Кыргыз гезиттер архиви

Эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоо жүрөгүбүздүн борборунда турсун
Тенти Орокчиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, журналист


Корчубек Акназаров, Социалисттик эмгектин баатыры


Күмүш Суранова, алгачкы башкарма айым, СССР эл депутаты


Кайып Оторбаев,академик, география илимдеринин доктору


Мария Нанаева, медицина илимдеринин доктору


Элибизде илгертеден келаткан жакшы салт бар, бир ишти баштаарда же сапарга аттанаарда кадырман карылардан бата алышкан. 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдында элибизге эмгеги сиңген, азыркы саясатчыларга үлгү болоор адамдарды чакырып, алардын пикирин угуп, батасын алуу максатында тегерек үстөл уюштурдук. "Карынын сөзүн капка сал" дейт элибизде, алардын айткан акыл-насааты шайлоого аттанып жаткан партия лидерлерине, мүчөлөрүнө жакшы кеңеш болуп берет деген үмүтүбүз бар.


Тенти Орокчиев:
- Азыр заман абдан опурталдуу болуп турат көйгөй көбөйүп атат. Алдыда парламенттик шайлоо турат, парламенттик республика болобуз деп жаңы жолду тандап атабыз. Сиздер кыргыз үчүн күйүп-жанып, совет учурунда эле отуз-кырк жыл иштедиңиздер, далай ишке күбө болуп, далай кишилер менен сүйлөшкөнсүздөр, кыргыз элинин жакшысына кубанып, жаманына күйгөн адамдардан экениңерди билебиз. Сиздер айткан акыл бүгүнкү күндөгү эл башында тургандарга, эл үчүн кызмат кылабыз дегендерге жетсе деген тилегибиз бар. Анда сөздү далай кырды ашып, ак эмгегиңизди элден аябаган Корчубек ага сиз баштап берсеңиз.

Корчубек Акназаров:
- Алдыбызда чоң саясий компания өткөнү турат, бүткүл кыргыз эли гана эмес дүйнө эли Кыргызстанда саясий компания кандай өтөт экен, эли демократияны кандай деңгээлде алып жүрөт экен деп көз салып турган мезгили. Ушул шайлоону ийгиликтүү өткөрүш үчүн эң биринчи биздин элибиз, шайлоочуларыбыз элдин келечегин, биримдигин, гүлдөп-өсүшүн терең ойлонуп, калыстык менен өздөрү каалаган партиясынын программасына терең маани берип добуш беришсе деген менин карыялык каалоо-тилегим бар. Эң негизгиси шайлоону калыстык менен өткөрүш үчүн айылдагы, жер-жерлердеги шайлоо участкасынын мүчөсүнөн тартып борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү сүттөн ак, булактын суусунан тунук калыстык менен иштеп беришсе шайлоо тынч өтөөрүнө көзүм жетет. Шайлоодо бирөө жеңет, бирөө жеңилет, муну баарыбыз түшүнөбүз. Жеңип чыккандар жеңдик деп боюн көтөрбөй калыстык менен жеңилген партиянын жетекчилери менен кол алышып алардын программасында жакшы пункттары бар, ошолорду колдонобуз, ишке ашырабыз деп алар менен сүйлөшө билсе, айрыкча утулган партиянын жетекчилери мындан жеңилип калдык деп ар түрдүү жаман ойлорго кетип, ачууга алдырып жаман ишке барбаса дейм. Эгер жаман жолго түшүп, жаман иштерге барса алардын өздөрүнө эң чоң уят. Баардыгыбыздын эле алдыдагы милдетибиз, шайлоочудан шайлануучуларга чейинки оюбуз-элибиздин биримдиги, келечеги экендиги эсибизден чыгарбасак. Кээ бир жолдоштор айтат экен, бизде идеология жок деп. Мен айтааар элем, биздин өлкөбүздө идеология бар, идеологиябыз-уюлдай чыңалган улуттук биримдик күч менен, бабаларыбыздын акылман осуяттарын өнүктүрүп-өстүрүү менен кыргыздарды дүйнөдөгү өнүккөн, гүлдөгөн таза өлкөгө айландырыш максат. Мына биздин максатыбыз, мына биздин урааныбыз, мына биздин идеологиябыз. Ушуну негиз кылып алсак мамлекетибиздин жаркын келечегинен үмүт зор болот. Коммунисттик партиябыздын идеологиясы кайсы эле, марксизмдин, ленинизмдин теориясын өздөштүрүп өнүктүрүү менен коммунизмди курабыз деген. Биздин коммунизмди курабыз дегенибиз кайсы, Кыргызстанды гүлдөгөн таза өлкөгө айландыруу. Түпкү максатыбыз ушул. Буга жетиш үчүн бизде баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ала-Тообуз, суубуз, жерибиз, элибиз бар. Манасты, Чыңгызды, Арстанбекти, Тоголок Молдону, Токтогулду, Барпыны, ушуга окшогон акылман адамдарды жараткан элибиз кантип гүлдөгөн өлкөгө айлана албасын. Байлыгыбыздын чети оюлбайт, жердин астында да, үстүндө да бар. Азыркы шайлана турган партиябыз эң биринчи коррупция деген балекетти жоготсо. Мына баары айтып жатышат, коррупция менен күрөшөбүз дешип, ал эми иш жүзүнө келгенде кантип күрөшөт? Аны менен күрөшүүнүн оңой жолун көрүп-билип турам. Эгер ким коррупцияны колдоно турган болсо аны түрмөгө каматып салбай эле коомдун, элдин өкмөттүк чогулуштардын алдында бетин ачып, кылмышын ашкерелеп, уяткарыш керек. Коррупция деген мите, өсүмдүктү өстүрбөй турган сары чырмоок. Бул жаман оору, муну менен ооруган адам коомубузга, элибизге дагы, өкмөтүбүзгө дагы эч кандай пайда келтирбейт.Керек болсо өзүнө да пайда келтирбейт. Эгер жогоруда айтып кеткенимдей эл алдында уяткарылган адам гана эсине келиши мүмкүн, анын жүзү кандай экенин жалпы эл да билип калат. Коррупцияны тезирээк жоюш керек.

Күмүш Суранова:
- Менин каалаганым эле алдыдагы шайлоо күзгүдөй тунук өтсө, адамдык сапатын, абийирин акчага алмаштырбай кыргыз элине жакшылыкты каалаган, кыргыз жерин баалай билген, ыйманы бар, эл-жерин сатпаган, бузуку тилге кирбеген асыл ойлуу жетекчилер келсе экен. Биздин аялдар кыйынбы дейм, аялдардын тилине кирип эле акча оокатка сатылып, дүнүйө жыйнап, балдарын да ошого жараша алдым-жуттум кылып тарбиялап коюшкандары туура болбой жатпайбы. Анын кесепетин тартып азыр эмне гана болгон жок. Тоосу бийик элдин ою да, бою да бийик мыкты, кеңпейил эл делчү, азыр кыргыздар каякта гана жүргөн жок. Ынтымактын, биримдиктин жогунан,жогорку кызматтагылардын адамдык ар-намысы болбогондугунан, ыйманынын таза эместигинин натыйжасында кыргыз элинин жашоо-турмушун алдыга жылдыруу максаты жоктугунан акылман, билимдүү,колунан баардык иш келген адамдарыбыз көр оокаттын айынан тентип-тербип ар кайсы өлкөлөрдө жүрүшөт. Байлыгы ашып-ташкан мамлекетте жашап жатып элдин балдарын бага албай жатканы, ылайыктуу жашоо-шарттын жоктугу уят көрүнүш. Кыргыздын акылман сапаттарын сакташса дейм. Карыларга кайрымдуу, жаштарга жугумдуу эл эмес белек, азыр эмне болуп баратканыбызды түшүнүп болбой калды. Наристеге ак сүтүн эмизген энелерибиз жүз сомго сатылып добушун акча берген адамдарга берген учурлар да болбодубу, азыркы шайлоодо энелер баш болуп акылмандуулук менен туура тандоо жүргүзсө экен деген тилегим бар. Шайланган балдар акылдуу болсо, эл-жерин сүйсө, намысын сактай билсе, кыргыз деген атын булгабай, элдин ынтымагын сактай билсе экен.

Кайып Оторбаев:
- Жогорудагы замандаштарымдын эл-жерибиздин байлыгы жөнүндө, аны туура пайдаланып гүлдөп-өскөн өлкөгө айлантсак деп айткандары абдан туура. Мен адистигим боюнча географмын, кесибиме байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөсүн-Франция, Испания, Америка, Англия, Италия, Кытай, жана башка өлкөлөрдү кыдырып чыктым. Ошол өлкөлөрдүн жакшы жактарын алып ошого жараша өнүгүү жолуна түшсөк деген ойлор абдан көп. Кыргыз элинин тарыхын карап көрсөңөр он жыл мурун 2200 жыл деп илимий конференция болуп ошондо окумуштуулар кыргыз элинин баскан жолун карап келишип улуу эл экенибизди далилдешти. Эл үчүн өзүбүз иштебесек башкалар биз үчүн күйбөйт. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсо, бири-бирибиз менен урушпай достук мамиледе жүрсөк жакшылыкка алып келет деп ойлойм. Алдыдагы шайлоодо элдин көпчүлүгү добушун бир адам үчүн эмес, эл ишенимин актаса деген тилекте көзү жетип, ишеним арткан партиясына берээринен үмүтүм чоң.

Тенти Орокчиев:
- Мария Токтогуловна, сиз алтымыш жылдан ашуун убакыттан бери мединститутта, азыркы медакадемияда балдарга сабак берип келет экенсиз, кафедра башчысы болуп эмгектенипсиз. Азыркы абал, боло турган шайлоо тууралуу эжей, эне катары оюңузду айтып койсоңуз.

Мария Нанаева:
- Менин мынчалык узак иштегенимдин себеби азыр ойлосом мурун биздин жетекчилер абдан акылдуу, элибиздин келечегин ойлогон адамдар экен. Мединститутту бүткөндө биздин ректорубуз Иса Ахунбаев болчу, ал адам бизди чакырып алып, "Үйдүн фундаменти кумсуз, ташсыз курулбагандай эле анатомия, физиология, биохимия сыяктуу сабактарсыз медицина боло албайт" деген эле. Ал киши бизди башка теориялык кафедралардан билим алсын деп союз өлкөлөрүнө жиберүү үчүн чакырган экен. Абдан күчтүү адамдардан сабак алдык, кайра ошондой күчтүү медиктерди окутуп, тарбиялап чыгардык. Азыр мурункудай рецепт боюнча барып дарыканадан дары алышпайт, ар ким барып өз каалаганын сатып алат. Мен өз кесибиме жакындаштырып айтайын, мына, жыйырма тогуз партия шайлоого ат салышып жатышат, менин оюмча партиянын мүчөлөрүнүн баары эле дарыланат, дары-дармек колдонушат. Ошондуктан доктурлардын, мугалимдердин сапатына көңүл буруп, санын көбөйтүп, иш орундары менен камсыз кылууга көңүл бурушса дээр элем. Болбосо азыр балдарыбыз акча төлөп окуп бүткөндөн кийин дагы бир чоң көйгөйгө туш болуп ишке орношо албай жатышат. Алыскы айылдарда доктурлар жетишсиз болуп жатат деп айтып жатышат, алардын ишинин сапаты көтөрүлүшү, үй-бүлөсүн жетиштүү багышы үчүн эң башкысы акча көйгөйү орун алып жатканын эстен чыгарбаш керек. Эгер акчасы жакшы болсо окууну бүткөн жаштарыбыз иши жок бош жүрө бербей, же чет өлкөдөн иш издеп кетпей өзүбүздүн элибиздин ден соолугун чыңдоо үчүн кызмат аткарышат эле. Жогоруда аксакалдарыбыз айтып өткөндөй шайлоого аттангандар бири-бирине эрегишпей элибиздин тынччылыгын, ден соолугун, келечек муундардын тагдырын, жашоо-турмушун ойлойлу.

Корчубек Акназаров:
- Ар бир кыргыз эгемендигибизди көздүн карегиндей сактоону жүрөгүнүн борборуна катып турса. Жыйырма тогуз партиядан башка да шайлоого катышпаган көп партиялар бар, эгемендүүлүктү сактоону ар бир партиянын жетекчилери программасынын башына койсо. Азыркы талаш-тартыш, айрым адамдардын сөзүнөн кээде байкалып турат, биздин мамлекетибиздин бүтүндүгү жок болуп кетүү коркунучу көз алдыбызга элестеп кетет. Муну ар бир адам байкап, түшүнүш керек да. Май айында эле орустардын шовинист саясатчысы Жириновский деген эмне деди, "Кыргызстанды, Тажикстанды Россияга кошуп алыш керек,булар өздөрүнчө мамлекет боло албайт, эгер буларды кошуп алсак этке, сүткө, жашылчаларга бай болобуз" деген сөздү ачык эле айтпадыбы, ал тургай гезиттерге да жарыяланды. Бир партиянын жетекчиси, жадакалса өкмөт да ага жооп кайтарган жок. Башкалар көз артып турганда биздин биримдигибиз абдан керек. Партиянын жетекчилери, жалпы элибиз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү, мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин милдетибиз. Эгемендикти эзелтен эңсеп келгенбиз, эңсегенибиз колубузга тийди, ошого кудайга шүгүр деп сактап калышыбыз керек. Кээде капа болом, өкмөт мүчөлөрү, айрым адамдар биз кичинекей, бечара мамлекетпиз деген сөздөрдү айтышат, бул таптакыр туура эмес. Кичинекей мамлекет эмеспиз, бизден кичинекей көп мамлекеттер жатат, Прибалтиканын үч өлкөсү биригип келип биздин Кыргызстандын аймагына араң тең келет. Европада Голландия, Белгияга окшогон бизден кичине өнүккөн өлкөлөр бар. Аларга салыштырмалуу бакандай чоң мамлекетпис, элибиз, жерибиз көп. Дүйнөдөгү чоң мамлекеттерге салыштырсак орто мамлекет болуп эсептелебиз. Шайлоо менин оюмча тынч эле өтөт, чычалоолор болот, жеңилгендер майда-чүйдө туура эмес жолдорго барат, чоң чатак болбойт деп үмүттөнөм, ойлоном. Кеп андан кийинки парламенттин жүрүшүндө, мына ушунда дүйнө элине уят болбосок экен. Бир болбогон маселени өрөөнгө бөлүп, эң маанилүү маселени чечүүдө ошол жерден чечип коюунун ордуна майда маселеге айландырып бир топко созуп, Иракка окшогон мамлекетке айланып кетпесек экен деп корком. Бийликке келген партиябыз, алардын депутаттары акыл-эстүүлүк кылып элдин, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биринчи катарга коюп, кадр маселеси болобу, саясий маселелер болобу акылмандуулук менен кабыл алышын каалар элем. Биздин депутаттарыбыз окуп, тажрыйбасын өздөштүрсө, башка мамлекеттердин иш тажрыйбасын алса дейм, болбогон ишке тырышып отура берсе анда жакшы болбойт. Өзүнүн, өрөөндүн, туугандын, уруунун кызыкчылыгынан мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын жогору койсо деп айтып кетээр элем.
Тенти Орокчиев:
- Корчубек агабыздын сөзүнөн кийин бир-эки сөздү айткым келип турат. Кыргыз элибизде жакшынакай лакап бар экен "Айттырбай иштеген-арстан, айтканды иштеген-адам, айтканды иштебеген-эшек" деген. Менин айтайын дегеним жогоруда агабыз чындап адамдын намысына тийе турган сөздү айтып жатат, чын эле Кыргызстан кичинекей, кыргыздар жарды, кыргыздар андай-мындай дегендерди угуп алып жаным кашаят.

Күмүш Суранова:
- Мен өзүм айыл адамы болгондуктан, өмүр бою айылда иштегендиктен айыл маселесине кайрылгым келип турат. Айылда карылар боз үйдү тигип отуруп алып жаштарга акыл-насаат айтып, "Карысы бардын ырысы бар", "Карыны сыйлаган кор болбойт, улуусун сыйлаган узарат, акыл-эстүү болгула, силер элдин биримдигин ойлогула" дегенде жаштар жаман иштерге барчу эмес эле. Азыр карынын сөзүнө көңүл бурмак тургай карылык сөөлөттү сыйлагандардын саны азайып бараткансыйт. Шайланган депутаттар айыл турмушуна көңүл бурушса дейт элем, дыйкандар өстүрүп алган картошкасын сата албай жатышат, сатса баасы эмгегин жаппайт. Мектеп, китепкана, маданий жайларга көңүл буруу зарылчылыгы бар, балдар китеп окубай калды, илгери салынган эски мектепте эптеп окушат. Жаңы иштерди өздөштүрүүгө жардам беришсе. Башкарма болуп жүрүп чала сабат болсом да бир топ иштерди жасадым эле мына сексен жети жашка чыгып калсам да айылым эсимен кетпейт. Айылдын маданияты өссө, жолу оңдолсо, балдарды китеп менен тарбиялоо үчүн китепканалар оңолуп-түзөлсө деген тилегим бар, шайлана турган депутаттар саясаттын сасык сазына батып отура бербей шайланаарда көзү жеткен иштерди шайлангандан кийин ишке ашырса экен. Элден суранаарым-эне аркылуу жарыкка келебиз, энени сыйласын. Мына Роза Отунбаева келди, оор кырдаалда иш жүргүзүп атат, эне эч качан баласына жамандык тилебегендей эле жалпы элдин энеси болуп калган президент элине жамандык тилебейт. Бизде жаман адат пайда болду, иштейин деген адамдын ары жак, бери жагынан чалып, мүдүрүлтүү үчүн ойго келбес иштерди ойлоп табышат. Айтыш-тартыштан пайда жок, сөз менен эмес иш менен эл көзүнө илинсин, эл акылман, баарын талдап, иш жүргүзө ала турган ишенимдүү деген партияга добуш берээрине ишенем. Өткөнү өтөт, өтпөгөнү үйүндө отуруп калмак беле, ал адам баары бир эл үчүн иштеп ишеним менен ишке келет. Бийлик деген оңой эмес, ал байлык да эмес, ар адамдын оюна тынчтык бербеген, кылдын учунда, элдин көзүндө болоор иш. Шайланган балдар-кыздар элге үмүт жаратып, бейпилдикти сактап, өлкөнү өнүктүрүүгө аракет жасаса экен.

Корчубек Акназаров:
- Шайлоого бараткан партиялардын программасында, эл алдына чыгып сүйлөгөндө эң сонун акылман, ишке аша турган көп иштерди айтып жатат. Эгер алардын эл алдында берген убадасынын элүү эле пайызы ишке ашып кетсе Кыргызстан бат эле жогоруда мен айткан максатка, ураанга жетип калат. Айткан оңой, айтып кое берет, аны аткарыш өтө кыйын. Бул өзүбүздүн башыбыздан өттү го, ар бир айтылган сөздү аткарыш кыйын маселе. Депутаттар шайланып калса, партиянын жетекчилери бийликке келсе шайланбаганы деле бир кызматтын үстүндө болот, элге айтып койдук эле деп берген убадасынын үстүндө күн-түн иштешсин. Коррупция жөнүндө, жумушчу орундар, айлык акы, айыл турмушун оңоо тууралуу айткандары унутулуп калбасын алардан суранып кетээр элем. Элибиздин ичинде акылман, ишке жөндөмдүү адамдар бар, аларга тоскоол болуп жатышат. Бир жигит менен сүйлөшүп калдым, Өзгөндөн кичинекей ишкана ачыптыр, таштарды майдалап башка жакка сатат экен. Өкмөттөн кредит алып ачса ишин жолго салып алганда тоскоол болушуп айылдык өкмөттөн бирөө, райондон бирөө келет дейт, бир күнү милициясы, прокурору, салыкчысы келет дейт, кыскасы ишимди токтотууга аргасыз болуп жатам дегенин угуп аттиң дебеске чара жок. Жумушчу орун таба турган айыл чарбасы да, мал өстүрүп, жер иштетсе канча киреше табылат. Жибек куртун өстүрүп башка жакка сатса пайда алып келет. Дагы бир ишкер жигит менен маектешип калсам ал айтат, Турциядан май ала турган роза гүлүн таптым, иштетсем киреше көп түшөт экен, түйшүгү жеңил, бир грамм майы эле канча бир доллар турат. Бир тонна болсо Кыргызстан үчүн чоң пайда келмек дейт, эми ага да тоскоолдук кылып бир нерсени ойлоп табышат. Коркпой ишти башташ керек. Көп жыл мурун бир жетекчи менен айтышып кеттим, Камбар-Ата-2 ни иштеткенге каражат жок дегенинен коркуп атасыңар, бүт акчаны жумшап биринчи агрегатты иштетсеңер , биринчиси экинчисин өзү эле иштетет деп талаштым. Ал киши азыр бир партиянын жетекчиси, атын айтпай эле коеюн. Кийин акча тапкан экен иштеп баштабадыбы. Болгон акчаны экономдоп курса болот. Көз коркок, кол баатыр дейт. Келе жаткан парламент ынтымактуу болуп, маселелерди тез-тез, так чечип, парламенттик система жакшы экен го деп башкаларга үлгү болоорлук иш алып барышса эле, бат эле жакшы жолго түшөбүз. Анан парламенттик республика бизге туура келбейт, жарашпайт, будуң-чаң болот деп эле артка тартып, бөйрөктөн шыйрак чыгара берсек, кетенчиктегендин иши кетенчиктеген. Азыр көп өлкө ишенбей турат. Биз ушундай түпкүлүгү бар нускалуу элбиз дегендей намыс алып келе турган парламент болсун.

Мария Нанаева:
- Илгери союз учурунда биздин заводдон чыккан буюмдар бүт өлкөгө таанымал эле. Эми алардын таланып-тонолгон имараттары гана калды. Менин жаштарга айтаарым-жыйырма тогуз партиянын ичинен парламентке келген балдарыбыз намыстуу болсо элдин келечегин түзөйт. Чыр-чатак болбой, балдарыбыздын, небере-чөбөрөлөрүбүздүн келечеги тынччылык менен коштолсо дейм. Элибиз кылымдап жашап келген, жашай берет, бычакка сап азаматтарыбыз, акылман, кеменгер аялзатыбыз көп. Эл турмушун оңоп кетет деп ишенели. Колубуздан баары келет, ошону уюштургандар тың болуп, бири-бирине эрегишпей эл биримдигин ойлогон адамдар болсун.

Корчубек Акназаров
- Дагы кайталап айтып кетейин, ар бир шайлоодо бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Жеңилген тарапка аксакал катары айтаар кеңешим- акылга кел, эсиңе келип элиңдин, мамлекетиңдин биримдигин, тынччылыгын жүрөгүңдүн борборуна бек түйүп, экинчи жолу өлкөнү уятка калтыра турган ишке барба. Кокус чыккан чырдан бир адамдын чекеси канап калса элиңдин наалатына, каргышына каласың, андан эч убакта утпайсың, дагы утуласың, уят болосуң. Акылга кел, адебиң болсо келечегиң алдыда деп айтаар элем.

Күмүш Суранова
- Парламенттик шайлоодо шайлангандар акыл-эстүү болуп эл-жери үчүн иштеп, көңүлүн элдин турмушун оңдоого, билимин өркүндөтүүгө, экономикасын көтөрүүгө бурса. Калыс, ыйманы таз болсо, тууганчылык жетелемейди токтотуп өнүп-өсчү жаштарды алып келип катарына аларга эмгек, иштөө жагынан тарбия берсе экен дейм. Эң башкысы шайлоону тынч өткөрүп, ак уткандарга бут тоспой тескерисинче биргелешип иштөөгө бел байлашсын. Шайланбай калуу жашоонун токтоп калуусу эмес, алдыга умтулуу деп билиш керек. Тынч жашайлы, эл арасында бүлүк салган ушакчылар, бузукулар жок болсун. Кыргыз элимдин жашоо-турмушу оңолсун, эл биримдигин ойлогон мыкты адамдарыбыз көп болсун. Шайлообуз тынч өтсүн!

Тегерек үстөлдүн аягында кадырман карыларыбыз жалпы журтка, анын ичинде шайлоого аттанган партияларга ак баталарын ыроолошту. Биз дагы редакцияга келген аталарыбыздын, апаларыбыздын батасы кабыл болсун демекчибиз.
Айзада Көчкөнбаева