Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1008_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1008_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1008_16.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Биз "Республиканы" колдойбуз
"Республика" саясий партиясы туурасында азыр Кыргызстанда кеп кылбаган адам чанда болсо керек. Айтылган пикирлердин басымдуу бөлүгү партиянын келечегине ишенип, анын экономикалык программасын жактырып, үмүт арткан пикирлер. Алардын бир катарын бүгүн окурмандардын назарына бурмакчыбыз.


Мирбек Атабеков,
эстрада ырчысы:
- "Республика" бүгүнкү күндө абдан эле перспективдүү партиялардын бири болууда. Анын лидери Өмүрбек Бабанов агабыз жана анын партиялаштары чын дили менен элге кызмат кылат деген ишенич бар. Себеби, булардын программасында негизинен калың элге кам көргөн социалдык маселелерге жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө басым жасалып жатпайбы. Бул албетте, кыргызстандыктардын назарына түшүп, кызыккандар арбын болууда. Мындай учурлар региондордо, жер-жерлерде кыйла эле байкалууда. "Республиканын" башкалардан айырмасы курамында жаштардын арбын болушу. Себеби, жаштар мамлекетти алдыга сүйрөп кете алчу чоң күч. Алардагы жаштык кайрат, жаштык дем сөзсүз түрдө ийгилик алып келет.
Мен жеке өзүм "Республика" партиясына жакында парламентке болчу шайлоодо ийгилик каалайм. Себеби, бул партия элдин ишенимин актай ала турган адамдардан куралган.


Ома (Өмүрбек Андарбеков),
эстрада ырчысы:
- Жети өлчөп бир кесип, "Республиканы" колдогонумдун себеби, партиянын программасын, анын мүчөлөрүн иликтеп карап көрүп, менде ишеним жаралды. Кудай кааласа, бул адамдар кыргыз элине жакшы турмуш алып келет деп ойлоп турам. Анан да белгилей кетүүчү партиянын биринчи ондуктагы талапкерлердин эң улуусу кырк жашта.
Эки жакка чыгып, Кыргызстандын намысын коргоп, желегин көтөргөнгө аракет кылып жүрөм. Кыргызстанды дүйнөлүк аренага алып чыгыш үчүн мекенге болгон, биздин маданиятка болгон чоң сүйүү керек.
Партияны үгүттөп жүргөн учурларда элдин колдогонун, сүрөгөнүн көрүп, шерденип, демиңе-дем, ишеничке-ишенич кошулуп, жүрөгүбүзгө сүйүнүч толуп турган учур. Бизди колдоп, жандап келе жаткан шайлоочуларыбыздын ишеними акталып, ошолордун артынан кыргыз элине, жерине жакшылык жана бакубаттык келет деген тилектемин.

Нурзат Токтосунова,
алып баруучу:
- Мен партияга аралашып, туура кадам жасаганмын. Эл менен болгон жолугушууда Талас, Нарын, Чүй жана Көл жергелеринде болуп келдим. Жолугушууга эл жан дили, чоң үмүт менен келип жатышты. Кудай буюрса, биздин катарыбыз күндөн-күнгө көбөйүп, арышыбыз кеңейип жатат.
"Республика" партиясы маданий кайра жаралууну көздөгөн партия. Канча жылдан бери маданият кысылууда болуп келгендигин жакшы билебиз. Бул партия учурда гана эмес, дайыма ушундай темпте иштейт. Мен алардын арасындагы бир канча кишилерди билем, алар сөзүнө бекем турган жигиттер.
Колумду жүрөгүмө коюп туруп, жаштар бизди колдоп турат деп айта алам. Жаштардын маанайы бизге позитивдүү. Ар кимдин тилегени жакшылык, мен Кыргызстандын өнүгүшүн, кыргыздардын жакшы жашоосун, маданиятынын өсүшүн тилейм. Менин көргөнүм боюнча, бул нерсе "Республика" партиясы менен гана ишке ашат!

Кыргыз Эл артисти С.Садыкова:
"Республика" жеңиши керек!"

- Саламат эже, Сизди элибиз улуттук маданияттын өнүгүүсүнө зор салымын кошо алган ишмер катары, ошону менен бирге кайсы бийлик болбосун, акты ак деп, караны кара деп ачык-айкын айта алган, өзүнүн жеке, кимдир бирөөдөн көз каранды эмес позициясы бар инсан катары жакшы тааныйт. Учурда өлкөдөгү саясый абал күндөн-күнгө курчуп, парламентке аттанып жаткан партиялардын арасында кызуу күрөш жүрүп жатат. "Республика" партиясы элдин ишенимине ээ боло алганын көптөгөн сурамжылоолор тастыктоодо. Бул партия жөнүндө Сиздин да пикириңизди билсек?
- Бул партия тууралуу менин пикирим абдан эле жакшы. Ага карата чоң үмүтүм бар десем болот. Анткени, Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика" партиясынын катарында лидери баш болуп өз ишинин майнабын чыгара алган адистер, кыргыздын эли, жери үчүн чын жүрөгүнөн жалындап турган, зор түшүнүгү бар, аң сезими бийик жаш инсандар көп. Эгерде бул партия парламенттен басымдуу орун алып, келип кала турган болсо, мамлекетибиз чоң утушта гана болооруна ишенем. Себеби, депутаттыкка аттанып жаткан талапкерлердин кимиси болбосун, бир нерсе жасасам, элиме пайда алып келсем, сынганды бүтөсөм деп умтулуп жатканы колдоого татыйт. Мына, Өмүрбек, мисалы, жаштайынан өз киндигин өзү кесип, заманга жараша бизнести тың өздөштүрө алган мыкты менеджер.
- Сиз "Республиканын" лидерин бала кезинен билээриңизди айтып калдыңыз эле...
- Ооба, Өмүрбекти мен кичинесинен билем. Себеби, ал туулуп өскөн Аманбаев айылына жаш кезимде келин болуп баргам. Анда ошол айыл жайгашкан "Россия" колхозун Өмүрбектин атасы Токтогул Бабанов аксакал башкарып турчу. Колхоз ал кезде атагы алыска кеткен "миллионер" чарба катары белгилүү эле. Аны ийгиликтүү башкаруу менен катар Токтогул Бабанов чыгармачыл адамдарга да зор колдоо көрсөтүп келээр эле. Элдин батасына татыган, иш билги атасынын жолун жолдоп кете алган Өмүрбек сыяктуу уулдарыбызга колдоо көрсөтүшүбүз керек деп эсептейм. Элибизде "Бала атадан же кем, же ага тең, же, Кудай берип салса, атадан артык болуп төрөлөт" деп коёт эмеспи. Өмүрбек Бабанов болсо анык атага тең, баралына келгенде, эл-журт батасын берсе, атадан артык бир азамат болот деп ишенем.1976-77-жылдары, эсимде, Токтогул Бабановдун өзүнүн 50 жылдык тою болуп, борбордон ыраматылык Орозбек Кутманалиев аксакал баштаган жоон топ конок барды. Ошол заңгыраган тойго мен да насип буюруп, катышып калдым. Көз алдымда турат, анда Өмүрбек кичинекей бала эле. Ал кезде саналуу гана адамдар жете алган жапон магнитофонун кучактап көтөрүп алып, бир чети мактанып, бир чети эркелегенсип, ары-бери чуркап жүргөнү эсимде. Ансайын биз таң калып, карап калабыз, карачы деп. Мына ошол бала бүгүн минтип эл-журтту алдыга жетелейли, коомду өстүрөйлү деп жакшылардын арасында акыл калчап турат. Бир үйдүн жалгыз эрке баласы болуп, барчылыктын далдаасында ал башка тарапка ооп кетсе деле болот эле да. Андай болбой, минтип, коомго пайдамды тийгизейин деп, тарбия-таалими келишкен азаматтын нускасын көрсөтүп жатат.
- Шайлоого саналуу гана күндөр калды. "Республика" партиясына Сиздин кандай каалоо-тилектериңиз бар?
- Чынында эле азыр партиялардын саны абдан көп болуп кетти. Алдыдагы шайлоодо эки-үч партия утушка ээ болсо, ошолордун негизгилеринин бири "Республика" болушу керек деп эсептейм. Өмүрбектей чыйрак, бул жашоодо өз позициясында, принцибинде бекем турган, өзүнө-өзү ишенген адам эч убакта коомго зыян келтирбейт. Өмүрбек Бабанов башында турган, артында далай жигердүү адамдар жандап келаткан "Республика" партиясына кенен, жемиштүү, ырыстуу, байсалдуу сапар каалайм!



Актан Арым Кубат,
кинорежисёр:
- Партиянын катарында жаш жигиттер деп жатышпайбы, алар жөн эле жаш жигиттер эмес, бизнести, экономиканы жакшы түшүнгөн инсандар. Булар жөн эле талааны айтып жаткан жок, алардын экономикалык программасы бар, айтылган нерселердин баары анализделип, эсептелип, такталып иштелип чыккан. Атайын адистер мунун үстүндө көз майын коротуп, изилдеп чыгышкан. Негизи, кыргыздар кызык эле эл экенбиз. "Республика" кыска мөөнөттүн ичинде менмендеген бир топ партиялардан озуп, эл оозуна көп алына баштады, албетте, муну көрө албагандар болууда, ич күйдүлүк, ичи тардык деген нерсе биздин каныбызда бар илдет окшобойбу.
Өзүңүздөр билесиздер, электр тармагы абдан коррупциялашкан структура. Ушул убакка чейин 35-40 пайызга чейинки жоготуулар болот экен. Биздин адистердин айтымында, эгерде жакшылап көзөмөл кылсак эле, биз айтып жаткан милдеттенмелерди аткарабыз. Дагы бир нерсе ушул убакка чейин, бир дагы министр баш болуп эч кимиси өзүнүн так баасын канча экендигине так жооп бербей жатат... Эгерде, бийликке келсек, биздин программабызда айтылгандарды аткарабыз.
Өлкөнү башка жакка таанытуу үчүн маданиятты көтөрүү керек. "Республиканын" башкалардан өзгөчөлүгү маданият менен экономиканы кошо алып жүрүш керек деп айтып келет. Маданияты жок эл - эл эмес. Эгемендүү болгондон бери кыргыздын киносу маданий элчи болуп жүрөт, дүйнө жүзүн кыдырып, салт-санааларыбызды, маданиятыбызды кино аркылуу көрсөтүп жатабыз. Андан тышкары музыканттар, театралдык труппалар Кыргызстанды жакшы жагынан таанытып жатат. Андыктан биз, "Республикачылар" экономика менен маданиятты чогуу ала жүрүшүбүз керек. Себеби, өнүккөн өлкөлөр бул экөөнү теңме-тең алып жүрөт.
Мисалы, мен кинематография тегерегинде жүрө бермекмин, ишим кудайга шүгүр. Элди ойлогон киши өзгөчө, парламентке жана ал аркылуу бийликке келиши керек. Анткени, бизде мамлекет ушундай экен, чыгармачылык чөйрөдө жүргөн кишини ойлоп деле койбойт экен. Сени уктуруш үчүн бийликке келиш зарыл экен. Республиканын максаты - жеңиш, жеңгенден кийин бийликке келиш, анан берген убадаларды аткаруу.
Биз буюрса, утабыз!!!

Элина Абай кызы,
жаш актриса:
- Мен жаштарды "Республика" партиясына добуш берүүгө чакырам. Себеби, алар жөнүндө эл арасында жакшы пикирлер айтылып, талкууга алынып жаткан кези. Эгерде алар "Республикага" кайдыгер караса, көңүл буруп, убакыт бөлүп, назар салмак эмес.
Мен "Республиканын" жеңишке жетерине ишенем. Себеби, эл өзү колдоп, сүрөп жатат. Муну биз жер-жерлерге барганда чогулган элдин маанайынан, берген суроолорунан жана каалоо-тилектеринен улам көрүп жатабыз. Алардын арасында ар кыл курактагы мекендештер бар. Батасын берген карыяны, лидерлерибиздин колун бекем кысып, ийгилик тилеген абаларды, ак жол болсун деген апа-эжелерди, үмүт артып кол тамга сураган жаштарды көрдүм.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




а ­е¦Є.НҐй«