Кыргыз гезиттер архиви

Биринчи бешилтикке кайсы партиялар кирет деп ойлойсуз?
Чолпон Субакожоева,акын
Биринчиликти сөзсүз "СДПК" партиясы, экинчи орунда "Ата - Мекен" партиясы ээлейт. Учурда бул эки партиянын тулпары тушунда болуп турган кези . Үчүнчү орунду "Ар - Намыс" партиясы, себеби бул партия башкалар менен салыштырмалуу "PR" реклама жагынан катуу иштөөдө. Төртүнчү орунду "Республика" партиясы же "Замандаш" партиясы ээлеши мүмкүн, анткени бул эки партия жаңы кан сыяктуу. Жана менин оюмча элдин сезээрлик бөлүгү ушул эки партияга добуш бериши ыктымаал. Бешинчи орунду "Ата - Журт" партиясы алат. Бирок мындай шартта чырды "Ата - Журт" партиясы чыгарат. Бирок, булар шайлоого катышканга моралдык укугу жок болучу.


Садык Шер Нияз КР Маданият министри:
Бириничи эки орунду "Ата Мекен" жана "СДПК" партиясы. Үчүнчү орунга "Ата Журт" партиясы жайгашат, бул партияны учурда түштүк тарап толугу менен колдоодо. Төртүнчүлүккө "Республика" партиясы жайгашат, бул партиянын агитациясы күндөн-күнгө күч алууда. Ал эми бешинчи орунга "Ак Шумкар" партиясы отурат, себеби бул партиянын да өз тарыхы, өз орду бар.


Эгешова Майрам, шаардын тургуну:
"СДПК" биринчиликти алат, экинчи орунга "Ата Мекен" ээлейт, Үчүнчү орунга "Замандаш" партиясы жайгашат, бул партиянын колдоочулар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул партиянын лидери мурунку бийлик менен аралашкан эмес, өзүнүн авторитети бар, ысмы таза. Төртүнчүсү "Республика" партиясы бул партиянын "PR" абдан күчтүү, каражаты да жетиштүү. Бешинчи орунга "Мекен Ынтымагы" партиясы жайгашат. Бул партиянын лидерин эч ким тааныбаса да ал жөнүндө баарында тең маалыматы бар. Башка партиялар менен салыштырмалуу бийлик менен эч кандай байланышы жок. Жалпы кыргызым үчүн жаңылык, ошондуктан буларды колдогондор да аз эмес.


Саалы Сапаров, шаардын тургуну:
Биринчиликти албетте "СДПК" партиясы ээлейт, анткени Роза Исаковна өз учурунда бул партиянын мүчөсү болгон, жана кандайдыр бир "поддержкасын" көрсөтөт. Экинчи орунду "Ата Мекен" партиясы балким түштүк тарап жактан аксайттыр, бирок шаар ичинде кээ бир аймактарда салмагы бар. Үчүнчү орунга "Республика" партиясы жайгашат. Анткени бул партиянын каражаты абдан көп, ал эми эл акча-каражатка көбүрөөк көңүл бурат эмеспи. Бирок программасы реалдуу эмес, электроэнергияны "себестоимость" баасында болот дегени жомок. Баарыбыз билгендей "себестоимостю" 0,18 тыйын.. Төртүнчү орунду "Ар Намыс" партиясы алат. Баарыбыз билгендей бул партия "Единный Россия" менен кошулууда, ал эми көптөгөн кыргызбайлар Орусиянын саясатын колдойт эмеспи. Бешинчиликти "Ата Журт" партиясы болушу мүмкүн, бирок булар шаардыктардын көпчүлүгүнүн кулпунун толтурушпайт.


Кенжебек Алдаяр, комузчу:
Менимче биринчиликти "Ар Намыс" партиясы ээлейт, анткени учурда дүйнөлүк коомчулук буларды колдоодо. Экинчиликти "Ата - Мекен" партиясы алат, булардыкы түшүнүктүү. Үчүнчү орун "Замандаш" партиясыныкы болот себеби, бул жаңы партия, көпчүлүгүн жаштар түзөт. Төртүнчүлүктү "Республика" анткени бул партиянын акча-каражаты бар, жана айткан убадаларын аткара алышат. Бешинчи орунда "Ак Шумкар" партиясы буларды колдогон жарандар да аз эмес.


Жоомарт Кадыралиев, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"СДПК" партиясы башчы болот, бул партия көп жыл бою эл менен тыгыз иштеп келүүдө. Андан кийин "Ата Мекен" партиясы бул партиянын кадыры сиңген, өз орду бар. Үчүнчү орунга "Замандаш" жайгашат, булардын лидери жаш, активист, канчадан бери өзүнүн колунан келген жардамын аябастан берип келүүдө. Орусияда жүргөн мигранттарыбызга да бул жактагыларга да аз болсо да көңүлүн буруп жүрөт. Төртүнчү орунга "7-апрель жаштар кыймылы" партиясы, бул партияда жалаң жаштар, апрел айында жабыр тарткандардын таламын талашкан жаш жигиттер. Бешинчиликке "Үй куруучулар" партиясы, булардын лидери буга чейинки эки өкмөт менен тең иштеп, эли үчүн күйгөн инсандардын бири. Ал эми калган партиялар мурунку "Б/У" дегендей.


Р. S Үстүдө сурамжыланган инсандардын пикирлери дал келүүдө. Биринчиликти "СДПК" партиясы, экинчиликти "Ата - Мекен", Үчүнчүлүктү "Республика" же "Ар Намыс" партиясы ээлемекчи. Ал эми төртөнчү орунда "Замандаш" болушу мүмкүн. Себеби булар эл менен тыгыз иштешип, апрель айындагы окуялардан кийин өздөрүнүн боорукердигин көрсөтүшкөн. Ал эми бешинчи орунда "Ата Журт" же "Ак Шумкар" партиясы жайгашышы мүмкүн деген ой пикир аралоодо. Бирок кайсы партия, кандай келсе да нак элдин кызыкчылыгын коргогон, элдин таламын талашкандар болсо ошондо гана Кыргызстан бутуна туруп кете алат.


Мальвина Уметбекова