Кыргыз гезиттер архиви

Алмазбек Атамбаев:
"Биздин партия бийликке келсе, коррупцияны жоебуз, таможнядан бюджетке акчаны түшүрүүнү 2 эсе көбөйтөбүз"
Шайлоого аттанган 29 партиянын ар бири өзүн татыктуумун деп турган кези. Бирок, кимдин ким экенин элибиз өзү соңку жылдары саясатка аралашып жүрүп жакшы эле билип калды. Өткөн жумада КСДПнын төрагасы, убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Бакиевдин өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев гезиттердин бирине берген интервьюсунда алдыдагы шайлоолор жөнүндө ой бөлүшүп, жалгыз гана анын партиясы эң татыктуу, ал эми өзү кыргыз эли деп далбас ургандан башка эч нерсени билбеген адамдай пикир калтырганга аракет кылыптыр. Бирок, анын саясый бейнесин тереңирээк изилдеп көргөндө, кандайдыр бир жоопкерчиликтүү, курч кырдаалда өз позициясын көрсөтпөй, эң жакын санаалаштарын сатып кетмей адаты бар экенин, туруксуздугунун айынан атын булгап алган күндөрү көп эле болгонун көрсө болот.
СДПКнын мурдагы мүчөсү, азыр "Акшумкарга" өтүп кеткен Кубанычбек Кадыров "Асман kg" газетасына берген интервьюсунда Атамбаевге болгон ызасын билдирип, "Алмаз Шаршеновичке ишенип көкүрөгүн мендей тоскон жигиттер саналуу эле болчу. Ошол үмүтүм да акталбады", - дейт. Эсиңиздерде болсо керек, былтыр президенттик шайлоо учурунда Балыкчы шаарында Атамбаев деп жанын аябай чыккан ондогон жигиттер кармалып, аёсуз таяк жеп, УККга жатып, болушунча кордук көрүшкөн. Соттолуп да кетишти. Бирок. Атамбаев аларга жардам бермек түгүл, абалын да сурап койгонго жарабаптыр. "Биз ушул адамга ишенип, чыгып, камалсак, жылуу сөз жок, кагып, силкет деп капа болуп жатышыптыр. Ошон үчүн партиядан чыгууга аргасыз болдум. Алар мага "бизди танда же, Атамбаевди танда" деген талап коюшту", - дейт Кубанычбек Кадыров. Мына ушундан көрсө болот Атамбаевдин чыныгы жүзүн. Быйыл июнь айында түштүк жергесинде күнөөсүз элдин каны төгүлүп, бул окуя Кыргызстандын тарыхындагы кара так болуп калды. Эмне үчүн ошондо өкмөттүн жетекчилигиндеги негизги адамдардын бири болуп туруп Атамбаев ал жакка дароо барбады?
"Вечерний Бишкек" газетасында белгилүү саясатчы Муратбек Мукашев интервьюсунда түз суроо берип жатат: "Кырсык болгондо эмне үчүн өкмөттүн көп мүчөлөрү түштүккө барышкан жок? Биринчи-вице-премьер-министр болуп турган Амангелди Муралиев каякта жүрдү эле? Эмне үчүн өзүлөрүн эң таасирдүү, абройлуубуз деп эсептеген А.Атамбаев, Ө.Текебаев Ошко барып коюшкан жок?" -деп айтылат. Ал эми "Биз билебиз, Ош окуясын кимдер башташканын" деген макаласында ОшМУнун профсоюз комитетинин терагасы, география илимдеринин кандидаты, доцент Абдыжапар Аккулов "Өлкөбүздөгү апрель бийлик алмашуусунан кийин ачыктан-ачык, көз көрүнөө эле эл бузарлары басып алган дүйнөсүн батыралбай кутуруп, "Бай Кудайга жетем" болуп бийликке умтулса да, колундагы куралдардын күч-кубатын демонстрациялап, эгемендүү Кыргызстандын ичинде автономия курабыз деп ураан чакырып, бул максаттары үчүн демшыкак берип, карапайым өзбектерди кошо дүрбөтсө да Убактылуу өкмөт адаттагысындай эле мунун баарын көрмөксөн-укмаксан болуп, же бакиевчилерге, андан да арыраак акаевчилерге шылтагандан эч уялган жок. Тескерисинче, апрелден бери өзүн-өзү эч актабаган калпыс, чаржайыт, багытсыз жана майнап чыкпаган саясаттарынын кесепеттерин жаап-жашыруу максатында жогорудагыдай улуттар ортосундагы от учкундарынан кайсы бир деңгээлде өздөрү үчүн пайдалуу натыйжаларды күтүп жатышты, балким кез-кезде алар ойлогондой болуп жатты", -деп ой бөлүшөт.
Чынында эле түштүк элинин "Кыргыз-өзбек жаңжалдары ар кайсы жерде жүз берип жатканда эмне үчүн өкмөт ага тийиштүү деңгээлде көңүл бурган жок? Массалык мүнөздөгү июнь коогалаңы башталганга чейинки эле Ала-Букадагы, Баткен тараптагы анклав аймактарындагы, Оштогу, Жалал-Абаддагы майда-барат кагылышуулар алдыда олуттуу окуялар күтүлүп жатканын каңкуулаган сигнал экендигин эмне үчүн билмексен болуп турду деп чыркыраганы да жүйөөлүү. Атамбаев мүчө болгон убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнөн түштүктү "бириң өлүп, бириң кал" дегенчилик кылып бул жакка буту баспаганы эсте калды деп да айтышууда. "Кыргыз-өзбектер аралаш жашаган Өзгөндө, Кара-Сууда, Араванда, Ноокатта жана Жалал-Абаддын бир катар айылдарында элди тынчтыкта кармап калганга негизинен бийликтин эмес, аксакалдардын, жаштар лидерлеринин жана коомдук ишмерлердин эбегейсиз зор салымы болгондугун да айтып өтүү зарыл" деп ой бөлүшүүдө макаланын автору. Июнь айындагы кандуу окуялардан улам коомчулук арасында катуу талкууланып жаткан дагы бир жагдай "Кадыржан Батыровду убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү эркелетип, алар Кадыржан койгон кээ бир кадрдык маселелерди чечип берип, аны көптүрүп, ээликтирди" деп айтылып жатканда, көрсө, Атамбаев жөнүндө кеп болуп жаткан экен...
Чындыгында эле өзбек лидерлери, ошонун ичинде Кадыржан Батыров өкмөт башчысы Роза Отунбаева жана анын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевге жолугуп, сүйлөшкөнү анык факт деп айтылат "Ата-Мекен" партиясынын "Аалам" газетасынын 23-сентябрындагы санында берген партиялык материалында.
1990-жылдары СССР урап, мал чарбасын, колхоз-совхоздорду. завод-фабрикаларды азыркы айрым "патриоттор" өз пайдасын көздөп тоногондордун арасында да Алмазбек Атамбаев болгонун баары билет. "Жаңырык Апта" газетасы жазып чыккандай, ошондогу ири менчиктегичтердин бири, азыркы СДПК партиясынын жетекчиси болгон. "Биз билгенден Кыргызстандагы "Форум" аттуу Бишкектеги ири заводдорду бириктирген өндүрүш тобу, "Кыргызавтомаш" заводу ж.б. Андан да 90-жылдары заводдордогу жабдыктар СССР эсебинен жаңыртылып, тиешелүү иштетилбегени ичти ачыштырат. Андагы жумушчулардын акцияларын Атамбаев ит бекер сатып алган экен. Чыгаргандан кийин иштетпестен, алардын баарын жаңысын жаңылай, эскисин эскилей Кытайга сатып жок кылды деп ошондогу жумушчулардын көбү көзүнө жашын тегеретет", - деп жазат газета. Ошентип гигант-заводдор 15-20 жылдын ичинде жок болду. "Азыр чыга калып эле Алмаз мырза Бакиевдин убагында иштегендерди жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чапкылап жатат. Ал эми өзүнүн Бакиевдин бир көз кысышы менен 2007-жылдын 30-мартында премьер-министрликке чуркап барганын такыр эске алгысы келбейт. Андан да кызыгы, 2007-жылдын ноябрында "Данакер" медалын алганда Алмаке Салиевич менен жудда кучакташып өбүштү эле. Ал кубалап жиберери менен аркасынан суу куя баштады өзү байкабай Бакиевдин кол алдындагы "саясый кол жоолукка" айланып кеткенин байкуш киши дале түшүнө элек.
2005-жылдын 20-июнунда "Бириккен элдик кыймылынын" атынан президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев Базар-Коргон районундагы Акман айылына эл менен жолугушууда болгон. Трибунага мас болуп чыккан Атамбаев элдин назарынан калган эле. Кийин "мени ууландырып коюшту, дубалап коюшту", -деп бийик деңгээлдеги адамга жарашпаган, эң төмөн катардагы шылтоолорду айтып чыкты". Аны Бекназаров да бышыктап "с кем не бывает" деп кутулду.
Алыс барбайлы, жакында эле Кара-Балта шаарында болгон жолугушууда айтып жатат. "Биздин партия бийликке келсе, коррупцияны жоюп, таможнядан бюджетке акчаны түшүрүүнү 2 эсе көбөйтөт" дегенин КТР көрсөттү. Азыр эмне кайсы бийлик бийлеп жатат? Апрелден бери өзү биринчи вице-премьер-министр болуп, экономикага жооп берип жатпады беле? Таможняга директорун 3 орун басары менен Атамбаев өзү дайындап, алар дагы эле ал жерде отурушат. Баягы коррупциялык кара схемалар дагы эле иштеп жатат. Анан бизди Кара-Балтада айткан сөзү менен оозубузду Ошко каратып жатпайбы. Атамбаев "учкул сөздөрү" менен да белгилүү. 2007-жылы Бакиевдин премьер-министри болуп турганда апрель айындагы митингчилерди аянттан таркатылганда, "козел", "баран" деген сөздөрдү уксак, кийин "акшакалдар", "жыгач генералдар", "коттани" ж.б. дегендерине күбө болдук. Жакында жалпы кыргыз эл Атамбаевдин жаңы феномени ачылды. КТР Чүйдөгү бир жолугушуусунан репортаж бергенине күбө болдук. "Биз уурулардын колуна чаптык эле, Токтогулга (суу сактагычка) суу толуп калды!!!". Айтпасаң кое кал. Биздин лидерлер кудай болуп да баратышат...
Айтор, "Манас, Манас деп койсо, мардая түшөт экенсиң", деп эпосто айтылгандай көп эле көкүрөк көтөрө бербей кечээки эртеңкисин карап, аста болгону оң. Атамбаевдин жүрүм-турумуна карап, административдик күч колдонууда деп бийлик да күнөөлөнүүдө. Өзү менен кошо бийликтин да абийирин кетирбей партиясы Кудай эмес, 29 партиянын бирөөгана экенин биле жүрсө болмок. Адилет Өмүркулов




Т. Акеров:
"Шквальный огонь" по лидерам гонки, младокыргызам
Итоги 3-й недели предвыборной гонки в Кыргызстане
По результатам этой недели можно сказать, что самыми активными и популярными партиями признаны "Атамекен" и "Республика", затем идет СДПК, после "Акшумкар". Однако, все четыре партии смогли намного поднять свой рейтинг среди избирателей. Успех можно объяснить тем, что последние стараются охватить все слои населения пенсионеров, скотоводов, студентов и т.д. Ведут активную работу с избирателями, находятся в постоянном движении, колесят по стране и организовывают встречи с народом.
Теледебаты партбоссов
На этой неделе прошли первые теледебаты некоторых партий, запланированные ЦИКом Кыргызстана. Лидеры партий рассказали о своих программах, также им задавались вопросы разного характера, в том числе неудобные. В результате теледебатов избиратели поняли, кто чего стоит, какая партия, чем дышит, что обещает и что на самом деле в сердце у ее лидера и т.д.
Первые впечатления после теледебатов
Однако, теледебаты также раскрыли много скрытых от глаз моменты предвыборной борьбы в парламент. Появились сомнения в отношении проведения демократических выборов в стране. Как нам кажется, предвыборная борьба с самого начало идет по заранее запланированному сценарию. Это особенно было заметно по поведению мелких партий. Во-первых, они не имеют денег, во-вторых, финансируются лишь одним или двумя бизнесменами. В-третьих, совершенно низкий уровень лидера (неконкурентоспособный). В-четвертых, список партии (120 кандидатов) составлен членами одной, двух или трех семей, или коллектива одного из крупных предприятий, компании и т.д.
Это говорит о том, что, эти партии вошли в игру для того, чтобы оказывать услуги одной из сильных партий, с тем, чтобы если начнутся торги, то с помощью своего патрона пройти в парламент, если нет, то партия-патрон будет помогать и "крышевать" бизнес лидера этой партии и т.д.
Видимо именно по этой причине некоторые партии (около восьми), которые отказывались участвовать в выборах ввиду отсутствия денег в начале предвыборной кампании, вдруг почему-то изменили свое мнение и вступили в предвыборную гонку. Возможно, что вышли на их лидеров и уговорили идти до конца, обещая им помочь, если те будут действовать по принципу "услуга за услугу". А отдельные из них были образованы специально для этих целей.
Это делается для того, чтобы сильная партия оставалась незаметной при использовании черного пиара в отношении ее основного конкурента. Всю эту деятельность будет делать мелкая партия, которая легко может выбыть из борьбы, в случае если раскроют ее незаконную деятельность. Также это удобно для применения административного ресурса, протащить нужную партию-компаньона в парламент, красть голоса у сильных партий, при подсчете раскидав и распределив их между различными мелкими партиями и т.д.
Борьба за сохранение своей позиции и рейтинга
На этой неделе подверглась атаке партия "Республика". Однако, лидер партии О. Бабанов выступил с обращением народу Кыргызстана по ТВ. Речь можно расценивать как откровение лидера партии. Рассказал о себе, о программе партии, о пути развития Кыргызстана и т.д.
Кандидаты от этой партии и звезды отечественной эстрады приняли участие в самой популярном телешоу "Браво" (на правах рекламы). Кандидаты заявили, что 70% кандидатов от этой партии, это люди, которые своими силами поставили на ноги свой бизнес, открывали рабочие места, приносили пользу обществу и государству. В их списке есть молодые бизнесмены, которые экспортируют мясо в ближнее и дальнее зарубежье и т.д. "Мы принесем новую жизнь и достаток в села", обещали кандидаты от "Республики".
Позитивным моментом также является то, что отец О. Бабанова в советский период возглавлял совхоз-миллионер. Поэтому избиратели надеются, что он, как и его отец, может помочь своей стране и народу в трудное для государства время.
"Республика" пытается догнать и обогнать партию "Атамекен", у которой имеется устойчивый электорат и позитивный имидж. Лидер партии О. Бабанов уверен, что его партия займет первое место. Для этого у партии есть время и все возможности.
Одной из главных причин атак на О. Бабанова является то, что он и его партия, если войдет в парламент может стать совершенно независимой. "Республикой" трудно будет управлять со стороны Администрации Президента КР или другими силами. Поскольку ни один из кандидатов в депутаты от этой партии не имеет судимости, не привлекались ранее к уголовной ответственности.
Табылды Акеров,
политолог
Источник - www.centrasia.ru 6 октября