Кыргыз гезиттер архиви

  Күнмаек

Равшан Жээнбеков:
"Кыргызстанды сырткы күчтөр эмес коомдук пикир башкарат"
- Шайлоонун жыйынтыгына кандай баа бересиз, эмне үчүн сиздердин партия жалпы эл ойлогондой жыйынтыкка жетишкен жок?
- Шайлоонун жыйынтыгы биз ойлогондой болгон жок, менин оюмча биздин "Ата-Мекен" партиясы алдыңкы орундарга жетишмекбиз, муну социалдык иликтөөлөр да тастыктайт. Бирок жашоо улана берет, биздин партия мурунку позициясынан тайбай ишибизди улай беребиз. Биздин утулуп калышыбыздын себеби партиябызга каршы мамлекеттин ичиндеги жана тышкы айрым саясий күчтөрдүн басымдуулук кылганы болду.
- Сиздер карапайым эл арасында колдоого ээ болсоңуздар да алдыңкы катарда турбай калганыңыздарга нааразычылык билдирбедиңиздер. Ал эми айрым партиялардын нааразычылык митингдерин өткөрүп жаткандарына күбө болуп жатабыз. Митингге чыккан кайра эле баягы карапайым эл, негизи эл шайлоого катышты, добушун каалаган партиясына берди, эми андан аркысын элди аралаштырбай эле саясатчылар, мамлекет кызматкерлери өздөрү мыйзам жолу менен чечип алышса болот беле?
- Саясат дайыма эле биз ойлогондой боло бербейт экен. Жеке кызыкчылыкты артка таштап тынчтык жолу, сүйлөшүү менен чечсе болот, бирок утулган тарап да өз позициясын тактагысы келип жаткандыр. Чындыгында эл деле саясаттын ызы-чуусунан чарчады. Саясат десе эле саясатчылардын талаш-тартышы менен алыша бербей тез арада өлкөнүн социалдык, экономикалык абалын оңдоого аракет кылыш керек. Парламент келип, жаңы өкмөттүн курамын түзүп эки-үч айдын ичинде ишти колго алып, мамлекетибиздин абалын оңдоп кетпесек кыйынчылык жаралышы мүмкүн.
- Беш пайыздык тоскоолдуктан өткөн партиялардын кеңири коалиция түзүшүнө сиздин жеке көз карашыңыз кандай?
- Менин көз карашымда кеңири коалиция түзүлсө жакшы болмок. Парламентке келген партиялардын лидерлери амбицияларын жеңип, бийликке илинбей калам деп ойлонбой мамлекеттин коопсуздугун сактап калууну, жогоруда айтып кеткендей мамлекетибиздин социалдык, экономикалык абалын оңдоого аракеттер жасалса дурус болмок.
- 27-июнда жалпы эл, анын ичинде азыркы парламентке келип жаткан партия мүчөлөрү да жалпы элдик референдумга катышып, мамлекетибиздин парламенттик башкарууга барышына добуштарын беришкен, бирок азыр парламентке келип жаткандардын басымдуу бөлүгү президенттик башкарууну жактап жаткандар. Эгер президенттик башкаруу кылабыз десек шайлоо мыйзамсыз болуп эсептелип калбайбы?
- Элдин канын төгүлүүсү менен келип, көпчүлүктүн колдоосу менен кабыл алынган Конституцияны бузууга эч кимдин акысы жок. Эки президент элди башкарып, аягы бейкүнөө адамдардын кан төгүлүүсүнө алып барып такаганын көргөн эл парламенттик мамлекет болууну каалады. Жеке өзүнүн ой-позициясын туура деп эсептеген саясатчылардын эмес, көпчүлүк элдин терең көз карашы парламенттик мамлекет болууга туура келди. Бул элдин да каалоосу. Балким кийин президенттик башкарууга кайра кайрыларбыз, бирок азыр эмес.
- Премьер-министрликке кимди татыктуу деп ойлойсуз?
- Экономиканы терең түшүнгөн, элдин калың катмарындагы көйгөйлөр менен тааныш, чет мамлекеттер менен да алака түзө алган, ишке тың, ички-тышкы критерийлерге жооп бере ала турган, эң башкысы эл-жерин сүйүп, мыкты башкаруучу боло ала турган адам келсе деген ойдомун.
- Учурда тыштан кийлигишүү маселеси да көтөрүлүп жатат. "Ата Мекен" партиясынан башка партиялардын лидерлери Орусияга барып келишти. Коомдо шайлаганын эл шайласа дайындаганын сырт жак дайындайбы, бул акылга сыйбайт деген пикирлер жаралууда. Сырттан кийлигишпөөгө каршы турган иммунитет барбы?
- Бизде мыйзам түрүндө андай маселелерге каршы туруу көрсөтүлгөн эмес, ал партиялар коомдун пикири менен эсептешиш керек. Эгер коомдук пикирге каршы турушса партияларга тескери таасирин гана берет. Мамлекетте коомдун пикири чоң мааниге ээ, анткени кайра эле эмки шайлоого барыш керек болот, ошол учурда коомдон колдоо таба албай калуу коркунучу бар.





Камчыбек Ташиев:
"Баарына сабыр кылып эле келе жатабыз"
- Шайлоо деп жүрүп аны да өткөрдүк, шайлоо жыйынтыгын кандай кабыл алдыңыз, өкмөткө болгон көз карашыңызда өзгөрүү пайда болдубу?
- Негизи эле жыйынтыгында көпчүлүк добушка ээ болоорубузду күткөм, ал эми күтүүсүздүгү мындан да көп добуш алабыз го деп ойлогонбуз. Партиябыз мыйзамдуу түрдө биринчи орунга чыктык. Шайлоодон кийин өкмөткө көз карашым түп-тамырынан бери өзгөрдү деп айта албайм, белгилеп кете турган нерсе БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин мыйзам чегинде иш алпарганы мени абдан ыраазы кылды.
- Кеңири коалиция түзүүгө каршы эместигиңизди билдирип жүрдүңүз эле?
- Кеңири коалиция түзүү боюнча идеяны алгачкылардан болуп биз алып чыкканбыз. Эки-үч күн мурда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович биз менен биригүүдөн баш тартты, ошондуктан биз дагы кандай болбосун ал партия менен коалиция түзүүгө барбайбыз деген ойго токтолдук. Азыр "Ар намыс" партиясы менен стратегиялык келишим жазып койдук, мындан ары кандай болоорун дагы жагдай көрсөтөт.
- Шайлоодон кийинки болуп жаткан митингдер көпчүлүктүн жүрөк оорусу болуп калды десек жаңылышпайбыз, элди көчөгө алып чыкпай эле саясатчылар өздөрү мыйзам чегинде чечип алышса болот беле?
- Митингге элди кимдер чыгарып жатышат, албетте жеңилип калган партиялар. Мыйзам түрүндө жеңилген соң моюнга алуу керек эле, ал эми мына "Ата Мекен" партиясынан Асия Сасыкбаева, Өмүрбек Абдрахманов, Болот Шерниязовдор элди алып чыгып жатышат. Аны жалпы эл телевидение аркылуу көрүп жатышса керек. Мекен курмандыгы болгон арбактарды саясий куралга айлантуунун өзү кереги бар беле? Биз баарына сабыр кылып келе жатабыз. Биздин партияга карата ар кандай сөздөр айтылып жатат, баш көтөрүп жооп кылдыкпы, офистерибизди өрттөштү, анда да сабыр сактап элдин арасында ызы-чуу болуп бүлүк түшпөсүн деп унчукпадык. Элдин тынчтыгын ойлошсо ар кандай митингдерди уюштуруп кереги жок эле, бирин-экин акчага сатып алуу чоң жараканы жаратат. Андан көрө кеңешип, элдин тынчтыгы, келечек жакшы жашоосу, мамлекеттин туруктуулугу сакталып калуу үчүн аракет жасоо зарылчылыгын эстен чыгарбашыбыз керек.
- Премьер-министрлик кызматка кимди ылайык көрөт элеңиз?
- Коалиция түзүлгөнгө жараша мамлекеттик кызматкерлерди ылайыктоо керек, азырынча тигил же бул деп так айтуу туура болбой калса керек.
- Эгерде Конституцияда көрсөтүлгөн парламенттик башкаруу эмес, президенттик башкаруу жолу менен мамлекетте иш жүргүзөбүз деген жыйынтык пайда болсо партиялардын парламентке келиши мыйзамсыз болуп калабы?
- Мыйзам боюнча жаңы конституциянын негизинде шайлоо болуп, партиялар парламентке келип жатабыз. Азырынча ушуну менен барабыз, эгер президенттик башкаруу боло турган болсо анда кайрадан жаңы конституция кабыл алынып, кайрадан шайлоо болушу керек. Бирок азырынча парламенттик башкаруу менен иш алып барабыз.



Айзада КӨЧКӨНБАЕВА