Кыргыз гезиттер архиви

  Замандаш - ИНСАН

"Замандаш" партиясынын заман жүгүн көтөрөр уул-кыздары
Муктарбек Өмүракунов:
"Күчтүү өлкө таза кол менен курулат!"

1965-жылы Ат-Башыда туулган. Фрунзедеги политехникалык институтунан "Бизнести башкаруу магистри" адистигин алган. Андан соң, КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасын бүтүргөн. Эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтта окутуучулуктан баштап, "Үмүт", "МЭНС" ишканаларын, Кыргызстан - Россиянын "Биек-Карго" компаниясын жетектеген. 2003-2008- жылдар аралыгында "Замандаш" коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Урал Федералдык округунун төрагасы, Бишкек Шаардык кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы кызматтарын аркалаган. Учурда "Замандаш" партиясынын жана Россия, Казакстандагы кыргыз диаспораларынын "Замандаш" ассоциациясынын төрагасы. Класстык чини - "Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси". Үй-бүлөлүү, жети баланын атасы.


- Мухтар байке, марага саналуу күндөр калды, шайлоочуларга убада берип калыңыз…
- Эл азыр убадалардан чарчап турганда, башканы кеп кылалы. Мына, жер-жерлердин далайын кыдырып атабыз, саясатчыларга болгон элдин ачуусу мурдунун учунда эле турганын сездик, а көзжашы кирпигинин учунда. Ошон үчүн шайлоочуларга жолугушууларда да убада берген жерим жок. Эл азыр убадаңды, программаңды уккусу да жок.
- Элдин көзжашы кирпигинин учунда экен дегениңиз кандай?
- Эл менен жолугушууларда ыйлагандар көп болуп атат. Мисалга, телефондун бир учундагысы: "Балам, сенсиңби?.." дегенде эле бүттү, телефондун тиги учундагысы "Апа, менмин. Силерди ушунчалык сагындым" деп ыйлап баштайт. Алардын сагынышканын угуп аткан биз, биз менен кошо элдин да жүүнү бошоп кеткенден "хор" менен баарыбыз бышактап киребиз. Өзгөчө түштүк жакта уул-кыздарын 2-3 жылдан бери көрбөгөн, ал эмес үнүн укпаган чал-кемпирлер телефондон балдарынын амандашканын укканда эле кемшеңдеп баштайт. Мына, биз эмне турмушка жеткенибиз? Убагында биз да алардай далай оор тагдырларды башыбыздан кечиргенбиз…
- Өткөндө КТРден башка партияларды завод-фабрика куруу атаандаштыгына чакырыпсыз...
- Ооба, партиялардын баарын мелдешке чакырып атам, "келгиле, ар бир партия завод-фабрикаларды куралы. Эки жылдан кийин кайсы партия канча завод же фабрика курат, ошол партиялар өздөрү курган завод-фабрикалардын алдына желектерин желбиретип илип койсун. Албетте, завод-фабриканы парламент депутаты болбой туруп деле курганга күчүбүз жетет. Бирок биздин шартта билесиңер, бийлик тараптан көп тоскоолдуктар пайда боло баштайт. Себеби бийликте бут тоскон саясый топтор, саясый күчтөр бар. Алар тыңчыкмаларды сүйбөйт. Ал эми биздин партия мындан да чоң мүмкүнчүлүккө жетиш үчүн, бийликтин бир бутагында отуруп, кепилдик бералгыдай болуш керек да.


Таалайбек ЖОРОБЕКОВ
Катардагы кызматчы эмес, топ бузар жетекчи
1969-жылы Кара-Буура районунда төрөлгөн. Скрябин атындагы Айыл чарба институтунан зоо инженер адистигин алган. Талас областык футбол федерациясынын директору, Бакай-Ата райондук кеңешинин депутаты.
Ар ким өз ишинин, өз кесибинин устасы болсо, анда жалпы мамлекетте өнүгүү болот. Таалайбек дал ошондой өз ишинин күжүрмөн дыйканы. Ишиндеги ийгиликтери үчүн алган Ардак Грамоталары эле анын катардагы кызматчы эмес, топ бузар жетекчи экенинен кабар берет. "Замандаш" партиясы дал ушундай сөз менен саясат жасабай иш менен ийгилик жараткандарды баалагандыктан өз катарына Таалайбекти кабыл алышкан.

Жумагазы САДЫР уулу
Эркин Кыргызстандын алгачкы эркин журналисти

1953-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Адегенде Ысык-Көл айыл чарба техникумунан зоотехник, 1981-жылы Ленинград университетинин журналист адистигин алган. 1999-жылдан бери "Арыш" коомдук бирикмесинин мүдүрү милдетин аркалап келатат.
Жумагазы ага саясатка кечээ эле келген жок. 90-жылдары көз карандысыздыгын жаңы эле алган жаш Эгемендүү Кыргызстан мамлекетининде демократиянын түптөлүшүнө чоң салым кошкон айтылуу "Ашар" коомунун төрагасы болгон. Учурунда "Жумагазы Чоңаюу" деген адабий псевдоним менен белгилүү болуп, алгачкы демократиялык калемгер катары таанылган.

Алмасбек МУСАБАЕВ:
"Машыгуучуларымдын эле эмес, мекен жүгүн көтөрөр мезгил келди"

"Замандаштын" Чүй областы боюнча лидери.
Бир өзүн ийгиликке жеткирүү ар адамдын башында бар, ал эми башкаларды ийгиликке жеткирүү, башкалардын ийгилигин өз ийгилигиндей кабыл алып, алар үчүн жан үрөө баардык эле адамдарда боло бербейт. Эгер спортто машыктыруучулар, музыка жана адабиятта окутуучулар, устаттар болбосо ал тармактар өнүкпөйт. Алмазбек ошондой бирөөнүн ийгилиги үчүн кубана билген, бир нече Азия жана дүйнө чемпиондрун тарбиялаган мугалим-устат, эмгеги сиңген машыктыруучу. Эми шакирттеринин эле эмес, мекен жүгүн көтөрчү мезгил келди деп, саясастка аттанып жаткан кези.

Нуркан Койчуманова
Акушер-акын кызыбыз баарынан бийик эне жана бала дейт

1967-жылы Ош облусунун Фрунзе (азыркы Кадамжай) районунун Халмион айылында туулган. Кесиби - акушер-гинеколог. 1995-жылы Жалал-Абад облустук "Дастан" телевидениесинин редактору, 1996-2001-жылдары Жалал-Абад облустук "Дастан" телевидениесинин директору, 2001-жылдан баштап Жалал-Абад облустук "Бактынур" телерадиокомпаниясынын уюштуруучусу жана директору кызматтарын аркалаган. "Акдилмиш", "Жезтаңдай" коомдук фонддорунун уюштуруучусу. 2009-жылы "Сага деген махабат" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Акушер-гинеколог катары эне менен баланын ден соолугу чың, келечеги кең болушун каалайт. Бир уул, бир кыздын апасы.


Мыктыбек АРСТАНБЕК
КТРде кыйраткыч эмес, жаратман революция жасаган

1965-жылы Фрунзеде төрөл­гөн.
1988-жылдан баштап 2010-жылга чейин кыргыз телевидениесинде катардагы редактордон башкы редакторго чейин жетет. 30 дан ашуун автордук ("Жалаң кыздар жана мен","Марс тобу","Айкөл тобу","ТВ-Академия", ж.б.) долбоорлорду жетектейт. Учурунда мындай жаратмандык долбоорлору менен "кыргыз Листеви" аталып, кыргыз телевидениесинде кыйраткыч эмес, жаратмандык революция жасаган. ЭлТР ТРКсынын баяндамачысы, "Негизги маселе" автордук долбоорунун жетекчиси, Махмут Кашкар атындагы Чыгыш университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу, Улуттук университеттин политология кафедрасынын аспиранты. Үй-бүлөлүү, сегиз баланын атасы.

Рамазан СЕИДОВ:
"Негизги көйгөй - коррупция"
1958-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2000 - жылдан бери Кыргызстандагы күрддөрдүн Коомдук бирикмесинин президенти. Турмушта кандай кырдаал болбосун абийирди жоготпой адам бойдон калууну жашоосундагы эң башкы принцип катары эсептейт.
"Замандаш" партиясы түзүлгөн күнүнөн тарта булганбаган, таза, эл алдында жүзү жарык болгондуктан партияга мүчөлүккө өткөн.
- "Замандаш" коомго кандай пайда келтирет деп ойлойсуз?
- Өлкөнүн стабилдүүлүгүнө чоң салымын кошуп келген, келечекте да өз ишин уланта берет.
- Мамлекеттик саясатка мурда аралашкансызбы?
- Мен Күрд диаспорасынын жетекчисимин, демек саясатка тиешем бар.
- Мамлекеттин ички саясаты туурасында пикириңиз?
- Экономиканы көтөрүш керек. Жумуш орундарын түзүп, завод-фабрикаларды ишке киргизсек жакшы болмок.
- Кыргызстан эл аралык саясатта кандай позицияда болуш керек?
- Өзүнүн позициясына жана кызыкчылыктарына бекем турганда мамлекет абройго ээ болот. Албетте, башка мамлекеттер менен да жакшы карым-катнашта болуусу зарыл.
- Кыргызстандын эң башкы көйгөйү жана аны чечүүгө кандай кеңеш айтаар элеңиз?
- Негизги көйгөй - коррупция. Ага каршы күрөшүү чараларын күчөтүү керек.

Тимур САРАЛАЕВ:
"Замандашты" элге, элетке жакындыгы үчүн тандадым"

1982-жылы Нарын областынын Кочкор районунда туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби - мугалим, саясат таануучу . Буга чейин мамлекеттик саясатка аралашкан эмес.

- Турмушта тутунган принцибиңиз?
- Тайманбастык, чынчылдык
- "Замандаш" партиясына мүчө болгондугуңуздун себеби?
- "Замандаш" - башка партияларга салыштырмалуу таза жана чынында эле карапайым калктын партиясы.
- Мамлекеттин ички саясаты туурасында пикириңиз?
- Көп нерселер жакпайт, өзгөчө кадр саясаты жана мыйзам аброюнун жоктугу.
- Кыргызстан эл аралык саясатта кандай позицияда болушу керек?
- Башка чоң өлкөлөр менен жогорку деңгээлдеги саясат жүргүзүп, теңата мамиле куруп, өзүнүн кызыкчылыгын уттурбаса дейм.
- Өлкөнү өнүктүрүүгө жеке өзүңүз тараптан кандай күч жумшалат?
- Алган билимимди жана болгон күчүмдү, эмгегимди коомдун сапаттуу өзгөрүшүнө сарптайм.


Эдуард ХЕГАЙ:
"Биз өнүксөк, башкалар өздөрү бизге кол сунат"

Хегай Эдуард Владимирович 1967-жылы Ташкент шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргызстандагы Таэквон-до Федерациясынын президенти. 1991-жылдан бери таэквон-до боюнча машыктыруучу.
- "Замандаш" партиясына мүчө болгондугуңуздун себеби?
- "Замандаш" партиясы узак убакытка чейин Таэквон-до Федерациясына жардам берип, көмөктөшүп турган. Муктар Өмүракунов менен жакындан таанышкандан кийин анын келечекке койгон максаттарын, тилегин көрүп, партялаштарынын бири болгум келди.
- Жүрөгүңүзгө жакын чөйрө?
- Балдар жана жаштар. Биз узак убакыттан бери иштеп, бир нече дүйнө жана Азия чемпиондорун тарбияладык.
- Мамлекеттик саясатка мурда аралашкансызбы?
- Ооба, мурда Бишкек шаардык кеңешинин Түндүк шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигимди койгом.
- Кыргызстан эл аралык саясатта кандай позицияда болуш керек?
- Экономикасы өнүккөн мамлекет куруп, коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта болсок, өнүгүп келе жаткан өлкө менен башкалар да алака түзгүсү келет.
- Өлкөнү өнүктүрүүгө жеке өзүңүз тараптан кандай күч жумшалат?
- Жаштардын көйгөйү жана балдарды коргоо боюнча 2011-жылдан тартып, социалдык долбоорлорду ишке ашыралы деп жатабыз.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА
Ак ниеттик, тазалык, боорукерлик ...

1960-жылы Баткен районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Социология илимдеринин кандидаты, доцент. Илим жаатында балдар, аялдар, үй-бүлө жана гендер маселелерин изилдейт. "Кыз бала", "Жан шерик", "Кыргызстандагы гендердик өнүгүү", "Акылкасас" жана "Каждому свое время" деген китептердин,100дөн ашуун илимий жана публицистикалык макалалардын автору. Жыйырма жылга жакын мезгил Улуттук университетте, Бишкек гуманитардык университетинде адегенде окутуучу, доцент, анан кафедра башчысы болуп иштеген. Кийинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратында кызмат өтөгөн. Ак ниеттик, тазалык жана боорукерлик - турмушунун башкы принциби. Илим, адабият, маданият билим берүү тармактарына кызыгат.


Кубанычбек ТУРСУНОВ:
Үч тилде эркин сүйлөгөн академик-бизнесмен

Техника илимдеринин доктору, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. Экономика, өндүрүш, бизнес тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп келатат. Мурда саясатка аралашкан эмес. Карапайым калктын жашоо-турмушун оңдоо, экономиканы көтөрүү боюнча бир нече сунуштары бар. Өзүнүн пикирлештери менен бирге өлкөгө пайда алып келерине ишенгендиктен партиянын катарын толуктаган. Элүү жашта. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Турмушта тутунган принциби - профессионалдуулук, туруктуулук, адилеттүүлүк, баштаган ишти аягына чыгаруу.


Жөнөкөй жана мээнеткеч Эл артисти жөнөкөй жана мээнеткеч партияны тандады

Кубулжуган үнү, мээриге, кооздукка, сулуулукка, жаратылыштын өзүндөй жөнөкөйлүккө жана көркөмдүккө сугарылган ыргактуу обондору менен кыргыз элинин калың катмарынын сүймөнчүгүнө ээ болгон таланттуу эжейибиз дал өзүнө куп келген, элге, жөнөкөй адамдарга жакын партияны тандаган экен.
- Мамлекеттик саясатка мурда аралашкансызбы?
- Чыгармачыл адамдар мамлекеттик саясатка өмүр бою аралашат. Себеби, биз мамлекеттик идеологиянын жоокерлерибиз.
- Кыргызстан эл аралык саясатта кандай позицияда болушу керек?
- Кыргызстандын жүргүзгөн саясаты мага түшүнүксүз. Өзүбүздүн туруктуу позициябызды так аныктап алышыбыз керек.
- Динге кандай көз караштасыз?
- Рухий дөөлөттөр кемип, дүйнө жакырданганда адам ыйык Куранга кайрылат экен. Мен намаз окуган адаммын. Традициялуу исламга караганда агрессивдүү, экстремисттик багытка үндөгөн диний секталар көбөйүп кетти. Алардын жүргүзгөн иш-аракетине каршымын.
- Кыргыздардын эң башкы кемчилиги катары кайсы сапаттарын санайсыз?
- Элибиздин өтө баеолугун, кенебестигин, жооштугун, жалкоолугун башкалар жаман жактарга колдонуп кетип жатышат.
Маалымат үчүн
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор. Ар түрдүү жанрдагы чыгармалардын, 100дөн ашуун обондордун жана бир нече обондуу жыйнактардын автору. Турмушта туу туткан принциби - чынчылдык. Өзүнүн туткан кесиби аркылуу руханий баалуулуктарды сактоо жана аны колдон келишинче чыгармачылыгы менен байытууга салым кошуу. Жаш да болсо көптү көргөн, көп кыйынчылыктарды баштан өткөргөн дили, жүрөгү таза, жаман иштерге аралашпаган мекенчил партиянын мүмкүнчүлүктөрүнө көзү жеткендиктен "Замандаш" партиясына мүчө болгон.


Айнура АСКАРОВА
Редактор айымдардын көчүн баштоочу

"Замандаш" журналынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чүй районунун айтылуу Кегети айылында төрөлгөн. КМУУнун журналистика факультетин, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын магистратурасын бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы. 2005-2006-жылдары КРнын Билим берүү министрлигинде, 2006-2008-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинде жооптуу кызматтарда иштеген. Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси. Каалаганы - бейпил турмуш, таза кол менен курулган өлкө жана илим-билимдүү, креативдүү жаштар. Сыймыктанганы - "Замандаш" деген атты өзү койгону, замандашчылардын тазалыгы, коррупцияга, казынаны уурдап-тоноого кол салбагандары. Өкүндүргөнү - эл, жер деген ыйык түшүнүктөрдү байлык, бийлик, саясат деген түшүнүктөр басып атканы.
- Айнура, сен редактор кезде редакторлор жалаң эле жигиттер болчу эле. Айтсаңыз, эмне үчүн "Замандаш" журналынын редактору айымдардан болуп калды экен?
- "Замандаштын" алгачкы башкы редактору Абдыкерим Муратов. Ал эми менин да шеф-редактор катары жооптуу кызмат ээлеп калганым, журнал чыгаруу газета чыгарууга караганда кооздукту, сулуулукту, көркөм табитти талап кылат. Мындай сапаттар аялзатына көбүрөк тиешелүү экени маалым.
- Бирок, сенден кийин кыргыз журналистикасында айым редакторлордун өзүнчө плеядасы өсүп чыкты го?
- Ооба, кийинчерек Чолпон Орозобекова, Аскер Сакыбаева, Жылдыз Мусабекова, Элнура Кулуева, Шааркүл Медетбекова, Шаиста Шатманова, Элмира Мадиева, Айжаркын Эргешова болуп редактор айымдардын өзүнчө эле бир плеядасы өсүп чыкты. Бул да болсо аялзатынын туруктуулугу, тырышчаактыгы, жоопкерчиликтүүлүгү, сарамжадуулугу, коомго керек болуп жаткандыгы.
- Өзүңүз эмне үчүн "Замандаш" партиясы менен шайлоого барганы жатасыз?
- "Замандаш" партиясы убаданын эмес, иштин партиясы. "Ушул убакка чейин "Замандаш" баштап, бирок, таштап койгон иш болгон эмес. Журнал чыгардыбы, бүттү, кыйналса да, акча жетсе да, жетпесе да, чыгарыш керек. Себеби, сени күткөн окурмандын ишенимин өлтүрүүгө акың жок. "Жыл мыктылары" деген салтты баштадыбы, жыл сайын өткөрүш керек. Ал эми канчалар канча жолу журнал, гезит чыгарып, орто жолдо окурманын алдап кетти. Канча демилгелер көтөрүлүп, адегенде дүң болуп, кийин уюштуруучуларынын өзү эмес, карааны калбай тарап кетти.


Сапар АСАНОВ:
"Ар бир инсандын орду так, ачык болуш керек"

1964-жылы Тянь-Шань районундагы Миң-Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү, кесиби инженер-куруучу жана экономист. 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын жетекчиси. КРнын жеңил өнөр жай тармагына кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. "Замандаш" саясый партиясын түзүүчүлөрдүн бири болгондуктан, аны ар тараптуу колдоого милдеттүүмүн деп эсептейт.
- Мамлекеттик саясатка мурда аралашкансызбы?
- Түз болбосо да "Легпром" ассоциациясынын жетекчиси катары өкмөттүн кабыл алган бир нече токтом, мыйзамдарынын демилгечиси болуп катышканым бар. Ушул аракеттердин натыйжасында жеңил өнөр жай тармагын ачыкка чыгарууга жана экспортту өстүрүүгө шарттар түзүлгөн.
- Мамлекеттин ички саясаты туурасында пикириңиз?
- Мамлекет башчылары менен бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлердин, калың катмар элдин ортосундагы аралыктын алыстыгы өкүндүрөт.
- Кыргызстан эл аралык саясатта кандай позицияда болушу керек?
- Коңшу мамлекеттер жана өнүккөн өлкөлөр менен дипломатиялуу мамиле түзүү керек.
- Дин темасында кандай көз карашты карманасыз?
- Диний экстремисттердин жана секталардын агрессивдүү үгүт иштерине бөгөт коюу - мамлекеттин милдети.
- Өлкөнү өнүктүрүүгө жеке өзүңүз тараптан кандай күч жумшалат?
- Өткөн бийликте өндүрүштү көтөрүүдө көп тоскоолдуктар болуучу. Биринчиси - өкмөт тараптан колдоо таппай, экинчиси - стабилдүүлүк жок, үчүнчүсү - көзгө көрүнөөрлүк ишкана болсо эле бийликтегилер басып алышат же көлөмдүү акча сурайт. Мындай шартта өндүрүшкө инвесторду тартуу татаал. Азыр ошол тоскоолдуктар болбосо бат эле өнүгөбүз
Ар бир инсандын орду так, ачык болуш керек. Талап-тоноону токтотсок, Кыргызстан өзүнүн ресурсу менен аз убакытта өнүккөн өлкөгө айланат.

Кубанычбек ТААБАЛДИЕВ
"Замандаштын" ийгилиги карапайым адамдарга сүрөөн"


Кыргыз журналистикасында Марат Токоев, Турат Акимов, Жыргалбек Касаболотов өңдүү эки тилде эркин жазган, кесипкөй журналист, мекенчил уулдарды өз мектебинен өткөргөн Кубан байке интеллектуалдык деңгээли жогору кесипкөй журналист, багыт берүүчү устат эле эмес, жакшы адам, мекенчил уул, түз жүрүп, таза иштеген жетекчи катары да журналисттер чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ.
Илимий даражасы - Физика-математика илимдеринин кандидаты.
Билими - Новосибирск университети, МГУ, аспирантура (Москва ш), Бредли университети (АКШ), Монтана Университети (АКШ)
Эмгек жолу - Би-Би-Си радиосу (Англия), "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигинин жетекчиси (Кыргызстан). Учурда "Zpress.kg" маалымат агенттигинин жетекчиси
Кызыккан негизги багыты - саясат жана экономика, аналитикалык талдоо жүргүзүү жана эл аралык саясат.

- Турмушта тутунган принцибиңиз?
- Акыйкаттык жана өз элине, мамлекетине пайда алып келүү.
- "Замандаш" партиясы коомго кандай пайда келтирет деп ойлойсуз?
- Бүтүндөй эл, жалпы коомчулук туңгуюкка капталып, кыйналып турган мезгилде, "Замандаш" партиясы башкаларга өз ийгилиги менен сүрөөн кылып, алдыга жылууга көмөктөшө алат.
- Мамлекеттин ички саясаты туурасында пикириңиз?
- Акыркы жылдары бийликтегилердин негизги максаты - жеке байлыгын көбөйтүү саясаты болуп калгандыктан, жаңы бийлик бул маселени түп тамыры менен жоюп, бийлик системасына жүрөгү жана ой-максаты таза адамдарды тартуу милдети турат.
- Кыргызстан эл аралык саясатта кандай позицияда болушу керек?
- Туруктуу жана өзүнө ишенимдүү деңгээлге чыккыча, Кыргызстандын тышкы саясаты ички кызыкчылыктарга (жеке жетекчинин эмес) шайкеш келген жана экономикалык утушка жол ачкан саясат болуусу зарыл. Атаандаш менен душмандардын санын азайтуу керек.