Кыргыз гезиттер архиви

Шайлоодон жеңип, Орусияга жетип баргандарга
Бир кезде Кыргыз ССРинин эл акыны Аалы Токомбаев:
Депутаттар эл шайлаган ишенген
Куттуктаймын оттой ысык ыр менен - деп совет доорунда ырдаганы бар. Ырас, ал кезде заман таптакыр башка эле го. Арадан жыйырмага чукул жылдар өтүп, андагы Кыргыз ССРи, Кыргыз Республикасына өзгөрүп эгемен өлкө болгонбуз. Мына жакында тактап айтканда 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттар шайланып, алдыңкы 5 партия жеңип чыгышканы калайык калкка белгилүү болду. Ырас, шайлоо бир-топ эле таза өткөнсүдү, бирок андан да кызыгы ошол 5 партиянын төртөөнүн жол башчылары, шайлоо өткөндөн үч- беш күн өтпөй Маскөөгө сапар тартышканы далайыбызды таң калтырды. Бул эмне, бир экөө болсо анча сөз жок эле. Барынан да "Ата Журт", " Ар-намыс" деген аттарына күйөсүң? Ошол жолбашчылардын Ата-Журту менен ар-намысы кайда?
Булар өз тагдырын өздөрү чече алышпаган байкуштар го? Эл алдында алар Маскоодон кайтышкан соң деги эмне дешет? Чоң суроо.

Ар-намысты чыныгы билбегендер,
Ата Журт деп аксынып сүйлөгөндөр.
Нак билинди ал кимдер, ушул сапар,
Тырмактай да кыргызга күйбөгөндөр.

Тоосу эмес, түзүндө баспагандар,
Бир түнү да боз үйдө жатпагандар
Кургак сөзгө кулакты курсант кылып,
Калп айтканга тилдерин маштагандар!

Басса-турса пайданы издегендер,
Бир да жолго акчасыз түшпөгөндөр
Эртең эле убада унут болуп,
Жалгыз гана мансап деп иштегендер!

Кыргыз ары оюна келбегендер,
Ата Журттун намысы жеңбегендер
Тилин дагы, дилин да урганы жок,
Чепкенин кой, калпагын кийбегендер

Деги ушулар болобу элдин кулу
Дегенди кой, сатышат сөздүн чыны.
Байге алчудай чуркашып Москвага
Ойлошпойбу, не дешет эли муну!

Алы жетпес акыретчил деген кеп бар,
Эгер айтсак эң жөндүү сөз белем ал.
Ушул сыңар төрт арга түгөнгөндөн
Окуучу журт силерге ушул мисал!?

Москва колдоп бербейт ишиңерди,
Жана да коргоп бербейт күчүңөрдү.
Кандайын жүз элүү жыл билдик абдан,
Кези келсе күбүп түшөт тишиңерди.

Москва бийик кылбай тооңорду,
Жана да тосуп чыкпайт жооңорду.
Ал-абалы бизден анча жогору эмес,
Беттен сүйүп эркелетпейт тобуңарды.

Бардыңар, шашып-шушуп зарыл ишпи,
Анча не башыңарга мүшкүл түштү?
А мүмкүн алган акча азабыдыр,
Акыл, билим тозогу бардан күчтүү.

Ким тосуп, айтчы кими кепке келди,
Нени айтып алар канча эпке келди?
Силерди кыргыз шайлап койгону үчүн
Ушинтип эл намысы тепселенди.

Айткандарга айла жок көн дедиби,
Антейсиңби алгандарды бер дедиби?
Чаап жеттиң чакыртпай мунуң дурус,
Же сени далыга чаап "Эр" дедиби?

Билбейм баш маң, оюмда не дегенин,
Не дешти экен, калыс калк, тегерегиң.
Калың эл тунжурашат баш көтөрбөй,
Ата-Журтта, Ала-Тоодо, Жер-Эненин.
Тенти Орокчиев






Сом, сом
Акаев деген чоң чыкты,
айлыкка бербес сом чыкты.
Сооротсоң тыйбас ый чыкты,
Соңунан ушул ыр чыкты.
Шабдан атаң кууган сом.
Курманжан датка тууган сом.
Токтогул торго түшкөн сом,
Тоголок Молдо томсоруп,
Токсон күн пенсиянын күткөн сом.
Касым ага каткан сом,
Кара ниет душман аткан сом.
Бүбүсара менен Абдылас,
Бүрүшүп,
Бир чөнтөктө жаткан сом.

Тарыхтан чыгып келген сом,
Тарбия-таалим берген сом.
Бабабыз Баласагынды,
Баарыбыз жакшы көргөн сом.
Оорукчан, чыргоо акын сом,
Ооруканага жакын сом.
Операцияда санаткан,
Алыкулдун башын сом.
Бийик зор максат күткөн сом,
Бийликтен эрте түшкөн сом.
Исхактын ыйык сүрөтүн,
Ыпылас кылып бүткөн сом.
Даңкы күчтүү датка сом,
Баатырлыгы башка сом.
Ызы-чуулу ырчы сом,
Тамсилдеп күлүп турчу сом.
Обончу сом, бийчи сом,
Оюң зоокту сүйчү сом.
Ой таштаган алыска,
Окумуштуу тилчи сом.
Байпактарга катылып,
Талпактарга басылып,
Колдон колго өтүп турчу сом.
Пенсияга бербес сом,
Жетим-жесир көрбөс сом.
Кембагалдан кеткен сом,
Коммерсантка өткөн сом.
Чет элден чийген кооз сом,
Кысыры жок бооз сом,
Жүгүрүп жүрүп туучу сом,
Жүгүрткөнгө жетпесең,
Рекет менен куучу сом.
Нанга жетпес арзан сом,
Наркты бузган шайтан сом.
Кайкылар кармар кайкы сом,
Сойкулар алчу сойку сом.
Түрмөдө жүрчү түмөн сом,
Түбөлүгү күмөн сом.
Парага берчү балит сом,
Байкушка бербес карик сом.
Өнүгүш отун жаккан сом,
Өлтүрүп, атып жаткан сом.
Төрөдөй төшү түктүү сом,
Депутат кылчу күчтүү сом.
Министирди минген сом,
Милицияга күлгөн сом.
Прокурорду бузган сом,
Солдойтуп сотту жыккан сом.

Районду өзү билген сом,
Дуб анга дуба чийген сом,
Ак үйдүн алты кабатын,
Аралай чаап жүргөн сом.
Жетинчи деген кабатка,
Жеңелер алып кирген сом!

"Губернатор"
Тунгуч Ажо өзүн "Президент", дубандын бектерин "губернатор" деп атады. Бул биринчиден кыргыздын элин, тилин сыйлабагандык эле.
"Губернатор" десе эле,
Кыйратып салбайт өзү эле,
Сүрдүү болуп калабы,
Сүйрөп келген сөз эле.
Аким деген сөз калса,
Алымбек датка өлгөндөй.
"Губернатор" дегенде,
Кауфман туруп келгендей.
"Түркмөнбашы" Түркмөндөн,
"Жумурбашы" Түрктөрдөн.
Аталышып жүрөбү,
Айла-амалы бүткөндөн.

Беш күн элди бийлеген,
Ойнойт бекен тил менен.
Аз күнчөлүк өмүрдүн,
Ажо да өтөт дүйнөдөн,
"Президент" да өтөт дүйнөдөн.

Кыргыз көчү уланар,
Кылымдарды кубалар.
Кийин ушул сөз үчүн,
Биздин муун уялар.
Кыргыз жери - кимге кандай сезилет:
Кыргызстан - кимге кандай чечилет?
А. Акаев үчүн - аудитория.
К. Жумалиевге - лаборатория.
Ч. Айтматов - алыскы дача.
А. Муралиевге - жаңы эконом


география.
Т. Керексизовго - керектүү мүлк.
Б. Силаевге - безхозня территория.
Ж. Аманбаевге - китлап.
Т. Усубалиевге - автобиография.
А. Какеев үчүн - Универсиада.
М. Ашыркуловго - высшая


математика.
Т. Касымовго - Узак жол.
Б. Талгарбековго - Чыр дөбө.
А. Карыпкуловго - Швейцария.
И. Абдуразаковго - то яма,


то канава.
З. Сыдыковага - пресспублика.
Ч. Баековага - полиституция
М. Акаевага - Индом, Детдом,


Чым-Коргон.
Д. Садырбаевге - Манкуртстан.
А. Масалиевге - Париж коммунасы.
А. Эркебаевге - Эрке балага
көтөргөн өргө.
А. Бөрүбаевге - Бөлтүрүктөр

чоңойчу жер - Арал.
Д. Сарыгуловго - Жер - Үй
М. Эшимкановго - бей-бечаралуу


тар үй.
Ф. Куловго - Ар-намысы бар үй,


Бастилия.
Жаңы кыргызга - санатория.
Эски кыргызга - крематория.
Мафияга - курорт.
Обу жокторго - общежития.
Кадырбек Керимбаев (Саяковский)






Белгилүү акын, котормочу, журналист Байтемир Асаналиев 70 жашта


Балдар дүйнөсүн аздектеп…


"Таланттар үйүрү менен жаралат" деп орустун атактуу акыны Андрей Вознесенский бекер айтпаса керек. Дегенибиз, тээ алтымышынчы жылдарды ортолоп кырыгыз адабият айдыңында, өзгөчө поэзиясында өзүнчө топ акындар өзүнчө чыйыр салып киришти. Алсак, Т. Кожомбердиев, Ж. Мамытов, Т. Самудинов, Т. Мамаев, С. Тургунбаев өңдүү акындар өздөрүнүн алгачкы чыккан китептеринен эле поэзияга болгон изги мамилелерин окурман журтуна билгизип коюшту. Дал ушул топто биз азыр азыноолак сөз кыла турган, ал кезде балдар акыны катары таанылган, азыркы кезде таанымал акын Байтемир Асаналиев да бар эле. Балдар акыны деп белгилеп жатканыбыз 1967-жылы автордун "Жаз боегу" деген балдарга арналган китеби жарык көрүп, дароо ал жөнүндө басма сөз беттеринде жылуу пикирлер айтылып, көзгө көрүнгөн.
Андан бери жарым кылымга жакын мезгил артка сүрүлдү. Бүгүнкү күндө Бакебиз жыйырмага жакын поэзиялык китептин, котормолордун ээси катары таанылды. Жумурай журтка белгилүү болду. "Кыргызфильмде", "Мектеп" басмасы жана башка бир топ жерлерде иштеп редактор, агаредактор жана башка кызматтарды аркалап, чыгармачыл адам катары өзүн тааныта алды. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, СССР басма сөзүнүн отличниги, Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги, Тоголок Молдо атындагы адабий эмгегин айкындап турат. Ал балдар акыны катарында гана эмес, мыкты котормочу, сатирик-акын, колунан калеми төшөлгөн журналист катары да белгилүү. Албетте, айрым бир урунттуу жагдайларга көз буруп, белгилей кетсе жарашчудай, бирок биз соңку мезгилде жарыяланып жаткан чыгармаларына учкай токтоло өтөлү.
"Кутаалам" басмасынан жарык көргөн "Мен кыялкеч баламын" (2008) деген китебинде орун алган "Кимиси балбан" аттуу ырын окуп көрөлү:
- Мен күчтүүмүн, - деп Мурат,
- Мен күчтүүмүн, - деп Турат.
Ортосунда экөөнүн,
Пайда болуп эрегиш,
Чыбык аттар ойдолоп,
Башталды эми эр эңиш.
Мурат тартты Туратты,
Турат тартты Муратты.
Аттарынан кулашты,
Экөө бирдей сулашты.
Карап турган бөбөктөр,
- Ким жыкты? - деп сурашты.
Көрдүңүзбү? Балдар оюнун көзгө экрандай дана тарткан акын бирин "жеңди" деп мактантпай, бирин "жеңилди" деп ызалантпай эки бөбөктүн чыбык аттарын чапкылап, кыргыздын эр эңиш оюнун даңазалап, аны жаш окурмандарга элестүү жеткире алган. Анын балдарга жазган ырларын чубалжытып узун эмес, жаттап алганга оңой, эсте калаарлык кылып кыска жазат. Биз мисал келтирген, балдардын баео мүнөзүнө багышталган чакан ырлар жыйнактары орус тилинде да китеп болуп жарык көргөн. Бир топ ырлары азербайжан, казак, литва, тажик, түркмөн, чех жана башка бир канча тилдерге да которулган. Жогоруда айтылгандай Б. Асаналиев адабияттын бул тармагында да жемиштүү эмгектенди. Ал которгон И. Тургеневдин аңгемелери, К. Чуковскийдин жомоктору, А. Бартонун ырлары, М. Исаковскийдин лирикалары, В. Титовдун повести окуганга жеңил, котормо эмес эле кыргызча жазылгандай сезилет. Ушундай эле дем менен ал бир топ көркөм фильмдерди, мульттасмаларды кыргызчалаткан. Ошентип биз сөз кылып жаткан инсан чыгармачылыгын ар тараптан өздөштүргөн, анын өтөсүнө чыга иштеген адабий ишмер экендигин тастыктай алды.
"Булак күүсү", "Кыял сапары", "Кездешүү", "Ойлонуу", "Күздө ачылган гүлдөр", "Шерине" аттуу китептеринен биз анын лирикалык ырларды ийнине жеткизе жаза ала турандыгына чын дилден ынанабыз. Лирика демекчи, акындын бир канча ырларына таанымал К. Тагаев, К. Букалаев, Ж. Садыков, Б. Абдраимов, М. Бостонкулов өңдүү обончу, композиторлор обон чыгарышып бүгүнкү күндө телерадиодон күн сайын жаңырып келет. Айтор сөз түгөнбөчүдөй. Арийне, таланттуу акындын кыргыз поэзиясында, өзгөчө балдар адабиятында өз орду бар экендиги талашсыз. Мисалга алсак өткөн жылы "Азур" басма үйү "Балдар китеби-2009!" Жабык конкурсунда биз сөз кылып жаткан таанымал акыныбыз байгелүү орундардын бирин ээледи. Дээрлик жыйырма жылдан бери балдардын "Байчечекей" журналында жооптуу редакторлук милдетти аркалап келет. Бүгүнкү күндө 70 жашка чыкса да Бакебиздин али демдүү, балдар үчүн ар түрдүү чыгармаларды жазып күүсүнөн тайбай келет.
Бакчаларга баратам,
Байчечекей таратам.
Балдар күтөт журналын,
Баары сары ооз балапан, - деп өзү жазгандай балакайлардын шыңгыр күлкүсү, алардын баёо мүнөз, түркүн-түстүү кыял-жоруктары дайыма шыктантып, алга сүрөп турат. Биз анын маараке жашын чын жүрөктөн, ак дилден куттуктамакчыбыз. Чыгармачылыкка адамдын жаш курагы тоскоол боло албастыгын, акындын жүрөгү ар убакта жаш болуп, толкуп, эргип тураарын жана алдыда дагы далай жакшы чыгармалар жазыларын айткыбыз келет.
Бар болуңуз Байтемир аба!
Сиз жөнүндө жылуу, жакшы сөздөр дагы алдыда.
Жакыпбек Абдылдаев,
Тоголок Молдо сыйлыгынын ээси,
Нургазы Ахмедулин,
Билим берүүнүн отличниги