Кыргыз гезиттер архиви

  Кыргыздар доорлор кыйырында

Жан дүйнөбүзгө чоң казат жасайлы

Эгемен мамлекет болгондон бери эл-журт катары өзүбүздү өзүбүз аңдап, таанып билүү жаатында өз түп башатыбызга кайрылган көп эле сөздөр айтылса керек, соңку учурда кечке эле байыркы жөнүндө айтыла береби, биз азыр эмне кылышыбыз керек, ошону билгибиз келет деген сыяктуу пикирлер угула баштады.
Биз азыр эмне кылышыбыз керек? Кыргыздар, биринчи кезекте өзүбүздүн ким, кандай эл экенибизди таанып-билишибиз керек. Экинчиден, өзүбүздүн кемчиликтерибизди моюнга алып, аларды жоюш үчүн биринчи кезекте тазаланышыбыз керек. Тазалануу десе механикалык тазалануу - люстрация мыйзамын кабыл алуу эмес, биз жан дүйнөбүздү тазалашыбыз милдет.
Андай тазалануу жолу да азыр бизге берилген. Анткени, азыркы учурда бизге "Чоң Казат" берилген. Мезгил түпкүрүндө кыргыз жашоосунда Чоң Казат чынында да болгон. Ал эми каймана маанилеринин биринде "Чоң Казат" кишинин ички жан дүйнөсүндөгү ыймандуулук, оң сапаттары менен наадандык, терс сапаттарынын ортосундагы айыгышкан күрөштү каймана мааниде чагылдырат. Жалпы элге "Чоң Казат" азыркыдай улуу бурулуш учурунда гана берилет. Азыр "Чоң Казат" кыргызда жүрүп жатат. Кийин "Чоң Казат" бүткүл адамзатка да берилет. Кишинин оң, руханий, ыймандуулук сапаттары дастанда кыргыздардын, ал эми материалий пас, тескери сапаттары - кытай, калмактардын символдору аркылуу туюндурулган.
Дастанда Тал чокуда Манас турат. Ал Тал чоку - бул жашоодогу Тал чоку эмес, ал биздин ички сезим-туюмдарыбыздын туу чокусу, аябай курчуп турган абалы. Кишинин ички жан дүйнөсүндө Чоң Казат жүрүп жатат, б. а. анын ыймандуулук, аруулук, кең пейилдүүлүк, айкөлдүк сыяктуу оң, жакшы сапаттары менен өзүмчүлдүк, ач көздүк, ичи тардык, көрө албастык сыяктуу тескери, пас, жаман сапаттарынын ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Азыркы жашоодогу кыйынчылыктарыбыз - каймана маанидеги "Чоң Казаттын" көрүнүштөрү. "Чоң Казатта" кишинин менменсинген инсаны - манасы каза болот.

Азыркы учурда жан дүйнөбүз жабыркап, кыйналып, бүт турпатыбыз, 40 мүчөбүз кыйналууда. Мына ушундай кыйналууда биздин жан дүйнөбүз, 40 мүчөбүз тазаланат. Азыркы учурдагы кыйынчылыктардан улам кырк уруу эл тазаланууда. Биз баладай эле болуп калуудабыз, б. а. дилибизде жаңы кишинин (жаңы дүйнө таанымдын, түшүнүктөрдүн) же Семетейдин калыптанышы үчүн шарт түзүлүп жатат. Кишинин жабыркаган жаны эле калат. Ал - Каныкей апа болот. Ушул учурда жүрөгүбүздө, дилибизде жаңы рух-жан - Семетей өсүп чыгат. Ушул маалда кишинин тескери сапаттары сан колдой болуп, ага тымызын кол салууга даяр турат. Кишинин жаны - Каныкей апа аны коргоп турат (төркүнүнө ала качат).
Байыркы бабабыз айткандай, жан дүйнөбүздөгү "Чоң Казатты" аң-сезимдүү түрдө өткөрүүнүн бирден бир шарты - бул Ааламдан энергия алып туруу.
Башталып жаткан жаңы доордо бардык адамдар Аалам менен байланышта жашап калат. Аалам менен байланышта жашоо азыркы учурда кыргыз элинде жана Кыргыз жеринде башталууда. Эмне үчүн Кыргыз жеринде жана элинде? Анткени жаңы доордогу адамдардын Аалам менен байланышта жашап калуусу үчүн Аааламдан жардам, түрткү берилүүдө. Жана да ал жардам, түрткү Жердин Башкы Энергетикалык Борбору - Кыргыз жери, эли аркылуу бүткүл адамзатка берилүүдө.
Аалам энергиясын биринчи болуп биз - кыргыздар кабыл алып жатабыз. Ар бир Кыргыз баласы Кудайга, Теңирге, Кыргыз атага, Манас атага дили, ою аркылуу кайрылып, сыйынып, алардан Нур түрүндөгү энергияны кабыл алып, тазалана алат. "Манас" дастаны узакка айтылганда да Аалам энергиясы күчтүү келип, дастанды айтып жана угуп жаткан адамдарды, адамдарды эле эмес, айлана-чөйрөнү да тескери, кара энергиялардан аруулап, тазалайт. Жашоо ар дайым өзүн таза алып жүрүү да зарыл.

Ошол Аалам энергиясы биздин акыл-эсибизди, аң-сезимибизди, башка да касиет-сапаттарыбызды тез өстүрөт. Адамдарда эволюциялык секирик биринчи кезекте бизде ишке ашат. Азыркы учурда "Манас" айткан, төкмө акын болгон, дүйнөлүк ар кандай сынактарга катышып, спорт, ыр, бий, кино тасмасын жаратуу жагынан байгелүү орундарга жетишкен таланттуу жаштарыбыздын улам арбып баратышы эволюциялык өсүү бизде башталып жатканынан кабар берип турат.
Азыркы мезгилде дүйнө элдеринде деле Ааламдан же Космостон энергия алып жашоого зор маани берилип, анын артынан түшүп, иликтеп-изилдегендер көбөйүүдө. Космоэнергетика деген илим тармагын жана ага негизделген космостон энергия кабыл алып жашоонун тажрыйбаларын калыптандыруунун үстүндө иштеп да жатышат.
Ал эми биз болсо, "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, өзүбүздүн зор байлыкка, зор күчкө эгедер экенибизди таанып биле албай, аны баалап, бапестеп күтүп ала албай турабыз.
"Чоң Казатты" улай эле ар бир кишинин, бүткүл элибиздин жан дүйнөсүндө сезимдердин таймашы да жүрөт. Кишидеги оң жана тескери сезимдердин таймашы каймана мааниде Тайторунун чабылышы аркылуу да билдирилген Андагы 60 ат - кишинин пас, тескери сапаттары, сезимдери, жыбыраган ойлору. Киши ал пас сезимдеринин, ойлорунун баарын токтотуп, басышы керек жана алардын баарын артта калтырып, Семетейди же б. а. жүрөгүңдөгү жаңыдан төрөлгөн рух-жандын - шамдай жанган баланын символу болгон Тайторуну алдыга сүрөп чыгарышы керек. Тайторуну алдыга чыгаргандан кийин, б.а. сезимдерин тазалап, киши өз жүрөгүңдү шамдай жанган баланы жандандыргандан кийин ал кайрадан рух дүйнөсүнө келип кошулат. Семетейдин кайрадан өз элине келип кошулушу, демек, кишинин дилинде жаңыдан пайда болгон жаңы рух-жандын рухтар дүйнөсүнө келип кошулгандыгын туюндурат. Натыйжада киши өзүнүн жүрөгүндө, дилинде шамдай жанган баланы - шам баланы калыптандырат. Мына ушунун баарын бизге каймана мааниде билдирип жаткан "Манас" дастаны - Шамбала окуусу болуп эсептелет. Жан дүйнөбүздө ушундайча Чоң Казатты өткөрүү менен гана биз дилибизди аруулап, тазалап, шамдай жанган жаңы рух-жанды калыптандыра алабыз.
Демек, биз руханий жашоого карата бурулуш жасашыбыз керек. Ал үчүн материалдык жашоого берилүүнү токтотушубуз керек. Ал үчүн өзүбүздөгү байлыкка, бийликке, ач көздүккө, ичи тардыкка умтулган энергияларды жоюшубуз зарыл.
Байыркы бабалардан бери келаткан Манас илиминде рух-жандардын биздин планетабыздагы өсүп-өнүгүүсүнүн ырааттуу тизмеги жөнүндө: "таш өсүмдүк болот, өсүмдүк жаныбарга айланат, жаныбарлар киши болуп жашап калат, киши периштеге айланат" деп айтылат. Азыркы жаңы доорго өтүү мезгилинде адамдар ылгоо процессинен өтүп жатабыз. Өзүнүн дилин, жан дүйнөсүн аруулап, тазалабаган, материалдык жашоого берилип, андыктан ач көздүккө, ичи тардыкка алдырып, тескери сапаттарын жоюуга аракеттенбеген адамдар (б. а. алардын рух-жаны) эволюция жолунда артка сүрүлүп, жашоосу мындан да өтө оор болгон төмөнкү дүйнөлөргө (башка планетага), б.а. тозокко кетет.
Төмөнкү дүйнө дегенибиз биз жашаган дүйнөбүздө да бар. Өзгөрүү мезгилиндеги жашоо агымы менен жаныбарлар дүйнөсүнөн рух-жандар азыркы учурда адамдар дүйнөсүнө жашоого келет. Тескерисинче, бул жашоодо айбанча жашагандар кийинки жашоосунда адамдар дүйнөсүнөн айбандар дүйнөсүнө кайра кайтып барат да, эволюция жолун ошол төмөнкү дүйнөдөн кайра баштайт. Ушул эле жагдай ал эволюция жолунан тайыган кишинин балдарына да таралат. Андыктан азыркы учурда элди талап-тоноп же башкача ыймансыз жолдор аркылуу алган байлыгы ал адамдардын өзүнө эле эмес, балдарына да буюрбайт. Өз элине, мекенине ак дилден кызмат кылбастан, тескери иштерди жасагандар да өзү эле төмөнкү дүйнөлөргө кетпестен балдарынын да убалына калат.
Мында айтылып жаткандар, биринчи кезекте, жалпы эл-журттун мүчөсү болгон жана бийликти ошол элден алган мамлекеттик бийликке тиешелүү. Азыркы бийликтин мурдагылардан ашса ашып, бирок кем калбастан, кыргызга таптакыр ылайык келбеген батышчыл жашоону элге таңуулап жатышы жалпы эл-журтту экинчи жолу "сүткө оозубузду күйгүзгөн" абалга алып келди. Элибизде жүрүп жаткан "Чоң Казат" аркылуу аларга оңолууга, эли-журтуна АК кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берилүүдө.
Жакырчылыктан кыйналып турган элинин нарк-насилине доо кетирип, добуштарын акчага сатып алып келген депутаттарга да азыр оңолууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Андыктан, учурдагы "Чоң Казатта" арууланып, тазаланып, жаңы доордун адамынын бийик, асыл касиет-сапаттарына жетишүү жана ошол эле учурда өз жашообузду да түз, оң жолго салуу мүмкүнчүлүгү бизге берилүүдө. Мезгил сыноолорун көрө билип, оңолуу милдет.

Гүлсара Мамбеталиева
"Манас" изилдөөчү