Кыргыз гезиттер архиви

Атактуулар дагы түрмөдө жазасын алат

Англиялык поп-ырчы Жорж Майкл сегиз айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Лондондун соту чыгарды. Ырчы маң затты колдонуп машина айдаган. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги кабарлады.
4-июль күнү Жорж Майкл Лондондун түндүк тарабынан маң зат колдонгон абалында машинасы менен чакан магазинди сүзүп токтогон. Жыйынтыгында магазиндин айнектери күбүлүп түшкөн, бактыга жараша эч ким жаракат алган эмес. Ырчы окуя болгон жерден качып кетпестен укук коргоо органдарын күтүп турган, полиция келип ырчыны текшергенде анын канында маң зат табылган болчу. Сот чечимин чыгарганга чейин ырчы реаблитациондук клиникага жатып, маң зат колдонгондон келип чыккан депрессия жана уйкусуздуктан дарыланган. Сотто ырчы өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Бирок буга карабастан сот өзүнүн чечимин чыгарган. Буга чейин ырчы мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы анын катуу жаза алышына өбөлгө болду. Акыркы 6 жыл ичинде Жорж Майкл 7 жолу жолдо жүрүү эрежесин бузган. Соттун чечимине ылайык ырчы 6 айдын 4 айын түрмөдө, 2 айын үй камагында өткөрөт. Муну менен катар ал айдоочулук күбөлүгүнөн беш жылга ажырап, 1250 фунт стерлинг өлчөмүндө айып пул дагы төлөөгө мажбур болду.

Түз эфирден жумуш ордунан кетирилди

Көпчүлүк кызыктуу жана күтүлбөгөн нерселер түз эфир маалында болот. Мына ошондой кызыктуу жана таң калыштуу окуя Норвегиянын NRK радиосунун түз эфиринде болду. Норвегиялык NRK радиосунун диктору түз эфир убагында өзүнүн жумуш ордунан айрылды. Диктор түз эфирде алардын жетекчилиги жумушчуларга карата катуу басым жасаарын белгилеп, алардын дарегине "катуу" сөздөрдү жаадырган. Ишемби күнкү NRK радиосунун түз эфирин норвегиялыктар көпкө чейин унутпайт болуш керек. Анткени дал ушул күнү Пиа Педерсон жумуштан кете тургандыгын айткан. Себеби ал, башкалардай басып, башкалардай дем алгысы келгенин түз эфирде жар салган. Пиа Педерсондун коштошуу сөзү болгону 2 мүнөттү алган. Өз сөзүнүн аягында диктор эч кандай жаңылык жоктугун, анткени дүйнөдө эч кандай маанилүү жаңылык болбогондугун айтып радио угуучуларды таң калтырды. Диктордун айтуусунда ал жумуштан кеткенден кийин анын дарегине жылуу сөздөр айтылып, ал эң туура кылгандыгын айтып, аны колдогондордун саны көбөйгөн.


Таң калыштуу колго түштү

Адам баласы өзүнүн эркиндиги үчүн эмне деген гана кадамдарга барбайт. Кээсине адам күлсө, кээсине кол шилтеп коёт. Колифорния штатынын Пико-Ривера шаарында үч дүкөндү тоногон деген айып менен издөөдө жүргөн шектүү адам полиция кызматкерлеринин үстүнө потолоктон кулап түштү. Бул маалда полиция кызматкерлери кезектеги дүкөндүн ичин тинтип жүрүшкөн. Күтүүсүздөн алардын үстүнө издөөдө жүргөн шектүү адам кулап түшкөн. Полиция участкасына шаардын түндүк тарабында жайгашкан магазинден ичине шектүү киши киргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Полиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда бир эмес үч магазиндин (зер буюмдар, тамак аш жана кийим сатуучу) күбө болушкан. Кылмыш болгон жерге алар кинологдорду да чакырып, аймакты катуу тинтүүгө алышкан. Бирок, кылмышкерди кармап алуу эч натыйжа берген эмес. Алар капысынан чердакта басып жүргөн үндү угушуп, ал жакка эстен тандыруучу газды ыргытышкан. Жыйынтыгында магазинге кирип келе жактан укук коргоочулардын үстүнө ал газга туруштук бере албай кулап түшкөн. Мынча ылдам уурунун колго түшөөрүн күтпөгөн полиция кызматкерлери бир чети кубанышса, бир чети бир нече убакыттын текке кеткенине кайгырышкан. Колго түшкөн Хосе Парада 20,5 миң доллар карызынан кутулуу үчүн ушундай кадамга барган. Кийин белгилүү болгондой Хосе бул карызынан үч күн аралыгында кутулбаса анда ал темир тор артына кетмек. Эптеп темир тордон кутулуш үчүн ал акча табуунун эң оңой жолуна барганын айткан.


Жасалмадан жасалма жасагандыгы үчүн айыптуу

Немис галеристкасы Петра Куяу эркинен эки жылга ажыратылды. Анын сот жообуна тартылуусун өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Петра жасалма иштерди кайрадан жасалма кылып жасагандыгында. Ал 20-кылымдын эң атактуу фальсификатору Конрад Куяунун (1938-2000-жылдары жашаган) иштерин кайрадан жасап аны саткан деген айып тагылган. Атап айтсак Конрад өз убагында көптөгөн атактуу адамдардын, мисалга Ван Гога, Гогена, Моне, Леонардо да Винчи жана башка атактуу художниктердин эмгектерин кайрадан көчүрүп тартып, аны саткандыгы менен атагы чыккан. Конрад Куяу 1980-жылы "Гитлердин күндөлүгү" деген эмгекти жазып өзүнүн атагын ошондо биринчи жолу чыгарган.
Сотко келген Петра Куяу 1990-жылдары Конрад менен чогуу иштегендигин айтып, анын чөбөрөсү болорун сай медиреген. Бирок, анын бул сөздөрү соттун ишенбөөчүлүгүн гана жаратып, чечимдин чыгуусуна эч таасир бере аган эмес. Петр азиялык художниктердин сүрөтүн сатып алып, аны кайрадан жасалма кылып тартып, сатып оокат кылган деген айып тагылып, ал мындай жол менен 500 сүрөттү сатып, 550 миң евро тапкандыгы айтылган. Бирок, Петра Куяу болгону 40 сүрөттү сатып, андан 300 миң евро тапканын айткан.



22 килограммдык ташбаканы уурдап кетишти

Адам баласы бул дүйнөгө келгени ар түрдүү кылык-жоруктарды жасап, кээси коомчулукта көпкө чейин айтылып калат. Биз сөз кыла турчу окуя дагы көпкө чейин ар бир окурмандын ууртуна жылмаюу тартуулайт. Американын Делавер штатынан 22 килограммдык таш бака уурдалган. Уурулар 22 килограммдык ташбаканы кантип көтөрүп кеткендигине зоомагазиндин ээси Билл Уильямс аң-таң. Анын айтуусу боюнча ташбаканы ал теннистин тобундай көлөмдө алып, аны 16 жыл бою баккан. Ал 16 жыл аралыгында ташбаканы мынча салмак алат деп такыр ойлобогон. Билл өзүнүн ташбакасы менен сыймыктанчу. Магазинге келгендер ушул килейген ташбаканы көрүш үчүн келишчү дейт ал. Ал ташбакага Роджер деп ат берген. Роджер магазиндин сырткы эшигин ачканды да үйрөнүп алып, магазиндин алдында ары-бери басып жүрө берчү. Роджердин жоголгондугун ал Флоридадан эс алып келгенден кийин байкаган. Биллдин айтуусунда Роджерди ага көзү түшүп калган эле жергиликтүү тургундар уурдап алгандыгын полицияга билдирген. Азырынча 22 кг. салмактагы Роджердин дайыны белгисиз. Билл анын кармалган жерин айткан адамга кызыктыруучу жана акчалай сыйлык бар экенин айтууда.


Самолеттогу дааратканага баласын "унутуп" калган

Бахрейн-Манила каттамдары менен өзүнүн рейсин жасоочу Gulf Air авиакомпаниясынын самолетунун бортуна ымыркай баланы унутуп кетишкен. Бул каттамдагы аял самолеттун таштанды таштоочу жайына жаңы төрөлгөн баласын таштап баса берген. Аялдын кандайдыр бир шек туудуруучу кадамын самолеттон эч ким деле байкаган эмес. Жаңы төрөлгөн баланын таштанды салган жайда жатканын аэропорттун кызматкерлери байкап калышкан. Алар таштанды таштоочу жайдагы мүшөктүн ичинен кыймылдаган бир нерсени байкашып, ичин ачышканда жүрөктөрү оозуна тыгылып кала сактаган. Мүшөктүн ичинен алар жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алышкан. Ымыркайдын ден соолугун докторлор канааттандырарлык дешип, мындай кадамга барган энени издешүүдө. Мусулман өлкөлөрүнүн жазылбаган мыйзамдары боюнча мындай кадамга барган эне өзүнүн тиешелүү жазасын сөзсүз түрдө алышы керек. Жаш ымыркайды авиакомпаниянын урматына Жорж Фрэнсис деп аташты. Кээси төрөгөн баласынан кутула албай аны таштандыга ташташса, кээси бала жытын искеш үчүн эмне деген гана тирүүлүктүн тозогуна түшүшпөйт. Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала деген ушул экен да.


Эйфеле мунарасында бомба…

Франциянын борбору Париждин чок ортосунан орун алган Эйфеле мунарасында белгисиз бирөөлөр бомба коюлгандыгын айтып, ал жерде эс алып жүргөн миңдеген тургундар менен туристтердин жүрөгүн түшүрдү. Терактан жүрөгү түшүп калган европалыктар бир заматта мунара турган аймактан чыгарылып, ал жерди тиешелүү органдар текшерүүгө алышты. Укук коргоо органдырынын расмий билдирүүсүнө таяна турган болсок, бул билдирүүгө алар олуттуу мамиле кылышкан. Себеби, 11-сентябрда АКШда болгон теракта 9 жыл болгон. Муну менен катар Франциянын жогорку палатасы мындан ары коомдук жайларда паранжа кийип жүрүүгө тыюу салган чечим кабыл алышкан. Бул кабыл алынган чечим мунарага бомба коюуга толук түрткү бериши мүмкүн деген божомол менен мунаранын айланасын текшерүүдө өтө дыкаттык иш аткарышты деп кабарлайт France-Presse агенттиги.


"Форд" айдаган инопланетяндар

Австралиянын Элис-Спринге шаарынын тургуну эки инопланетянин менен жолукканын жана алар "форд" үлгүсүндөгү машина менен жүргөнүн айткан. АВС каналынын алып баруучусу Леон Комптон көрүүчүлөрдүн инопланетяндар менен болгон кездешүүлөрүн айтып берүүсүн суранган. Телеберүүгө телефон чалган Бетти аттуу айым инопланетяндар менен 1969-жылы кездешкенин айткан. Анын айтуусу боюнча ал таңкы саат 4тө Элис-Спринге шаарын көздөй кетип бара жатканда аны жолдон эки белгисиз адам тосуп чыккан. Алар Беттиге келип бир нерселерди айтып, "форд" түспөлүндөгү машинага отуруп, бир заматта көздөн кайым болгон. Болгону алардын артында жашыл түстөгү куйрукча көпкө чейин барып анан жоголуп кеткен.
Уфологдор менен так илимдин өкүлдөрүнүн ортосунда инопланетяндар бар жана жок деген тирешүү көптөн бери созулуп келет. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин алардын бар экендигин далилдей турган факты жок экендигин так илимдер тармагында эмгектенгендер айтып келсе, уфологдор жетиштүү маалымат бар экенин айтып келишет.


Интернет булактарынын даярдаган
Расул Үсөналиев