п»ї
  Азил-чыны аралаш

"Боосу сенде мен катынган жүгӨндүн"

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама менен маектешип жаткан учурда,Президент Обама:
- Жетимиш атамды сүрүштүрө келсем, менин түпкү ата-тегим кыргыз болуп чыгат экен.- деп тамашалап калат.
- Анжиандык кыргыз бекен же аркалык кыргыз бекен?-деп сураган имиш Роза Отунбаева.


Оо, кыргыздар башыбызга кут түштү. Эми биздин алдыбызга чөгөлөп: "Боосу сенде мен катынган жүгөндүн",-дешип, партиялар келе баштады. Ооба, азырынча "алар катынган жүгөндүн" "боосу" бизде, ал эми шайлоодон кийин "биз катынган жүгөндүн боосу" партияларда болуп калат. Ошондуктан кимдер бизге жүгөн катышып, боосунан каякты көздөй жетелеп кетерин терең ойлонуп, "жети өлчөп, бир кесели".Ойлонууга аз гана убакыт калды…



Орус саясаты алжып баратабы?
КМШдагы эң жаш саясатчы деген Россия президенти Дмитрий Медведев акыркы мезгилдерде алжып бараткансыйт. Медведевди президент болууга шарт түзүп берген Путинди колдоп келген Москва мэри Юрий Лужковду жетелеп сыртка чыгарып койду. Мейли, ал эми Россиянын ички иши деп эсептесек, кээ бир учурда дипломатиялык чектен чыгып, өнөктөш мамлекеттердин ички иштерине кийлигише баштады.Белорус президенти Александр Лукашенкону тышкы душманына айлантып жатат. Кремль кыргыз саясатына да кийлигишип жатканы, көпчүлүк шайлоочулардын кыжырына тийүүдө. Москва көрсөтмө берген заман артта калган, болбосо өзүнө жаккан адамдарды бооруна тартып, өзүнө тиешелүү ММКлар аркылуу даңазалап жатканы, парламенттик башкарууну көздөгөн кыргыз саясатчыларына кара пиар уюштуруп, кыргыз элинин ички иштерине кийлигишип жатканы орус мамлекет башчысынын алжып баратканыбы же эски үстөмдүк саясатына кайтып баргысы келгениби?
"Учкундан" жалын тутанбайбы?
"Учкун" басмаканасында болгон окуя, "Республика" партиясынын эч нерседен кайра тартынбастыгын көрсөтүп койду. "Республика" партиясы Ошто "Ата-Журт" партиясына да ыдык көрсөтүп койду деген кептер жүрүүдө. Балким, "Республикага" Россиянын президенттик администрациясынын башчысы Нарышкин мырза менен нары-бери сүйлөшкөнү дем берип жаткандыр.
Уйгур партлидер ким?
Бакиевчил "пиарчылар" "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ата-тегин сүрүштүрүп атып, илинчек тапкан окшойт.Көрсө анын аты -жөнү мындай экен: Текеакунов Өмүракун Чиркешакунович.
Канчанчы сорттогу адамсың, бурадар?
Бакиевдик Шайлоо Кодексинен соң биринчи сорттогу адамдарга:
1. Кыргыз эместер
2. Эркек эместер
3. Карган эместер
Экинчи сорттогу адамдарга ушулардын бири кем болсо кошуласың.
Үчүнчү сорттогу адамдарга ушулардын экөө кем болсо кошуласың.
Ал эми кыргыз болсоң, уялбай эркек болсоң, андан да уялбай жашың 40тан өтсө, кайсы бетиң менен уялбай партиялык тизмеге кошуласың.Андан көрө эң төмөнкү сорттогу адам болуп жүрө бер.
Атаң журтка
таштаса "Ата-Журтка" кошул
Акаев "атасы" журтка таштап кеткен Мыктыбек Абдылдаев, Азамат Кангелдиев сыяктуулардын, Бакиев "атасы" журтка таштап кеткен Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Нурлан Сулайманов, Садыр Жапаров, Ибрагим Жунусов, Нарынбек Молдобаев, Роман Шин, Курманбек Осмонов, Зиядин Жамалдинов, Хаджимурат Коркмазов сыяктуулардын башын бириктирген же атасы журтка калтырып кеткендер, "Ата-Журт" партиясында көч баштап келатышат.
Ар-Намыспы, Эр-Намыспы, Ыр-Намыспы же Чыр-Намыспы?
"Ар Намыс" партиясынын ары кетип баратканда Акылбек Жапаров кошулуп "Эр-намыска" айланган, акеавдин ырын ырдаган Каныбек Иманалиев кошулуп "Ыр-Намыска" өзгөрүлдү. Эми чырдын атасы Нурлан Мотуевдин тандемдеши Турсунбай Бакир уулу кошулду "Чыр-Намыска" айланбайбы?
Жөргөлөп жүргөндөр асманда чабыттап калыштыбы?
Бакиевдин заманында жети жумуртканын алтоосу сасыткы болуп, жалгыз жумурткадан шумкардын бир жөжө балапаны чыккан. Бакиев чүчкүрүп койсо, баарын таштап жөргөлөп астына барган "жем" сурап. Өңгөчүн тарта албай Өкмөттүн бюджетине өлгүдөй тойсо керек, элдин эсебинен. Асманда чабыттап жүрөт дешет, жемсөөсү качан жарылаар экен?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??