгө чейин создуктуруп отуруп, акыры ноябрь айынын II-жарымында борбор калаабыздын "Кожомкул" атындагы спорт сарайында башталган аскердик соттун иши айтсак болот.
Аскердик сот канчалык деңгээлде акыйкат карайт аны биз аскер судьясы Жакыпбек Бектемировдун абийирине коёлу.
Ал эми сотто каралып жаткан 28 айыпталуучулардын канчалык күнөөлүү экени далилдене электе, аларды эл душманы катары күнөөлөшүбүз да туура эместир. Бирок, алардын күнөөлөрү далилденсе, курман болгон 87 эр азаматтын кыйылган өмүрлөрү үчүн, алардын артында калган ата-энелери, жубайлары, балдар-кыздары,бир туугандарынын кайгы муңу күнөкөрлөрдү өмүр бою абакка отургузган өкүм чыгарса да аздык кылат деп ойлойбуз.
Албетте, 7-апрелдеги кандуу окуянын башкы күнөөкөрү катары биз экспрезидент, ошол учурдагы мамлекеттин башкы командачысы катары К.Бакиевди, мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев,
Улуттук Коопсуздук кызматынын мурдагы бөлүм башчысы К.Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев, Улуттук Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, экспремьер-министр Данияр үсөнов, Мамлекеттик күзөт кызматынын атайын даярдыктагы күчтөрүнүн "Арстан" тобунун башкармалыгынын мурдагы башчысы Эсенбай уулу Байыш, Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев, Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов, Мамлекеттик күзөт кызматынын штаб начальниги Данияр Дунганов, Мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары Нурлан Темирбаев, Президенттин коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча мурдагы кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди алсак болот.
Ошол эле учурда кандуу окуяга түздөн-түз тиешеси жок болсо дагы алар менен аралашып, бирге кеңешип ушул кылмышты аткарууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев жана Президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванаяны сотто күбө катары суралып, сот жообуна тартылышы керек.
Ал эми, учурда УКМКнын "Альфа" тобунун күнөөлүү деп эсептелген айрым кызматкерлери кандайдыр бир "фигуранын" кызыкчылыгы үчүн эле камакта отурган сыяктанат. Алар: Канат Кадыров (1984 -жылы туулган), Сергея Цигельникова, Тимур Попов (1985 -жылы туулган), Олег Ребенк (1983-жылы туулган), Жеңишбек Бабаибраимов (1980-жылы туулган), Талантбек Мамбетов (1981-жылы туулган), Медет Исаков, Расул Байтаков, Максатбек Карыкеев, Рафаэль Мадрахимов, Майрамбек Тентиев, Урмат Камчыбеков (1987-туулган), Акылбек Ниязов (1987-жылы туулган), 1981-жылы туулган Султан Арбаевдер. Алар өз элине карата эч качан ок атпайт, ок аткан күндө дагы алар айласы жогунан жогоруда аты аталган көркоо билермандардын буйругун аткарууга барышкан деген ой келет.
Биринчиден, 20-25 жаштын айланасындагы УКМКнын "Альфа" тобунун жаш кызматкерлерине бийликтин дагы байлыктын дагы кереги жок. Алар мыйзам алдында буйрукту аткарууга ант беришкен, мамлекет башында Бакиевби, Акаевби же Жакаевби аларга бары бир.
Экинчиден, "Альфанын" жоокерлери 7-апрелде элди атканга катышпагандыгын айтып, күнөөлөрүн моюнга алуудан баш тартышууда. Соттук териштирүү учурунда алардын куралдары баллистикалык экспертизадан өткөрүлүп, куралдарынан ок атылбагандыгы аныкталган.
Мындан сырткары, 7-апрелде жогоруда аты аталган топтун кызматкерлеринен сырткары ИИМдин, Коргоо министрлигинин жана Жаныш Бакиевдин сырттан жалдап келген "снайперлер" тобу иштегендиги тууралуу уккан дагы жайыбыз бар.
Болбосо, тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январдагы №27 токтому менен төмөнкү номердеги:

1. ГЕ 3199-45г.в. ТТ
2. ДМ-653-39г. ТТ
3. ПВ 4419 47г.
4. Е 82429 44г.
5. М 8 3425 49г.
6. ЗА 25-91-51г.
7. ШУ 4987-52г.
8. ЕЕ -1964-46г ушул ок атуучу куралдар кимдерге берилгендиги, булар баллистикалык экспертизадан өткөрүлбөй, аныкталбаган бойдон калгандай сыяктанат.
Азыркы бийлик эптеп эле элди алдоо жолу менен сот процессин өткөрүүнү биринчи орунга койбостон, кыйын деген юристерди, прокуратура кызматкерлери менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүү зарыл деп ойлойм. Болбосо, бейкүнөө адамдар жазага тартылат дагы, кылмышкерлер ууртунан жылмайып, эркиндикте жүрө берет. Биздин Кыргызстанда "тоок уурдаган адам түрмөдө, миллион уурдаган адамдар кызматтан- кызмат которууда" - деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан, азыркы бийлик мурдагы бийликтин катачылыгын кайрадан кайталагысы келбесе дыкааттык менен иликтөө жүргүзүүсү абзел.
Дегеним, чырактай болгон 87 балдарыбызды аттырган көркоо адамдар, учурда башка мамлекетте жыргап эс алып жүрүшөт. А колунда алардай миллион, миллиарддаган акчасы жок адамдар темир тордо отурат. Аларды дагы кармап, темир торго отургузуу аздык кылат. Жогоруда аты аталган кылмышкерлерди кармап эл сотуна салып берүү менен азыркы бийлик эл ишенимине ээ болот. Болбосо, биз мына ушуларга алыбыз жетет, ушул жол менен элге жакшы көрүнөбүз деген азыркы бийликтин кылган иши туура эмес.
Мисалы; Курманбек Бакиев 7-апрелден күнү кечинде "Манас" эл аралык аэропортунан Жалалабатка учуп, өзүнүн айылында 3 күн отурду. А.Бекназаров сыналгы, үн алгылардан сайрап, "спецоперация" менен Бакиевди жана бийликтин жооптуу кызматкерлерин колго түшүргөнү жатабыз деп карапайым калкты алдап, жыйынтыгында Россия, Казакстандын мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттен чыгарып кетүүнүн кажети бар беле?
Ошол эле мезгилде, "мамлекеттик кызматкерлер кармалды жакында ачыкка чыгат" - деген жалган маалыматтарды элге таратып, элдин башын айлантып, алагды кылуу менен алек болгондон көрө Жаныш Бакиевди өз учурунда кармап, камап салса болот эле го.
Азыркы бийликтин жакында дагы бир катачылыгы эксбашпрокурор Нурлан Турсункулов, Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев жана Президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная үй камагында жүргөн эле. Аскердик сотту уруп дагы ойнобой эле үй-бүлөөсү менен качып кетти. Буга ким күнөөлүү? Буга азыркы бийликтин алсыздыгы күнөөлүү десек жаңылышпастырбыз. Балким азыркы бийликтин арасында мите курттай болуп былгытып коюп, билмексен болуп отургандар болуп жүрбөсүн. Кандай болгон күндө дагы азыркы бийликти элге жаман көргөзүү, чөнтөгүн кампайтуу максатында иштеп жаткан кызматкерлердин эски бийлик менен кандайдыр бир байланыштары, кызыкчылыгы бар. Болбосо, учурунда эле аларды камап койсо мындай көйгөйлүү маселелер болмок эмес. Камакта саргайып жаткан "Альфанын" жаш кызматкерлеринен эле булардын күнөөсүү азбы?
Эгерде биз "Альфа" топтору элге ок атты дейли. Анда, ошол мезгилдеги башкы прокурор Н.Турсункулов санкция бериши керек эле. Ал санкция берген күндө дагы алар өз элине, (ошолордун арасында эң жакын адамдары болуп калышы дагы ыктымал) эч качан ок атаарына эч ким ишенбейт. Ошондуктан, бул иш боюнча кайрадан жакшылап, иликтөөнү жүргүзүшү абзел деген ой келет.
Эгерде, ушул жаш балдар жоопко тартыла турган болсо, анда мындан ары кызматкерлер Ак үй, көк үй, дегеле эч бир мамлекеттик имаратты сактап калам деп өз өмүрлөрүнө коркунуч келтирбей туруп эле элге кошулуп кетиши керек.
Анда буюрса, дагы бир митинг болуп калса, Президент баш болуп, өкмөт төш болуп, 120 депуттар папкесин колтугуна кысып, кол көтөргөн бойдон элге имараттарды талкалаттырышпай акырын гана чыгып кетүүлөрү зарыл.
Болбосо, күнөөлүү адамдар кармалып, жаш кызматкерлердин келечегине балта чаппай, темир тордон тезинен эркиндикке чыгарышы керек.
Ж. Жээналиева