п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ыймандуу, маданияттуу, рационалдуу ой жүгүрткөн л и д е р...
Тээ эгемендикке ээ болгон 1990-жылдардын башынан эле бир аймак, бир чыгыштык саясий маданият,чыгыш менталитети сыяктуу жалпылыктарга ээ болсо да Кыргызстандагы саясий атмосфера, саясий өзгөрүүлөр алардын жүрүшү башка борбордук Азия мамлекеттеринен кескин айырмаланып келет. Бул айныгыс факт. Коңшу өлкөлөрдүн атуулдары түшүндө көрүүдөн да тайсалдаган, кыялында гана кыялданган саясий окуялар жүрдү.


Мисалы өлкөбүздүн көз карандысыз мамлекет катары тушоосу кесилген алгачкы жылдары эле ал легендарлуу парламент тарабынан башка коңшулардан айырмаланып партноменклатурадан алыс, демократ катары союзга тааныла баштаган илимпоз адамдын президент шайланышы, кийинчерээк "кылым кылмышы" атка конгон "алтынчыр" сыяктуу окуялар жүз берип анын негизинде баш министрдин "Кыргызстанда жалкоолор жана келесоолор гана уурдабайт" деген учкул сөзгө айланып кыскасы акыл менен аңдалгыс өлкө болдук. Бул - Саясат таануу илиминде "саясий процесс" деп аталат.Саясий процесс белгилүү саясий максаттарга жетүүгө умтулган социалдык бирикмелердин,коомдук уюмдардын жана топтордун айрым адамдардын натыйжалуу ишмердүүлүгү. Ал эми тар маанисинде саясий чечимдерди ишке ашыруу боюнча социалдык субъектилердин ишмердүүлүгү.
Дал ушул социалдык процесс кыргыз коомуна көптөгөн күтүлбөгөн, болжолдоого мүмкүн болбой турган окуяларды тартуулап келди. Бирок, эми мындан ары мындай процесстердин улана бериши өлкөбүз үчүн зыяндуу. Мындан ары өлкөбүз туруктуу, артка кайткыс өнүгүү ыргакка түшүш үчүн өлкө тагдырын ыймандуу, маданияттуу жана рационалдуу ой жүгүрткөн саясий лидерлерге тапшыруу зарылдыгы бышып жетилди. Жогорудагы саясий процесс бир чети тарыхтын калбыры болуп саналат. Саясий ал калбырдан канчалаган мен-мен деген лидерлер саясатчы катары күм-жам болсо алардын саналуусу сакталып келет. Азыр дал ошол саясий калбырдан ийгиликтүү өткөн лидерлерди жана партияларды тандоо маанилүү. Андайлардын катарына "Акыйкат" партиясы жана анын лидери көзгө урунат. Аликбек Жекшенкулов жөнүндө сөз кылганда сөзсүз 2007-жылдын аягында өткөн парламенттик шайлоо эске келет. Ошол шайлоодо кыргыз коому кандай көз боёмочулукка, түркөй наадандыкка күбө болуп шайлоо деген нерседен көңүлү үч көчкөн журттай калган. Коомдун аң - сезимдүү бөлүгү ошондо Бакиев бийлигинен Акыйкаттыкты күтүү мүмкүн эместигине толук көзү жеткен. Ал эми ошол шайлоого катышкан саясий күчтөрдүн бир даары жөн жерден парламентке келип калганына кубанса калганы Бакиев режиминин каарынан коркуп чындык, акыйкаттык жөнүндө мамлекеттик деңгээлде кеп кылуудан тайсалдап калган. Коом акыйкаттыкка суусап Акыйкаттыкты орнотуучу адам эл тарабынан стихиялуу түрдө издөө башталган. Ошол учурда Аликбек Жекшенкулов "Акыйкат үчүн" кыймылын түзүп, сай-сайлап калган оппозициянын башын бириктирип жол баштап чыгып берди. Акүйдү басыш керек, чабыш керек деп айкырган айрым радикал саясатчылардан айырмаланып, Аликбек Жекшенкулов Коомдук парламент түзүү демилгесин көтөрүп цивилизациялуу жолду тандап алып кыргыз оппозициясынын ишмердүүлүгүн алгач коомдук парламенттин рамкасында координациялап берди. Анын жетекчилигинде өткөн эки курултай оппозицияны кадимкидей жандандырып от алдырып берди. Ошол эле учурда ал жетектеген "Эл аралык өнүгүү жана саясат боюнча агенттиктин" жеке сайтты аркылуу Кыргызстандагы процесстерди болгонун - болгондой эл аралык коомчулукка жарыяланып турду. Бул да болсо балит саясат жүргүзгөн бийликке каршы ишмердүүлүктүн цивилизациялуу жолу эле.
Ага чейинки кыргыз оппозициясынын ишмердүүлүгү эл аралык коомчулук менен кызматташуусуз "накта кыргызча" болуп келгенин ким танат. Мында албетте каармандын дипломатиялык тажрыйбасы, бир катар Европа өлкөлөрүндө ОБСЕде элчилик кызматтарды аркалаганы себеп болду десек болот. Ага чейинки кыргыз бийлигинин өлкөнү ХИПИК программасына киргизүү демилгесине өкмөт мүчөсү болуп туруп, принципиалдуу түрдө каршы чыгышы коомдо ага чоң сый урмат жараткан.
Демек, ал оозу менен орок оргон айрым саясатчылардан айырмаланып, акты ак, караны кара деген принципиалдуу саясатчы катары өзүн тааныта алды.
Кийинки жылы бийлик оппозицияга болгон мамилесин дагы катаалдантып өзүнүн кандуу жолун улантты. Ага мисал, көп маалыматка ээ, бийликтин алсыз жактарын, көпчүлүк биле бербеген жоруктарын жакшы билген жана кийинчерээк активдеше баштаган М. Садыркуловду мыкаачылык жол менен жок кылуу жана аз өтпөй алар үчүн потенциалдуу коркунуч туудуруп калган ал учурдагы оппозиция лидерлеринин бири дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкуловдун камалышы болду. Беш айдан ашык темир тор артында олтуруу, жана ал жактан да бийликтин жашыруун басым -кысымына туруштук берүү айтканга оңой болгон менен чоң сыноо.
Ал кадамы менен бийлик: "Оппозициянын дагы бир белдүү лидерин сындырдык" деп ойлогон. Бирок, алардын тилектери таш каап, Жекшенкулов оппозиция айдыңындагы ишмердүүлүгүн кайрадан улап чыга келди.
Аликбек Жекшенкулович балким бул шайлоодо кайсы бир партияга ыктап, ошолор менен шайлоого чыкмак. Бирок, шарт жагдай жана бир аз мурунку үзөңгүлөштөрүнүн "Ат жүрүштөрүн" кылыктарын көрүп, алар менен бирге АКЫЙКАТ коомду орнотуу мүмкүн эместигине көзү жеткенден кийин "Акыйкат" партиясы менен шайлоого аттанды. Азыр жалпы кыргыз элинин көөдөнүндө бир чоң суроо бар. Ал кыргызстанда Акыйкаттуулук орнойбу?, Кыргыз эли акыры бир күнү татыктуу жашоого жетчүү учур келеби? деген суроо.
Ооба, "Акыйкат" орночу күн келет. Эгер бул шайлоодо "Акыйкат" партиясы парламентке келсе. Себеби, акыйкаттыктын жолу улук. Чындык акыры жеңет, буга карт тарых күбө.
Чолпонбек Сыдыкбаев
Саясат таануу илимдеринин кандидаты





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??