Кыргыз гезиттер архиви

АКШыны
багындырууда…
Кыргыз элим өркүндөп өссө экен, кыргызым татыктуу жашоого умтулса экен деген тилек ар бир кыргыздын жүрөгүндө эмеспи. Кыргыз эли жер жүзүнө жетишкен эл катары таанылса экен деген тилек акырындык менен орундалып келатса керек. Буга "Ордо Сахна" фольклордук этнография ансамблинин өз салымы бар. Бир жылдан бери Американын угуучуларын багындырып, алардын дагы жүрөгүнөн түнөк таап, кыргыздын музыкаларын ал жакта да жаңыртып келишет.


Бул этнографиялык ансамблдин түзүлгөнүнө он эки жылдын жүзү болду. Акыркы бир жылдан бери чет өлкөдө популярдуу болуп, Америка штаттарынан да залдарды топтоп, өз угуучуларын тапты деп айтсак жаңылбайбыз. Учурда бул коомдук-маданий агартуу "Ордо- Сахна" фонду бир жыл ичинде АКШга эки жолу барып концерт коюп келишкени тууралуу "Акипресс" маалымат агенттигинде өткөн пресс-жыйында маалымдашты. Биринчи жолу апрель айында 24 күнгө барып, Калифорния, Аризона, Жаңы Мексика штаттарында концерт коюшса, бул жолкусунда кырк штатка баргандыктарын бул фонддун директору Чолпон Жапарова айтып кетти. Чет өлкөгө кыргыздын маданиятын толук кандуу жеткирүү максатында "Рure Nature Music" (АКШ) 3 жылга келишим түзүлгөндүгүн маалымдады. Америкалык угуучулар кыргыз фольклордук музыкасына кызыккандыгын болуп өткөн концерттерде ачык-айкын көрүнүп тургандыгын да кошумчалады. Биздин ата-бабалардан калган жыгач ооз комуздан чыккан коңур үн алардын кулактарынын кужурун алып тургандыгы алардын кол чабуусунан да байкалды дейт Ч. Жапарова.
Чынында эле кыргыздын комузу, ооз комуз, негизи эле музыкалык аспаптары өтө баалуу, суктанууга татыктуу экендиги талашсыз эмеспи. Бизге көнүмүш болуп калган ошол эле комуз жана башка аспаптар чет эле антиквариат сыяктуу мамилеге ээ. "Манас эпосун уккан зал трансска түшүп калгандай сезилет. Сөзүнө түшүнбөшсө да чоң кызыгуу менен угушат. Залга толгон эл "Манас" айтылып бүткөндөн кийин 4-5 мүнөт өткөндөн кийин өзүнө келип, андан соң гана кол чаап башташат", дейт манасчы Рыспай Исаков. "Манас" эпосунун күчү кандай зор экендигин алардын кабыл алуусу эле далилдейт, деп кошумчалады манасчы.
Бул топ Чикаго, Питсбург, Филадельфия, Сиэтл, Нью-Йорк, Сан-Франциско, Беркли, Сакраменто, Седана, Лос-Анджелес жергелерине атак-даңкын чыгарып, АКШны толук багындырууда десек да болчудай. Андан сырткары америкалык музыканттар менен чогуу бир нече фестивалдарга да катышышкан.
Учурда "Сахна-Ордодо" 6 бийчи, жана оркестрда 11 адам эмгектенет.
Бүгүнкү күндө бул топтун репертуарында 6 сааттык чыгармасы бар экен, ошондуктан ар бир концерттин программалары ар башка. Ар бир концерте мурдагыдан айырмаланып жаңы нерселерди угуучуларына жеткирүүгө аракеттенишет. Өзүбүздүн жанрыбыз бар деп айтууга да болот деп Ч. Жапарова кошумчалады.

Биз акча табуу менен эмес, кыргыздын кудуретин, кыргыздын касиетин баалашсын деген максат менен алектенүүдөбүз дейт Рыспай Исаков.
"Кыргыздын улуттук колориттеги музыкаларын чет элдиктерге тааныштырып, музыка менен өзүбүздүн дүйнө таанымыбызды, келечекке болгон умтулуубузду ушул музыка аркылуу жеткирсекпи деген тилегибиз бар. Анткени музыка адамга эстетикалык рахат тартуулоо менен анын ошол элдин маданиятына, баскан жолуна болгон кызыгуусун арттырат дейт, ансамблдин директору Чолпон Жапарова. Кыргыздын музыкасын океандын ары жагына жеткирген "Ордо Сахнанын" ишине ийгилик каалап, мындан ары дагы тыштаган кадамы кенен болсун деп тилек кылалы.


М. Уметбекова