Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  Шайлоо - 2010

Жөндөмөдө:
Жыйырма жылдан бери жамаачылап, мүлжүп отуруп ышпалдаасы чыккан президенттикке ылайыкталган Башмыйзамга кол шилтеп, накта элдик, демократиялык, парламенттик багытка салган Башмыйзамды жазып чыгып, элдин толук колдоосуна ээ болгон "Ата Мекен" партиясы, бул парламенттик шайлоодо көч баштап бара жатат. Биз жаңы рубрика ачып кыргыз тилинин жөндөмөсү боюнча ар бир партияны жөндөп чыгалы дедик. Алгачкысы - "Ата Мекен".


Атооч
Ким? Эмне? -
"Ата Мекен" социалисттик партиясы
Кыргыз партияларынын ичинен сакалдуусу. Буга чейин канча партия түзүлө элек жатып, өмүрлөрү кыска, көз караштары саткын болду. Акаевдин, Бакиевдин чачпагын көтөрүп, акыры өзү чачырап, өзүнөн өзү жоюлганы канча. Бир гана туруктуу позиция менен түз келаткан партиялардын бири - "Ата Мекен". Акаев он беш жыл, Бакиев беш жыл бийликте туруп байлыгы менен да, бийлиги менен да сатып ала албады "Ата Мекенди". Сабап, куугунтуктап, камап, өмүрүнө коркунуч келтирип атса да, эч бир бийлик "атамекенчилерди" чөгөлөтө албады.
Акаевдик бийлик да, бакиевдик бийлик да коркутту, үркүттү, бирок таза адамдарды канчалык казса дагы, цементтей катуулагандан катуулай берерин бийлик түшүнгөн эмес. Социализмдин эл үчүн жасаган жакшы сапаттарын сиңирип алган "Ата Мекен" социалисттик партиясы, дайым элдин колдоосуна ээ болуп жүрөт. Азыр да "атамекенчилердин" аброю, канчалык башкалар төмөндөткөнгө аракет кылганы менен элдин ишениминен тайбайт. Анткени, "атамекенчилер" үчүн абийир - улук, чындык - тумар, ар бир мекендеш - зор байлык, мамлекет эртеңи - чоң милдет!
Эгерде "Ата-Мекен" партиясы башка партиялардай сатылып, чачылып кетсе, Бакиевге каршы күрөшө турган эч ким калмак эмес. Туруктуулуктун, тазалыктын, акыйкаттын эталону болгон бул партия эл үчүн тойбос бийликтердин көзүн ачып тургандыктан, дүйнөлүк кадыр-баркка да ээ болду. Социализм заманында жашагандар социалисттик деген сөздү түшүнүшөт. Социализм жакырчылыкка каршы, теңчиликке сүрөгөн коом. Элдин эсебинен көз ачып жумгуча миллиарддерлерге айланган Акаевдин, Бакиевдин айлана-чөйрөсү элди муунтуп отурушуп, жакырчылыктын жарына алып барып такашкан. Бир гана эл ишенген "Ата Мекен" партиясы парламенттик шайлоодо жеңип келишсе, эртеңки күнү "көмүскө" коррупцияны коколоп, калктын жашоосун жеңилдетерине калктын көбү ынанат. Анткени, "Ата Мекен" партиясы дайым карапайым адамдардын таламын талашып, өз жыргалчылыгынан баш тартат. Эгер "атамекенчилерге" бийлик, байлык керек болсо, эбак соодалашмак, 2007-жылы парламенттик шайлоодо орун алмак. А бирок, партиянын түптөөчүсү жана лидери баш болгон "атамекенчилер" АБИЙИРди бийик көрүшкөн...
"Ата Мекен" партиясында жумушсуздардын саны 23 экен. Бул орточо көрсөткүч. Ал эми бийлик алмашып кызматсыз калгандардан куралган саясый уюмдарда 50-80 адамга чейин жумушсуздук айынан жумуш издеп шайлоого аттангандарды байкадык. Ошондой болсо да, "Ата-Мекен" партиясынын бир "кемчилиги" бар. Биринчиден, "Ата Мекен" партиясы бийлик алмашкан соң, жанталашып бийликке жутунган жок. Ошондуктан алты айга жетпей апчып-чапчып алган жок, административдик ресурстарды колдоно албайт. Экинчиден, миллиарддаган элдин энчиси жок. "Атамекенчилер" акчага, байлыкка эмес, бир гана акылман калкка, намыстуу кыргызстандыктарга таянат. "Атамекенчилердин" пикиринде, андай адамдар бирөө эмес, жүз миңдеп саналат...
_____________________________

Илик
Кимдин? Эмненин? -
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин
"Ата Мекен" партиясынын алмашкыс лидери Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин Ала Тоо койнунда гана эмес, эл аралык аренада да кадыр-баркы зор. ТЕКЕБАЕВдин туруктуу позициясы, чечкиндүүлүгү оппозициялык маанайдагы адамдарга жарык чачкан факел сыяктуу дем берип келет. Саткындар заманында бир гана ТЕКЕБАЕВдин жүрөгү солкулдаган жок. Ал өзүнүн тегерегине таза адамдарды чогултуунун далалатында, акаевдик, бакиевдик бийликке айбат көрсөтүп келди. Бийлик эки ирет алмашты, бирок оппозициянын лидери Өмүрбек мырза байлык менен бийликтин артынан кубалап кетпеди. Баягы эле эл дегенде ичкен ашын жерге коюп, күнү-түнү, жайдыр-кыштыр иш үстүндө.
"Жакшынын артынан сөз ээрчийт" дегендей, анын артынан не деген ушак-айыңдарды таратышпады жана дале таратып келишет. Арийне, ушак-айыңды заказ бергендер Москвада, Белорус токойунда. "Колдо бар алтындын баркы жок" дейт кыргызда, колубузда бар "алтынды" барктап алалы. Кыргызстанда ТЕКЕБАЕВдин деңгээлинде дүйнөлүк кадыр-барк күткөн саясатчы жок.
_____________________________

Барыш
Кимге? Эмнеге? -
Болот ШЕРге
Болот ШЕРге төрөлгөндө эле маңдайына кыргыз үчүн туулган деп жазылып калган окшойт. Заманынын мыкты адамдарынын бири - чоң атасы кыргыздын кыйласына таанылган инсандардан. "Аккан арыктан суу агып", Болот ШЕРге ишмердүүлүк менен ишкердүүлүктү илгерилетип, элинин жүгүн көтөрүү вазыйпасы тагылган. Эл колдоп, парламентке келген. Үзөңгү-Куушту Акаев сатаарда эт-жүрөгү үзүлүп кете жаздаган.
Акаев аны "отработка" кылууга эң жакын адамы "доссекретарь" Мисир Ашыркуловду ортого салган. Муюган жок. Бакиевдик бийликке каршы экинин бири болду. "Бакиев сен мени "Ата Мекенге" коштуң" деп, бул партияга кошулушу менен, "Ата Мекен" партиясынын баркы ого бетер көтөрүлгөн. Бакиевдик тоталитардык системага тоодой каршылык көрсөттү. Каркыраны казактарга соодалашып жаткан учурда Болот ШЕР элдин намысын ойготууга жан аябаган. Каркыра үчүн төшүн тосуп берди. Болот Шерге байлык керек болсо, бизнесин Бакиевдерге талатпай, колтугуна кирип алмак. Болот Шерге бийлик керек болсо, "шерифтердин" шефи болуп жүрө бермек. Болот ШЕРге кыргыз элинин келечеги мааниге ээ, ошол себептен, "Ата Мекенди" сүрөп баратат...
_____________________________

Табыш
Кимди? Эмнени? -
Электоратты
"Ата Мекен" кимди, эмнени көздөйт? Россия президенти Д.Медведев айтып атпайбы, уулумдан сурасам кезекке турмай, бош дүкөн эмне экенин, ал тургай, партком ким экенин билбейт деп. Элдин баары Медведевдин баласы эмес. Путин айткандай: "СССРди эстебегендин жүрөгү жок, СССРди эңсегендердин мээси жок". "Ата Мекен" социалисттик партия болгон соң, элди социалдык жактан коргоого, белсенип аракет кылганы иш жүзүндө көрүнүп калды. Акаев менен Бакиев элди жакырчылыкка түртсө, "Ата Мекен" кол сунуп тартып чыгууга даяр. "Ата Мекен" улам дасыгып, улам ар багытта атагы далайга дайын, иштин көзүн билгендер менен улам толукталып келет. "Ата Мекен" партиясы карапайым элди ойлогон эле партия эмес, бүтүндөй элди экономикалык каатчылыктан алып кете ала турган кесипкөй адистерден куралган. Баягы эле Медведев айтмакчы, "Россияда революция тукум курут" болсо, Кыргызстанда революция бүчүр ала баштады. Коомдо гана эмес, ар бир адамдын аң-сезиминде. Буга "Ата Мекен" да себепкер. "Ата Мекен" лидери айтмакчы, эми биз, кыргызстандыктар күрөшө турган душман - ар бирибиздин жүрөгүбүздө!
_____________________________

Жатыш
Кимде? Эмнеде? -
"Ата Мекенде"
"Ата Мекенде" - Ата Мекен үчүн күйгөндөр.
"Ата Мекенде" - мекенчилдер.
"Ата Мекенде" - эл деп жанын үрөгөндөр.
"Ата Мекенде" - чындыкты тумар туткандар.
"Ата Мекенде" - үмүт отун жандырып, жаркын келечекке сүрөгөндөр.
"Ата Мекенде" - карапайым калк арасынан өзүн өзү көтөрүп, эл адамына айлангандар.
"Ата Мекенде" - сен жана мен!
"Ата Мекенде" - сиз менен биз, мекендеш!..
_____________________________

Чыгыш
Кимден? Эмнеден? -
"Ата-Мекенден"
Кимден эмнени күтүүгө болот? Кээ биринен Бакиевдерди жана Бакиевдердин куйруктарын бийликке кайрадан келишин, Акаевдерди жана Акаевдердин калдыктарынын кайтышын, "сотка" аркылуу соргондорду, "саясый бечелге" айланган чиновниктер плеядасын (чын эле "Бечелге жөтөлдүн кереги не?") же кыргыз Жириновскийлерин, өз хансарайларын мыкты кургандарды, айрымдардан биз кутулалбай келген эле заманды... Ал эми "Ата Мекенден" Ала Тоо жумурай журту Кыргызстандын жаркын келечегин күтөт!
Даярдаган
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"




Яндекс.Метрика