Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура тарабынан "Электр станциялары", Камбар-Ата-2 ГЭСинин жана "Нарынсууэнергокурулуш" ишканаларынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул ишке Камбар-Ата-2 ГЭСин курууда акча уурдаган, курулуш материалдарынын баалары жана кызмат акылары ашыкча жогорулатып эсептелгени себеп болгону айтылууда. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Нарын суусуна чөйчөк курууга даярдык көрүүгө жана тоону жардырууга 347 млн. сом ашыкча сарпталган. Мындан тышкары дагы бир катар каржылык мыйзамсыздыктар бар деп айтылат маалыматта. Бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүү Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгына жүктөлдү.
Кылым курулушу аталган Камбар-Ата-2 ГЭСинин СССР кулагандан бери токтоп турган курулушу 2007-жылы уланып, быйыл 30-августта президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен ГЭСтин 1-агрегаты ишки киргени маалымдалган. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун "Нарынсууэнергокурулуш" ишканасы жүргүзгөн.

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылабыз деп ишенет
"Биз өкмөт өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун толук бойдон камсыз кылат деп ишенимдүү айта алабыз",-деп билдирди Кыргызстандын вице-премьер-министри Александр Костюк Бишкекте болгон басма сөз жыйынында.
Вице-премьер-министр учурда өлкөдө кылкандуу дан эгиндерин жыйноо аякталып жатканын билдирди. Ал эми Баткен жана Чүй областтарында буудай жыйноо толук бойдон бүттү.
Айыл чарба министрлиги берген акыркы маалыматтар боюнча 870-890 тонна буудай жыйналган. Ал эми коңшу Казакстандан 150 миң тонна катуу сорттогу буудай алынып келет.

"Том Сойердин окуялары" кыргыз тилинде жарык көрдү
Америкалык жазуучу Марк Твендин "Том Сойердин окуялары" ("Приключения Тома Сойера") аттуу романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу "КАБАР" маалымат агенттигинин кабарчысына К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Мадина Сыдыкова билдирди.
Анын айтымында, роман кыргыз тилинде 1 миң 300 нускада жарык көрдү. "Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында китептин бетачары өтөт, андан соң, республикадагы баардык китепканаларга таратылат. Аны басып чыгууда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдоо көрсөткөн. Элчиликтен китепти которууга, аны басып чыгууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтышып, кайсыл чыгарманы которуу керектиги тууралуу биз менен кеңешишкен. Өз кезегинде биз балдарга арналган чет элдик адабий көркөм чыгарма жок экендигин эске алып "Том Сойердин окуяларын" которуу керек экендигин билдиргенбиз", - деди М.Сыдыкова. Чыгарманы Турусбек Мадылбай которгон.




Бабанов Исхак Раззаковдун кичи мекенинде
"Сен таза болсң, мен таза болсом, коом да таза болот"
(Исхак Раззаков)
"Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы региондорго жасаган сапарынын алкагында Баткен областындагы Лейлек районунун калкы менен жолукту. Лидерди коштоп Жогорку Кеңешке талапкерлер Назарали Арипов, Чолпон Султанбековалар жүрдү.
Исфана шаарынын борбордук стадионунда "Республикачыларды" 5000ден ашуун шайлоочулар жылуу маанайда тосуп алды. Кыргыз Республикасынын гимни ойнолгондон кийин, Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын алдына чыгып сүйлөп, "Республиканын" экономикалык программасына кеңири токтолду. Ал дыйкандарга жылына 7 пайыз менен кредит берүү, электр энергиясын калкка өз баасында сатуу, атайын улуттук долбоордун алкагында турак-жайга муктаж болгондорго он беш жылга 10 пайыздык ипотекалык кредиттерди берүү сыяктуу партиянын экономикалык проектилерине токтолду. Партия лидери Кыргызстандын кендирин кесип жаткан коррупция экендигин, бул бардык тармактарга тамырын жайып кеткендигин айтып, аны жок кылуу үчүн ириде бийлик өзү таза болушу керектигин белгиледи.
Лейлек районунан кийин "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана Жогорку Кеңешке талапкерлер Назарали Арипов, Чолпон Субанбекова, Алишер Абдрахмановдор Баткен шаарындагы борбордук стадиондо чогулган 10 миңден ашуун област эли менен жолукту. Кыргыз Республикасынын гимни ойнолгондон кийин, Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын алдына чыгып сүйлөп, "Республиканын" экономикалык программасы менен тааныштырды. "Биз элди өз баасындагы электр энергиясы менен гана эмес, түштүк аймагыбыздан чыккан өзүбүздүн жаратылыш газыбыз менен да камсыздоого ниетибиз бар экендигин айтып кетмекчимин. Жаратылыш ресурстарын бийликтин гана адамдары эмес, Кыргызстандын жөнөкөй жашоочулары да колдонушу керек",-деди Өмүрбек Бабанов.