Кыргыз гезиттер архиви

  Учур

Шайлоо таза өттү дешти.
Партиялардын таарынычы эмнеде?
Шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болот демекчи көптөн күткөн шайлоо да өтүп анын жыйынтыктары саналып, партиялар алына жараша өз баасын алышмакчы. Бирок, шайлоодон кийин көптөгөн партиялардын жактоочулары шайлоонун жыйынтыктарына макул эместигин билдирип көчөлөргө чыгып, чоң трассаларды тосоору 20 жыл ичинде кадимки көрүнүшкө айланып деле калды десек болчудай.
Бирок бул шайлоо өнөктөштүгү Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп түзүлгөндөн берки эң таза шайлоо болгондугун бир катар эксперттер менен серепчилер айтып жатышат. Шайлоого көз салып турган эл аралык байкоочулардын жана жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында дагы Убактылуу Өкмөт шайлоону адилет, так, таза өткөрүүгө аракет жасады. Кээ бир партиянын лидерлери бул шайлоо өнөктөштүгүн эң таза, 20 жыл ичинде өткөн алгачкы адилет шайлоо деп да баалашты.
Ар шайлоодо жеңген жана жеңилген тарап болот. Бирок, ошол жеңилүү жана жеңүүнү туура кабыл алган жана кабыл албаган тараптар да кездешет. Мисалы, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев шайлоонун жыйынтыгы менен макул экендигин айтып, өзүнүн партиясын 5 пайыздык босогодон өтпөй калганын моюнга алды. Бирок, кээ бир партиялар БШКнын чыгарган чечимдерине макул эмес экендиктерин билдирип "Жалпы улуттук конгресс" түзүштү. Азырынча бул Жалпы улуттук конгресстин катарына кимдер киргендиги толук жарыя боло элек. "Замандаш", "Акыйкат", "Мекен ынтымагы", "Кыргызстан элдеринин союзу", "7-апрель" партиялары жалпы улуттук конгресске киришти.
Шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу өз пикирлерин жогоруда айтып өткөн Жалпы улуттук конгресске кирген партия лидерлери билдиришти. Замандаш партиясынын лидери Муктар Өмүракунов кээ бир шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул эместигин билдирип, ал жердеги добуштарды кайра саноо керектигин белгиледи.
- Биз кээ бир шайлоо участкаларынын жыйынтыктары менен макул эмеспиз. Аны прокуратурага бердик. Мисал катары айтсам азыр Өзгөн шаарынан эки участок айкындалды. Биздин партияга жана башка партияларга болгон добуштарды үчүнчү партияга салып койгон. Азыр эки участоктун добушу жокко чыгарылды, бирок, биз аны туура эмес деп эсептейбиз. Кайсыл партияга канча добуш берилди ал сөзсүз түрдө айтылышы керек жана эсептелиши керек. Бир катар участкалардагы добуштарды кайра санатабыз. Эгер биздин шектенип жаткан нерсе тактала турган болсо, анда биз жалпы республика боюнча добуштарды кайра санатууну талап кылабыз. Азырынча бир нече участкалардагы добуштарды кайра саноону талап кылып жатабыз.
Муну менен катар добуштарды сатып алуу фактылары болгондугун да белгилеп, анын баасын 200 сомдон жогору болгондугун кошумчалады.
- Добуш сатып алуу бардык айылдарда, жерлерде, участоктордо 9-10-октябрь күндөрү болду.10у күнү түшкө чейин шайлоо өз нугунда жүрүп жатты, түштөн кийин добуш сатып алуу ачыктан-ачык башталды. Бир добуштун баасы 200 сомдон 2000 сомго чейин болду,- дейт Замандаш партиясынын лидери журналисттер менен болгон жолугушууда. Партия лидеринин айтымында кээ бир участкалардагы комиссиянын так иштебегенинен улам кээ бир дубуштар башка партияларга берилди, дейт ал.
Ал эми "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов бүгүнтөн баштап Кыргызстанда чоң саясый күч пайда болгондугун айтты.
- Кыргызстанда бүгүнкү күндөн баштап чоң күч жаралды. Жалпы улуттук конгресс пайда болду. Эмненин негизинде? Биз ушул күнгө чейин саясый күчтөр, ар кандай саясый партиялар калыс акыйкаттуу шайлоо өткөзөт десек, андай болгон жок, тилекке каршы. Ошон үчүн биз кыргыз элинин таламын талашып, мамлекеттин келечегин ойлоп, биз мындан ары саясый күрөшкө саясый партиялар, коомдук ишмерлер чогулуп атайын бир иш-чараларды көрөбүз, дейт.
Ошондой эле жаңы түзүлүп, бирок алгачкы беш тизменин катарынан орун алган "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун таза өткөндүгүн белгиледи.
- Баардыгыңыздар эле күбө болдуңуздар бул шайлоолор Кыргызстандын тарыхындагы эң таза демократиялык шайлоо болду. Баардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Убактылуу өкмөт дагы шайлоонун таза жана айкын өтүшү үчүн баардык аракетин жасады. Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар шайлоонун таза өткөндүгүн тааныды. Биздин партия дагы шайлоонун жыйынтыктары менен макул,- дейт Бабанов.
Жаңы парламенттин курамы 120 депутаттан куралат. Шайлоонун жыйынтыгы менен эң көп добуш алган партия парламенттин негизги катмарын түзөөрү анык. Бирок, жыйынтыктар көргөзгөндөй бул шайлоодо эч бир партия 30дан ашык мандат алууга жетишкен жок. Ошон үчүн азыр партиялар арасында бири-бири менен коалиция түзүү зарылчылыгы келип чыгып отурат. Азырынча бир дагы партия кайсыл партия менен биригип парламентке барары аныктала элек. "Республика" партиясы азырынча кайсыл партия менен коалиция түзөөрү тууралуу ойлонуп, башка партиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөргө барып жатканын айтты. Партия лидери Өмүрбек Бабановдун айтымында эгер башка партия "Республика" партиясынын пландары менен макул болуп, көз карашы бир болсо анда алар ошол партия менен биригип коалиция түзүүгө даяр. Биз бир топ партиялар менен коалиция түзүүгө даярбыз:
- Биринчиден: биздин экономикалык өнүгүү тууралуу элибизге берген сөзүбүздү, идеяларыбызды колдошу керек. Тез арада мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүп кетпесек биз оңоло албайбыз.
Экинчиден: биз улут аралык тынчтыкты, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек. Биз Россия менен социалдык стратегиялык партнер болушубуз керек деп айтып жатабыз. Биз аны иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Биз реваншисттерге жана Бакиевдин үй-бүлөсүн кайра бийликке алып келебиз дегендерге жол бербейбиз. Алар менен биздин жолубуз туура келбейт. Алар менен биз эч качан коалиция түзө албайбыз. Биздин ушул принциптерди партиялар колдосо анда ошонун негизинде биз коалиция түзөбүз, дейт Бабанов.
Борбордук Шайлоо Комиссиясынын чыгарган чечимдерине макул болбогон партиялардын биригүүсү жеңилүү ызасынан улам болуп жатабы? Буга чейин эмне үчүн бириккен эмес деген суроо туулат? Журналисттер менен болгон жолугушууда "Замандаш", "Акыйкат" партиясынын лидерлери мындай жоопторун беришти.
М.Өмүракунов: - Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Азыр бизде коомдо болуп жаткан жана мамлекеттин ичинде болуп жаткан шайлоого байланыштуу абдан терс окуялар болду тилекке каршы. Ошол биздин чогулганыбызга түрткү болду. Биз азыр эле, же эртең эле баарыбыз бир партияга биригип калабыз, же болбосо бир партия болуп түзүлөт деп айтуу али эрте.
А.Жекшенкулов: - Биз буга чейин бириге албадык. Анткени, амбициялар ойногон, бул жерде көп кемчиликтер болгон. Бири-бирибизди жакшы түшүнбөптүрбүз. Эми албетте, бул дагы саясый өнүгүүнүн бир кадамы болот. Бир чоң кемчилик, катачылыкты түшүнүп туруп, бир жолго түштүк.



Кечээ 14-октябрь күнү "Жалпы улуттук конгресстин" биринчи жыйыны болуп, ага 15тен ашык партиянын өкүлдөрү келип катышышты. Жыйында партиялар 10-октябрь күнү болгон шайлоодогу кетирилген кемчиликтер тууралуу сөз кылышып, кээ бир партиялар тарабынан жасалган мыйзамсыз иш аракеттерди кенен талкууга алышты. Кээ бир шайлоо участкаларындагы добуштардын жыйынтыгына нааразы экендиктерин билдиришти. Ар бир партиянын өкүлү өздөрү көргөн мыйзам бузууларды аташты. Жыйынга акыйкатчы Турсунбек Акун, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Акылбек Сариевдер дагы катышышты. Сөз алып сүйлөгөн акыйкатчы шайлоолор жалпы жонунан тынч өткөнүн белгилеп, кээ бир мыйзам бузууларга токтолду. Тактап айтканда Өзгөндөгү эки участкадагы окуяны айтып өттү. Ушундай окуялардан улам кээ бир аймактардагы шайлоо участкалары бир нече мүнөт ишин мажбур токтотууга аргасыз болгонун дагы кошумчалады. Жалпы улуттук конгресстин катышуучулары өздөрүнүн шайлоодо жеңилгендиктерин тааный тургандыгын бирок, бул жерде сөз алардын добуштарын алдап алууда жана бурмалоодо экендиктерин белгилешти. Жыйын маалында БШКнын башчысы Акылбек Сариевдин дарегине бир нече ирээт суроо, сунуштар айтылды. Өз кезегинде катышуучулар жакын аранын ичинде шайлоонун жалпы жыйынтыгы тууралуу маалыматты жарыялоону талап кылышып, БШКнын шайлоо маалында өтө чабал иштегенин да белгилеп өтүштү. Бирок, БШКнын төрагасы А.Сариев шайлоо маалында баардык иш мыйзамдын гана чегинде болгондугун айтып өттү. Жыйындын катышуучулары бюллетендерди кайрадан саноону Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасынан талап кылышты.


Расул ҮСӨНАЛИЕВ