Калп детектору үчүн суроолор
Чындап эле Сиздер мурункулардан кыйынбыз деп ойлойсуңарбы?
Чындап эле көзү ачык адамдардай эртеңки бара турган даңгыраган жолдорду билесиңерби?
Чындап эле мурункулардан айырмаланып эл үчүн, жер үчүн, мамлекет үчүн иштей аласыңарбы?
Чындап эле бизди жыргал турмуш боло турган бейиштин төрүнө алпара аласыңарбы?
Чындап эле айткан сөздөрүңөргө, жазган программыаңарга бекем туруп аткара аласыңарбы?
Чындап эле Сиздерге ишенген шайлоочуларыңар ишиңерге нааразы болуп, кайра толкундай болуп толкубайбы?
Чындап эле Акаев жана акаевчилердей, Бакиев жана бакиевчилердей болуп өз элиңерге, өз жериңерге бата албай качып кетпейсиңерби?
Чындап эле Атамбаев бир убакта келтирген мисалындагы "драконго" айланып калбайсыңарбы?
Чындап эле шайлоо астында өтө чоң өлчөмдөгү чачылган акчалардын оордун ыплас жол менен толтурууга аракет кылбайсыңарбы?
Чындап эле мамлекеттин экономикасын талкалап, элге жек көрүнгөн Акаев.А жана акаевчилердин, Бакиев.К жана бакиевчилердин уурдап байыган дүйнөсүн мамлекетке кайтарып, өздөрүн жоопко тарталасыңарбы?
Чындап эле депутаттыкка өзүңөрдүн байлыгыңарды, бизнесиңерди сакташ үчүн эмес, өркүндөтүш үчүн эмес, элге кызмат кылыш үчүн келдиңерби?
Ушул берилген суроолорго чын дилиңер менен жооп берип, өз сөзүңөргө, программаларыңардын аткарылышына кепилдик боло аласыңарбы?
6-бетте





PDF формат