"Мыкты жигиттер"
"Boys over flowers"
"Мыкты жигиттер" деген корея сериалы бизде модада болуп жатканда кыргыздардын ичинен да аламан байге болуп, мыкты жигиттер алдыга суурулуп чыгышты. Келечек жаштарда дейбиз. Мына жаштар. Мына кыргыздын жаш лидерлери.
Шайтандын чоңунан кичинеси демекчи, булар чын эле баардык жагынан агалары менен аталарынан ашып түшүштү. Ишкердик жагынан да, ишмердик жагынан да. Керек жерде интеллигент, керек жерде тентек, керек жерде өзүнүкүн бербеген көк жал баатыр, керек жерде кытай менен сартты жолго таштаган илбериңки ийилчээк. Ата-бабаларыбыз деле биз ойлогондой анчалык эле кудайы момун болбогон окшобойбу. Болбосо, илгери эле булар жөнүндө "жигит болсоң, шок бол, шок болбосоң жок бол" деген сөздү айтышпайт эле да. Бул жигиттер бизди, биздин элди, биздин мамлекетибизди же бар кыла турган, же жок кыла турган жигиттер. Мындай жигиттердин эл башына келиши бир четинен зарыл, бир четинен коркунучтуу. Бирок, элибиз Мухтарбек Өмүракуновдой жети өлчөп бир кескен олуттуу, салмактуу, ишенимдүү жигиттерди эмес, ушундай шамалдай учкан, жезкемпирдин сокусун минип, сок билегин камчыланган шуулдаган жигиттерди шайлады. Демек, элибиз да ошого жетилип калган экен деп билели.
Эл чын эле көп нерсеге жетилип калган экен. Саясатчыларыбыз элди кандай гана кайраштырбады. Бирок, алар унчугушпайт экен. Концертине барат экен, коштоп кол чабат экен. Акча берсе алат экен да, шайлоо үкөгүнө барганда каалаган адамына салат экен. Каалаган адамдары жогорудагыдай жердин тешигин жамаганы боюнча жөөттөрдү жөөлөй турган жигиттер экен. Эмне дейли, ушул жигиттерге ыйман берсин, ыйман бербесе, алардын жөөттүгүнө тең келе ала турган андан ашкан жөөт кыргыз эли бар экен. Булар балким, элди алдап алдык деп ойлошоор. Эл алданган жок. Максаттуу түрдө ушундай жигиттерди тандашты. Демек, алардын ар бир кадамын көзөмөлдөп алганга да кудуреттери жетет.
Бир чети мунусу да жакшы, аш жегенден башкага жарабаган алжыган абышкаларыбыз деле жерин жеп, ичерин ичип, качып кетишти. Эми мындай шуулдаган жаштарыбыз сөөк мүлжүгөнгө келсе, уят. Андыктан "жаш келсе, ишке", деп элибиз жигиттерди ишке салалы. Болору болду, шайлоо да бүттү. Шайлоо өзү демократиянын атасы Америкада деле шайтан оюндарсыз өтпөйт, бул шайлоо да таза болгон жок, ыплас нерселер көп болду, бирок, таза болбогон менен мындан ашкан ачык, адилет шайлоо болбогонун азыр жеңилгендер да, жеңгендер да, шайлоочулар да, байкоочулар да айтып турганда Роза Исаковна менен Акылбек Аблабековичке рахмат айтып, майда-барат мыйзам бузууларды, мыйзам жолу менен териштирели да, ишке өтөлү. Бул сөздөр адреналин үчүн эле айтылган жок, чын эле билек түрүнүп иштей турган учур келди. Касташуудан, басташуудан чарчадык. Биригип, кеңири коалиция түзүпбү, же көпчүлүктүү коалиция түзүпбү, жаштардан, мыкты адистерден куралган өкмөттү, биримдик менен тезирек өткөрүп албасак, Кыргызстан кыйынчылыкка чексиз чыдай берген резина эмес. Муну саясатчылар түшүнбөсө да эл түшүнөрүн бир эмес, эки жолу далилдеди. Эки жолу эл референдумду да, парламенттик шайлоону да биримдикте, ынтымакта өткөрүп беришти. Калган майда нааразычылыктарды ар бир саясатчы өз шайлоочуларын тынчтандырса эле, жалпы мамлекетибиз тынчтыкка, жаратмандыкка өтмөкчү.









PDF формат