Кыргыз гезиттер архиви

Бекназаров жети айдан бери жети өлчөй албадыбы?
Спорт ордосунда 7-апрелдеги окуя боюнча сот иши таза саясий баталия болду. Мындай жоопкерсиздик, шалаакылык, ойлонулбаган кадам үчүн Азимбек Бекназаровдун өзүн соттош керек. 7-апрель окуясы - тарыхый маанилүү, кан аралашкан, мурда кездешпеген татаал да, катаал да окуя. Муну жети өлчөп, бир кесип, кынтыксыз уюштуруш керек эле. Азимбек Бекназаров антиштин ордуна Аксы окуясын сегиз жылдан бери сүйрөп жүргөндөй каталыгын кайталады. Албетте, "процессти кынтыксыз уюштурууга мүмкүнчүлүк жок, башкы күнөөкөрлөр качып жүрөт" деп актанышы мүмкүн. Бирок, иш билбеген кишиге шылтоо дайыма табылат. Иш билген киши кандай кырдаал болгондо да ошого жараша туура чечим кабыл алууну билет. Ага карабай эле араба тарталбаган чобур атты күлүккө сала берген адатыбыз калбады. Спорт ордосунда ар кандай шоу-концерттерди өткөрсө болот, бирок, адамдын өлүмүнө, болгондо да мамлекеттин тагдырын чечкен адамдардын өлүмүнө байланыштуу ишти шоуга айландырууга жол берүү барып турган карасанатайлык. Анан дагы уялбай "соттун жүрүшүн бузуу бакиевчилердин акыркы шансы" дейт Азимбек Бекназаров. Кайдагы Бакиев, кайдагы бакиевчилер? Бакиевчилер деп айтуу азыр модадан калды. Жаман түштү Байматка жоругандан көрө, уктабай көздү ачып иштеш керек.


Сагыздай чоюлган саясий партиялар
КСДП, "Ата мекен", "Республика" партиялары коалицияга биригүүсүн учур талап кылып жатканына карабастан бул үчөө чоюлгандан чоюлуп, бири-бирине аяй көйнөктөрүн көрсөткөн аялдардай дегеле шашайын деген ойлору жок. 15 күнгө чейин убакыт бар дегенсип, "бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга" деп айтылуу Манаста айтылгандай айылдап жүрүшөт. "Ата мекени" Европада, КСДПсы Россияда. Украинага удургуп келген "Ар-намысты" айтпай эле коёлу. Алардын атын "саякатчы бака" деп эле аташ керек болуп калды. Кылычын сунуп кыш келатканда булар 15 күн эмес, 15 мүнөт чоёктогонго акылары жок экенин түшүнүшпөйбү? Булар эмне үчүн бириге албай жатышат? "Тигил, бул маселе боюнча көз карашыбыз туура келбейт, тышкы саясатта келише албай жатабыз" деген кур шылтоолорун коюп, "папке бөлүшө албай жатабыз" деп эле ачык айтышпайбы. Учурдагы бийликтин көбү "Ата мекен" менен КСДП партияларынын өкүлдөрү. Ошолор үчүнчү партия "Республиканы" ортого киргизе албай ойрондору чыгып жатат окшойт. Андай болсо, бул эки партиянын өкүлдөрүнөн турган министрлерди биринчи тазалап, ордуна техникалык министрлерди коюш керек да "эми каалашыңарча ойлонуп, саясат менен алектенип жата бергиле" деп жазасын бериш керек окшойт.


Иса Өмүркулов Түлеевди мактангыс кылды…
"Арча бешиктен 10-кичирайонго чейин түз жол салган Түлеев" деп шайлоонун алдында тынбай мактанган Түлеев негедир дымы чыкпай калды. ?ч жылда бир жол эмес, үч айда үч жолду мизилдете куруп коюуга болорун шаар мэри Иса Өмүркулов далилдеген соң, Түлеев өчтү окшойт. Жаңы ремонттолгон жолдор менен мурунку жамаачыланган жолдорун салыштырып уялып жатса керек. Анан да Түлеев темир жолдун темирин да кемирип жиберчи эле, Өмүркулов темир жолду жөн эле кесип өтүп, Панфилов көчөсүн темир жол аркылуу түз чыгарып койду. Түлеев "мен кризис менеджеримин", "ишмермин", "ишкермин" деп эле мактанып жатчу эле, биз Иса Өмүркуловду ишмер, кыйын менеджер, шумдук иштерман деп айтпас элек. Болгону ал Түлеевдей кум менен, шагыл менен, асфальт менен тамактанбай, кадимки адамдар сыяктуу эле тамактанат окшойт. Эгер биздин жетекчилер жаман-жуман шагыл таштар менен тамактанбай ушинтип жөнөкөй эле адамга окшоп, нан жеп, суу ичип тамактанса бат эле оңолчудайбыз.


Суу толсо эле, жарык өчпөй калмак беле?
Токко жакын токтогулдук деген министрибиз Осмонбек Артыкбаев Токтогул ГЭСине суу толтурдум деп эле чалкалап жаткан жок бекен, чака менен ташып толтургансып. Дегенибиз жылуулук берүү сезону эчак башталса да жылуулук жетпеген жерлер көп. Себептери толтура - трубалар ремонттолбогон, айрым трубалар жарылып кеткен. Айталы, Скрябин атындагы айыл-чарба Университетинин жатаканасында алигиче жылуулук бериле элек. Труба жарылып кеткен имиш. Аны ремонттош үчүн 800 миң сом керек экен. Эгер 800 миң сом табылса, 15-декабрга карата жылуулук берилет имиш. Бул эмне деген шумдук? Бир авария 800 миң турса, Кыргызстандын 80 эмес, 8 жеринде авария болсо эле бүтүн Кыргызстан суукка тоңуп калыш керекпи? Анан да авариянын кесепетин жоюш үчүн бир жарым ай күтүш керек болсо, эки аварияны 3 ай күтүп эле үч айлык кыштан чыгып кетпейлиби? Албетте, бул Энергетика министрлигине караганда ТЭЦке көбүрөөк тиешелүү маселе. Бирок, бир айдан бери жылуулук берилбеген жерледе үйлөрдү электр энергиясы менен жылыта берип, трансформаторлор күйүп, өткөргүч зымдар ток күчүн көтөрө албай эрип кетүүдө. Анан эртең жылуулук эмес, жарык да жок калганда эл чыгат көтөрүлүп: "Токтогул ГЭСинде мынча суу болсо, эмнеге свет өчөт?" деп. Андыктан биздин министр сууну көрүп эле курсак ток болбой, андан ары жагын да карап койсо…


Дагы эле техникалык өкмөткө таянабызбы?
?ч айга шайланган техникалык өкмөт болот дегенде, булар "үч айдын ичинде жегенге үлгүрүп калалы" деп таза Кыргызстанды курутат го деп корктук эле, кудайга шүгүр, Убактылууларга караганда техникалык өкмөт тек гана техникалык иш менен алектенди окшойт. Сыртынан караганда ошондой көрүнүүдө. Ичин ким билет?... Кандай болгон күндө да, техникалык өкмөттүн каржы министри Чоро Имашевдин Убактылуу өкмөттүн Каржы министри Темир Сариевдей болуп миллиондорду телефон менен сүйлөшкөнүн уккан жокпуз. Ал эми башка бир Экономиканын бир жагын чойгон Эмил ?мөталиев башкарган министрлик жегенге караганда эл аралык кызматташуу жагынан көбүрөк көрүнүп жүрөт. Ал эми ТИМдин министри Руслан Казакпаев накта техникалык министрдин символу. Бул жаңы көздөргө салыштырмалуу баягыл эле эски көз Азимбек Бекназаров жөнүндө пикирлер өтө негативдүү. Андыктан бүгүн, эртең кетет деген техникалык өкмөткө дале жүктүн оордугун жүктөбөсөк, жаңы өкмөткө ишенип отурууга болбойт. "Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө" демекчи, "эртең супер өкмөт келет" деп кыялданып отура берип, кыштан чыкпай калбайлы.